Аймак

Бакыт ИБРАИМОВ: «Жашырып не. Көптөгөн ЖМКларда ички цензура дагыле күч»

 2,319 Бардыгы /

Бакыт ИБРАИМОВ: «Жашырып не. Көптөгөн ЖМКларда ички цензура дагыле күч»

Айтылуу 2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин түштүк жергесинде жайланышкан жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК)ларда ички цензура ого бетер күчөдү. Көпчүлүгү ушул тапта коомубуздагы абдан курч көйгөйлөрдү ачык чагылдыруудан кадимкидей жалтайлап калгандыгы абдан таасын билинүүдө. Ошол эле учурда басымдуу жергиликтүү журналисттер укуктук жактан сабатсыз экендиктери дагы ого бетер айкындалды. Бул туурасында «Журналисттер» коомдук бирикмеснин Оштогу кеңсесинин координатору Бакыт ИБРАИМОВ кабарчыбызга курган маегинде тартынбастан билдирди.

— Бакыт мырза, мына Сиздердин уюм акыркы жылдардан бери жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына такай мониторинг жүргүзүп келатат. Мында кайсыл көйгөйлөр кендирди кесип жаткандыгы Сиздерге даана байкалууда?

– Соңку жылдарда биздин мониторинг бекем тастыктагандай, 2010-жылкы айтылуу июнь коогалаңынан кийин түштүктөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында этияттануу, мындайча айтканда, ички цензура, чынында, абдан күчөдү. Басымдуу кабарчылар ар кандай жаңжалдуу окуяларды мурдагыдай таптакыр кең-кесири жана ачык чагылдырбай калышты.

Жашырып не. Мындан тышкары көптөгөн кесиптештерибиз дагыле укуктук жактан ого бетер сабатсыз. Ошону үчүн кимдир бирөөлөрдүн куйругун басып алуудан кадимкидей жалтайлап жана чоочулап турушат. А айрым коллегаларыбыз өздөрүнө тиешелүү мыйзамдарды жакшылап жана жетиштүү даражада өздөштүрбөгөндүктөн, бат-бат ыңгайсыз жагдайларга кабылып калып жатышат. Ошону үчүн материал белендегенде көбүнчө сенсация кугалап, маалымат булагынын ой-пикирлерин өздөрү билип-билбей каалагандай бурмалап коюп атышат.

Дагы кейиштүүсү: соңку тапта жаш адистер, мындайча айтканда, журналисттер редакцияга жумушка орношкондо иш берүүчүлөр менен таптакыр келишим түзүшпөйт. Ошону үчүн басымдуулугу дагыле эмгек китепчеси жок жүрүшөт.

– Эми ушундай убакта кантүү зарыл деп эсептейсиз?

– «Журналисттер» коомдук бирикмеси Кыргызстандын түштүк башкалаасында жаш журналисттерди даярдоо мектебин уюштурдук. Бул долбоорго Ош шаарындагы мектептердин идиректүү окуучуларын дагы кең-кесири тартып жатабыз. Алар «Данек» («Зернышко», «Данак») гезитин үч тилде (кыргыз, орус, өзбек тилдеринде) чыгарып жатышат. Ушунун өзү кесипкөйлүктү гана арттырбастан, жаштарда чыдамкайлык, өз ара түшүнүшүү жана достук касиеттеринин бекем калыптанышына накта өбөлгө жаратып жаткан чагы.

Мындан тышкары ушул тапта эл аралык стандартка ылайыкташтырылган жаш журналисттерди батыл белендеп жатабыз. Ошентип, бул аркылуу журналисттердин кадыр-баркы дагы кыйла көтөрүлөөрүнө мен абдан терең ишенем. Болбосо, соңку жылдарда коомубузда саткын журналистика (саткын кабарчылар) жөнүндө бекем ой-пикир түзүлүп калбадыбы. Мындан чукул арада кутулуубуз абзел! Ансыз эзели оңбойбуз, эй!

– Баса, соңку тапта журналисттердин кадыр-баркынын мынчалык ылдыйлашына маянанын төмөндүгү дагы себепкер болуп жатат өңдөнөт, туурабы?

– Ооба. Биз байкагандай, ушул тапта элдин көпчүлүгү журналисттик кесипти эң жөнөкөй жана абдан жогорку маяналуу тармак сыңары эсептешет экен. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай эмес! Ошону үчүн соңку жылдарда жалпыга маалымдоо каражаттарында кадрлардын ишке орношконунан жумуштан бошогону кескин түрдө көбөйгөндүгү байкалат. Андыктан, жаштарга адаштырбастан болгон чындыкты айтуубуз абзел!

Анын үстүнө медиа технология ыкчам өнүккөн шартта журналисттик кесип такай изденүүнү, өзүнүн үстүндө туруктуу жана абдан көп иштөөнү талап кылат. Карасаңар, дүйнө-аалам тез–тез эле алмашып жатпайбы. Ошого жараша журналисттер дагы көп өңүттү бирдей жана ыкчам өздөштүрүүсү кажет. Ал бир эле убакта экономика, экология, маданият өңдүү ар тармакты карапайым калктан жакшыраак жана көбүрөөк билүүсү абзел. Ансыз көч артында калаары шексиз, эй!

– Бакыт мырза, азыркындай шартта Кыргызстанда бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алуу абдан кыйындабадыбы. Эми кантесиздер?

– Абдан туура баамдапсыздар. Кыргызстанда, айрыкча түштүк жергесинин шартында бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алуу жана таратуу накта азап. Айрыкча чыр-чатак, каршылык окуялары кычаган маалда. Мындайда укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары дегеле кол жеткис. Атайылап карматышпайт дагы.
Ошону үчүн ар бир мекемеде басма сөз кызматы туруктуу иштөөгө тийиш! Бирок, дал ошол маалымат чордонун, мындайча айтканда басма сөз кызматын мурдагы журналисттер жетектешсе, чындап эле баарыбызга жеңил-желпи болоор эле. Ошого эле улай алар, мурдагы журналисттер, кийин мекеме-ишканалардын басма съз кызматын жетектегендер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен аткаминерлердин, мындайча айтканда, бийликтин ортосунда чыныгы көпүрө болуп берүүгө жарашмак.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨ: «Журналисттер» коомдук бирикмеснин Оштогу кеңсесинин координатору Бакыт ИБРАИМОВ.
Сүрөт автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17