Аймак

Орозалы Карасартов, “Аймак” гезитинин редактору: “Садыр Жапаровдун китеби эртеңки күн үчүн сабак болушу керек”»INTER.KG

 2,104 Бардыгы /

Орозалы Карасартов, "Аймак" гезитинин редактору: "Садыр Жапаровдун китеби эртеңки күн үчүн сабак болушу керек"»INTER.KG

Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинин интернет вариянтын окуп чыгып, кыскача оюмду бөлүшкүм келди.

Ал өзү аралашып, көрүп, угуп билген окуяларды жан дүйнөсүнөн өткөрүп жазыптыр. Албетте, чындык ачуу. Көбүнө, өзгөчө бийликтегилерге жакпайт болуш керек. Анткени, алардын маскасынын артындагы чыныгы жүзүн ачкан фактылар бар. “Калк айтса, калп айтпайт” демечи, эл арасында кеп-сөз болуп жүргөн Батукевдин 2 млн доллары, 2010-жылы апрелдеги окуяларда Ак үйдүн алдына баргандар өздөрүн жоготуп, окко төшүн тоскону, 3 тонна алтындын Түркияга чыгарылып кетиши, Кадыржан Батыров менен соодалашуулар, Акматбек Келдибековдун бийликке кумары, Каптагаевдин пастыгы, Бакиевдин, Атамбаевдин саясий интригаларын жакындан билген адам катары ынанымдуу эле баяндап, коомчулукту ойлонууга жем таштаптыр. Мен ушул саясат менен жашап, иликтеп жазып келе жаткан журналист катары 2014-жылдагы “Мыкты саяий китеп” деп атагым келди. Бизде баары түштөн кийин, мемуар кылып жазат. Бул китеп эртеңки күн үчүн сабак болуш керек….

Фейсбуктан баракчасынан алынды

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17