Аймак

Айдар Акматов, элдик дарыгер -“Адамдарды дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)

 13,736 Бардыгы /

Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)
Мындан 2-3 жыл мурда адамдардын ден соолугу үчүн кандайдыр бир жаңы ыкма менен дарылоого кызыгып жүргөнүңдү көрдүм эле. Андан бери бир топ убакыт өттү эмнеден баштадың кандай жумуштарды жасадың?

Бул элдик чыгыш медицинасына кирерден мурун тайзи цигун медитация атайын ден соолукту чыңдоо калыбына келтирүү системасы бар.Чыгыш болушуна өөлколөрүндө дары-дармексиз эле кылымдар бою колдонуп келген еыймыл ыкмасы менен дарылоо ыкмоасы өнүккөн. Бул ыкманын артыкчылыгы адамдын өзүнүн энергиясын өзүнүн рационалдуу колдонуп , ошонун негизинде иштебей жаткан дене бөлүкчолөрүн иштетип, кандын жүрүшүн жакшырытып,денедеги топтолгон уулу заттардын чыгып кетишине шарт түзүп, адамдардын ден соолугунунун чын болушуна өбөлгө болот. Ошолорду өзүбүздүн ден соолугубуз өзүбүз үчүн үйрөнүп машыгып жүрдүк эле. Ошол нерсе бир гана мен үчүн эмес башкаларга да керек экенине көзүм жетти. Негизинен азыркы медицинадан айырмасы эмнеде? Азыркы медицинадан айырмасы физикалык гана денебизди карасак. Чыгыш медицинада физикалык дене, энергетикалык дене , рухий денелерге бөлүп алып карайт экен да. Физикалык денени караганы менен энергетикалык дене, рухий денелер менен кошо каралбаса бир оорудан кутула албайт экенсиң. Ошол максатта ушул нерсеге түшүнгөндөн кийин анча- мынча адамдардын бир эки суроолору боюнча 1-2 ооруган адамдарды дарылап көрдүк. Кичине бир натыйжалар болгон үчүн бул элге керек экен деп ушул багытта иштеп калдым.
Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө биздин респуьликада жарылоонунун бул ыкмасы өнүккөн эмес. Көпчүлүккө белгисиз. Тай-Цзи, Ци-Гун ыкмалары онүктүрүп, элге таратуу керек. Укалоо менен дарылоо да пайдалуу. Анда эч кандай химиялык дары-дармек колдонбойт.
Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)

– Сени Россияга чейин барып окуп, үйрөнүп келди деген маалыматтарды уктук элек.

Башында ушул система менен машыгып үйрөнгөндөн кийин дагы бир билимдер жетпей калат экен да. Бул өтө терең билим экен да. Атайын устат издеп Россия борборунун Челябинский шаарында Макен Исаков деген устатыбыз бар. Ошол кишинин жанында 1,5 жыл жүрүп билгенин үйрөнүп, анан бул жакта иш баштадык. Ал жерде бир гана Макен Исаковдон эмес өкмөт медиктеринен да сабак алдык. Себеби бизде лимфа системасы боюнча атайын бизде специалист адам жок экен да.

Ал эмне деген система?

Лифа деген система бул – денебиздеги суюктук системасы. Жүрөк-кан тамыр системасынан сырткары суюктук системасы. Ал система негизинен биздин денебизде 70-75 % лифадан турат. Адамдын оорусунун негизги себептеринин бири – бул лимфа системасынын бузулганынан келип чыгат экен. Мунун негизги функциясы организимдеги иммунитеттин лимфа контролдоп турат экен. Экинчиси оргонизимдеги ашыкча шлак ж.б нерселерди сыртка ташып чыгара бере турган система экен да. Кыргызстанда атайын ушул система боюнча лифолог деген адистик жок экен. Россияда 200 дөй лифолог жаңы специалисттер ушул системаны жаңы окуп үйрөндүк.

Азыркы күндө элди жаңы ыкмалар менен дарылап баштапсың бул кандай ыкмалар?

-Биздин клиникада буга чейин массаж массаждын түрлөрү – чек массаж, тайс массаж, таштар менен массаж кылган, вакум массаж жасап ошолор цигун терепия, тито терепия чөп-чарлар менен жана гимнастика менен дарылап жүрдүк эле. Жакында ошол Россияга барып организимди ёондук тазалоо, нано технология азыркы жаңы технологиясын өздөштүрүп атайын апппарат алып келдик. Ал Аппарат атайын организимди тазалай турган аппарат. Оргонизимдеги клеткада уюп калган нерселерди шлактардан тазалап лимфа системасына түшүрүп, тамандагы тери бездер аркылуу сууга чыгарып коё турган аппарат экен да бул. Уникальный аппарат экен аны ошол тазаланып жаткан адам өзүнөн чыгып аткан нерселерди көрүп олтурат. Аябай жакшы жардам берип жатат.
Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)
Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)

-Ден соолуктун кайсы бөлүгүнө көбүрөөк таасир этет?

Биздин тазалоо ымабыз бөлүп-бөлүп карабайт. Баштан бутка чейинки оргонизимде ашыкча уюган, катып калган нерселер болсо айдам чыгат. Туз,шлак -ушулардын баарын бирден соруп чыгара берет. Экинчи бир аппаратыбыз лаззердик канды тазалоо канда болгон бардык вирусс, микроб, бактерия жана кан тамырлардагы тромба- уюп калган кандарды, холестиринди жок кылат. Биз укалоо, гиманстика, лимфа систмасын тазалоо –барын жасап комплекстүү дарылап жатабыз. Кудая шүгүр, натыйжасы жакшы

Кайрылган адамдар көп болуп жатабы?

-Кайрылган адамдар көп.Ошон үчун Биз атайын реклама бергенибиз жок. Себеби, Экинчи жагынан акыркы ыкмабызменен биз бул жерди жаңы эле иштетип жатабыз. Алгачкы натыйжалардын чыгышын күтүп жатканбыз. Бурса, алгачкы натыйжалар чыгып, биз даарылаган адамдар айыга баштады. Текшерүүдөн өттү аябай жакшы жардам берип жатат.
Мисалы, бизде адамдар бутун сууга салып турган учурда ар бир он мүнөттө суунун түсү өзгөрүп, денедеги шлактар тазаланып жатат. Мындан сырткары денеде уюп калган таш жана өттө жок кылып жатабыз. Жакында бирөө өттө ташы бар адамды аппарат менен дарылап көрдүкю Анын өтүндө 19-21мл майда таштары бар экен, операциядан коркуп,пристук берип жатыптыр. Ошол 19-21мл таш 17мл түштү 15мл түшүп майда таштары жок болуп кетти. Азып приступ болбой калдым дейт. Мен ойлойм бул деле жакшы натыйжа. Дагы бир аз эс алдырып туруп 2-курсун баштайбыз. Мында да 2-3 мл таш түшүп олтуруп , акыры жок болуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Башка натыйжалар да болуп жатат.

Кайрылган адамдар, кимдер? Кандай категориядагы адамдар келет?

– Бизде ким өзүнүн ден соолугу үчүн алдын алып химия эмес табигый жол менен дарыланса болсо керек деген көз караш менен жүргөн адамдардын баары келип дарыланса боло берет. Ал ким медик бизнесмен ж.б адам болобу баары бир.Негизинен омуртка оорулар, омурткасында туз,грыжасы барлар көп кайрылат. Негизинен ушулар. Андан кийин нервдери шамалдап калгандар кайрылат. Кол буттары какшап, муундары ооругандар кайрылат. Башы ооруп, уйкусу качып кыйналгандар келүүдо. Стресстен кийин депрессияга кабылгандар да кайрылууда. Биз ошолорду наарылап, айыктырып жатабыз.
Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)
Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)
-Мамлекеттик медицинада иштегендер менен алака-катышыңар кандай? Дегеле силерге дарылоо үчүн врачтар да кайрылабы?

Ооба, врачтар да кайрылат, Көп эле врачтар кайрылды. . Бүгүнкү күндө да сурда медициан тармагында иштеп пенияга чыккан 2 2 аял даарыланып жатышат. Мына ушул врачтар өздөрү укол, дары таблеткаларын ичкиси келишпейт. Табигый жол менен дарылангысы келет. Ушул система менен дарылнам деп а башкасына өөн учрашып калышы мүмкүн. Бизде +з көзү менен көрүп өздөрү результат алгандар жакшы эле баа беришет.

Айдар    Акматов, элдик дарыгер   -“Адамдарды  дары-дамек, ийне союуусуз айыктырууга болот” (фото)

-Мамлекеттик медицинада иштеген атуулдардан сиздерге бут тосуулар болгон жокпу?

-Бут тосуулар болбойт себеби биз аларды атаандаш катары эсептебейбиз да алар дагы бизди конкрет катары эсептебесе керек. Ал жактан болбосо башка жолун да кылып көрүш керек да. Бир эле дары-уколду карап олтурбашы керек да. Расмий медицинада физикалык денени гана карай алат. Энергетикалык руханий системаны карабайт. Системада андай каралган эмес ,а бизде комплекстүү каралат. Ошон үчүн бизде Кудаага шүгүр,жакшы жыйынтык болуп жатат.

Дарылоо акыңар канча?

Дарылоо диогнозуна жараша бирок башкаларга салыштырмалуу бир аз кымбатыраак. Себеби ошончо мээнетти талап кылат. Биз эптеп-септеп эле карап койбойбуз. Буттан башка чейин толук карайбыз. Диогнозду өзүбүз коёбуз.

Курсу канча?

Курсу адамдын оорусуна байланыштуу. Адамдын оорусу качанкы оору эски же жаңы өзүнүн энергетикасы канчалык ошол оору менен күрөшкөнгө.Жаш өзгөчөлүгүнө жараша индиудалный коюлат.
Тел: 0773 675156 -Айдар
Рахмат.
Маектешкен Анара Алимова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17