Аймак

C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: “Будапешт шаарындагы мен катышкан эл аралык конференцияны Джорж Сорос ачты”

 5,890 Бардыгы /

C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”

Жакында Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич Венгрия Республикасынын борбору Будапешт шаарында болуп өткөн “Кадам артынан кадам ” (ISSA Ассоциация Step by Step ) Ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык конференциясына катышып, келди. Журналист катары Сонунбек Абдылдаевич менен жолугушуп ага бир нече суроолорду узаттым.

– Сонунбек Абдылдаевич, Сиз райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары Европа мамлекетиндеги Эл аралык конференциясына катышып келдиңиз. Айтыңызчы, бул конференцияга Сиз кандайча тандалдыңыз?

– Деги, Сиз айткан дагы туура. Негизинен акыркы жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери, районубуздун билим берүү тармагынын эмгек жамааттарынын жараткан ийгиликтери десем туура болот. Жакында август айында 2014-2015-жаңы окуу жылына карата даярдыктарды көрүү максатында Ала-Бука районуна иш сапар менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Ш.Кендирбаева келип, районубуздун мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыктарын көрүп, районубуздагы Ала-Бука, Өрүктү, 1-Май, алыскы Көк-Таш айылдык аймактарында болуп, мектеп жана бала бакчалардын, ошондой эле, иштеп жаткан билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуп, ой бөлүшүп, ал жерлердеги жүрүп жаткан жана пландаштырылган иш аракеттерди көрүп, жалпы педагогикалык кызматкерлердин жасап жаткан эмгектерине ыраазычылыгын билдирди. Буга кошумча азыркы мезгилдин көйгөйлүү маселелеринин бири болгон өлкөбүздөгү чейинки курактагы балдарды бала бакчаларга тартуу, айыл жерлерине бала бакчаларды ачуу маселеси боюнча районубуздагы бул тармактагы иштер мектепке областтык деңгээлде жакшы жолго коюлуп келе жатат. Башкача айтканда, ушул күнгө 25 бала бакча ачылып, ага 2530 бала тартылды. Ал район боюнча 21% камсыз болууну түзүп жатат. Ошондой эле, 2015-жылга карата дагы 2 бала бакча ачуу пландаштырылууда. Негизинен, мен ойлойм, мына ушул районубузда жаралып жаткан ийгиликтер себеп болду окшойт деп.

– Бул уюм качан каерде уюшулган? Биздин өлкөдөн канча делегат катышты жана алар алар кимдер ?

– Бул уюм “Кадам артынан кадам” (ISSA Ассоциация Step by Step ) Эл аралык ассоциациясы 1994-жылы Нидерландия Мамлекетинде уюшулуп, Борбордук Чыгыш Европа мамлекетинен, Борбордук Азия, Азия жана Батыш Европа мамлекеттерин камтыган чоң Эл аралык ассоциациясы түзүлүп, “Бардыгы үчүн коом түзөбүз: Эрте жаш курактагы балдарга кеңешип көмөк көрсөтүү” программасы түзүлүп, ушул программаынын үстүндө иштер жүргүзүлө баштаган. Кыргызстандан жалпы 5 өкүл ушул Эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим иминистри К.Ж. Садыковдун буйругуна ылайык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан мен, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү тармагын тейлөөчү жетектөөчү адис А.Камалова, КР Билим берүү академиясынан А.Токтомамбетов, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинен Т.Орузбаева, ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы долбоор боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү А.Айнекенова болуп, биргеликте Эл аралык конференцияга катышып келдик.

-Дегеле бул Эл аралык конференциянын негизги максаты эмнеде?

– Негизинен бул Эл аралык конференциянын максаты- дүйнө жүзүндөгү мектепке чейинки эрте жаш курактагы балдарга туура таалим-тарбия берүү, ал бала кайсы өлкөнүн, кандай улуттан турганына карабастан бардык жаш курактагы балдарга бирдиктүү сапаттуу билим берүү, жаш курактагы мектепке чейинки балдарды бала бакчага тартуу, төрөлгөн баланы мектепке чейинки курактагы жашка чейинки аралыкта туура жолго салуу. Инклюзивдик билим берүүнү колго алуу, ата-эненин баласына болгон милдетин күчөтүү, жакыр, турмуш шарты оор үй-бүлөнү ошол абалдан чыгаруу, келечекке карай кадам таштоо болуп саналды. Кыргызстандан барган өкүлдөрдү Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылады. Жалпы бир жумалык конференцияга 60 өлкөдөн 400дөн ашуун делегаттар катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого таштап, ар бир мамлекет өлкөсүндө болуп жаткан ийгиликтер менен катышуучуларды тааныштырды. Өткөрүлгөн конференция өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, уюштуруучуларга катышуучулар тарабынан чоң ыраазычылыктар билдирилди.

-Бир жумалык Эл аралык конференциядан алган иш тажрыйбаңызды райондун бардык мектептерине, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кандайча жеткирип жатасыздар?

– Ооба туура айтасыз. Бул өткөрүлгөн конференциянын ар бир күнү эч нерсеге алмаштыргыс десем туура болгудай.Себеби; берилип жаткан маалыматтардын бардыгы күнүмдүк турмушубузда кездешип, кээ бир мезгилдерде буга жооп таба албаган учурлар болуп турган. Ошондуктан, өткөрүлгөн конференция-секцияларга бөлүнүн өтүлгөн семинарлар бардыгы видео тасмаларга түшүрүлүп, керектүү усулдук-окуу куралдары алынып келинди.Даярдалган бардык материалдар атайын видео слайды аркылуу мектеп жана бала бакча жетекчилерине көрсөтүлүп, жалпы билим берүү уюмдарына таркатылы.

-ISSA Эл аралык конференциясынын кезектеги жыйыны кайсыл мамлекетте өтүүсү тастыкталды? Бул кесиптик тажрыйба жыл алмашкан сайын күчүнө киреби же солгундап калабы?

Жооп: Бул Эл аралык конференция ар эки жылда ISSA уюму тарабынан Европа мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүп тураары маалым болду. Кезектеги жыйын кайсыл мамлекетте өтүүсү боюнча кошумча маалыматтар берилет. Себеби; биз бул уюм менен атайын электрондук дарек аркылуу ушул мезгилге чейин байланышып келе жатабыз. Ага кошумча катышкан 60тан ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жана ISSA уюмунун өнөктөштөрүнүн атайын электрондук сайттары биздин даректерге берилди. Бул уюм быйыл өзүнүн көп жылдык тажрыйбалуу 20 жылдык маарекесин өткөрдү. Көрүнүп тургандай, бул ассоциациянын дүйнө жүзүндөгү абройу жылдан жылга көтөрүлүп баратканын баары байкап турушат. Буга бир мисал дүйнөдөгү миллиардер-финансист Джорж Сорос бул иш чараны ачып, катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

-Сонунбек Абдылдаевич “Басканча бөтөн жердин көк шиберин , басайын өз жеримдин тикенегин”- деген Элибиздин эски философиялык макалы бар. Сизди бөтөн жердин көк “шиберин ” басып келген инсан катары Будапешт сизге кандай таасир калтырды?

– Эми, туура айтасыз. Бул Венгрия мамлекети бир мезгилдерде социалисттик республикалардын катарына кирип турганы баарыбызга маалым. Ошол мезгилде эле, мамлекет бутка туруп, социалдык-экономикасы көтөрүлүп, бир топ алдыга кеткенин байкадык. Алынган маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири экен. Шаардын кооздугу, тазалыгы, имараттардын архитектуралык курулуштары, алардын бири-бирине окшошпостугу, Буда жана Пешт шаарларын бөлүп турган Дунай дарыясынын кооздугу, андагы кемелердин көптүгү, дарыяны бойлоп узунунан чубалган асма көпүрөлөрдүн сулуулугу, элдин маданияты, кулк мүнөзү, бири-бирине болгон сый мамилеси бизди таң калдырып, жакшы таасир калтырды.
Макалыңызга жараша, кандай гана мамлекет, шаар болбосун, өзүбүздүн Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн баарыбыз биргеликте аракет жасап, мамлекеттүүлүктү бекемдесек, биз дигы кудай буйруса өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз.

Маектешкен Санрабия Сатыбалдыева, Ауmak. kg

C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”
C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”
C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”
C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”
C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”
C.Акпаралиев,Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:    “Будапешт  шаарындагы     мен катышкан     эл  аралык конференцияны  Джорж  Сорос ачты”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17