Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,859 Бардыгы / Жалпыга маалым болгондой жакында Жалал-Абаддын активдүү жаштары биригип, “Жалал-Абад жаштар коомун” түзүшкөн. Мында жалпысынан ар тармакта эмгектенген жаштардын башы бирикен. Деги эле бул коом эмне жумуш аткарат, келерки жылдагы шайлоого карата жаштар арасынан дагы өзүнчө күч даярдалып жаткан жокпу? Буларды ким каржылап, артында ким бар экен? деген суроолор акыркы учурда кызыгууга үндөдү.Ал эми […]
4,860 Бардыгы / Жалпыга маалым болгондой жакында Жалал-Абаддын активдүү жаштары биригип, “Жалал-Абад жаштар коомун” түзүшкөн. Мында жалпысынан ар тармакта эмгектенген жаштардын башы бирикен. Деги эле бул коом эмне жумуш аткарат, келерки жылдагы шайлоого карата жаштар арасынан дагы өзүнчө күч даярдалып жаткан жокпу? Буларды ким каржылап, артында ким бар экен? деген суроолор акыркы учурда кызыгууга үндөдү.Ал эми […]
Абдуманап ДЫЙКАНОВ: “Жалал-Абад жаштар коому саясатта курал эмес!”
01.12.2014 / Автор Orozaly4,861 Бардыгы /
Жалпыга маалым болгондой жакында Жалал-Абаддын активдүү жаштары биригип, “Жалал-Абад жаштар коомун” түзүшкөн. Мында жалпысынан ар тармакта эмгектенген жаштардын башы бирикен.
Деги эле бул коом эмне жумуш аткарат, келерки жылдагы шайлоого карата жаштар арасынан дагы өзүнчө күч даярдалып жаткан жокпу? Буларды ким каржылап, артында ким бар экен? деген суроолор акыркы учурда кызыгууга үндөдү.
Ал эми коомдун төрагасы катары Сузак райондук администрациясынын кызматкери Абдуманап Дыйканов шайланган. Аталган коом тууралуу маалыматты төрагасынан алууну туура көрдүк.
Абдуманап Насирович, Жалал-Абад жаштар коомунун негизги максаты эмнеден турат?
-Негизги максатыбыз Жалал-Абад жаштарынын башын бириктирүү. Аларды мекенчилдикке, патриоттуулукка үндөп, мекендештерибизди мамалекет үчүн салым кошуусуна туура багыт берүү. Буга чейинки аралыктарда бир канча жаштардын башын бириктиребиз деген уюмдар түзүлүп келген. Бирок тилекке каршы алардан алгылыктуу майнап чыккан эмес. А биз болсо адаттагыдай кылбай, жаштар коомунан натыйжа чыгарууну көздөп келүүдөбүз
Азыркы учурда мындай коомдордун артында сөзсүз бир адам же партия тураары айдан ачык чындык. А бул коомдун артында кимдир бирөө барбы? Анткени артыңда бирөө болбосо иш алып кетүү кыйынга турат эмеспи?
-Жаштар коомунун артында эч ким жана эч кандай саясий партия жок. Мындай көрүнүштү бир канча жолу талкууга алганбыз. Биздин коом бир адамдын же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, Жалал-Абаддын кызыкчылыгы үчүн топтолгон коом. Ошондуктан артыбызда эч кимибиз жок. Муну баардык жерде эркин айта алабыз.
Ырас, коомдун артында эч ким болсо анда ким каржылайт?
-Биз бул коомду түзүп жатканда жаштар мындай деп сүйлөшкөнбүз. “Биздин чөнтөгүбүз калың бизнесмен эмеспиз. Артыбызда да каржылаган эч ким жок. Ошондуктан бутка туруп, өзүбүз тың басып кеткенге чейин бар аракетибиз менен, колубуздан келген иштерди жасап, шаар үчүн салым кошуп турал” дегенбиз.
Жаштар коому түзүлгөндөн тарта бир нече иш-чара өткөрдүк. Ага кеткен акча каражаттарын коомдун мүчөлөрү өздөрүнүн чөнтөгүнөн топтоп өткөрүштү. Эң башкысы биримдик болсо баары аздан боло берет.
Жаштар коому келечекте кайсыдыр бир партия үчүн курал эмеспи?
-Мен ишенем жаштар коому эч кайсы партиянын куралы болбойт. Анткени башында эч кимге курал болбойбуз деген максатта биригип, иш баштаганбыз. Шаардын кызыкчылыгы үчүн биз менен иштешем десе кайсы партия, жеке ишкер, мамлекеттик кызматкерлер болсо да биз иштешүүгө даярбыз. Бирок саясаттын артынан эмес. Эгерде бизди саясий жолдо курал кылам дегендер болсо анда бизге кайрылуунун кереги деле жок.
Коомдун мүчөлөрүнүн арасынан кээ бир партиялардын мүчөлөрүнүн көрүп жатабыз. Акырындык менен бир партияга ооп кетчүдөй сезилет?
-Ооба, сиз айткандай биздин коомдо кээ бир партиялардын мүчөлөрү болушу мүмкүн. Бирок алар коомду акырындык менен ал партияга үндөшпөйт. Болгону шаардын келечеги үчүн коомго мүчө болуп, өз милдеттерин аткарып жатышат. Коомго эч качан партияларды аралаштырышкан эмес. Ошону менен эле биргеликте коомдун мүчөлөрүнө тигил партия үчүн иштейсин же тгл партиядан чык деп чектөө коё албайбыз. Кайсыл партияда иштейт ал өзүнүн иши. Бирок коомду эч качан саясатка аралаштырбайт.
Аталган коом буга чейин кандай иш-чараларды өткөрдү?
-Жалал-Абад жаштар коом биринчи Жалал-Абаддын 137 жылдыгына карата “Жалал-Абад 137” деген жазуу уюштурдук, ошол эле тапта тазалык эстафетасын баштадык.анда ар бир мекеме-ишканалар өзүнө тиешелүү жумушту аткарып бүткөндөн соң, көңүлүнөн чыккан акча каражатын кутучага салып коюшат. Ал эстафетабыз учурда уланып келүүдө. Бирок, кыш мезгили келип калганына байланыштуу КICB банкына келип токтоп калды. Жаз айларында буйруса кайрадан уланат. Ал эми андан түшкөн акчаны кайрымдуулук иштерине жумшайбыз.
Коомдун алдыдагы пландары кандай?
-Алдыдагы пландарыбыз кыш айларында коомдогу балдардын ынтымагын чыңдап, билими өсүшү үчүн окутууларды, семинар, тренингдерди уюштурмакчыбыз. Мындан максат жаштарыбыз мыкты билимдин ээси болушун каалайбыз. Ал арада спорттук оюндар өткөрүлүп, достук ынтымак, биримдик бекемделет.
Негизи коомдун канча мүчөсү бар?
-Официалдуу түрдө элүүгө жакын мүчөсү бар. Ал эми иш-чараларда алардын саны 4-5 эсеге көбөйүп кетет. Бул азырынча.
Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Аман болуңуз!
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
04.05.2023 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.