Өлкө аймактары менен кубаттуу
Р.АБДЫКАДЫРОВДУН АМФИТЕАТРЫ КУРУЛАТ
- ticket title
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
- «ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
5,568 Бардыгы / Профессор Шайырбек Сулаймановду издесеңиз, таё аткандан каш карайганга дейре же жумуш кеңсесинен, же Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын бейтаптар дарыланып жатышкан палаталарынан сөзсүз табасыз. Биз дагы аталган бейтапкананын директорун адаттагыдай эле иш үстүндө кепке тарттык. Шайырбек мырза, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле Орусиянын башкалаасы Москва шаарында эмгек чыйырыңызды баштаган турбайсызбы? Ооба. 1991-жыл […]
5,569 Бардыгы / Профессор Шайырбек Сулаймановду издесеңиз, таё аткандан каш карайганга дейре же жумуш кеңсесинен, же Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын бейтаптар дарыланып жатышкан палаталарынан сөзсүз табасыз. Биз дагы аталган бейтапкананын директорун адаттагыдай эле иш үстүндө кепке тарттык. Шайырбек мырза, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле Орусиянын башкалаасы Москва шаарында эмгек чыйырыңызды баштаган турбайсызбы? Ооба. 1991-жыл […]
Шайырбек СУЛАЙМАНОВ: “ООРУНУН ЖЫЛМАЙЫП КОЙГОНУ – ДАРЫГЕР ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ БАКЫТ!”
05.03.2018 / Автор aymak5,570 Бардыгы /
Профессор Шайырбек Сулаймановду издесеңиз, таё аткандан каш карайганга дейре же жумуш кеңсесинен, же Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын бейтаптар дарыланып жатышкан палаталарынан сөзсүз табасыз. Биз дагы аталган бейтапкананын директорун адаттагыдай эле иш үстүндө кепке тарттык.
- Шайырбек мырза, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле Орусиянын башкалаасы Москва шаарында эмгек чыйырыңызды баштаган турбайсызбы?
- Ооба. 1991-жыл дагыле эсимде. Кыргызстанда жогорку окуу жайын жаңы эле аяктагамын. Мени Москва педиатрия институтунун клиникалык ординатурасына жөнөтүштү. Жаш адис сыңары эмгек жамааты мени абдан жакшы кабыл алды. Дароо тилин таап, абдан туура диагноз койгондуктан, жаш сыркоолор дагы мени абдан жактырып калышты. Ошентип, 1991-1994-жылдарда Орусиянын башкалаасында эмгектенгенче, кандидаттык диссертациямды дагы жактап, андан соң гана Мекениме кайттым.
- Биз билгенден Кыргызстанда деле жаман иштеген жоксуз?
- Ооба. Бара-бара такшалдым. Буга улай тажрыйбамды дагы ого бетер
арттырдым.
- Өзү деги Сиз ишиңизде кимдерди үлгү тутчусуз?
- Совет доорунда дарыгер эң ардактуу жана абдан табылгыс кесип эле. Биздин муундагылар Мамбет Мамакеев, Иса Ахунбаев, Мирсаид Миррахимов өңдөнгөн профессор, академик доктурларды абдан пир тутушчу. Мен дагы ошол жолумдан тайбастан Ташкент медициналык институтунун педиатрия адистигине окудум. А акыркы алтынчы курсту Бишкек шаарындагы Кыргыз медициналык институтунда бүтүрдүм.
- Анан кантип жетекчилик кызматты аркалап калдыңыз?
- 2009-жылы чоң ишеним артышып, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына директор кылып дайындашты. Ошондон бери менин негизги тирегим жана командам – бул жалпы эмгек жамааты. Алардын түздөн-түз колдоосу аркасында медициналык мекемебиздин материалдык жана техникалык базасын заман талабына ылайык улам жакшыртып жана чыңдап келатабыз.
- Минтип күн сайын ооруларды зерикпестен бир бирден кыдырып, саламатчылыгын сураштырып дагы турат экенсиз?
- Албетте. Мен соңку жылдарда дал ушул тартипти абдан бекем карманып келатам. Анткени, оорунун жылмайыл койгону, дарыгер үчүн эң чоң бакыт! Бул маанайды эч нерсе менен салыштырууга дагы мүмкүн эмес! Дал ушунтип биз, дарыгерлер, сыркоолордун бат сакаюусуна дем берип гана келатабыз.
- Шайырбек мырза, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүү деле нукка түшүп калгандыр?
- Ооба. Швейцария, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Туркия өлкөлөрүндөгү мыкты ооруканалар менен алакабыз абдан күч. Алар бизге кесиптик жактан дагы, ошондой эле материалдык жактан дагы туруктуу көмөк көрсөтүп келатышат.
Ошентип, биздин ооруканабызда жатышкан сыркоолорго ушул тапта ангиограф, ортопантомограф жана бөйрөктөгү таштарды талкалоочу заманбап жабдыктар абдан ийгиликтүү кызмат көрсөтүп жатышат. А 2015-жылдан бери Мобилдүү Клиникабыз бүт алыскы аймактарды кыдырып бүттү. Былтыр эле 47 миң кишини медициналык жактан мыкты деңгээлде тейледик.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Шайырбек СУЛАЙМАНОВ – медицина илимдеринин доктору, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын директору. Ошондой эле Борбор Азия пульмонологдор ассосиациясынын вице-президенти. Ош облустук жарандык коргонуу уюмунун медицина кызматынын башчысы. Ушул тапта маектешибиз эр ортону элүүгө чыгып олтурат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
29.03.2024 / Автор anarkan_kg ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
28.03.2024 / Автор anarkan_kg Р.АБДЫКАДЫРОВДУН АМФИТЕАТРЫ КУРУЛАТ
-
21.06.2023 / Автор anarkan_kg АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТӨРАГАСЫ ЖЕРДЕШТЕРИНЕ ӨРНӨК КӨРСӨТТҮ
-
30.06.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
Маек
Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
ШАНС кыйын мезгилде гана келет. А мүмкүнчүлүктөр кыйынчылыкта пайда…
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg Маматкерим АТТТОКУРОВ: “АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР КОРРУПЦИЯНЫ ЖОК КЫЛДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.