Аймак

8-ДЕКАБРЬ ТЕЛЕ ЖАНА РАДИО БЕРҮҮЛӨР КҮНҮ

8-ДЕКАБРЬ ТЕЛЕ ЖАНА РАДИО БЕРҮҮЛӨР КҮНҮ

 4,772 Бардыгы /

 

Жакында теле жана радио кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешет.  1995-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн № 566 токтому менен 8-декабрь телевидение жана радио күнү катары майрамдалып келүүдө. Кесиптик күн катары мамлекет тарабынан да көңүл бурулуп ошол күнү татыктуу кызматкерлер “Байланыштын эмгек сиңирген кызматкери”, “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” сыйлыктары тапшырылып келет. Майрамды утурлай Жалал-Абад облусундагы телеканалдар жана телечилер тууралуу кеп козгодук.

 

 “ТВга ТАГДЫРЫМДЫ АРНАДЫМ”

 

Гулзина МӨНДӨЕВА, ЖМТРКнын кызматкери:

“ТВ менин жашоомдун бир бөлүгү. ТВ мага жашоодо кантип жашашты, адамдарды кантип жакшы көрүштү, адамдар менен тил табышууну үйрөткөн турмуштук мектебим. ТВ мен үчүн өз ордумду табууга жол көрсөткөн багытым. Жакшы адамдардын ордосу. Ал ордодо мен да бар экениме сыймык жараткан сыйлуу төр. Мен көп жерде айтам. Журналистикада аял, эркек, жаш, кары болбош керек. Эгерде ошол нерсени сезбесең анда иштөө башкалар сындуу эле жеңил. Менин жашоомдо тандап алган кесибим журналист. Алган дипломум да журналист деп жазылып турат. Өз тандаган жолумду сүйөм, кесибимди сүйөм. Кыйынчылык болгон күндө да ал кесипке болгон урмат-сый, каалоо менен капарга алынбайт. Жумуштан шашып бакчага, үй тамак-аш, кир жуумай балдарга көңүл бурмай сындуу кыйынчылыктар болот. Бирок алар мен тандаган жолго тоскоол, шылтоо да жаратпайт, тескерисинче колдоону алып келет. Албетте телени тагдырлашым деп айта алам. Жаратканым бешенеме жазган үчүн тагдырлашым да, таалайлашым да ТВ. Биздин кесиптин кызыкчылыгы бир күн менен экинчи күндүн окшошпостугунда. Маселен башка кесип ээлери үчүн жумуш убактысы көрсөтүлгөн тартипте орун алат да, биринчи күнү жасаган аракетин күнүгө жасайт. Биз бүгүн бул жерде болсок, эртең тоодобуз. Бирде шаарда болсок, бирде элеттин жашоосун электен өткөрөбүз. Кесиптин кызыгы мына ушунда. Негизи кызыктуу окуялар көп кездешет. Ошондуктан ар бир күнүбүз кызыктуу. Бир жолу азыркы Жогорку Кеңештин депутаты кезинде облуста губернатор, премьер-министр болуп иштеген Кубанычбек Жумалиевден интервью алып калдым. Өтө зарыл иши бар экен, шашылып жаткан. Суроомо жооп алып алайын деп мен да көшөрүп микрофонду сундум. Эми жооп берип жатканда кокустан катуу чүчкүрүп жиберди. Интервьюну башынан алууга туура келди. Шашылып жатканда бул чүчкүрүк жаныбар кайдан келди деп күлгөнүбүздү көп эстейм. Кокустуктар биздин жумушта көп кездешет”.

 

Рамиз КАИМОВ, 7-каналдын кызматкери:

Телевидение мен сүйгөн кесип, коомдун болсо кайталангыс күзгүсү. Телевидениенин бир чоң касиети бар, кирген адам кайра чыгып кете албайт. Эгер ал бул кесипти сүйгөн болсо. Анткени телеканалдын күнүмдүк жумушу коомчулук менен тыгыз байланышта болгондуктан ар бир аткарган ишин  элдин көз алдында болуп турат. Журналистика тармагындагы чоң жоопкерчилик  жүктөлгөн телевидение тактыкты жана калыстыкты сүйөт деп ойлойм.

Телеканалда иштөө өзү кызыктуу. Күнүмдүк окуяларга сүңгүп кирүүгө туура келет. Окуяны кабарчы жан дүйнөсү менен кабыл алып, аны элге сюжет аркылуу элге түшүндүрүп берсе, алып баруучу (диктор) үчүн да ошондой эле көрүнүш кайталанат. Башка тармактардан айырмаланып ТВда иштөөдө жумушта окшош окуялар менен кайталанбайт. Ар күнү ар багыттуу жаңылыктар, ар кандай окуялар жана саясий жүрүштөр сыяктуу күндө ойгонсоң күндө жаңы жагдайларга кезигесиң. Кыскасы кызыктар күн сайын жаралып турат.

Ал эми кыйынчылыктар да өзүнө жараша, бирок өтө эле чыдам кеткидей деле кыйынчылык жок. Майда барат кыйынчылыктар болсо күн сайын кайталануучу кызыктардын арасында байкалбай деле калат. Болгону телеканалда берүүлөр түз эфирде болгондуктан бир саат белгиленип калат. Ар бир кызматкер аткарган жумушун ошол саатка даяр кылууга туура келет. Эгер эле даяр болбой калчу болсо, анда бир күндүк ишин текке кетти дей бер. Убакытты туура анан так пайдалануу дал ушул ТВ кызматкерлери үчүн өтө маанилүү.

Менчик жана мамлекеттик ЖМКлардын көптүгү жетишкендик. Маалымат эч качан бир багытта жана бир стилде болбош керек. Ар ким ар кандай багыт менен коомчулукка тарата алат. Буга  дал ошол мамлекеттик жана менчик ЖМКлардын көп болуусу шарт түзө алат. Көз карандысыз ЖМКлардын пайдасы эркин журналистиканы өрчүтөт.

 

Байсал КАДЫРАЛИЕВ, “Чолпон ТВ” телеканалынын башкы директору:

“Биз телеканалыбызды жаңы гана ачтык. Буюрса жаштар каналы болот. Азырынча жаңы ачылгандыгына байланыштуу ыр-музыка, кинолор менен толтуруп жатабыз. Жаңы-жылдан кийинкиге студияларды жаңыртып, жаңы программаларды берүүнү баштайбыз. Буюрса эмгек жамаатыбызды да толукталат. Азыр бешөөбүз иш баштадык. Негизи баарын нолдон баштаган тажрыйба бар эле. Ошондуктан анчейин кыйынчылык болбоду. Ишке келүүнү каалаган жаштарга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Буюрса кызыктуу күндөр да ийгиликтер да алдыда. Ал эми мурда өткөн күндөрдөгү кызыктардан. Мурдагы ишти жаңы баштап жаткан кез эле. Студия жоктугуна байланыштуу хромокей деп коёт. Алып баруучунун артындагы фонду жашыл кылып, кийин каалагандай фонго өзгөртүп эфирге берет. Мен Талгат Бакиевди апталык маалыматтарга чыгаргам. Ошондо арт жагынан оң жактан бош орун калыш керек эле. Булар адашып сол жактан орун калтырып коюшуптур. Тартылып эфирге кетүүсүнө жарым саат калганда байкалган. Башынан тартканы жетишпейт элек. Анан аргасыздан алып баруучунун өзүн 180 градуска буруп койгонбуз. Кийин эфирден көрүп жатып, күлдүм. Себеби алып баруучу Талгат Бакиевдин каштары кыйшык болуп чыгып калыптыр”.

 

 

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ТВлардын АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ?

 Рыспай ЖУМАБЕКОВ, ардагер журналист:

“Жалал-Абадда иш жүргүзүп жаткан 7-канал, Чолпон ТВ жана ЖМТРК тууралуу сөз кылсак. Жалал-Абад мамлекеттик телерадио кампаниясын көч башында айтууга болот. Анткени алгач түптөлгөн. Башында Ош аркылуу жумасына бир жарым саат гана эфирге чыгып турчу. Кийинчерээк өз алдынча иштей баштады. Алардын артынан эле 7-канал жарык көрдү. Алгач 7-канал бийликти катуу сындап, эл үчүн чындыкты чагылдырган теле болуп иш баштаган эле. Алардын өз туруктуу позициясы болуп келген. Акыркы учурларда ал нерсени байкабай калдык. Ал эми жаңы ачылган Чолпон ТВ кандай иштейт? Аны убакыт көрсөтөр. Эң башкысы ал жерде жаштардын иш баштаганы сүйүндүрөт. Көгүлтүр эфирдин көркү бул – чындык. Ошондуктан кайсы канал болбосун элдин реалдуу турмуш чындыгын чагылдырууну унутпаса. Мисалы, жакында эле шайлоо өттү. КТРК, ЭлТРден тарта мамлекеттик каналдар шайлоо таза өттү деп берип жатышты. Бирок ал пикир менен эл ынанбайт. Ошондуктан реалдуулукту берүү менен көрүүчүлөрдү да алыстатпайт. Эң негизгиси башка чет өлкөлөрдөгү ТВлардай анализдөөнү уюштурса. Элдердин теледен эмнени көргүсү келип жатканын, суроо талапты изилдеген социалдык анализдөө менен башкача айтканда элдин пикири менен эсептешсе. Ал эми маданият тармагында көрсөтүүлөргө токтолсок.  Архивке кайтып туруунун айтып кетет элем. Биздин өзүбүздөн Жалал-Абад облусунан чыккан элдик таланттар болгон. Алардын архивдерин кез-кези менен эфирден элдин эсине салып туруу керек. Анткени эл ошого да суусап калат. Ошондой эле эл арасындагы карапайым таланттарды чагылдыруу кызыктуу болот. Мамлекеттик каналдарда өзгөрүү болду деп айта албайм. Себеби дагыле бийликтин ырын ырдап келет. Мына майрамдын алдында интервью берип жатып мен кесиптештериме чыгармачылык ийгилик, өнүгүү, изденүү менен биргеликте элдин реалдуу турмушун чагылдырууну каалайм”.

 

Ооганбек СТАМБЕКОВ,  журналист:

“Телевидение азыркы учурда маалымат берүүнү негизги булагы. Бизде эки багытта ТВлар бар. Мамлекеттик жана жеке менчик. Алардын артыкчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн айта турган болсок. Мамлекеттик теледе туруктуу айлык маяна бар. Бирок мамлекеттик саясатты жүргүзүү кемчилиги бар.  Ал эми жеке менчик каналдар да финансылык-материалдык жетишпестиктен улам же тиешелүү жетекчиликтерге көз карандылыгы бар. Жалал-Абад облусунда дагы бир топ жакшы каналдар иштеген жана учурда иштөөдө. Учурда иштеп жаткан үч канал боюнча айтсак. Аналитикалык саясий баяндамачылар жок. Үчөөнөн тең байкадым. Саясий аналитика жасоо начар. Объективдүү чагылдыруу болуш керек. Бирөөсү мактайт, бирөөсү жамандайт. Туура, мамлекеттин, жеке ишкананын көз карашындагы саясатты да жүргүзүү керек. Бирок объективдүү аналитика болуш керек. Сөзсүз каралоо же актоо эмес. Эң башкысы укук менен биргеликте милдетти да унутушпаса. Кесиптик этиканы сакташканы өзүбүздүн сый урматыбызды көтөрөт. Ошондой эле ар башка көз карашта иштеп жүрүшсө да, кесиптештик ынтымактуулук, колдоочулук болушу абзел”.

 

БИЗДЕ РАДИО КАЧАН АЧЫЛАТ?

 Жалил САПАРОВ, медиа-эксперт:

“Чындыгында башка облустарда бар. Бирок бизде жок. Болушу керек, себеби радионун коомдо өзүнүн ролу, орду бар. Ошол үчүн сөзсүз болуш керек. Мурда Жалал-Абад телерадио компаниясында бар эле. Аз болсо да эфирге чыгып турчу. Бирок ал жок болуп кетти. Андан соң бир нече жылдар мурун жамааттык радио түзүү боюнча жакшы долбоор башталган эле. Алардын да дареги жок. Мына ушинтип эффективдүү иш жүрбөй келет. Радионун керектиги анын өзүнүн угармандары бар. Жашоо шартына жана жумуш убагына карай радионун болгону ыңгайлуу. Ал маалымат жеткирүүнүн ыкчам жолу. Адамдар такай эле интернетте отура албайт да. Ошол үчүн Жалал-Абаддагы иш аракеттерди жаңылыктарда чагылдырганы радио ыңгайлуу. Жамааттык радиолор, окуу жайлардын радиолору болушу керек эле. Мисалы Америкада мектептердин окуу жайлардын өздөрүнүн радиосу бар экенин көрүп кубангам. Радионун миссиясы жогору бирок буга көңүл бурушпай жатканына аябай таң калам. Радио ачсак деп умтулуп, чуркап жүргөн адамдарды да байкаган жокмун. Демек жакын арада радио ачылат деп айта албайбыз”.

 Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17