Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,709 Бардыгы / “Баатырдын атын алыстан ук! Жанына келсең – бир киши” дешет эмеспи кыргыздар. Жашы алтымыш бешти эми таяган Зайна БАЗАРБАЕВА деле дээринен кудум ошондой пенде экен. Жыйырма бир жыл аралыгында адегенде атасынын урматына “Касым Ата” фермердик чарбасын түптөп, а бүгүн аны аймактагы ири асыл тукум жылкы заводуна айлантып олтурат. Ош облусунда асыл тукум малдарды […]
3,710 Бардыгы / “Баатырдын атын алыстан ук! Жанына келсең – бир киши” дешет эмеспи кыргыздар. Жашы алтымыш бешти эми таяган Зайна БАЗАРБАЕВА деле дээринен кудум ошондой пенде экен. Жыйырма бир жыл аралыгында адегенде атасынын урматына “Касым Ата” фермердик чарбасын түптөп, а бүгүн аны аймактагы ири асыл тукум жылкы заводуна айлантып олтурат. Ош облусунда асыл тукум малдарды […]
Жылкычы айым Зайна БАЗАРБАЕВА: “ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ ТООЛОРГО!”
22.02.2018 / Автор aymak3,711 Бардыгы /
“Баатырдын атын алыстан ук! Жанына келсең – бир киши” дешет эмеспи кыргыздар. Жашы алтымыш бешти эми таяган Зайна БАЗАРБАЕВА деле дээринен кудум ошондой пенде экен. Жыйырма бир жыл аралыгында адегенде атасынын урматына “Касым Ата” фермердик чарбасын түптөп, а бүгүн аны аймактагы ири асыл тукум жылкы заводуна айлантып олтурат.
Ош облусунда асыл тукум малдарды багууга ылайыкташкан чарба ушул тапта экөө эле. Биринчиси – “Касым Ата” асыл тукум жылкы заводу Өзгөн районунун Мырзаке кыштагында жайланышкан. Ал эми экинчиси – Катта-Талдык асыл тукум жылкы чарбасы Кара-Суу районунда жайгашкан.
-Улуу империя СССР кыйраганда, анын курамындагы ар бир союздук республика өз жолубузга түшүп, арбайыбызды сого баштадык, – деп кепке аралашты “Касым Ата” асыл тукум жылкы заводунун 65 жаштагы жетекчиси, жеке ишкер Зайна Базарбаева. – Акыркы жыйырма жыл аралыгында асыл тукум жылкы заводун абдан бекем түптөдүм. Чарбанын иши, чынында, чатак иш! Анын үстүнө түйшүгү дагы түмөн. Адегенде малдын санына гана басым жасасак, соңку мезгилде сапатына ого бетер ыктадык. Оо биргезде 800 кой, 200 бодо мал бакчубуз. Соңку тапта биз бир багытка гана – жылкы кармаганга биротоло оодук.
Айтмакчы, Зайна Базарбаева – эки уул, төрт кыздын апасы. Балдарынын арасынан кызы Маргуба гана апасынын кесибине биротоло ыктап, анын ысык-суугун азыр дагы тең бөлүшүп келатат.
-Жылкы – колго абдан бат үйрөнчү жаныбар, – деп кепке аралашты Маргуба Базарбаева. – Жайлоодон жакага түшкөндөн кийин кулундарын энелеринен дароо бөлөбүз. Антпесек, алар энесин байыганда деле эме беришип, байкуштарды биротоло арыктатып тынышат. Анан буларды мал доктурларыбыз ар кандай жугуштуу дарттарга каршы өз маалында эмдеп дагы турушат. Буларда сакоо дарты күч. Кудум адамдардыкындай. Тамактары тез эле шишип, тынбай жөтөлүшөт. Убагында дарылабасаң, малыңдан көз көрүнөө айрыласың…
“Касым Ата” асыл тукум жылкы заводундагы жылкылардын басымдуу бөлүгү СССР маалындагы асыл тукум жылкылардын тукумунан. Булардын арасында Орлов тукуму, төл багытындагы жылкылар, жаңы Кыргыз жылкысы, Ысык-Көл саргашкасы дагы бар. Ар биринин асыл тукумдуулугун тастыктаган атайын китепчеси бар.
Аталган заводдун жылкыларын мобул коңшу Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан тынбай кардарлар келип, сатып алып кетишет. Маселен, “Касым Ата” асыл тукум жылкы заводунун мыкты бодо малы 1,5-2,5 миллион сомго дейре соодаланат. Баса, кардарлар жылкыларды сыпатына жараша гана баалашат. Бул жаныбарларды Кыргы Алабайы, Дөөлөт өңдөнгөн үйрөтүлгөн иттер жырткычтардан, айрыкча карышкырлардан такай коргоп, күнү-түнү кайтарып келатышат.
Кызыгы: жылкычы айым Зайна Базарбаева алтымыш беш жашта экендигине карабастан, жыл сайын жайлоого дагы чыгат. Ал жакта жана кыштоодо жылкылардан тышкары төөлөрдү деле багып келатат.
-Мен кыргыздарды жер шарындагы калктардын эң улугу жана улуусу деп эсептеймин. Анткени, төөлөр эчендеген кылымдар бою Кыргыз менен чогуу жашап, ысык-суугун чогуу көтөрүшүп келатат. Мен жаш кеимде төө бакканды эңсечүмүн. Кудай моминтип ошол тилегимди орундатты, – дейт “Касым Ата” асыл тукум жылкы заводунун жетекчиси, жеке ишкер Зайна Базарбаева. – Өзүм боз үйлөрдү дагы жасаймын. Жайлоого Кыргыздын улуу көчүн улантып төөлөргө жана аттарга кадимкидей жүк артып, мал жайып чыгамын. Бул жашоодо мындан өткөн бакыт жоктур!
“Касым Ата” асыл тукум жылкы заводунун жетекчиси, жеке ишкер Зайна Базарбаева соңку жылдарда жайыттардын катарынан эррозияга учурап, бүлүнүп бараткандыгына кабатыр экендигин дегеле жашырган жок.
-Маселен, Өзгөн районундагы жайлоолорго тээ Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан эл малдарын айдап келип жайышат. Алар жүз кой багылчу аянтка 1000 кой жайышып, жайыттарыбызды чекесинен моминтип талкалап жатышат, – деп чырылдады “Касым Ата” асыл тукум жылкы заводунун жетекчиси, жеке ишкер Зайна Базарбаева. – Дал ушунун кесепетинен чөптүү жерлерибиз улам такырайып батат. Алар ушул тапта бүт тикенек жана аткулак баскан талаага гана айланды. Бул туурасында бийликтегилерге канчалык какшап, улам-улам айтып чарчап бүттүм. Тилим дагы тешилди. Чындыгында, айлананы карап олтуруп, жүрөгүм ооруйт тоолорго! Анткени, экологиябыз улам кыйрап баратат. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чукул арада чечилбесе, көптөгөн ажайып жерлерибизден жакын арада көз көрүнөө ажырап калаарыбыз анык, эй!
Канеткен күндө да, Зайна Базарбаева өңдөнгөн мекенчилдер жергебизди көбүрөөк жана туруктуу байырлашса, Ата Журтубуздан эзели кут кетпей, дайыма береке төгүлүп тураарында шек жок!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Өзгөн району
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
20.04.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮН/Н МУРУНКУ БАШЧЫСЫ ЖЕМКОРЛУККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg КЕРМЕ-ТООДО «ТЕЗ ЖАРДАМ» БЕКЕТИ КУРУЛАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.