Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
- «ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
8,204 Бардыгы / Бүбү-бакшылардын тилине кирип, Бишкек шаарындагы республикалык тарых музейинде абдан баалуу экспонат сыңары сакталып турган мумия аялдын (катырылган сөөктүн) тээ Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө алып барып көмүштү. Бирок, жергиликтүү тургун жана жазуучу Мурзапар ҮСӨН бейитке жашырылган дене эркектики экендигин ачыктап олтурат. – Мурзапар аба, жаныңыз мынчалык эмнеге кашайды, ыя? – Мындан 3000 жыл мурунку […]
8,205 Бардыгы / Бүбү-бакшылардын тилине кирип, Бишкек шаарындагы республикалык тарых музейинде абдан баалуу экспонат сыңары сакталып турган мумия аялдын (катырылган сөөктүн) тээ Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө алып барып көмүштү. Бирок, жергиликтүү тургун жана жазуучу Мурзапар ҮСӨН бейитке жашырылган дене эркектики экендигин ачыктап олтурат. – Мурзапар аба, жаныңыз мынчалык эмнеге кашайды, ыя? – Мындан 3000 жыл мурунку […]
Мурзапар ҮСӨН: «Жыйырма биринчи кылымдын кишилери фанаттардын курмандыгына айландык»
03.02.2018 / Автор anarkan_kg8,206 Бардыгы /
Бүбү-бакшылардын тилине кирип, Бишкек шаарындагы республикалык тарых музейинде абдан баалуу экспонат сыңары сакталып турган мумия аялдын (катырылган сөөктүн) тээ Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө алып барып көмүштү. Бирок, жергиликтүү тургун жана жазуучу Мурзапар ҮСӨН бейитке жашырылган дене эркектики экендигин ачыктап олтурат.
– Мурзапар аба, жаныңыз мынчалык эмнеге кашайды, ыя?
– Мындан 3000 жыл мурунку сөөктү бакыйган аткаминерлерибиз каяктагы бүбү-бакшылардын тилине кирип Маржанбүбү деп аташып, аны атайын Бишкектен ташып келишип, алыскы Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө коюп жатышпайбы. А чындыгында, маркумдун сөөгүнө жакшылып үңүлсөңүздөр, кыздыкы делген сөөк эркектики экендиги бет түзүлүшүнөн, мурдунун бүркүт тумшук экендигинен эле даана билинип турбайбы. Эс-акылы жайында адам мумия сөөк аялдыкы дегенге, албетте, таптакыр кошулбайт!
– Эмне үчүн?
– Баткен районундагы «Кара-Булак» көрүстөнү, башкача айтканда, «Мыктын гөрү» 1954-жылы ленинграддык археолог-тарыхчы Юрий Баруздин тарабынан ачылган. Агездеги археологиялык казуулар 1958-жылга дейре уланган. Дал ошол мезгилде мен айылда 5-класста окучумун. Майрам Жоош кызы деген эжекейибиз бизди ал жерге экскурсияга дагы алып барган. Ошондо Юрий аттуу археолог бизди сүрөткө тарткан. Анан ошол көрүстөндөн табылган мумия кыздын жыгач табытта жаткан турпатын ал мүрзөгө аркан менен түшүп барып көрсөткөнү эмдигиче көз алдымда турат.
Агезде табытта жаткан кыз баамымда биздин класташтарыбыз курактуу эле. Колунун, бутунун учу, кыйгач жаткырылган жүзү гана бизге даана көрүнгөн. Анан арыкчырай, өтө назик эле. А былтыр «Кара-Булак» көрүстөнүнө коюлган сөөк а кыздыкына дегеле окшобойт!
– Анда Баткендеги «Кара-Булак» көрүстөнүнө кимди коюшту деп ойлойсуз?
– Менимче, 1960-жылдары «Чүй боорунан мумияланган адамдын сөөгү табылды!» деп гезиттер байма-бай жазышкан. Демек, жанагыл мумия кыз башка бир музейге тапшырылган, же жең ичинен сатылып кеткен. А анын ордуна Чүйдөн табылган эркек кишинин сөөгүн Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейине жайгаштырып ташташкан.
Албетте, мумия кыздын (катырылган секелектин) өтө назик, анан илбериңки сөөгү дагыле кайсыдыр бир музейде жатат. Буга мен азыр деле бөркүмдөй ишенем! Биргезде көрүнүктүү археолог жана тарыхчы Сергей Баруздин дагы ушундай мумияланган эки кыздын сөөгү Ош жана Ленинград шаарларындагы музейлерге тапшырылгандыгын айткан жайы бар. Тилекке каршы, ал экөөнүн тең бүгүнкү тагдыры бизге эч белгисиз.
– Мурзапар аба, анда жыйырма биринчи кылымда кашайып пейилибиз бузулуп, бизден ыйман качтыбы?
– Жашырып не. Жыйырма биринчи кылымдын кишилери жалаң фанаттардын курмандыгына айландык. Анткени, диний жактан туташ сабатсызбыз. Ошондуктан, ушул тапта бүбү-бакшыларга жана сопуларга күнүбүз түшүп олтурат.
Маселен, Ала-Букада башка динге өткөн аялдын сөөгүн мусулмандар мүрзөсүнөн казып, ар жакка сүйрөп, маркумду ыраса кордошподубу. А мамлекеттик музейде катылган мумия кызды деле сөзсүз түрдө Бишкектен Баткенге сүйрөп барбай, Чүй бооруна деле көөмп ташташса болбойт беле?
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
29.03.2024 / Автор anarkan_kg Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
-
-
-
11.08.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕНИН КӨЧӨСҮНӨ АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨ БАШТАДЫ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.