Аймак

ЭЛЕКТРГЕ БОЛГОН БАА КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН, ЭЛ КӨТӨРӨ АЛАБЫ?

ЭЛЕКТРГЕ БОЛГОН БАА КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН, ЭЛ КӨТӨРӨ АЛАБЫ?

 2,765 Бардыгы /

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев “Энергетикадагы кризисти, тарифти жогорулатуу аркылуу чечүүгө болот” – деп айткан. Ошондой эле, 2018-2020-жылдарга карата электр баасы он пайызга чейин жогорулашы мүмкүн деген маалыматтар айтылган. Деген менен электр энергиясынын жогорулоосу өлкөдө бир ирет революция алып келгенин унутпашыбыз керек. Тарифтин жогорулашын карапайым калк кандай кабыл алат. Дегеле элдин чамасы кымбат электрге жетеби?

Келдибек ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

 “ТИЙИШТҮҮ ОРГАНДАР ИШ КОЗГОП, ТЕЦтеги КЫРДААЛДЫ ТЕРИШТИРҮҮ АБЗЕЛ”

Өкмөт бүгүнкү күндө тарифти көтөрүп, ТЭЦке бөлүнгөн акчаны ордуна койгону аракет кылып жаткандай түшүнсө болот. Анткени тариф көтөрүлгөн. Болгондо да ашыгы менен. Эгер намысы болсо бул өкмөт тез арада отставкага кетиш керек. Ал эми тийиштүү органдар иш козгоп ТЭЦтеги кырдаалды териштирүүсү абзел. Элдер бул боюнча митингге чыкпайт деп ойлойм. Анткени бул бийликти, депутаттарды да эл шайлаган.  Болгону элдердин кыжырланганы, ачууланганы күчөйт.

Нургүл ТӨРӨКАНОВА, Кара-Дарыя айылынын тургуну:

“ АЛГАЧ АЙЛЫК АКЫНЫ КӨТӨРҮП, АНАН ЭЛЕКТРДИ ЭНЕРГИЯСЫН КЫМБАТТАТСЫН”

                 Электр баасын жогорулатса, эл көтөрө албайт. Дайындуу иш жок, болсо да айлык маянасы аз. Мышык ыйлагыдай заманда жашап жатсак, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп мунусу өтө эле ашыкча да. Электр энергиясын кымбаттатуу үчүн эң биринчи жөлөк пулдарды, пенсия, айлык акыларды көтөрсүн. Биз ошондо  нааразы болбойт элек.  Бул сунушка бүт кыргыз эли каршы болсо керек. Башканын баарын жеп бүтүп, эми асылбаганы электр тогу калды эле. Өкмөт элди бакпай эле биз өкмөттү бакмай болдук…

Чынара ЛАТИПОВА, Октябрь айылынын тургуну :

 “ ЭҢ БИРИНЧИ МАСЕЛЕ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН БААСЫ КЫМБАТТАГАНЫ”

Электр энергиясы өзүбүздө өндүрүлөт, анан калса карапайым эл өз жанын араң багып жатышат. Пенсия, пособие дегендер өтө эле аз төлөнөт. Бул сунушка эл каршы чыгат. Бирок азыркы өкмөт элдин үнүн угуп да коюшпайт. Чыркыраган чындык көмөкөйдөн чыкпай калган учурлар болуп жатат. Чындык деп какшап жүргөн эр азаматтарыбыз адилетсиз соттолуп, темир тор артында жатышат. 2010-жылы апрель революциясы аргасыздан эсиңе түшөт экен. Көтөрүлгөн элдин эң биринчи маселеси электр энергиясынын кымбаттаганы болду эле. Элдин тилеги орундалып, бийлик алмашып электр энергиясы арзандаган. Бирок көп өтпөй эле кайрадан электр энергиясы көтөрүлө баштаган. Кыргызстанда канчалаган ГЭСтер иштеп жатат. Бирок өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы жогору.

Абдимиталип ЖУНУСБАЕВ, Сузак районунун тургуну:

“ӨКМӨТ КАРЫЗДАН КУТУЛУУ ҮЧҮН ЭЛДИ КЫЙНАП ЖАТАТ”

Бийликте олтурган аткаминерлер өткөн окуялардан, тарыхтан сабак ала алышпайт экен да. Тескерисинче ошол каталарды кайра кайталап, ашыгы менен элге зыян кылышууда. Азыр элибиз бийликке каршы чыккандан да коркуп калышты. Чындыкты айтып баш көтөргөндөрдү эле ур-токмокко алып, темир торго киргизип жатышат. Мына айтып жатышат, тышкы карызыбыз 4,5 млдр. АКШ долларына жетиптир. Өкмөт карызга белчесинен баткан. Андан кутулуу максатында карапайым элди кыйнап жатат.

 

Аида ЗАКИРОВА, студент:

“БИЗ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЭЛЕКТРГЕ БОЛГОН ТӨЛӨМ АЗЫР ДЕЛЕ КЫМБАТ КӨРҮНӨТ”

Электр энергиясына болгон баа кымбатташы мүмкүн болсо, анда бизге тоодой эле оорчулук келет экен. Анткени азыр Жалал-Абад шаарында студенттердин көбү квартирада жашаары белгилүү. Анткени жатаканалар жетишпейт. Бир бөлмөдө жок дегенде 3, эң көбү 5-6 студент жашайт. Мунун баары билишет. Жашоо акысынан сырткары коммуналдык төлөмдөр бар. Кышында электр энергиясы көп иштетилгендиктен кошумча бир же эки квартирант алууга туура келет. Ошондо жетпей калат. Көбүнчө телефондорду кубаттаганы университетте токко койсок, агайыбыз, үйдөгү электрди үнөмдөн, мамлекеттин эсебинен кубаттайсыңарбы? – деп тамашалачу. Эгер электрге болгон төлөм кымбаттаса, анда бул тамаша чындыкка айланып, студенттер телефонун университеттен заряддап калышса керек. Биз азыр эле, электрге деп кышында айына 2000 сомго чейин төгүп жатабыз.

Электр энергиясына болгон тарифтерди колдонуу тууралуу “ЖАЛАЛАБАТЭЛЕКТРО” ачык акционердик коому төмөнкүлөрдү билдирди:

“ДЕБИТОРДУК КАРЫЗДАР ТӨМӨНДӨӨДӨ”

Электр энергиясына болгон тарифтерди колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 28-ноябрында бекиткен №39 Убактылуу нускамасынын негизинде жүргүзүлөт. Учурда электр энергиясына болгон тариф 700кВт чейин 77 тыйындан, андан  ашканы 2 сом 16 тыйындан эсептелинет.  Көзөмөлдөөчү кассир айына бир жолу, бирок ар кайсы күнү электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн каттап кетет. Эсептешүү мезгили эсеп-дүмүрчөктөрдө 30 күнгө жетпей калат же ашып кеткен учурлар болот. Ошондуктан эсептөө үчүн Нускаманын негизинде социалдык тариф боюнча электр энергиясын суткалык керектөөнүн кепилденген көлөмү алынган. Мисалы: Абоненттин январь айындагы иш жүзүндө керектеген энергиясы 1219 кВт.с. түздү дейли.  Көзөмөлдөөчү-кассир эсептегичтин көрсөткүчүн 27-январда алды, ал эми мурдагы жолу 29-декабрда алган. Бул учурда 29 күнгө эсептелет. Жылдан жылга салыштырууларга карасак, төлөм чогултуу жогорулап,  дебитордук карыз төмөндөөдө.  Мисалы, карыздар  жыл башына 174 000  сомду түзсө, жыл аягына 131 999 сомду түзүп 24,1%га төмөндөгөн. Мунун ичинен калктын карызы жыл башында 107 114 сом болсо, он эки ай ичинде 80 704 сом болуп,  24,7%га кыскарды. Тактап айтканда, жыл башынан калктын карызы жалпысынан  26 410  миң сомго кыскартылды. Салыштырып кетсек дебитордук карыздар жыл жыйынтыгы менен электр энергиясын сатуудагы жалпы пландык көрсөткүчтөрү толугу менен аткарылды. Учурда ай сайын элге чегерилген электр энергияга болгон төлөмдү толугу менен 100%га чогултуп эски карыздарды кыскартуу боюнча жумуштарды алып баруудабыз. Кардарлар тараптан 30 күн ичинде пайдаланылган электр энергияга болгон төлөм бир айлык карыз болуп эсептелинет. Абонентке бир ай ичинде электр энергияга болгон төлөмдүн суммасы менен эсеп-дүмүрчөк барат. Он күн аралыгында карызы төлөнбөсө электр жарыгын берүү токтотулат.  Ал абоненттин суммасы азбы же көпбү ага карабайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен атайын прейс-курант берилген. Анын негизинде  “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому 2015-жылы 25-сентябрда №734 буйрук чыгарып, эски буйрукту жаңылаган.  Мында өчүрүп-жандырып берүү берүү кызматы  көп кабаттуу үйлөрдө 168 сом, ал эми жер үйлөрдө 207 сомду түзөт.

 

Бүбүсара Орозалиева, Роза Акматжан кызы “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17