Аймак

Калдарбек АБДРАМАНОВ, КРнын башкы кардиохирургу: «ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ДА, ООРУЛУУЛАРГА ДА ШАРТ ЖОК»

Калдарбек АБДРАМАНОВ, КРнын башкы кардиохирургу: «ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ДА, ООРУЛУУЛАРГА ДА ШАРТ ЖОК»

 8,625 Бардыгы /

Кыргыз эли мыкты менеджер, чебер уюштуруучу, талантуу кардиохирург  Калдарбек Абдрамановду кесипкөй инсан катары бааласа жакындары аны «өзгөчө боорукер, аябай тууганчыл» деп жакшы көрүшөт. Билсеңиз ал жүрөккө 13 мүнөттө операция жасап коё алат. Айрыкча оор операция учурунда электр жарыгы өчүп, кадимки уюлдук телефондун жарыгы менен аны ийгиликтүү аяктап элдин эсинде калган. Сиз билген же билбеген сыймыктуу агабыздын өмүр таржымалын баян этмекчибиз.

КААРМАНЫБЫЗ:

– 1955-жылы 27-ноябрда туулган;

– КРнын эмгек сиңирген дарыгери, Медицина кызматкерлеринин ассоцациясынын президенти, м.и.д., профессор;

– ЖАМУнун медицина факультетинин ички оорулар кафедрасынын башчысы;

– 300дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 китеп монографиянын автору;

– 100дөн ашуун шакирттин устаты;

– Бокс боюнча спорттун чеберчилигине талапкер.

 

ЭНЕМДИ ЖАНДАП ЖҮРЧҮМ

Базар-Коргон районунун Акман айылында туулгам. Мен бир жашка чыкканда Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Мундуз айылына көчүп кеткенбиз. Атам Алишер тарых сабагынан мугалим эле, апам үй кожейкеси болду. Азыр 90 жаштан ашты.

Мен 6-7 жашка чейин өз апам ким экенин билген эмесмин. Анткени бир үйдө эле жашасак да, чоң энем менен басам, турсам бирге элем. Тогуз бир тууганбыз, биз удаа удаа болгондуктан мени энем бакты. Энемдин төркүнү Сузактын Ак Баш деген жеринде эле. Анан бул жакка айылдап көп келчү. Андайда мени ээрчитип алат. Автобуста келип, Турпак Белден түшүп калып андан ары жөө кетчүбүз. Зээрикпесин десе керек, көп нерселерди айтып берчү. Жолдо баратып талаага дары чачкан чакан учактарды көрчүбүз. Энем өзүнүн арманын эскерип калчу. Көрсө атам Жалал-Абад педтехникумун аяктап Орусиядагы бир авиациялык окуу жайга тапшырат экен. Экзаменден өтүп, окууга кетейин деп поездге билетин алып сумкасын камдап жатса энем «кетсең топурагыңды түйүп берем» дептир. Атам жалгыз уул эле, келбей коёт деп корксо керек. «Ошондо жаңылышыптырмын, эми атаң учкуч боло албады, сен болосуң» дечү. Мени ошол багытка бала кезден эле буруп койгон экен. Кийин мен биринчи класска барганда энемдин көзү өтүп кетти. Ал күн алигиче эсимде, мага чоң жоготуу болгон. Ошентип күндөр өтүп оюнкарак, дүйнөнү жаңы тааныган бала кез, чоң энемди унута бердим, апама жакындай баштадым.

Атам балким мугалим болгондуктан туура багыттарды берип тарбиялады. Жумуш кылдырганда да ашыкча, баланын күчү жетпей турганды жасатчу эмес. Өзү жасагандарын билем. Анткени карап тургула деп көрсөтчү. Азыркы балдар менен көп салыштырам, биз өтө активдүү болгон экенбиз. Үйдө олтурмай жок эле. Ал учурда эми коммунисттик тарбия, балдарда да дух бар эле. Жаш балдардын бири бири менен мамилелери жакшы эле. Футболдон жакынкы айылдын балдары менен турнирлер өтүп, жарыштар уюштурулчу. «Биздин айылдын балдары утулуп калбасын» деп ушундай ынтымакта болчубуз.

 

БАЛА КЕЗДЕ КАТУУ ООРУДУМ

Сабакты баарыбыз жакшы окудук. Атам ар бирибизди сабак аткардыңбы деп сурабаса да, биз өзүбүздү көзөмөлдө сезчүбүз. Үйдө жазылбаган, айтылбаган график бар эле. Кышында мешке отунду жагып, атам жасап берген кичинекей столдорго тизилип олтуруп алып китеп окучубуз.

Мектепте окуп жүргөндө кату ооруп калдым. Атам желкесине көтөрүп жүрчү,себеби бир бутум бир колум кыймылдабай калып, баспай калгам. Мени туберкулез диспанцерине жаткырышты. А менин моюн жагымда бир шишик пайда болуп, ошону дарылап жүрдүк. Жалал-Абаддагы балдар диспанцеринин ар бир бурчу азыркыга чейин тааныш. Ушул жакта жатып, канча деген китептерди окуганмын. Кийин Шакафтардагы санаторийге которушту. Ал жактагы врач эже, «бул баланы жөн эле кыйнап атасыңар, өпкөгө деп дарыларды берип. Мында шишик (опухоль) бар» деди. Аны эки операция менен алышты. Анан эле айыгып кеттим. Мен учкуч болушум керек деп жүрөм, бирок мага докторлордун иши да жага баштады. Канча деген кишиге жардам берип айыктырат турбайсыңбы деп кызыгып коюп жүрдүм. Дарыгерлер мени көп кыймылда болсун дешти. Өзүм да жаным жай албаган шок элем. Кудай оңунан берди. Топтун сазайын берип, футбол талаадан чыкпай калдым. Кочкор-Атадагы нефтичилер футбол командасынын машыктыруучусу көрүп калып, чакырды. Анда Советскийдеги жатак мектепте окуп калгам.

 

ОКУУГА ӨТПӨЙ КАЛЫП, АСКЕРГЕ КЕТТИМ

Анан мектепти бүтөөрдө, борбордук окуу жайлардан келип тандоо жүргүзүштү. Мен атамдын кыялын ишке ашырам деп жүрүп өзүмдүн да кыялыма өтүп калган Саратовдогу авиациялык училищеге барууга документтерди даярдап, белсенип калдым. №286 деген медициналык справка талап кылышты. Ошол жерден бир агайым «сен операция болгонсуң кабыл алышпайт» деди. Сурасак, чын эле мурун ооруган, жараат алган, операция болгондорду албайт экен. Ошентип атамдын тагдыры кайталанып, мен да учкуч болбой калдым. Анан атам өзүң ооруп жүрдүң сен мединститутка тапшыр дейт. Мени болсо спорт, футбол кызыктырат. Боксту да жакшы ойночумун. Документтеримди көтөрүп Фрунзеге кеттим. Барып дене тарбия институтунун спорт факультетине тапшырдым. Легендарлуу «Алга» командасынын курамына кирүү, андагы атактуу оюнчу Алмаз Чокморов менен бирге ойноону эңсеп, элестетип алгам. Талаптары катуу экен, бирок баарынан өттүм. Документ кабыл алуулар аяктаарына эки күн калганда атам келип калды. Эмне болду, кайсы окууга тапшырдың деп сурады. «Сынаксыз өткөнү жатам, баардык талаптарын аткардым. Спортфакка окуйм» деп кубанып алгам. Атам негизи аз сүйлөгөн киши эле. Бирок ошондо мага бир ачылып сүйлөп мага эң туура багыт берген экен. «Мен учкуч болом деп болбой калдым. Сага да ден соолугуңа байланыштуу буйрубады. Эми орто жолдо футболчу болосуңбу? Сен мединститутта окуп деле спорт менен машыксаң болот, Алгада ойносоң болот. Бирок спортфакты бүтүрсөң ал кесип эмес, а дарыгер болсоң адис болосуң» деп жакшы түшүндүрдү. Анан мен анда медицинага барайын деп документтеримди алдык. Экзаменден өттүм, конкурс боюнча баллым жетпей калды.

Анан окууга өтпөй калып айылга келдим. ДТ трактордун айдоочусуна жардамчы болдум, тоңдурма айдадык, жаз келди малаладык. Антип минтип май болуп, армияга чакыруу келе баштады. Мен мурда операция болгонумда жашырып армияга барам дейм, атам аскерге кетсең дагы эки жылың кетет дейт. Талашып тартышып, өжөрлөнүп жүрүп кеттим. Ден соолугум жакшы экенин баарына далидегим келе берчү. Ал жакка баргандан кийин алты айдан кийин бөйрөгүмдө таш бар экен ал приступ берип жатып калдым. Аны алып салышты. Базар-Коргондон такташтырып, карточкамдан мурдагы операцияларымды билип калышты. Анан мени бир жылга жетип жетпей эле бошотушту. Келип мединститутка тапшырдым, бирок кызыгы баягы эле баллымды алып калдым. Анан алты жигит аскер формасы менен барган элек, бизди «булар мекенге кызмат өтөп келишти, биринчи өткөрүшүбүз керек» деп мединститутка өтүп кеттим.

 

ОКУУНУ ТАШТАЙМ ДЕП КАЛГАМ

Окууга өткөндө жалаң 5ке окуйм деп өзүмө өзүм чен коюп алгам. Армиядан кийин окугангабы токтолуп калгам, башка ой жок, берилүү менен сабакка кириштим. Футбол калып, армиядан машыгып келген бокска өттүм. Студент кезде бокс боюнча спорт себерчилигине талапкер болдум. Үчүнчү курста атеизм боюнча сабактан экзамен тапшырып калдым. Бизде чоң атам арабча тамга тааныган, диний илими болгон адам болгондуктан үйдө Кудайга ишеним бар эле. Анан экзаменде бир кошумча суроого так жооп бере албадым. Анан агай 4 коём дейт. Мен эртең даярданып келейин деп зачет китепчемди тартышып атып айрып алдык. Антпесем лимитим бүтүп бараткан, кызыл дипломго жетпей калчудаймын. Анан аны ректор угуп калган экен. Кийин мен бир ай сабакка барбай койдум. Окууну таштайм, эл аралык мамилелер институтуна барам деп калдым. Декан бир күнү чакырыптыр, ушул жерде окуйсуң деди. Ушул учурда да атамдын сөзү тагдыр чечүүчү болду. Атам кат жазыптыр. Анын мааниси «сен жакшы адам болуш үчүн окууну таштап, кесибиңди алмаштыруунун зарылчылыгы жок, бир ишти орто жолдо калтырган бул жаман» дегендей эле. Окууга кайттым.

 

МОСКВАДА ТАКШАЛДЫМ

Окууну аяктаганда ректор мединститутка окутуучулукка алып калды. Илим менен алектен, кандидаттык жакта деди. Бирок мен практик дарыгер болуп, операцияларга киргим келчү. Бир жылдан кийин ректорго кирип ичимдегини айттым. Анан ал интернатурага жиберди. Аны бүтөөрдө жумуш караш керек деп жүрсөм тааныш жигит республикалык больницада эки орун бар экен деп калды. Ал орунду чечүүчү адам белгилүү кардиохирург профессор Маралов деген киши кайнагамдын жердеши экен. Ошентип жумуш маселеси чечилди. Анан тиги киши мени жумушка алып эле, Москвага окууга жиберди. Ал жакта Орусиянын башкы кардиохирургу Лео Бокерияга  баштапкы 7 жылы ассистент болуп бардык операциясына чогуу кирип көрбөгөндүн баарын көрүп такшалдым. Мага буйрук чыгып, штатка жумушка кирдим. Кадимкидей айлык ала баштадым. Биз ондой балдар кыздар бир убакта кеткенбиз. Алардын арасында азыркы учурда кыргызга белгилүү, аттуу баштуу профессорлор, академиктер бар. Айтсам академик Сабырбек  Жумабеков, профессорлор Талант Сооронбаев, Эркин Миррахимов, Сергей Чыналиев, Шайырбек Сулайманов, Индира Кудайбергенова, Гульмира Асымбекава, Эльмира Асымбековалар, Улан Кабаев. Дагы башка көптөгөн улан кыздар турмуштук кыйынчылыктан улам окуусун уланта албай ташташты. Кайра куруу жылдары эле. Бизнеске өтүп кетишти. Мен он жыл окуп, илимдин доктору болуп келдим.

 

ҮЙ БҮЛӨМ ӨЗҮН ӨЗҮ ЭПТЕДИ

Келинчегим Айнура менен 3-курстабаш коштук. Кеминдин кызы, орусча тили мугалими. Үч балабыз бар, азыр экөө кардиохирург, бирөө кардиолог. Мен Москвада окуп жүргөндө балдарым менен бирде тиякта, бирде бул жакта болуп көп кыйналдык. Анан аялым өзү мугалим болсо да соодага шыгы бар эле, бир күнү бизнестин сырын үйрөнүптүр. Ошол болду ал соодага ооду. Мен ага Москвадан балдардын бут кийимин салып жиберем. Ал Ош базарында сатат. Кийин Москвада жомок китептер тартыштыгы чыкканда Ош, Жалал-Абаддан китеп ташып жүрдүм. Аны бир орус жигитке дүңүнөн өткөрөм. Ошентип мен ал жакта жүргөндө, үй-бүлөм өзүн өзүн эптеп, Кудай колдоп, мага чоң жардам болду.

Докторлугумду жактагандан кийин жетекчим, бул жакта кал, жарандык алсаң болот. Жумуш бар деп калды. Мен болбой келе бердим. М. Миррахимов мен кетип жатканда «башкалардай болуп жөн эле барып келбей, бир нерсенин өтөсүнөн чыгып кел» деп катуу дайындап жиберген эле. Анан келсем Мирсаид агай жадырап жайнап күтүп алып, «Эмне келдиң балам, азыр кыргызстандын медицинасын талкалап атышат. Реформа деп биздин шартка туура келбеген долбоорлорду таңуулап жатышат. Балким мунун жыйынтыгын мен көрбөй калам, жашсын сен көрөсүн жакшы болбойт» деди. Ошол киши көрөгөчтүк кылган экен, мына жыйынтык жок. Анан Миррахимов илимий улук кызматкер кылып мени жумушка алды.

 

ЖЕКЕ МЕДБОРБОРУМДУ АЧТЫМ

Москвада доктор болуп бышып жетилип калганда ойлочумун. Эмне үчүн кыргыздын балдары кыздары башка өлкөгө барып кыйналып, жалдырап илим жактап жүрөбүз. Эмнеге өзүбүз даярдай албайбыз дечүм. Анан жетекчиликке жүрөк кан тамыр хирургия институту өзүнчө болушу керек деген идеямды айттым. Айрымдар туура эмес кабылдады, кээ бири колдоду ошентип ишке ашып, башта орун барасы болсом кийинчерээк шайлоонун жыйынтыгы менен көп добуш алып директору болдум. Ал жерде 7 жыл иштедим. Анын түштүктөгү филиалын Жалал-Абадка ачтым. Кийин апрель ревоюциясы болуп кетти. Оорукана да саясатташып, баягы жердешчилик деген ооруу козголуп мен арыз жазууга мажбур болдум. Жалал-Абаддагы филиалга барып иштейин десем министр болбой койгон.

Кызым айтып калды өзүбүзчө медициналык борбор ачалы деп. Анан аялымдын бизнестен тапканын инвестиция кылып, аппараттарды алып Бишкекте «Кардиоцентр» деген жеке клиникабызды түптөдүк. Балдарым, кээ бир шакирттерим менен эмгектенип бир жылда бутубузга туруп, ал тургай жаңы аппараттарды сатып алууга жетиштик. Андай аппаратураны 7 жылда мамлекет сатып алып бере албады эле.

Кийин 2012-жылы Ж.Сатыбалдиев примьер министр болгондо биринчи эле Саламаттыкты сактоо министрлигинен ишти баштады. Ал киши Д.Сагынбаевага тапшырма бериптир «Профессор, кардиохирург Абдрамановдой кадрларды тартыңыз, андай адамды иштетүү, пайдалунуу керек» деген катуу талабын коюптур. Анан мага Динара чалып калды, менин курсташым эле. «Мен сага башта Жалал-Абадка кетейин десем болбой койбодуң беле, мен да бул жакта медборбор ачкам аны ортодо калтыра албайм» десем «жумушка кайтпасаң болбойт» деп суранып калды. Анан үй-бүлөмө да айтпай, өзүм менен өзүм кеңештим. Жалал-Абадда абал оор, өзүбүздүн элге жардамым тийсин, өзүм ачкан филиалды өстүрөйүн деп макул болдум.

 

РЕКОРДДУМДУ ЖАҢЫЛАЙ ЭЛЕКМИН

Жүрөктү токтотуп коюп жасалган чоң операцияларды эсептесем 6000дей болуп калды окшойт. Алардын ичинен 1000 ашууну Жалал-Абадда жасалды. Ал эми алардын арасында опурталдуусу деп свет өчүп калгандагыны айта алам. Дүйнөдө биринчи жолу Украинада 1980-жылы 6 минуттай  свет өчүп калса да жасашыптыр. Бизде  36 минутка өчүп калды. Болгондо да эки клапанды алмаштырып жаткан оор операция эле. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ооба биз абалдан чыгып кеттик. Бул ушунчалык начар шартта иштеп жатканыбыздын белгиси да. Ошондой окуя катталып жатса да мамлекет абалыбызды сурап койгондун ордуна мага сөгүш жарыялаган.

Ал эми ылдамдык боюнча мен 13-14 минутта бүтүрүп жатам, рекорду жаңырта элекмин. Атайын бат жасайын дебейсиң, мунун жакшы жагы оорулуунун өмүрүнө коркунуч келбейт. Жүрөктүн клапандарын алмаштырганда ал он жылга жетет, бир оорулуубуз үчүнчү ирет алмаштырган. Биз тобокелге салдык. Мында жүрөктүн эмнеси кайда экени билинбей калат. Уникалдуу, башка өлкөлөрдө мындай тобокелге барбай турган ондогон операцияларды ийгиликтүү жасадым.

 

НАЧАР ШАРТТА ИШТЕЙБИЗ

Өкмөт биздин абалды жакшы түшүнбөй жатат. Булар шарт болбосо кантип өнүкмөк эле деп ойлонуп коюшпайт. Улутташтырылган 4 кабаттуу имаратты беришти, бирок анын биринчи кабатын араң оңдоп түзөөдөн өткөрдүк. Ал үчүн марафон өткөрүп көрүнгөндөн акча сурап, тилемчилик кылдык. Бул эми айла калбай калгандагы абал. Аны оңдоо үчүн мамлекет берген акчага да тендер өткөрүш керек, аны да тим эле базар кылып алышкан. “Мамлекеттин, айланып келип элдин акчасы, ушуну элибизге кызмат көрсөтө турган мекеме оңдойлучу” деген гумандуу ой да жок. Ушул акчанын бир тыйынын коротпой жумушун бүтүрүп берейинчи эмес, тескерисинче ошондон тыйын кымтып калайынчы деп турушат. Ошолор мени абдан өкүндүрөт. Биз да колубуздан келишинче ары карап ыйлап, бери карап күлүп иштеп жаткан учурубуз.

Азыр эми генератор сатып алсак (аны бизге бизнесмен жигиттер алып беришти) эми бизде беш жылдан бери эки күндүн биринде суу өчөт. Казып эле жатышат, оңдоп эле жатышат. Бирок эч бүтпөй коюшту. Жок дегенде ооруканаларга  токтобой, түз келе турган кылып беришсе. Операцияга кирип баратканда колубузду жуучу заманбап жабдык бар. Бирок аны колдонбой деле калдык. Айла жок. Ата Мекендик согуш учурундагыдай медайымдар суу куюп беришет. Чоң идиштерге суу алып коёбуз. Бирок ал туруп калган суу негизи талапка жооп бербейт да. Экинчиден бул абалдан чыгуунун жолу эмес да. Көп аппараттарыбыз суунун басымы менен чыкканда иштей тургандар. Алар болсо жетиштүү деңгээлде иштебей жатпайбы. Мен биздин бөлүмдүн эле эмес, жалпы медицинанын талапка жооп бербеген, оор шартта экендигин айткым келет. Баарыбызда абал ушул, шарт жок. Өлбө жаным өлбө менен акырындап жылып күн көрүп келатабыз. Таластан, Бишкектен, Лейлектен келген оорулууларга шарт түзүү керек да. Мен врачтарга шарт түзүп бергиле деп айтпайм. Дарыгерлер көптөгөн кемчилдиктерге карабай ошол шартка ыңгайланышып күн көрүп жатабыз. Бирок канчанга чейин?

 

МАКСАТЫМ ЖҮРӨКТҮ ТРАНСПЛАНТАЦИЯЛОО

Ооруларды күндө кабыл алам. Бирок негизги жумуш операция болгондуктан убакытым тар. Ошондуктан алдын ала келип жазылып же күтүп турушу керек. Келген адам жок дегенде Электрокардиограмма, ЭХОкардиограммадан, рентгенографиядан өтүп келсе жакшы болот. Себеби убакыттын тардыгынан оорулуу кайра кайра көрүп же башка жактарга жиберип убара болбойбуз. Же ооруларды кабыл алчу бөлүмүбүз бар. Ал жерде атайын медайымдар врачтар  отурушат. Керектүү диагностикалык жабдуу да бар, ошолордон өтүү зарыл. Оооруканага  жаткурууга муктаждарды ошол жерден жолдомо берип бөлүмдөргө жаткырышат. Көпчүлүк элде акча каражат масалеси келип чыгат. Ошондуктан жеңилдиктер керек болсо жашаган жеринен  врачтардан атайын жолдомо алып келсе жакшы болот.
Биздин мекеме түштүк регионунда жалгыз адиштештирилген кардиология, кардиохирургия борбору болгондуктан бардык областтардан оорулар келишет. Бишкек, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй  дубандарынан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиядан да адамдар келген  учурлар арбын.
Органдарды алмаштыруу операцияларын Жалалабад шаарында өздөштүрүү бул биздин негизги максаттардын бири. Каржы масалеси начардыгынан, тийиштүү лаборатория,  шайман масалеси чечилбегендиктен, колубуздан келип турса да жасай албай келебиз. Аккан суу ташты жарат дегендей аракет жасап жатабыз. Жакынкы жылдарда ал масале чечилет. Ал гана эмес Жалалабад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борбору республикада эле эмес Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири илимий медициналык мекеме болооруна ишенем. Биз ошол максатта болгон мүмкүнчүлүктү  колдонобуз. Бирок, ал максаттын ишке ашышы биринчи кезекте жалпы Жалалабад облусунун элинин түшүнүп, колдоосуна муктаж. Өзгөчө жетекчилер бул масалеге саясаттан  тышкары карап, астейдил кол кабыш кылуусу абзел.

 

Апам азыр 90 жашта, төрүбүздүн көркү

Жалындаган жаштык кез

1990-жылдар. Москвада окуп жүргөн кез.

Жумуш үстүндө, операция жасоо негизги ишим

Мен негиздеген Бишкектеги «Кардиоцентр» 

Агайым, устатым, Орусиянын башкы кардиохирургу Лео Бокерия Бишкекке келгенде

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жумушчу сапар менен келгенде

Жаш шакирттерим 

Оорулуулар менен 

Балдарым, неберелим баары келгенде ушинтип бапырап калабыз. Он неберем бар

Кээде неберелим минтип жумушка келип кабар алышат

Неберем да биздин жолду жолдой тургандай

Гүлмайрам Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17