Аймак

Абакиралы АБДЫЛДАБЕКОВ: «БИЗДЕ КӨЙГӨЙЛӨР КӨП, БИРОК АРАКЕТИБИЗ ДА ЖАМАН ЭМЕС»

 1,569 Бардыгы /

Абакиралы АБДЫЛДАБЕКОВ:  «БИЗДЕ КӨЙГӨЙЛӨР КӨП, БИРОК АРАКЕТИБИЗ ДА ЖАМАН ЭМЕС» Кыш кирип келатат, күн суук тартып, үйлөр жылытууга өттү. Анан калса, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн жылдагыдан аздыгы тууралуу айтып жатышат. Ал эми эл үмүт артып отурган «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунда кышка даярдык, дегеле иштин абалы кандай? Мына ушул себептен аталган компаниянын Башкы директору Абакиралы Абдылдабековго бир нече суроолор менен кайрылдык.

Х Х Х

-Компания 9 айдын жыйынтыгы боюнча электр кубаты менен элди, эл чарбасын камсыз кылуу боюнча кандай иштеди? Бул жагынан абал жакшы элеби?

-Албетте, 9 ай бардык тармактарда кайсы бир жыйынтыктарды чыгаруу мерчеми эсептелет. Биз да жаман эмес жыйынтыктар менен келдик деп ойлойм. Мисалы, быйылкы тогуз айда бизге келип түшкөн электр кубатынын көлөмү 1 миллиард 2 миллион 160,4 миң киловатт-саатка барабар болду. Эгер салыштырып көрсөк, өткөн 2012-жылы 9 айда анын көлөмү 1 миллиард 94 миллион 754,8 миң киловатт-саат, ал эми 2011-жылы ушул эле мезгилде 953 миллион 191,6 миң киловатт-саат болгон. Көрүнүп тургандай, электр кубаты менен камсыз кылуунун көлөмү бир аз өскөн. Анан электр кубатын керектөөчүлөргө сатуу планы 837 миллион 353,4 миң киловатт-саат деп белгиленсе, биз аны 100 пайыз аткарууга жетиштик. Эми бул жөн эле цифра эмес да, анын артында ошого жараша чоң эмгек, аракеттер жатат. Белгилеп кетейин, биз жалпы биз тейлеген аймакта электр кубатын берүүнү үзгүлтүккө учуратпадык, бул жагынан бизге нааразы боло турган кемчиликтер жок.

-Электр кубатын бөлүштүрүп, элге жеткирүүчү компанияларда электр кубатын жоготууларды азайтуу жагы негизги көрсөткүчтөргө айланган. Бул жагынан сиздерде абал кандай болууда?

-Ырас, бул негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп калды. Себеби, бөлүштүрүү системасындагы бардык жабдуулар эскирген, ошонун кесепетинен техникалык жоготуулар өлкө боюнча көйгөйгө айланды. А биз болсок, ошол эскирген жабдууларды да оңдоп-түзөп, алардын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу менен техникалык жоготууларды азайтууга жетишип жатабыз. Биз жыл башында техникалык жоготуу жагынан 17,5 пайызды норма катары кабыл алганбыз, башкача айтканда, техникалык жоготууларды ушул пайыздан ашырбоо үчүн аракет кылмак болгонбуз. Анан жалпы эмгек жамаатынын аракети менен аны азайтканга жетиштик. Өткөн тогуз айда техникалык жоготуулардын көлөмү 16,48 пайызга туура келди. Демек, бир пайыз төмөндөтүүгө жетиштик. Ал эми ушул көрсөткүч 2011-жылы ушул мезгилде 18,4, ал эми өткөн 2011-жылдын ушул мезгилинде 18,66 пайызга туура келген. Мындан салыштырып көрсөңүздөр болот, биздин энергетиктер канчалык жакшы иштей алганы көрүнүп турат. Техникалык жоготуунун ар бир пайызы – бул чоң эмгек, муну туура түшүнүү керек.

Бирок, керектөөчүлөрдүн муктаждыгы улам өсө берет да, анан айрым кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Айталы, сиздерде ошол берилген электр кубаты үчүн төлөм жагы кандай болуп жатат? Артта калуу жокпу?

-Бул да биздин ишибизге баа берүүдөгү негизги критерийлерден. Ооба, электр кубатын берип жатабыз, а төлөмү кандай болуп жатат? Муну биз жалпы төлөмдөрдүн мисалы менен көрсөтө кетсек болот. Мына 9 айдын ичинде пландагы 703 миллион 887 миң сомдун ордуна, 727 миллион 291,4 миң сом төлөм топтолуп, жыйынтыгында 103 пайызга аткарылды. Абоненттер менен туура иш алып баруу, өз ара мамилелешүү, кызматташуу жагы жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Ошону үчүн жакшы жыйынтык болду. Эгер салыштыра кетсек, 2011-жылы бул көрсөткүч 601 миллион 184 миң сомду түзүп, 93 пайызга, 2012-жылы 735 миллион 111,4 миң сомду түзүп, 99 пайызга аткарылган эле.

-Мунун ичинен калктын төлөмдөрүн бөлүп көрсөтүп кетпейсизби?

-Макул. Калктын төлөмдөрү да жаман эмес: 361 миллион 173,2 миң сом топтолуп, план 106 пайызга аткарылды. Ушул эл көрсөткүч 2011-жылы 254 миллион 671,3 миң сомго аткарылып, план 90 пайызга, ал эми 2012-жылы 335 миллион 438,3 миң сомго жетип, план 98 пайызга аткарылган эле. Салыштырып көрсөңүз, албетте, өсүүнү байкайсыз. Анан айтып кетейин, жалпы компанияда орточо бир керктөөчүнүн жүргүзгөн орточо төлөмү да өсүп жатат: мисалы быйыл 9 айда ал 215,4 сомду түздү. Ал эми 2012-жылы ал 200,1 сомго, 2011-жылы 151,9 сомго барабар эле. Демек, биз абоненттер менен иштешүүнүн абалын жакшыртык. Дагы айтып кетейин, ар бир цифранын артында энергетиктердин опол тоодой эмгеги жатат.

Деги эле бөлүштүрүүчү компниялардын негизги баш оорусу дебитордук карыздар делет. Миллиондогон акчалар абоненттерден алынбай турат. Бул жагынан абалыңыздар кантип жатат?

-Чынын айтканда, дал ушул дебитордук карыз жагынан эч ким мактана албайт, чынында мурдатан келаткан карыздар биздин шайыбызды оодарып турат. Бирок, биз өзүбүз иштеп турган мезгилде бул жагынан артта калбоо үчүн аракет кылабыз. Менимче, биздеги аракеттер азыноолак алга жылыштар менен коштолууда. Мисалы, жеке сектордогу дебитордук карыз өткөн 9 айда орточо бир адамга эсептегенде 605 сом 80 тыйынды түздү. Эми салыштырып көрүңүз, өткөн жылы ар бир адамга 695 сом 10 тыйынды түзгөн. Демек, ар бир кишиге эсептегенде 89,3 сомго кыскарттык. Албетте, дароо эле ири өлчөмдө кыскарта салуу кыйын, калктын социалдык абалына, шартына жараша нерсе да бул иш. Бирок, жылыштар бар.

-Дебитордук карыздар боюнча дагы айта кетсек. Жалпы абал тууралуу кенен айта кетсеңиз жакшы болмок. Деги оң жагына карай жылыштар барбы?

-Албетте бар, эгер ар бир адамдын карызы азайса, демек, жалпы карыз азаят да. Энергетиктер бул багытта көп иш жасашты, анын канчалык кыйын экенин силер деле билип калдыңар го. Бизде жылыштар бар, мисалы жыл башында жалпы 214 миллион 287,8 миң сомдук карыз болсо, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 174 миллион 910,9 миң сомго чейин кыскарган. Кыскаруунун көлөмү 39 миллион 376,9 миң сомго барабар же 18,4 пайызга азайган. Эми анын ичинен калктын карызын алалы: жыл башында 141 миллион 53,2 миң сом болсо, 9 айдын жыйынтыгы менен 112 миллион 848,8 миң сомду түзүп, 20 пайызга азайып отурат.
-Демек, мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла алга жылыш бар экен да?

-Албетте, жалпы дебитордук карыздар 2011-жылы жыл башынан 33,1 пайызга, анын ичинен калктын карызы 40,3 пайызга өскөн болсо, өткөн 2012-жылы жалпы карыз 0,6 пайызга азайган, бирок ошол эле мезгилде калктын карызы 2,3 пайызга өсүп кеткен. Эми ушуну салыштырып көргөндө, быйылкы жылы 9 айда биздин энергетиктер, электр энергиясын сатуу тармагынын кызматкерлери канчалык көп иш жасаганы билинип турат. Берилген электр энергиясынын акысын топтоп алуу канчалык мүшкүл экенин билесиздер да, ушундан эле биздеги аракеттердин жыйынтыгын баалап алсаңыздар болот.

-Эң негизги суроо. Биз кышка жакшы даярбызбы?

-Даярдык дурус, биз кыш мезгилинде мекеме-ишканаларды жана калкыбызды электр энергиясы менен толук жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык жагынан аракеттерди жасадык. Буюрса, баары жакшы болот дген ойдобуз. Кышка даярдык иретинде биз Электр жабдыктарын утурумдук жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө маани бердик. Тогуз айда 54 миллион 871 миң сомдун ордуна 58 миллион 13 миң сомдук иштер аткарылды, өсүш 106,1 пайызга жетти. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп. Тогуз айда 27 даана жаңы комплекттүү трансформатордук подстанция коюлду, 66 даана трансформатор жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштырылды, 6-10 кВ чыңалуусундагы 10,2 чакырым аба чубалгысы, 0,4 кВ чыңалуусундагы 0,4 чакырым аба чубалгысы курулду. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жалпы жонунан 23 дана ар түрдүү ири жана маанилүү майда атайын техникалар алынды. Бул биз үчүн өтө манилүү нерселер. Ошентип, биздин күз-кыш мезгилине карата даярдыгыбыз дурус эле болду. Албетте, көптөгөн электр жабдууларынын эскиргендигин, дароо алмаштыруу зарылдыгын, бирок ага азырынча мүмкүнчүлүктүн жоктугун да эске алыш керек. Кантсе да биз калкыбызды кыштан кыйналбай чыгып кетишине болгон аракетибизди жумшайбыз.

-Демек, кышында электр кубаты үзгүлтүккө учурабай берилет деп ишенсе болобу?

-Ар кандай кырсыктардан, кыйын кырдаалдардан Кудай сактасын. Бирок, биздин даярдыгыбыз дурус, тынчсыздана турган нерсе жок. Биз өтө көп кыйынчылыктарды баштан өткөргөнбүз, жетишерлик тажрыйбабыз бар.

Жолдошбай ОСМОНОВ, журналист.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17