Аймак

Куттумидин БАЗАРКУЛОВ, Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын директору: “Өтүп бараткан жыл биз үчүн дүйнөлүк жыл болду”

 5,111 Бардыгы /

Куттумидин БАЗАРКУЛОВ, Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын директору: “Өтүп бараткан жыл биз үчүн дүйнөлүк жыл болду”

Жакшылыктын жарчысы аталган Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясы толук санариптик берүүгө өткөнү даярданып жаткан чагы. Андыктан аталган телеканалдын бул жылдагы жетишкен ийгиликтери, келээрки жылга болгон пландары жана учурдагы абалы тууралуу жетекчиси Куттумидин Базаркулов менен маектештик.

-Куттумидин Дербишалиевич, алгачкы сөздү 2014-жылдагы аткарган жумушуңуздар тууралуу баштасак.

-Бул жыл биздин телеканал үчүн дүйнөлүк жыл болду десек жаңылышпайбыз. Анткени Жалал-Абад телевидениесинин тарыхында биринчи жолу эфирден дүйнөлүк футбол жана азия оюндары кетти. Албетте бул НТС каналы менен биргеликте болду. Бирок республикалык деңгээлдеги каналдардын бири дагы берген жок. Бул нерсе биздин каналдын эң чоң жетишкендиги десем болот.

-Сиз белгилеген жетишкендиктерде кызматкерлердин орду чоң болсо керек? Деги эле ЖТРде кадр маселелери кандай?

-Албетте, кызматкерлердин баалангыс деңгээлде чоң. Алардын өз ишине тактыгы ушул деңгээлге жетти десем жаңылышпасам керек. Өзүңүздөр билгендей эле биздин кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгүн жаш кызматкерлер түзөт. Утуру жаш кадрлар келген сайын жаңы идеялар келип мындан да өнүгүү жолуна өтүүдө.

-Чыгармачылыктагы аткарган иштериңиздер тууралуу да айта кетсеңиз?

-Чыгармачылыкта КТР, ЭЛТР телеканалдары, андан сырткары менчик экенине карабастан “Сентябрь” телеканалдары менен иштешип жатабыз. Буйруса алдыңкы күндөрү аталган телеканалдар менен теле көпүрөнү кайрадан жаңыртууну максат кылып жатабыз.
Ошол эле чыгармачылык менен “жаңы-жыл алдында ЖАКШЫ СӨЗ” атту берүү даярдап жатабыз. Аны менен кошо келе жаткан кой жылынын алдында кымыз майрамын уюштуруп жатабыз.

-Келээрки жылдагы пландарыңыздар кандай? Санариптик берүүгө толугу менен качан өтөсүздөр?

-Келе жаткан жылда журналисттик изденүү, чыгармачылыкты өркүндөтүү эн башкы максаттарыбыздын бири. Калган пландарыбыз тууралуу ооз ачпай турайын. Анткени алар элге жаңылык болсун. Ал эми санариптик берүүгө 2015-жылы толугу менен өтөбүз.

-Жаңы-Жыл алдында жалпы журтка каалооңуз?

-Жаңы-Жылда элибизде дайыма жакшылык болуп, ден-соолукта жүрүшсүн. Тынчтык, биримдик болсун! Эч качан биринин артынан бири жамандабасын. Дайыма жакшы сөздөрдү арнашып, кубанычтуу иштер көп болсун. Элибиз дайыма ийгиликтердин үстүндө жүрүшсүн!
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17