Аймак

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана бекем сактап калган”

 12,748 Бардыгы /

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана бекем сактап калган”

Тээ Совет бийлигинин алгачкы жылдарында мамлекеттүүлүк үчүн талыкпастан жүргөн күрөш туурасында кеп кылганыбызда, өлкөнүн көрүнүктүү саясий ишмерлеринин ак кызматын таптакыр унутпоого тийишпиз. Ошол кыйчалыш кезеңде Кыргыз улутунун жана мамлекетинин жаркын келечеги үчүн катуу жан үрөп, а түгүл өмүрүн тобокелчиликке салган мыктыларыбыз дароо эске түшөт. Бул туурасында тарых илиминин кандидаты, профессор, коомдук ишмер Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ “Асаба” гезитине кең кесири кеп кылат.

ЭЛИТА ЭЛИН САКТАЙТ, А ЭССИЗДЕР ЭЛДИ ТАЛАЙТ

– Кыяс Сатарович, мекенчил элита элин сактайт дегенге кошуласызбы?

– Чындыгында, Улуу Октябрь революциясынын алдында кыргызды бириктирүү идеясын көтөрүп, аны ишке ашыруу үчүн аракеттенген билимдүү, чыгаан инсандарыбыз жокко эсе болгон. Кошуна казак жана өзбек элдеринде Орусиянын борбор калааларындагы ЖОЖдордун юридика, экономика факультеттерин аяктап, терең теориялык билимге ээ болгон, чөлкөмдүк гана эмес, борбордук гезиттерге улуттун болочок тагдыры тууралуу олуттуу маселе көтөрүп макала жазган зыялылары көп болчу.
Тилекке каршы кыргыз зыялыларынын арасынан андай билимдүү, улут маселесин, болочок өнүгүү жагдайын жазып, конкреттүү сунуш менен чыккандар болбоптур. Бирок Совет бийлиги жер-жерлерде бекем орноп, кыргыз элинин келечек тагдыры үчүн кыл чайнашкан кыйын учурда эл арасынан мыктылар суурулуп чыгып, улуттун келечеги үчүн күрөшкөн инсандардын ысмы бүгүн тарыхта түбөлүк жазылып калды. Алардын эң көрүнүктүүлөрүн атасак, Абдыкерим Сыдыков (1889-1938), Ишеналы Арабаев (1882-1933), Иманалы Айдарбеков (1894-1938), Жусуп Абдырахманов (1901-1938), Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) жана башкалар. Булардын арасынан эч кимиси дегеле жогорку окуу жайын аяктаган эмес. Абдыкерим Сыдыков алгач мусулман мектебинде окуп, андан соң Верныйдагы (1911) эркек балдар гимназиясын бүтүрсө, Ишеналы Арабаев Оренбургдагы “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, андан соң Уфадагы жогорку диний мектеп “Медресе Галиядан” (1911) билим алган. Ал эми Иманалы Айдарбеков Бишкектеги айыл чарба окуу жайын аяктаган (1909). Абдыкадыр Орозбеков өз алдынча сабатын ачууга жетишсе, Жусуп Абдырахманов Каракол шаарындагы башталгыч окуу жайында окуп (1916), толук аяктаган эмес. Кыргыз мамлекетин түптөгөн бул инсандар азыркы саясый элитанын өкүлдөрүндөй 2-3 жогорку окуу жайын бүтүрдү деген диплому жок, илимий даражаларга, ар кандай чин-наамдарга ээ болбой туруп эле, өзгөчө билимдүүлүгү менен айырмаланган, эң башкысы Кыргыз мамлекетин түптөп, аны бекем сактап калышкан. Ал эми эгемен өлкөнүн элитасы элдин байлыгын талап, мамлекетти алсыздантты.

Чыгаандардын арасынан Абдыкерим Сыдыков чыныгы лидерлик касиетке ээ болуп, Жусуп Абдырахманов сыяктуу кыргыздын мыкты жигиттерин кызматка тартып, жаштарды окутуп, тарбиялап өстүргөндүгү менен өзгөчөлөнгөн. Ал 1920-жылдын октябрында Жети-Суу облревкомунун презиудумунун мүчөсү, 1921-жылдын 8-июлунда Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына, көп өтпөй төрагасы болуп шайланган. Ал эми Жусуп Абдырахманов жаштыгына карабай, 20-жылдардын башында Түркстан Компартиясынын Алматы уезддик-шаардык комитеттин жооптуу катчысы, партиянын Жети-Суу обкомунун мүчөсү, партиянын Капал, Талды-Коргон уезддик-шаардык комитеттеринин жооптуу катчысы кызматын аркалаган. Мына ошол жылдары алар Кыргыз мамлекетин куруу идеясын көтөрүп чыгышкан.

АЛГАЧКЫ АРАКЕТ, ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МАМЛЕКЕТ

– Өзүнчө Кыргыз мамлекетин курабыз дегендердин алгачкы тилеги адегенде эле эмне үчүн таш капты?

– Мамлекетти түптөө идеясы Кыргызстандын бар, же жок болуп кетүү коркунучунан улам курч көтөрүлгөн. Анткени 1920-жылы Казакстан Кыргыз автономиялык республикасына айланганда Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунда кыргыздар жыш жашаган аймактар анын курамына кирген эмес. Ал эми казак жетекчилери кыргыздар жашаган аймакты өздөрүнө кошуп алуу аракетинде болушкан. Аны кыргыздардын арасынан Рахманкул Кудайкулов өңдүү иритмелер колдоого алышып, Казакстандын курамына автономия болуп кирүүгө жан үрөшкөн.

Кокус бул аракет жүзөгө ашса, Кыргызстан деген мамлекет картада пайда болмок эмес, мамлекеттүүлүктөн биротоло кол жууп калмакпыз. Мына ушундай коркунучту Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов баштаган кыргыз элитасы илгиртпестен иаңдап, ортодо айгышкан күрөш башталган. Кыргыздын мекенчил элитасы Тоолуу Кыргыз облусун түптөп, РСФСРдын курамына түз кошулууну көздөшкөн. Мындай демилге 1922-жылдын жаз айынан жанданып, ал түгүл Москванын макулдугун алууга жетишип, уюштуруу сөезд чакыруу боюнча комитет түзүшкөн. Анын башында партиядан чыгарылганына карабай Абдыкерим Сыдыков турган. Анын оң колу катары шакирти Жусуп негизги уюштуруу иштерин мойнуна алган.

Натыйжада сьезд өз ишин 1-июнда баштап, анда Тоолуу Кыргыз облусу түзүлгөнү жарыяланат. Сөьзддин чечимин Москвага билдирип, алардан жооп күткөн. Бирок, жеңилип калган Рахманкул Худайкуловдун тарапташтары кабыл алынган чечимге моюн сунбай, болушунча каралоо иретинде: “бай-манаптардан турган улутчул топ жаңы түзүлүшкө каршы Тоолуу облус түзүшкөнүн, алар Союздун карамагынан чыгууну көздөп жатышканын” деген жалган жалаа кылып, Москвага каттарды биринин артынан жаадырган. Ошол кездеги уруулук бөлүнүүчүлүк, биримдиктин жоктугу ого бетер шыкак болуп, жакшы тилек менен башталган ишке Москва далысын салып, худайкуловчуларды жактап чыгат. Мурда макулдашылган чечимин Сталин алакандай жиберген телеграммасы аркылуу жокко чыгарган. Тоолуу Кыргыз облусун тузүүчүлөргө улутчул деп айып тагылып, алардын үстүнөн дароо куугунтук башталган.

ЖАЗАДАН ЖАЛТАНБАГАН, КУУГУНДАН ТАЙМАНБАГАН ЭЛДИН ЖЕҢИШИ

– Ошол адилетсиз жана аеосуз репрессия Кыргыз элин чыйралтканбы, же?

– Кыргыз мамлекетин куруудагы алгачкы аракеттин ишке ашпай калуусу кыргыз элитасын мокотпой, тескерисинче, кайра курчуткан. Ар кандай жазалардан жалтанбай, куугунтуктан тайманбай, ортодогу айгышкан күрөштө кыргыз элитасы жеңишке жетишип, натыйжада 1924-жылдын 14-октябрында Москвада Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү тууралуу Бүткүл союздук аткаруу комитетинин (ББАК) 2-сессиясы чечим кабыл алган. Бул чечимге ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу (ККАО) түзүлүп, ал РСФСРдин курамына дароо киргизилген. Бул тарыхый чечим кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигинин жарым-жартылай чечилиши болгон. Бул чечим айрым бир тарыхчы сөрөйлөр, журналисттер жазгандай кокусунан эле кабыл алынган чечим эмес экенин, ал кыргыз элитасынын тынымсыз күрөшүнүн жеңиши болгонун тарых тастыктап турат.

Кыргызстан өз түтүнүн булатып, мамлекеттик макамга ээ болгону менен элдин эңсөөсү заматта аткарылып, маселелердин бардыгы дароо эле чечилип кеткен жок. Кыргыз элитасынын ынтымаксыздыгы, ич ара тирешүүлөрү Д. Каменскийге окшогон билимсиз, мамлекет үчүн кыпындай күйбөгөн, Москва таңуулаган партия жетекчилерине ыңгайлуу болгону менен андан жалпы эл жабыркаган.

Улутка өзгөчө күйгөн Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов сыяктуу жетик жетекчилер чечүүчү кызматтардан четтетилип, өзүнө окшогон чала сабат, өз пикири жок, чабал адамдар кызматка көтөрүлгөн. Кыргызстандын тарыхый шарты, улуттук өзгөчөлүгү менен эч таанышы жок адамдар Москва тарабынан жөнөтүлүп, эң жогорку бийлик орундарын ээлешкен. Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жетекчилери мындай Сталиндик акимдик—буйрукчул саясатка жана өлкөдөгү баш аламан башкарууга нааразычылыгын ачык түрдө билдиришкен. 1925-жылы 5-майда Сталинге жазган жеке, жашыруун катында Жусуп Абдырахманов облуста түзүлгөн кырдаалды кеңири баяндап, андан чыгуу жолдорун билдирген. Ал өзүнүн кызматтан четтетилгенине кайгырбаганын, өлкөнүн келечегине күйгөнүн өз катында баса белгилейт.

Жаатташкан тарапты пайдалануу менен Д. Каменскийдин өлкө биримдигине доо кетирип жатканын, кыргыз элинин тарыхын, менталитетин, уруулук бөлүнүүчүлүктү токтотууга кызыктар эместигин ар тараптан ашкерелеген. Кыргызстандын жетекчилери жергиликтүү элден даярдалып бийликке көбүрөөк тартылмайынча, облустук аппаратта иштегендерди кыргыздаштырмайынча совет бийлигинин кадыр-баркы төмөндөй берээрин да ачык жазган. Жогорку окуу жайларда окуган бир да кыргыз жоктугун, алардын ордуна казактар кыргыздар деп окутулуп келгенин ынанымдуу мисалдар менен көргөзгөн.
Тилекке каршы Жусуп Абдрахмановдун катына эч кандай жооп болбой, жыйынтыксыз кала берген. Мына ушул каттан бир айдан соң, 1925-жылы 12-июнда А. Сыдыков, А. Орозбеков, И. Айдарбеков башында турган көрүнүктүү 30 адам акимдик-буйрукчул саясатка, Д. Каменскийдин иш ыкмаларына нааразычылыгын ачык түрдө билдирген кайрылуу катын Москвага жолдошкон. Бирок, И. Сталин бул катка оң жооп бермек түгүл, бул катты даярдаган кыргыз элитасынын мыкты өкүлдөрү жазаланып, бийликтен четтетилген, айрымдарына сөгүш берилген. 1926-жылы гана куугунтуктоо бир аз пасаңдап, Кудайкулов, Бабаханов, Айтбаев жаатчылдыгы үчүн жазаланып, облусту тополоңдоткон Д. Каменский кызматынан бошоп, Кыргыз обкомунун 1-секретарлыгына борбордон Н. А. Узюков жиберилет. Өлкөдө кырдаал өзгөрөт.

УЛУТ ЛИДЕРИ ЖУСУПТАЙ БОЛСО, ЭҢ ОБОЛУ ЭЛИН ОЙЛОСО

Танып не. Өксүгүбүз дагыле бар. Дегеле азыркы Кыргыздын улуттук лидери кандай болсо экен деп Кудайдан тилеп турасыз?

– Кыргыз мамлекетинин түптөлүүсү тууралуу баяндап жатып, ошол кездеги кыргыз элитасынын арасынан суурулуп чыккан чыныгы лидер Жусуп Абдырахмановдун ишмердигине кыскача токтолуп кетүүнү туура көрдүм. Ата Журтунан узакка “сүргүнгө айдалган” Жусуп Абдрахманов 1926-жылдын аягында гана кайтып келип, алгач Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалып, 1927-жылдын март айынан тарта республиканын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы кызматына дайындалат. Н. А. Узюков да Жусуптун сапаттарына калыс баа берип, “кырдаал-шартты өз алдынча баамдай билүүчү баалуу, маданияттуу кызматкер” деп сыпаттаган. Ал өкмөт башына келгенде 26 жашка толо элек кези болчу. Жусуптун лидерлик касиети, жетекчилик сапаттары өкмөт жетектеп турган учурда ачык көрүнгөн. Күндөлүгүнө жазгандай бул кызматты өз мүдөөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланган эмес. 1927-жылдан 1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин өкмөтүн жетектеген Жусуптун ишмердигин, өзгөчө сапаттарын талдоого алып, анын чыныгы улуттук лидер экенине ынанасың, ийилип таазим этесиң.

Жогорудагы баяндамаларда кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болуусу үчүн Жусуп Абдырахманов баштаган кыргыз элитасынын айгышкан күрөшү тууралуу, анын жемиши катары ККАО, КАО, КАССРи түзүлгөнү белгилүү. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөштө Жусуп жалгыз аракет кылган учурлар көп болгон. Ал тууралуу 1931-жылы 15-майда күндөлүгүнө: “ …бюро мүчөлөрүн ынандырууга аракет кылам. Андан майнап чыкпаса Ташкент менен, керек болсо Москва менен жалгыз салгылашканга туура келет. Республика үчүн өтө аянычтуу, аянычтуу анткени анын кызыкчылыгы, айныксыз укугу үчүн акыр аягына чейин күрөшкөнгө жөндөмдүү адамдар жок”, – деп арман кылганынан көп нерсени түшүнүүгө болот. Кыргыз республикасынын кызыкчылыгы Жусуптун ишмердигинин башкы өзөгүн түзгөнүн анын күндөлүгүнөн, жазган каттары менен жасаган аракеттеринен билинет. РСФСРдын курамына кирген Кыргыз АССРи өз алдынча чарба жүргүзүү, жалпы эле экономикага, маданиятка, саясатка байланыштуу маселелерин чечүү укугуна ээ боло албаган. Бул учурда Кыргызстан үч субөектиге баш ийип, зарыл маселелерди чечүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгонун жалгыз Жусуп көтөрүп чыкканын, же болбосо Ташкент, Москва менен күрөшкөнгө жөндөмдүү жетекчилердин жоктугун көрөбүз. Мындай татаалдыктарды чечип берүү үчүн ал Сталинге жүйөлүү далилдери келтирүү менен эки жолу атайын кат жазып кайрылган. Ушундай курч маселени жетекчиликке жеткиликтүү деңгээлде жеткирүү терең билимди, эң башкысы тайманбастыкты талап кылган. Андай сапаттардын бардыгы Жусупта бар болчу.

Жусуптун жетекчилик сапаттары менен инсандык мыкты касиеттери бири-бири менен жуурулушуп, анын улуулугун көргөзүп турат. Жусуп айрым жетекчилер бийлигинен ажырап калам деп балык болуп унчукпай отурушун, бийликти алар жеке кызыкчылыгы, жашоо шартын жакшыртуу үчүн колдонооруна чыдай албастыгын күндөлүгүндө эчен ирет кайталап жазган. Ал гана эмес Москвадан жиберилген жетекчилердин көпчүлүгү Кыргызстан үчүн жан күйгүзүп кызмат кылбаганын, алар бул жерге келечек карьерасы үчүн трампилин катары келгенин баса белгилейт(21.10.32). Жусуп жетекчилерди тандап кызматка койордун алдында алардын жеке сапаттарына өтө сын менен карап, калыс чечкен. Ал ээлеген жогорку кызмат ордун эч качан жеке мүдөөсүнө, же туугандарынын кызыкчылыгына пайдаланган эмес. Анын күндөлүгүнөн буга байланыштуу өтө кызыктуу маалыматтарды окууга болот.
Өкмөт башында турган Жусуп элдин жашоо шартын, өлкөдөгү абалды жер кыдырып, эл аралап жакындан билген. Элге жакындыгы менен айырмаланган. Кадимки жомоктордогу, уламыштардагы дубананын кийимин кийип элдин арасына чыккан даанышман падышалардай аскер кийимин, башына аскер шлемин баса кийип, өзүнүн Өкмөт башчысы экенин билдирбей базарларды аралаган, чайканаларда элдин арасында отуруп, алардын пикирин угуп, маанайын билген.

“Капысынан Жалал-Абад базарын кыдырып, бир катар чайканага кирип отурдум. Кара-Сууда да ошондой эле болду. Базарда жана чайканада ар кайсыл темада сүйлөшкөн бир дагы адам мен алардын арасында, алардын өз ара сүйлөшкөнүн угуш үчүн отурганымдан шек санашкан жок. Кызыл армиячылардын чолок тону, шлемду баса кийип отурушум мен үчүн мыкты маскировка болуп берди. Анын үстүнө өзүмдү кызыл аскер-калмакмын, жергиликтүү тилди билбейм деп тааныштырдым. Атайылап бардык жерде орус тилинде сүйлөп жүрдүм. Эгерде алар жанында отуруп сүйлөшүп жаткан кызыл армиячы эмес эле Эл Комиссарлар советинин төрагасы экенин билгенде, мынчалык ачылып сүйлөп бермек эмес. Пахта жөнүндө, кыдыруу, тинтүү жөнүндө сүйлөштүк. Нааразычылык өтө жогору. Алардын айткандары басмачылыктын келип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин дагы бир жолу бышыктайт…” деп өз көзү менен көргөндөрүн 1931-жылы 13-январда күндөлүгүнө түшүргөн. Алай жергесин кыдырып чыгып, ал жерде да чечилбеген көп маселелер бардыгын жазат: “Мен мурда Алай тууралуу жакшы билчү эмесмин, Алты сааттык кыдыруудан алты жылдан бери кагаз бетинде гана окуп келген маалыматтан алда канча көптү алууга жетиштим” деп жазат Жусуп өз күндөлүгүнө (01.05.31). Кыргызстандын ар бир чөлкөмүн кыдырып чыккан соң, республиканын аймактары, ар биринин өзгөчөлүктөрү тууралуу жетекчилер аз билерин белгилеген. Алардын арасында Кыргызстан тууралуу эң мыкты билерман саналган Өкмөт башчы өзү да начар билээрин баса белгилеп, республиканын башында туруп ал тууралуу жакшы билбегендик өтө уяттуу көрүнүш экенин жазат (8.01.31). Негизи эле Ж. Абдырахманов өзүнө талапты катуу койгон, өзүнүн кемчилдигин сезе билген жетекчи болгон. “Бактысыз менин элим! – деп жазат күндөлүгүнүн дагы бир жеринде. Өзүнүн келечегин мага окшогон бетбакка ишенген байкуш элим. Мен алардын ишеничине татыктуумунбу? Андан көрө жетекчилик кызматымдан кеткеним оңдур. Менден күчтүү, менден татыктуу жана ишеним арткан адамды шайлап алганы оңдур. Жансыздар тирүүлөрдү башкара албайт…” – дейт ал өзү жөнүндө (20.08.28).

БИЙЛИКТИН КУЛУ БОЛБОЙ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛ!

– Кыскасы, азыркы Кыргыз төбөлдөрү жалаң бийликтин гана кулу болуп калды деңизчи?

– Ооба. Тарыхка терең үңүлсөңөр, Жусуп эч качан кызматтын кулу болгон эмес. Калыстык болбогон учурларда кызматымдан ажырап калам деп унчукпай отуруп калбаган. Бир жолу бюджетке тиешелүү маселе партиянын жыйынында талкууланып, маселени өкмөттү мажбурлоо жолу менен чечүүнү көздөгөн Шубриков башында турган партиялык жетекчиликке каршы чыгат. Ошондо Шубриков “биздин арабызда жетекчилик кызматтарда саясий жактан сабатсыз адамдар отурушат” деген курулай дооматына чыдай албай, анда Эл Комиссарлар советин таркатып, Абдрахмановду кызматтан алып, бюджетти түзүүнү обкомдун аппаратына тапшырып, ЭКСга айткан буйруктарды кыңк этпей аткарган акылдуу адамдардан төрага коюп алгыла дегенге чейин барган (16.10.28). Жусуптун ушул сыяктуу өтө курч сапаттарын айта берсек ого эле көп.

Жусуптун ишмердигиндеги дагы бир баса белгилөөчү жагдай, анын ар убак эл биримдиги, өлкө бүтүндүгү үчүн күрөшү. Республиканын ар кайсыл аймактарындагы бөлүнүүчүлүктү көрүп, “бирдиктүү Кыргызстан али жок” деп арман кыла жазганын окууга болот (30.12.30). Жусуптун бул жазганы бүгүнкү күндө да өтө актуалдуу бойдон калууда. Кыргызстандын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган күчтөр бүгүн да жетиштүү. Бүгүнкү саясый элита биримдикти арттырууга, бөлүнүүчүлүккө бөгөт коюуга алсыз, деңгээли жетишсиз болуп жатканы жашыруун эмес. Жусуп айткандай “Биздин жетекчилер денесинин кайсыл бөлүгү менен ойлонушат, билбейбиз”. Анын “советтик башкаруу толук бир сөөмгө төмөндөдү, алар башчысы жана багыты жок сүзүп жүрүшөт. Чын эле биз бетпактык, кошоматчылыктын доораны жүргөн ушундай жашоого келип жеттикпи” (4.12.30) деген сөзү азыркы учурга толук дал келип жатпайбы. Ал эми “Биздин учурубузда адамдар күздөгү аба ырайынан бетер өтө кубулма” деген сөзүн чечмелебей эле койолу. Демек, эл жана эл башчылары туура жолго түшкүчө өлкө бүтүндүгү туңгуюкка кептелээри 20-30-жылдарда көрүндү, азыркы чалкеш заманда да көрүнүүдө, келечекте да боло бериши толук ыктымал. Аны болтурбоо үчүн Жусуптай улут лидерлеринин аракеттеринен өрнөк алсак. Бул өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы кыргыз элитасынын лидери Жусуп Абдырахмановдун бейенесине карата айрым сүртүмдөр гана. Мына ушундай эл мыктылары кыргыз мамлекетин жок болуп кетүүдөн сактап, замандын татаалдыгына карабай өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салым кошушкан. Алардын өрнөктүү өмүрү, тарыхта сакталган эрдиктери, ишмердиги бүгүнкү элита аталган эл мыктыларына зор сабак!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨРДӨ: Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ ар улуттун адамдары менен.
Сүрөттөр Кыяс Молдокасымовдун өздүк арвихивинен алынды

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана бекем сактап калган”
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана бекем сактап калган”
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөгөн жана бекем сактап калган”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17