Аймак

Шайырбек СУЛАЙМАНОВ: “ООРУНУН ЖЫЛМАЙЫП КОЙГОНУ – ДАРЫГЕР ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ БАКЫТ!”

Шайырбек СУЛАЙМАНОВ: “ООРУНУН ЖЫЛМАЙЫП КОЙГОНУ – ДАРЫГЕР ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ БАКЫТ!”

 5,567 Бардыгы /

Профессор Шайырбек Сулаймановду издесеңиз, таё аткандан каш карайганга дейре же жумуш кеңсесинен, же Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын бейтаптар дарыланып жатышкан палаталарынан сөзсүз табасыз. Биз дагы аталган бейтапкананын директорун адаттагыдай эле иш үстүндө кепке тарттык.

  • Шайырбек мырза, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле Орусиянын башкалаасы Москва шаарында эмгек чыйырыңызды баштаган турбайсызбы?
  • Ооба. 1991-жыл дагыле эсимде. Кыргызстанда жогорку окуу жайын жаңы эле аяктагамын. Мени Москва педиатрия институтунун клиникалык ординатурасына жөнөтүштү. Жаш адис сыңары эмгек жамааты мени абдан жакшы кабыл алды. Дароо тилин таап, абдан туура диагноз койгондуктан, жаш сыркоолор дагы мени абдан жактырып калышты. Ошентип, 1991-1994-жылдарда Орусиянын башкалаасында эмгектенгенче, кандидаттык диссертациямды дагы жактап, андан соң гана Мекениме кайттым.
  • Биз билгенден Кыргызстанда деле жаман иштеген жоксуз?
  • Ооба. Бара-бара такшалдым. Буга улай тажрыйбамды дагы ого бетер

арттырдым.

  • Өзү деги Сиз ишиңизде кимдерди үлгү тутчусуз?
  • Совет доорунда дарыгер эң ардактуу жана абдан табылгыс кесип эле. Биздин муундагылар Мамбет Мамакеев, Иса Ахунбаев, Мирсаид Миррахимов өңдөнгөн профессор, академик доктурларды абдан пир тутушчу. Мен дагы ошол жолумдан тайбастан Ташкент медициналык институтунун педиатрия адистигине окудум. А акыркы алтынчы курсту Бишкек шаарындагы Кыргыз медициналык институтунда бүтүрдүм.
  • Анан кантип жетекчилик кызматты аркалап калдыңыз?
  • 2009-жылы чоң ишеним артышып, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына директор кылып дайындашты. Ошондон бери менин негизги тирегим жана командам – бул жалпы эмгек жамааты. Алардын түздөн-түз колдоосу аркасында медициналык мекемебиздин материалдык жана техникалык базасын заман талабына ылайык улам жакшыртып жана чыңдап келатабыз.
  • Минтип күн сайын ооруларды зерикпестен бир бирден кыдырып, саламатчылыгын сураштырып дагы турат экенсиз?
  • Албетте. Мен соңку жылдарда дал ушул тартипти абдан бекем карманып келатам. Анткени, оорунун жылмайыл койгону, дарыгер үчүн эң чоң бакыт! Бул маанайды эч нерсе менен салыштырууга дагы мүмкүн эмес! Дал ушунтип биз, дарыгерлер, сыркоолордун бат сакаюусуна дем берип гана келатабыз.
  • Шайырбек мырза, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүү деле нукка түшүп калгандыр?
  • Ооба. Швейцария, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Туркия өлкөлөрүндөгү мыкты ооруканалар менен алакабыз абдан күч. Алар бизге кесиптик жактан дагы, ошондой эле материалдык жактан дагы туруктуу көмөк көрсөтүп келатышат.

Ошентип, биздин  ооруканабызда жатышкан сыркоолорго ушул тапта ангиограф, ортопантомограф жана бөйрөктөгү таштарды талкалоочу заманбап жабдыктар абдан ийгиликтүү кызмат көрсөтүп жатышат. А 2015-жылдан бери Мобилдүү Клиникабыз бүт алыскы аймактарды кыдырып бүттү. Былтыр эле 47 миң кишини медициналык жактан мыкты деңгээлде тейледик.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Шайырбек СУЛАЙМАНОВ – медицина илимдеринин доктору, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын директору. Ошондой эле Борбор Азия пульмонологдор ассосиациясынын вице-президенти. Ош облустук жарандык коргонуу уюмунун медицина кызматынын башчысы. Ушул тапта маектешибиз эр ортону элүүгө чыгып олтурат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

        

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17