Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,240 Бардыгы / Бейчеки текшерүүлөрдү кыскартуу – ишкерликтин туруктуу өнүгүшүнө гана өбөлгө. Өндүрүшкө максатталган кредиттер узак мөөнөткө жана аз пайыздык ченемдер менен таратылса, экономика ыкчам өйдөлөшүнө өтө ыңгайлуу шарт жаратат. Бул өңүттө «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Кара-Кулжа райондук ишкерлер бирикмесинин төрагасы Ырыспай МАЙЛЫБАШЕВ кабарчыбызга ой бөлүштү. – Ырыспай мырза, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген […]
2,241 Бардыгы / Бейчеки текшерүүлөрдү кыскартуу – ишкерликтин туруктуу өнүгүшүнө гана өбөлгө. Өндүрүшкө максатталган кредиттер узак мөөнөткө жана аз пайыздык ченемдер менен таратылса, экономика ыкчам өйдөлөшүнө өтө ыңгайлуу шарт жаратат. Бул өңүттө «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Кара-Кулжа райондук ишкерлер бирикмесинин төрагасы Ырыспай МАЙЛЫБАШЕВ кабарчыбызга ой бөлүштү. – Ырыспай мырза, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген […]
Ырыспай МАЙЛЫБАШЕВ: «ӨНДҮРҮШҮ ЖОК ӨЛКӨ – КЕЛЕЧЕКСИЗ!»
14.03.2018 / Автор aymak2,242 Бардыгы /
Бейчеки текшерүүлөрдү кыскартуу – ишкерликтин туруктуу өнүгүшүнө гана өбөлгө. Өндүрүшкө максатталган кредиттер узак мөөнөткө жана аз пайыздык ченемдер менен таратылса, экономика ыкчам өйдөлөшүнө өтө ыңгайлуу шарт жаратат. Бул өңүттө «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Кара-Кулжа райондук ишкерлер бирикмесинин төрагасы Ырыспай МАЙЛЫБАШЕВ кабарчыбызга ой бөлүштү.
– Ырыспай мырза, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧКсынын) ушул тапта тармагы кыйла эле кеңейгендир?
– Албетте. Заман талабына жараша тармагыбызды улам кеңейтип, элет жериндеги көп кырдуулукка абдан бекем ыктадык. Бир эле мезгилде соода-сатык менен өтө тыкыр алектенебиз. Айыл чарба продукцияларын дагы кайрадан иштетебиз, Анан бара-бара өндүрүшүбүздүн кулачын ыраса кеңейткенге аракетибиз күч.
– Мунун башкы сыры эмнеде?
– Президентибиз Сооронбай Жээнбеков чечкиндүүлүк кылып, ыксыз текшерүүлөрдү биротоло тыйбадыбы. Бул аркылуу ишкерлердин жана фермерлердин жоопкерчилигин дагы күчөтүп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ого бетер кеңейтти. Танып не. Мындай шарт Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес!
– Бирок, олуттуу көйгөйлөрдөн дагыле арыла элекпиз да?
– Ооба. Өндүрүшкө, айрыкча кайрадан иштетүү тармагына акчалай кредиттер көп жылдык мөөнөткө, анан жетиштүү көлөмдө кечеңдетилбестен берилиши абзел! Анын үстөк пайызы дагы азыркыдан кыйла төмөндөтүлүшү кажет! Ансыз азыркындай кредиттер алдамай жана өзүн-өзү дегеле актабайт.
Эгерде кредитти алуу тартиби азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүлсө, жер-жерлерде орто жана чакан ишканалар арбын курулат. Ошентип, кошумча жумушчу орундар дагы түзүлөт. Жаштарыбыз чет өлкөлөргө жумуш издеп тентишпейт. Тескерисинче, сырт жактагылар мамлекетибизге кайра кайтышат. Кыскасы, мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан эле толтура. Муну биз сарамжалдуу гана пайдаланбай келатабыз.
– А Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунун мүмкүнчүлүгүнөн неге урунбай жатасыздар?
– Кечиресиз! Ишкерлик жана фермерчилик – коммерциялык түзүмдөр. Ошол себептүү биздин аракетибиз Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунун талаптарына таптакыр ылайык эмес! Андыктан, кайрылсак деле бизди эзели колдошпойт. Бекер гана убакыт коротобуз.
– Ошого карабастан өндүрүштү оожалтып келатасыздар?
– Көп жылдык тажрыйбабыздан улам көзүбүз биротоло жетпедиби. Өндүрүшү жок өлкө – келечексиз! Ошондуктан, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коому акыркы кезде мобундай үй эмеректерин өндүргөнгө дагы бекем ыктадык. Күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү башка буюм-тейимдерди дагы белендөөгө батыл кириштик. Жакын арада бут кийим тигүү фабрикасын ишке түшүрмөкчүбүз.
Болочокто алыскы жана жакынкы өлкөлөргө Кыргыз кымызын байма-бай экспорттойбуз. Көмүр өндүрүү көлөмүн азыркыдан дагы көбөйтөбүз. Мөмө-жемиштерди кайра иштетип, андан сапаттуу азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз өндүрөбүз. Суусундуктардын түрлөрүн ого бетер көбөйтөбүз.
– Ырыспай мырза, соңку жылдарда Кыргыз Парламентинин ишине анчалык ичиңиз чыкпай жүргөндүгүн баамдадык. Эмнеге?
– Кыргызстан өңдөнгөн кичинекей өлкөгө чакан жана кубаттуу парламент – 60 депутат жетиштүү! Мунун отузу Бишкек шаарында такай иштеп, мыйзамдарды гана жазсын! А дагы отузу Эл Өкүлү сыңары аймактарда – калк арасында туруктуу иштешсин! А калганы ашыкча, ашка – жүк, башка – жүк!
Карасаңыздар, канчалаган мыйзамдар жазылып, кабыл алынып эле жатат. Кана, алардын эл үчүн иштегени? Жок дегенде ар бир мыйзам беш жылдан кем эмес калкка кызмат кылганда, мындан чындап утат элек. Ансыз ага акча дагы, акыл дагы коротуп эмне зарыл, ыя?
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.