Аймак

Шайырбек СУЛАЙМАНОВ : Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору, “Быйыл эсте каларлык жакшы иштер жасалды”

 8,240 Бардыгы /

Шайырбек СУЛАЙМАНОВ : Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору,  “Быйыл   эсте каларлык  жакшы  иштер жасалды”

Үстүбүздөгү 2014-жыл да сапарын карытып, анын аякташына саналуу күндөр калды. Адатта, жаңы жыл алдында ар бир адам же жамаат артка саамга кылчайып карап, өтүп бараткан жылда жасалган ишке талдоо жүргүзүп алат тура. Ийгиликтерин бекемдеп, кемчиликтеринен жыйынтык чыгарууга бел байлайт эмеспи.
Биздин кабарчыбыз жакында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын (ООАБКО) башкы директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Шайырбек Алибаевич СУЛАЙМАНОВго жолугуп, окурмандарга өтүп бара жаткан жылда жасалган жумуштар тууралуу баяндап берүүсүн суранган.

Ш.Сулайманов окурмандардын жана эмгек жамаатынын сунушу менен “Аймак” газетасынын жана “Aymak.kg” сайты тарабынан уюштурулган “Аймактын мыкты инсаны” наамына сунушталган.

-Биз билгенден республиканын Ош,Жалал-Абад, Баткен областтарынан оор абалдагы ооруларды сиздерге жөнөтүшөт. Анткени бул ооруканада тажрыйбалуу дарыгерлер көп иштейт. Айтсаңыз, бул жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?Кандай жыйындыктап жатасыз

– Кудай кут кылсын, өтүп бараткан жылда көңүл кубанткан, жүрөк жылыткан эсте кала турган көп эле иш-чаралар аткарылды. Сөздү материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытындагы жумуштардан баштасак орундуу болчудай. Оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу максатында бюджеттик каражаттын эсебинен №1-операциялык обочосунда капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Бул заманда инвестиция илгерилөөнүн өбөлгөсү эмеспи. Бул жааттан алган Швейцария өлкөсү каржылаган “AWD” балдарга жардамдашуу Германия Фондусу менен оорукананын бет жаак хирургия бөлүмүнүн ортосундагы көп жылдык кызматташтыгынын натыйжасында аталган фонддун 100 миң евро суммадагы каражат бөлүп берди. Анын шарапаты менен бет-жаак хирургия бөлүмүнүн операциялык каанасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап операциялык жабдуулар жана аппаратуралар менен камсыздалды. Андан сырткары, быйылкы жылы бул фонд биздин ооруканада ортодонттук борбор ачуу максатында, ага байланышкан капиталдык ремонт иштерине жана медициналык жабдууларга 1 млн. сом чамасында акча каражатын бөлдү. Бизди кубанткан жакшы жаңылык, быйыл Турция мамлекети тарабынан берилген, заманбап медициналык аппаратуралар жана жабдуулар менен камсыздалган «Мерседес» маркасындагы тез жардам автоунаасына ээ болдук. Жаңы алынган “Реаномобиль” санитардык автоунаасын кармоочу жылууланган автоунаа гаражынын курулушу башталып, бүгүнкү күндө бул жумуш аяктап калды. Атайын жана демөөрчүлөр берген каражаттын эсебинен ооруканада медицина кызматкерлердин кесиптик майрамына карата “Улукман ордо” борборун ачуу аземи болуп өттү. Быйыл Индия мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Жайант Чобрагад биздин оорукананын инфраструктурасы, материалдык техникалык базасы менен кеңири таанышып, сүйлөшүүдө эки жактуу мамиле куруу, өз учурунда Индия элчилиги ооруканада телемедицина борборун түзүү, анын мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын дарыгерлерин Индиянын чоң медициналык борборлорунда билимин өркүндөтүү курстарын уюштуруу маселери да айтылып, айтылган эки маселе боюнча бардык чыгымдар Индия мамлекети тарабынан каржылана тургандыгын өз сөзүндө белгилеп кетти.

-Башка район,шаардагы, аймактардагы ооруканаларга колдоо көрсөтөсуздөрбү?

Оба. Биздин оорукананын даарыгерлери эмгек жамааты түштүк аймакта жайгашкан ооруканаларга уюштуруу жана усулдук жактан көмөк берүү багытында да көптөгөн жумуштарды аткарып келүүдө. Үстүбүздөгү жылда биздин адистер түштүк аймактагы медициналык мекемелерге усулдук жактан көмөк берүү максатында 522 пландуу чыгууларды жасашты. Курамында ар түрдүү адистерден турган 20 дарыгердин көчмө топтору алыста жайгашкан район-шаарларга чыгышып, айыл-кыштак тургандарын тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Алардын негизги максаты – адистештирилген медициналык жардамга муктаж бейтаптарды ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүшүп, өтө муктаж болгондорду адистештирилген облустук медициналык мекемелерге жөнөтүү болчу. Мындай максатка ылайыктуу иш чаранын негизинде биздин дарыгерлер тарабынан 2311 жаран каралып, анын ичинен 155 бейтап табылып, анын 99у облустук, 65и райондук денгээлдеги изилдөөлөргө жана дарыланууга жөнөтүлгөн. Ошондой эле 265 бейтапка ультра үн менен, 77 коррекциялык көз айнек жазылган. Быйылкы жылы ООАБКОнун эндокринолог дарыгерлер тобу Ноокат шаарынын мектеп окуучулардын арасында калкан безинин кабылдоосунун (зоб) таркалуусун изилдөө максатында профилактикалык кароо уюштурушту. Анын натыйжасында 1080 мектеп окуучунун 985и карооодон өткөрүлүп, алардын ичинен 204 окуучу калкан безинин кабылдоосуна туш болгондугу аныкталган, андан I-даражадагы кабылдоо 178, II-даражадагы 25 мектеп окуучусунда катталган. Анын ичинен бир нече окуучу Ош шаарына изилдөөгө жана дарыланууга жөнөтүлгөн. Калкан безинин кабылдоосу катталган балдарга 3 айдан 6 айга чейин жашына жана салмагына жараша “Йодомарин-100” – 200мкг дайындалып, туруктуу жашаган жериндеги үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун адистеринин көзөмөлүнө алынган. О.э. мектепте ата-энелер чогулушунда ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биздин оорукананын дарыгер адистери район-шаарлардын дарылоо мекемелеринен түшкөн 794, анын ичинен 272 шашылыш чакыруулары жана 522 пландуу консультациялар оорукананын санитардык авиация кызматы тарабынан аткарылды. Чыгууларда 802 бейтап каралып, 50 операция жасалып, 11 бейтап ооруканага дарыланууга алып келинген.

-Дарыгерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу аракети болуп жатабы?

-Оорукананын жетекчилиги медицина кызматкерлердин, айрыкча дарыгерлердин билим денгээлин, адистик чеберчилигин жогорулатууга айрыкча көңүл буруп келүүдө. Бул жыл ичинде биздин оорукананын базасында 15 көчмө республикалык, облустук окуу семинарлар, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү. Атап айтсак, ооруканада Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнүнө (13-март) арналган республикалык көчмө илимий практикалык конференция болуп өттү. Оорукананын практикасында биринчи жолу М.М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору тарабынан уюштурулган “Миррахимовдук окуулар» илимий практикалык конференциясы телемедицинанын жардамы (видеоконференция) менен региондорго түз алынып берилип, дарыгерлер жер жерлерде Кыргызстандын, Россия Федерациянын ж.б. жакынкы чет өлкөлөрдөн келген белгилүү окумуштуулардын докладдарын угууга мүмкүнчүлүк алышты.
Андан сырткары, оорукананын дарыгерлери республикалык денгээлдеги уюштурулган 2 видеоконференцияга катышып, апрель айында өткөн “Современные подходы к ведению больных с острыми нарушениями мозгового кровообращения”, “Инновационные подходы по профилактике тромбозов и тромбоэмболий” аттуу конференцияда Россия Федерациясынын эл аралык далилдүү медицина боюнча эксперти профессор В.В. Власовдун жана Е.В. Вышловдун докладдарын угууга мүмкүнчүлүк алышты.

-Ушул багытта иш чаралар өтүп турса керек?

-Туура айтасыз. Май айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына, мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына жана ООАБКОнун ревматология бөлүмүнүн 10 жылдык юбилейине арналган “Жаш дарыгер- 2014” конференция – конкурсу уюштурулду. Конкурста ооруканадагы 35 жашка чейинки жаш дарыгерлердин докладдары угулуп, алар өздөрүнүн күнүмдүк практикасында колдонулган илимий практикалык изилдөөлөргө негизделген жетишкендиктерин баяндап беришти. Бул докладдар мамлекеттик тилде жасалып, практикалык медицинада заманбап дарылоо жана дартаныктоо ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Конкурсту баалоо үчүн курамында Ош мамлекеттик университетинин профессорлору, доценттери жана ОМОКБнын тажрыйбалуу практик дарыгерлеринен турган атайын комиссия түзүлүп, алардын чыгарган чечими менен 1-орун бет жаак хирургия бөлүмүнүн дарыгери Д.А Ешиевге, 2-орун ультраүн менен изилдөө бөлүмүнүн дарыгери Б.З.Осумбековго, 3-орун ревматология бөлүмүнүн дарыгери У.К.Исаковго жана 4-орун эндокринология бөлүмүнүн дарыгери Г.Абдыраимовага ыйгарылып, жеңүүчүлөр М.М. Миррахимов атындагы коомдук фонддун атынан атайын диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Андан сырткары, ООАБКОнын алдындагы В.П. Сергеев атындагы коомдук фонддун атынан жаш дарыгерлер Н.Мырзашева (бет-жаак хирургия), Ж.Закирова (инфекция №1), Б. Сабиров (жүрөк, кан тамырлар хирургиясы) атайын сертификат жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Июнь айында бизде анестезиолог-реаниматолог дарыгерлер үчүн эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Сентябрда ООАБКОнун кардиология жана обочолуу инфаркт бөлүмдөрүнүн медицина кызматкерлери “ Илдетсиз жүрөк үчүн» аттуу маалымат-окутуу акциясын өткөрдү. Анын негизги максаты- калктын кан басымынын жогорулоо проблемасы, анын түрлөрү жана кабылдоолору боюнча түшүнүгүн кеңейтип, маалымат берүү жана билимин көтөрүү, эл арасындагы кан басымы жогору жүргөн инсандарды табуу болчу. Андан сырткары, бейтаптардын, катышуучулардын кан басымын өлчөө, оору боюнча анын тамактануу жана жашоо тартиби боюнча маек жүргүзүштү. ООАБКОдо “Бүткүл Дүйнөлүк жүрөк күнүнө” арналган “Артериялдык гипертония дарылоо жана алдын алуу, мээ инсульту” темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Октябрь айында ревматология бөлүмүнүн 10 жылдык мааракесинде “Иммунопатологиянын клиникалык практикадагы маселелери: патогенезинин, дартаныктоонун жана терапиянын жаңы аспектилери” аттуу көчмө республикалык илимий практикалык конференция болуп өттү. Ооруканага Ыссык Көл облустук ооруканасынан 8 дарыгерден турган топ (жетекчи-уюштуруучу, акушер-гинеколог, неонатолог, педиатр реаниматолог дарыгерлери) келип, оорукананын бөлүмдөрү менен терең таанышып карап чыгышып, андагы дарылоо-дартаныктоо иштеринин уюштуруу денгээли, андан кийинки мамиле куруу, тажрыйба алмашуу маселелери жолугушуу учурунда талкууланды.

-Медицианада дарыгерлер жаңы ыкмаларды үйрөнүп, колдонуп жатабы? Бул багытта аракеттер барбы?

– Учурда биздин тармакта да илим техниканын жетишкендиктерин, заманбап дарылоонун жана дартаныктоонун жаңылыктарын колдонууну талап кылган чакта биздин оорукананын дарыгерлери үстүбүздөгү жылы пландаштырылган 8 дарылоо жана дартаныктоо ыкмасын иш практикасына ийгиликтүү киргизүүгө жетише алышты. Атап айтсак, оорукананын эндоскопия бөлүмүнүн дарыгерлери Т.З. Жуманазаров жана У. Пирматова Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери К.Т. Истамов менен биргеликте Кыргызстанда биринчи жолу клапандуу бронхоблокатор ыкмасын өпкөдөн кан агуу учурунда оорукананын иш практикасына киргизишти
Көп жылдык практика далилдеп көрсөткөндөй, санитардык агартуу иштери көптөгөн дарттарды алдын алууга өзүнүн оң таасирин берип келе жатат. Ошондуктан биз бул багытта аткарылуучу иш-чараларга олуттуу маани берип келебиз. Быйыл биздин дарыгерлер тарабынан ар кандай оорулардын алдын алуу максатында 79 санитардык баракчалар чыгарылды. Жогорку жана атайын, орто окуу жайларда, мекеме-ишканаларда дарыгерлер бул багыттагы 315 тематикалык лекция, тегерек столдорду өткөрүштү. Жыл бою массалык маалымат каражаттары аркылуу калк арасында ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жумуштары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

-Сиздин партиот жаран катары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү катуу колдоп келе жатканыңызды угуп, көрүп жүрөбүз…

-Кыргыз Республикасынын «мамлекеттик тил жөнүндөгү” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата биздин мекемеде мамлекеттик тилдин үч айлыгы өткөрүлүп, 23-сентябрь күнү бөлүмдөрдүн арасында мамлекеттик тил боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Расмий коноктордун катышуусунда жюринин калыс чечими менен оорукананын эндокринология бөлүмү мыкты бөлүм деп табылып, ага сертификат жана өтмө Кызыл туу тапшырылды. Мааракенин иш алкагында ооруканадагы «Клиникалык мамлекеттик тил борборунда» Манас таануу боюнча атайын видео-окутуу ыкмасы уюштурулуп, оорукананын дарыгерлерине ар айда «Манас таануу» окутуу процесси киргизилди. Ошондой эле ооруканада эмгектенишкен ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн салттуу көргөзмөлөрүн уюштурушуп, мааракенин соңунда алар тарабынан «Ынтымак кесе» ыр-бий зоок программасы конокторго жана жалпы эмгек жамаатка тартууланды.
Ош облусунун медицина кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына арналган иш-чараларга активдүү катышты. Алардын курамында биздин кызматкерлер да бар болчу. Кырчын жайлоосунда улуттук боз үйдү жасалгалоо, улуттук кийим-кечектердин көргөзмөсүн уюштуруу, улуттук тамак-аштарды жасаоо боюнча өткөрүлгөн конкурста бул топ республикадагы медицина мекемелеринин арасында биринчи орунга ээ болушту. Алар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген конокторго жалпы элибиз менен бирге көчмөндөр цивилизациясынын эстетикалык жана материалдык баалуулуктары жөнүндө маалымат берүүгө өз салымдарын кошкондугу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан ыраазылык катка жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту.

Оорукананын дарыгерлер тобу мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата уюштурулган иш чаралардын алкагында Талас шаарында барып келишти. Алар адегенде «Манас Ордо» комплексине зыярат кылышып, сапардын жүрүшүндө Талас облустук үй-бүлөөлүк медицина борборунда жана Талас облустук биргелешкен ооруканасында болуп, аталган мекемелердин ишмердүүлүктөрү менен кенен таанышышты, алардын иш аракеттери жана жетишкендиктери менен өз ара тажрыйба алмашууга жетишишти. Айтор, быйылкы 2014-жыл биздин көп улуттуу ынтымактуу жамаатыбыз үчүн эсте калчу көптөгөн иш-чаралар га бай жыл катары эсте калды.
Учурдан пайдаланып, республикабыздын жалпы ак халатчандарды алдыда келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларды жаңы ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектеш экендигимди билдире кетүүнү туура таптым.

Эски жыл колдоп, жаңы жыл жалгасын!

Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17