Аймак

Кыял САБИРАХУНОВА, ЭлТР телерадио компаниясынын Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы: “ЖЕТЕКЧИ БОЛУП, САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮК ЖАСАЧУ МЕЗГИЛ ЖЕТТИБИ ДЕП ОЙЛОП КАЛАМ”

Кыял САБИРАХУНОВА, ЭлТР телерадио компаниясынын Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы: “ЖЕТЕКЧИ БОЛУП, САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮК ЖАСАЧУ МЕЗГИЛ ЖЕТТИБИ ДЕП ОЙЛОП КАЛАМ”

 5,269 Бардыгы /

 Жактырган түсү: Ак

Сүйүп уккан музыкасы: Кыргыз күүлөрү

Фобиясы: Жалгыздык. Кээде үйдө жалгыз калганда бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгөн кирип бара албайм,”- дейт.

Эң көп колдонгон сөзү: Демек, ну, алтыным.

Адамда бааланган сапаты: Калыстык.

 

ТЕЛЕ МЕНЕН ООРУП КАЛГАНБЫЗ

Теле тармагында жүргөнүмө 17 жыл болду. Алгач КТРКдагы “Замана” студиясынан баштагам. ЭлТРде эмгектенгениме 13 жылдын жүзү болду. 8 жылдан бери Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы болуп иштейм. Телевидениенин айымдар үчүн оордугу мурда көп деле билинчү эмес. Азыр балдар чоңойуп, үй-бүлө түйшүгү менен алардын да убарагерчилиги артты. Убакыт жетиштире албай кыйналып кеткен учурлар болот. Теленин жумушу өз мыйзамында чектелбейт деп жазылган. Майрамбы, дем алуу күнбү ар дайым даяр турабыз. Мисалы, чек ара маселесиби же башка ишпи түн ортосу да жумушка жөнөш керек болгон учур болот. Өзүмдүн иш тажрыйбамда эч качан майрам күндү үй-бүлөм менен тоскон эмесмин. Ар дайым жумушта болом. Ойлоп көрсөм балдарым менен чогуу болгон эмес экем. Балдарыма сценарийди түзүп берип, бул жакка барып ойноп келгиле деп жол жобосун көрсөтүп коём. Алар да көнүп калган. А майрам күнү кадимкидей, күндөгүдөн да күчтүрөөк жумуш болот. Анткени массалык эс алууда телеге жакшы программаларды беришибиз керек. Чындыгында журналистикада аял, эркек дебей баарыбыз бирдей иштейбиз. Кечээ гана биздин ишканада жетекчибиз Айбек Мусаев жыйын өткөрүп, жаңылык ааламында, биз кабарчылар аткарчу миссияларыбызды бир топ бышыктап кетти. Жаңылыктар бөлүмү телевидениенин негизги рычагы, негизги өзөгү. Андыктан биздеги оперативдүүлүк, кесипкөйлүк өтө маанилүү.

Журналистика менин жүрөгүмө жакын тармак болду. Ошондуктан мен бул тармактан кете алган жокмун. Ал эми чыгармачылыкка келсек, мен өзүм чыгармачыл үй-бүлөнүн кызымын. Атам Леинграддан театралдык институтту бүтүп келген. Өз кесибинин профессионалы, мыктысы эле. Кыргыз жергесине биринчилерден болуп аккордеон үнүн жаңырткан атам менен Рыспай Абдыкаров болгон. Кенедей кезибизден аккордеондун үнү менен ойгонуп, аккордеондун үнү менен уктачубуз. Жети бир тууган катар жатып, аркы бөлмөдө репетиция кылып жаткан Рыспай Абдыкадыров, Мамат Оморовдордун ыргактарын угуп жатчубуз. Үч аккордеон менен жаңыртып отуруп менде шык пайда болду. Менин таяке журтум Аксы эли дагы өнөрдү баккан эл болгон. Алардын колунда жомок угуп чоңоюп, бул жактан алган музыка, ал жактан уккан жомок мени ушундай жакшы чыгармачыл чөйрөгө алып келди. Ошентип журналист болом деген дээримден кайткан жокмун. Телевидениеде иштегендердин 80-90%ы таланттар.

Журналист болгон мен үчүн сыймык. Журналистикада өзгөчө кабарчылардын жумушу оор. Алардын кыйынчылыктуу азаптарынан жадаганда комуз чертип ырдап, ыр жазып эргип эс алып калам. Телевидение менин тагдырлашым, сыймыгым деп айтып келем. Себеби кээ бир кызматкерлер үчүн карьера биринчи орунда турат. А мен үчүн экөө бирдей. Анткени ушул кесипке окуп жатып, турмушка чыккам. Өмүрлүк жолдошум менин телесиз жашай албасымды ошол кезде эле түшүнгөн. Жолдошум да убагында ушул тармакта иштеп жүргөн. Кийин башка тармакта иштеп жүрүп, азыр кайрадан теле тармагында эмгектенүүдө. Ошондуктан үй-бүлө биздин экинчи коллектив сыяктуу. Балдарым дагы үйрөнүп калган. Телевидениенин терминдери менен сүйлөшөт. Бир сөздү бирөөгө айтып бар десең, “монтаждайынбы же сырой эле айтайынбы” – деп сурашат. Телевидение менен кошо ооруп калдык. Кесиптештер бир туугандарым. Биздин теленин келечегине баш оорутабыз.

 

БАЛАМ “КИЧИНЕКЕЙИМ” ДЕП ЭРКЕЛЕТЕТ

Экинчи Эржан уулум 7-класста окуп жатат.  Ош шаарындагы Исхак Раззаков мектебинде билим алат. Мүнөзү шум, бетке айткан бала. Мени “Апам кичинекейим” деп эркелетип калат. Бир күнү теригип кетип, мени эмне кичинекейим дей бересин десем, сиз эмне өзүңүздү чоң элестетип жатасызбы? Сиздин боюңуз кичинекей сиз бийик такалуу бут кийим кийип эле узун болуп жүрө бересиз дейт. Кичүү уулум болсо 5 жашка чыкты. Ошентсе да көкүрөгүмдү жыттап, эркелей берет. Сен чоңойдуң эми уят деп коём. Антсем «апа мен мектепке барганда да сизди чакырам эшикке чыгып эч кимге көрсөтпөй мени эмизип коёсуз ээ» деп калат. Өзүм болсо балдарымды кечинде уктап калышканда, эрте менен да уктап жатканда өөп алам. Чоң баламды сырттан келгенде өпсөм апа мен чоңойдум деп жактырбагандай түр көрсөтчү. Анан бир күнү уктап жатканда өпсөм уктаган жеринен сүйкүмдүү жылмайып, “апа мени дагы деле жакшы көрөсүзбү” – деп коёт.

МЕНИН КЫЯЛЫМ

Атым айтып тургандай эле кыялкечмин.Менин кыялдарым кыялдай укмуш, тимеле. Жетекчи болууну кыялданып калам. Микрофон кармап эле жүрө бербестен бир ишкананы калчап турчу мезгил жеттиби деген ой келет. Биз саясат менен аралашып жүргөңдүктөн акыркы мезгилдерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө да ойлонуп жүрөм.

 

Роза АКМАТжан кызы, “Аймак” О

 

АПАМА

Тамчы сүйүү дайра болуп толукшуп,

Карашыма кагыласың ай созуп.

Алтын апам сенден алган мээримди,

Дүйнө керип таба албасмын жолугуп.

 

Мендеги өмүр, менде болсо сенде бар,

Жан дүйнөмдө кошо жашап жол басаар.

Жапа тартып бүркөлгөндө кабагым,

Жарпым жазар, жан кубатым, тил табаар.

 

Апам, апам жаным апам, жан апам,

Асыл сөздү кайра-кайра айткандан.

Эркелесем, эреркесем өзүңө,

Балкыйт денем бала кезге баратам.

Апам, апам жаным апам, жан апам!

 

СИЛЕРГЕ ДЕГЕН  БЕЛЕГИМ

 

Пайгамбарды атап атам айтчу эле,

Жети перзент, жети шамым бар дечү.

Жетесинен жээрен мыкты кырааным,

Сыймыктанып, көп кыялга батчу эле.

 

Эр азамат эң улуубуз Кутманым,

Карегимде эң ыйыгым шумкарым.

Ата ордуна атакемдин жыты бар,

Кыйын кезде таянаарым тумарым.

 

Аска тоом айланайын сары агам,

Жүрөгүмө жакынымсың жан агам.

Мен ыйласам кошо ыйлап мээримдүү,

Баламды да мендей сүйгөн садагам.

 

Нурдай кызы атакемдин нур кызы,

Асмандын аруу жанган жылдызы.

Жайнап күлүп жарык чачып жүрө бер,

Окшош анын таэнеме турушу.

 

Кара кызы атакемдин алтындай,

Жайнап көзүң, жарык чачкан чолпондой.

Саламат жүр садагасы оорубай,

Сөзүң таттуу тоо-дыйкандын балындай.

 

Мени менен сырдашат дейт ким гана,

Көбү тилин таба албады бир гана.

Поэзия, муза сүйгөн дүйнөдөн,

Белек болгон бир тууганым бир Лира.

 

Карааныңдан кагылайын тентегим,

Бой жетилип, бой тиреген бул кезиң.

Токтоо мүнөз, сүйлөп сөздү чечкиндүү,

Атакемдин көрүнгөндөй жаш кези.

 

ТААРЫНДЫМ САГА

 

Жан дүйнөм болчу таптаза,

Жабыгып сенден турса да.

Жараатын козгоп жашыттың,

Жакпады ошол сөз мага.

 

Көрмөксөн болуп турсаң да,

Көздөрүм тартты сен жакка.

Көөдөндү ээлеп кусалык,

Көөнөрбөс болчу ал чакта!

 

Сагыныч толгон жүзүмдүн,

Саргайып турган кези эле.

Санаага батып түйшөлүп,

Самадым деги мынча эмне?

 

Жок беле сага тең келээр,

Жокпу эмне мага сендейлер?

Жолумду тозуп чыйралып,

Жомогун айтып келгендер.

 

Талпынып учуп бийикке,

Тар кууш жолго туш болдум.

Таң атпай сайрап кээ күнү,

Таарынган таптуу куш болдум.

 

Үч жылы сени жазыпмын,

Үзүлүп карек талыттым.

Үшүдү жүрөк сөзүңдөн,

Үмүтүм өчүп калыптыр.

 

Канча жыл карек талыттым,

Кайгыга анча салыпсың.

Кайратым менен баратам,

Кайыр кош, өттү баары чын!

 

Аргендей арзуу сыр айткан,

Коштогон комуз, үн калды.

Ак таңдан күтөм дечү эле,

Айтылбай ырлар ыргагы.

Анча кыйнап ойлонткон,

Айтчы эми сенде не калды.

 

 

 

ЭЛЕГИЯҢ ӨЗҮҢ ӨҢДҮҮМҮН

(Атам Тойгонбайга арналат)

 

Аккордеон көрсө туйлаган,

Ак дилинде сезим тоолордой.

Адилеттүү, сүйкүм таланттуу,

Атакемди койбойм ойлобой.

 

Комуз көрсө жүрөк сыздаган,

Коңур үнүн коштоп муңканган.

Кооздотуп жиберчи эле го,

Кайда болсо чогуу олтурсаң.

 

Баян менен жакын сырдашчу,

Баритондо балкып үн созчу.

Баркыт үндү кайрып ыргактуу,

“Бали” деген үндөр коштолчу.

 

Аккордеон турат чертилбей,

Атакемди күткөн өңдөнөт.

Айланайын асыл атакем,

Акты жашым көздөн көнөктөп.

 

Эрте кеттиң жарык дүйнөдөн,

Эзилемин көрсөм теңдүүнү.

Элесиңди алып жүрөмүн,

Элегияң өзүң өңдүүмүн.

 

Кыял САБИРАХУНОВА, журналист

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17