Аймак

Бурулкан КАДЫРОВА, Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору: “НЕГИЗГИ ИШТЕР АТКАРЫЛДЫ”

Бурулкан КАДЫРОВА, Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору: “НЕГИЗГИ ИШТЕР АТКАРЫЛДЫ”

 3,366 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы (КУККБ) өткөн жылдагы бүткөрүлгөн иштер тууралуу аталган оорукананын директору Бурулкан Кадыровага кайрылдык.

 

– Сиздерде мекемени оңдоп- түзөө иштерине кандай көңүл бөлдүңүздөр?

– Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору материалдык-техникалык базасын чыңдоодо өткөн жылы көп алгылыктуу иштерди аткарды. Мисалы, буга чейин тамчы өткөн эки бөлүмдүн чатырлары алмаштырылды. Көп жылдыр бою оңдоп- түзөөдөн өткөрүлгөн, эскилиги жеткен тамак -аш азыктарын сактоочу кампабыз, аш жасоочу жай толугу менен оңдоп -түзөтүүдөн өткөрүлдү.

Андан сырткары Базар-Коргон районунун Абдраимов айылында жайгашкан №5 өпкөгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн эскилиги жетип, кулап түшкөн ажатканасы кайрадан заманбап кылып курулду. Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы борборундагы 3 стационардык бөлүмдүн алдына бурсчатка төшөлдү. Оорулуулар сыртка чыгып кетпөөсү үчүн коркунучтардан алыс болууда ЖОКУККБдун айланасын курчап турган дубалы кайрадан жаңыладык.

 

– Дарыгерлердин иш аткаруулары сизди канааттандырабы?

– Адистердин билим деңгээлин жогорулатууда областта ооругандардын жалпы электрондук базасын түзүүнү үйрөнүүдө 28 дарыгер фтизиатрлардын атайын окууларынан билим алышып сертификатка ээ болушту. Областта 1 дарыгерибиз фтизиатр адистиги боюнча Латвия мамлекетинен, 1 дарыгер лаборант адистиги боюнча Франция өлкөсүнө барып  билим деңгээлин жогорулатып келишти. Областта республикалык деңгээлде областтар аралык тажрыйба алмашуу окутуулары өткөрүлүп, биздин областтын адистери Чүй областында, чүйлүктөр Жалал-Абад областына келип тажрыйба алмашуу окутууларына катышып кайтышты.

 

– Ооруган атуулдардын саны боюнча айтсаңыз, учурда азайып жатабы же тескерисинче көбөйүп жатабы?

– Биздин облуста кургак учук оорусу менен ооругандардын саны азаюуда. Айталы, чоңдордун арасында 2017-жылы 937 атуул, ал эми 2016-жылы 981 жаран ооруган. Балдардын арасында болсо 2016-жылы 102 бала болгон болсо, былтыркы жылы 7ге азайган. Каза болгон атуулдардын саны 2016-жылы 53 болсо, 2017-жылы кырк үч адам дүйнө салган.

 

Кепке тарткан: Таалайбек МАВЛЯНКУЛОВ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17