Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
6,343 Бардыгы / Аялзат өзүнүн назиктиги, мээримдүүлүгү, ыйбаалуулугу жана жылуу – жумшак мүнөзү менен эркектерден өзгөчөлөнүп турган назик жан. Аялзатынын баркы тууралуу айта берсе сөз көп. Аял болгондугуна карабастан аялдардын да укуктарын коргоодо өз салымын кошуп иштеп келаткан айымдарыбыздын бири Жалал-Абад областтык территориялык адвокатурасынын жактоочусу Тамара Абдулаева. Ал 21 жашынан жолдошунан ажырап балдарына өзү үйдө апа, […]
6,344 Бардыгы / Аялзат өзүнүн назиктиги, мээримдүүлүгү, ыйбаалуулугу жана жылуу – жумшак мүнөзү менен эркектерден өзгөчөлөнүп турган назик жан. Аялзатынын баркы тууралуу айта берсе сөз көп. Аял болгондугуна карабастан аялдардын да укуктарын коргоодо өз салымын кошуп иштеп келаткан айымдарыбыздын бири Жалал-Абад областтык территориялык адвокатурасынын жактоочусу Тамара Абдулаева. Ал 21 жашынан жолдошунан ажырап балдарына өзү үйдө апа, […]
САБЫРДЫН ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН
05.12.2017 / Автор aymak6,345 Бардыгы /
Аялзат өзүнүн назиктиги, мээримдүүлүгү, ыйбаалуулугу жана жылуу – жумшак мүнөзү менен эркектерден өзгөчөлөнүп турган назик жан. Аялзатынын баркы тууралуу айта берсе сөз көп. Аял болгондугуна карабастан аялдардын да укуктарын коргоодо өз салымын кошуп иштеп келаткан айымдарыбыздын бири Жалал-Абад областтык территориялык адвокатурасынын жактоочусу Тамара Абдулаева. Ал 21 жашынан жолдошунан ажырап балдарына өзү үйдө апа, көчөдө атадай болуп таалим тарбиясын берип, коомго да адвокат болуп иштеп салымын кошууда.
-Айтсаңыз,Сиз качан, кайсы окуу жайларын бүтүргөнсүз?
-Мен 1965-жылы 9- январда Ош облусунун Төлөйкөн айылында туулганмын. 1972-жылы Ош шаарындагы мурунку В. Маяковский азыркы Жолон Мамытов атындагы орто мектепте билим алганмын. 1989-жылы банк системасы боюнча Өзбекстан Республикасынын Маргелан шаарындагы техникумун аяктап, 1996-жылдан баштап 2011- жылга чейин Жалал-Абадда Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүндө башкы адис болуп кызмат өтөдүм. ИИБде кызмат өтөп адвокаттык ишиме да тажрыйба топтодум. 2011-жылдан бери жактоочу болуп эмгектенип келем. 2015-жылы Кытай Эл Республикасында Гуанси провинциясынын Гуйлин шаарында үч жарым ай адвокаттык квалификациялык даярдыктан өтүп тажрыйбамды арттырып окуп келдим. Учурда Жалал-Абад областтык территориялык адвокатурасында жактоочу болуп эмгектенүүдөмүн.
–Балалыктагы эстен кеткис кызыктуу окуяларыңыз?
-Мектепке эң алгач 1964-жылы туулган досторум менен барганмын. Ал кезде мен короодо өзүмөн чоңдор менен чогуу ойногондуктан алар мектепке барса мен да окуймун деп барып алганмын. Эжекей айы жетпейт дегенине да карабай 3 ай мектепте окудум. Анан эле ата-энем суук түшүп калып бутума кийгенге жылуу бут кийим алып бербей койгондуктан мектепке барбай калгам. Ошентип кайрадан өзүм теңдүүлөр менен 1-класска кирдим. Классташтарым мени эки кашым биригип турса өзбек дешип, менден башка дагы бир классташыбызды кирпиктери кайрылгандыгы үчүн аны куурчак деп шылдыңдашкан. Анан мен үйгө келип атамдын сакал алгычы менен эки кашымдын ортосун кырып алганмын, кирпиги узун кыз болсо кирпиктерин кыркып алган экен. Азырга чейин классташтар жолугушканыбызда ошол күндөрдү эстеп каткырып күлүп алабыз.
– Ар бир жетекчи аялдын үй- бүлөсү кандай деген суроо туулат…
-Атам айдоочу, апам болсо үй кожойкеси болгон. Үй -бүлөбүздө беш бир тууганбыз. Алардын эң улуусу мен болгондуктан ар дайым ата- энеме жардам берип жүрдүм. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетине тапшырып окууга өтүп, окуп жүрүп кыздар менен бирге ташкенттик казак жигиттер менен таанышып калдык. Алар “Таскент калаасын көрип келемиз” деп бизди Ташкент шаарын көрүү үчүн алып барышкан. Барганда эле барыбызга көйнөк жолук кийгизишип жакшынакай тосуп алышты. Анда эч кимибиздин оюбузга турмушка чыгуу келген да эмес эле. Ошол кезде мен 17 жашта болгонмун, көрсө мунун баарын менин болочок жолдошум ушинтип мага үйлөнүү үчүн уюштурган экен. Апамдарга ал мени ала качканы тууралуу кабар жеткириптир. Алар келгенче эки күн өтүп кетти. Төркүндөрүмдөн келишип кыз эки күн түнөп калды деп мени келин болдуң ушул үй-бүлөгө деп таштап кетишти. Илгери тарбия деген таптакыр башкача болгон. Ал кезде жаш экенмин турмуш деген ушул турбайбы деп таптакыр көрбөгөн, казак тилин түшүнбөгөн жерде жашап калдым. Жолдошум жумуштан келмейинче үйдөгүлөр менен казак тилин түшүнбөгөндүктөн сүйлөшө албай кыйналып кийин көнүп кеттим. Ошентип турмушум менен алек болуп бир уул, бир кыздуу болдум. Эч канча убакыт өтпөй жолдошум да каза болуп калды. Жолдошум өтүп кеткенден кийин да кайын журтум менен балдарымды катташтырып жүрдүм. Азыр да катташышат.
-Азыркы күндө балдарыңыз кандай кесиптин ээси, канча небереңиз бар?
-Учурда уулумдун өзүнүн жеке бизнеси бар. “Адеп башаты” фондусунда сабактарына катышып илим алат. Дагы уулум юридикалык билими менен адвокаттын жардамчысы болуп Жалал-Абад шаарында иштейт. Ал эми кызым банкир. Азырынча балдары кичинекей болгондуктан убактылуу иштебей турат. Эки балама тең ыраазымын, анткени менин ар кандай мүнөзүмдү көтөрө алышат жана мага ар дайым жашоодо жардамын берип келатышат. Жалпы алты неберем бар. Неберелеримдин баарын эле бирдей, чопулдатып өбүп эркелетип боорума кысып, алардан өзгөчө энергия аламын. Жашоо мага сабырдуулукту үйрөттү. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей азыркы замандаштарыма дагы бул дүйнөнүн сыноолорун сабыр менен гана жеңүү керек экенин айтаар элем.
-Жактоочу аял катары аялдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
-Аялдарга айта турган кеңешим кээде ушундай аялдар бар колунан келбеген жумушту деңгээли жетпей эле аткарамын деп баштап алышат. Бирөөнүн оокаты бирөөгө жеңил көрүнөт окшойт, соодага чыксам эле баары жакшы болот дешет. Колунан келбеген жумуштун айынан соттошуп, оттошуп жүрө беришет. Бул жерде айтайын дегеним, энелик касиетибизди жоготпошубуз керек. Келечек муундарыбызга үлгүлүү эне болушубуз керек. Алла Таалам аялга өзгөчө күч берген.Чоң- чоң иштерди кылуу үчүн да ошого жараша окуп үйрөнүү зарыл. Билбегендиктин айынан эле көйгөй жаралат. Анда да өздөрүнөн кемчиликти издешпейт, башка бирөөдөн издешет. Мен өзүмдүн эң жакшы баалаган жерим, эгер бирөөнү таарынтып койсом биринчи өзүмдөн кемчиликти издейм. Жактоочулук жумушум аркылуу да адамдарга кайрымдуулук да жасайм. Кээде аябай кыйналган кишилерден юридикалык кеңешим, кызматым үчүн акча каражат талап кылбаймын.
-Элге болгон каалооңуз?
-Мен дүйнө жүзү тынч болуусун жана жалпы Кыргыз элиме ыймандуулукту, тынчылыкты, молчулукту, ынтымактуулукту каалаймын. Ар бир улутта туулуп өскөн жерине, мекенине карата улуу сезим жашаш керек. Мына ошондо биз дагы да алга карай өнүгөбүз.
Даярдаган: Шахноза НАСИРОВА, “Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
20.04.2023 / Автор anarkan_kg “АБУ-ДАБИ КЫРГЫЗ ИНВЕСТМЕНТ” ААКты ТҮЗҮЛДҮ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖО БАЙДЕН ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ АТ САЛЫШАТ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.