Аймак

Дилбар Чокоева, филология илимдеринин кандидаты, доцент: “Азыркы айылдык жаштар үчүн бир «кудай» пайда болду…”

 6,418 Бардыгы /

Дилбар Чокоева, филология илимдеринин кандидаты, доцент: “Азыркы айылдык жаштар үчүн бир «кудай» пайда болду...”

ЖАМУнун кыргыз жана чет элдер адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Дилбар Чо­коева менен төкмөчүлүк өнөр, анын өзгөчөлүгү, Токтогул менен Барпы­нын мааракеси, “чала молдо дин бузат” молдо­келер тууралуу маектеш­тик.

– Бир кезекте төкмөчүлүк өнөр Ашы­ралы Айталиев, Эстебес Турсуналиевдер менен кошо “көз жумат” деп да жүрдүк эле. Азыркы акыбалга кандай баа бере аласыз?

– Төкмөчүлүк жөнүндө кеп кылганыбызда илгерки гений­лерди айтууга алыбыз жетпе­се дагы, азыр алдыңкы сапта жүргөн Элмирбек, Амантай, Аалы жөнүндө азын–оолак айт­пасак болбос. Анткени, булар “төкмөлүк өнөр бар, ал жашап жана кадимкидей өнүгүп жа­тат” деп айтууга негиз болуп бере турган айныксыз алиби­лер да. Элдин төкмөлүккө бол­гон кызыгуусун ушулар кайра ойготту десек болот. Мисалы, азыр ар кандай чөйрөдө Ток­тогулдун 150 жылдыгына ка­рата болуп өткөн ушулардын айтышы жөнүндө кеп болуп жатат, көргөнү тамшанып айт­са, көрбөгөнүнүн бүйрү кызып, “кассетасы чыктыбы, каерде са­тылып жатыптыр” деп, көздөрү жайнап кетип жатат.

– Төкмөчүлүк өнөрдү мындан ары өркүндөтүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

– Төкмөлөрдүн мектебин ачыш керек. Таланттуу төкмөлөргө аябай билим берүү зарыл. Алардын ар кимиси өз курагы­нын, өз чөйрөсүнүн кызыкчы­лыгын көтөрүшөт. Маалымат да беришет. Тилди да үйрөтүшөт ж.б.ж.б. Мисалы, Элмирбек тарыхты жакшы айтса, Аалы төкмөчүлүктүн техника өнүккөн заманда да мүмкүнчүлүгү укмуш экендигин, ал заман менен кошо өнүгө ала турганын далилдеп жатат. Амантай укканды зерик­тирбеген кызыктуу айтыштары менен көрүүчүлөдү өзүнө тарта билет. Аалынын Ринатка берген жооптору аңыз болуп эл ичинде түбөлүк айтылып калчу кепке айланды. Ал эми Элмирбектин Чыңгыз Айтматовдун азасын­да кошкон кошогу эмне деген Чоң Сөз?! Бул чындыгында кыргыздар үчүн Достоевский­дин Пушкиндин мүрзөсүнүн башында сүйлөгөн сөзүнчө бар. Башкалар балким муну түшүнбөйт. Түшүнбөгөндөн кийин баалай да алышпайт. Бирок, биз өзүбүздү башкалар аркылуу баалагандан арылы­шыбыз керек да. Кыргыздын бешенесине жазылган манас­чылык менен төкмөчүлүк, бал­ким, дүйнөлүк бренд болуп бере албайт. Бирок, улуттун өзөгүн түзүп, аны өлбөс–житпес кы­лып бекемдей турган, бирик­тире турган гипс, рухун суга­рып турар соолгус мүрөк суу, дүйнө таануусун өзгөлөрдөн өзгөчөлөнтүп көрсөтө турган калып болуп берери анык бол­гон соң бул өнөрлөрдү дагы көтөрүү, күчтөндүрүүдөн аян­баганыбыз оң. Буларга карата атайы мамлекеттик программа­лар иштелип чыгып, проекттер колдоого алынса.

– Кийинки чыгып жат­кан төкмөлөрдөн ким­дер назарыңызга түшүп жүрөт?

– Жыпара Арзымаматованын төккөнү өзгөчө сөз кылууга ар­зыйт. Комузду колуна албайт. Жалаң Барпынын обону менен айтышат. Анда–санда колдорун сермегени болбосо кыймыл да жок. Бир турда Идрис менен айтышты. Ошондо жаш акын­дын улам чалпоолонуп жат­канына карата “сени дал ушул сахнада, өзүм жетелеп чыгып айтыш өнөрүнө аралаштырып, тушооңду кескенимен бери эки эле жыл өттү го. А мен сегиз жылдан бери чыдап жүрөм го” деп, ошондон бери башынан өткөн окуяларды, кайсы маа­ракеде кимдер менен айтышка­нын, уюштуруучулардын кими­си ага кандай мамиле кылганын айтканда, залда отурган айрым­дардын дене табы 200 гө чыгып кеткендей болду. Бул деген чоң талант да. Мен кыргыздарда аял затынан төкмө жок деп жүрчү элем. Таланты бирде дайра бо­луп толкуса, бирде деңиздей мелмилдеген, бирде туптунук тоо суусундай шаркыраган, төкмөлүктө чоң философиялык жалпылоо деңгээлине чейин көтөрүлгөн, оюна бою, сөзүнө үнү келишип турган, төрт аягы тең жорго, келин да болсо кыр­гызга берилип кызынан артык кызмат кылган маркум Майра Керим кызынын окуучусу ата­лып анча–мынча чыга калып жүрчү, ар жагында какшып кал­гансып күчөнүп жатып анда– мында бир сап айткан аялдан, анын аты да Жыпара болсо ке­рек эле, башка эч ким жок деп жүрчү элем. Көрсө бар экен. Болгону чыгармачылык багы ачылбай келатыптыр. Айтыш бүткөндөн кийин чай үстүндө азыраак сүйлөшө калып, бул эжеде укмуштай чыгармачы­лык күч, жетишээрлик даярдык жана оңой эмес каалоо бар экен­дигин байкап, “кантип бул энер­гияны реализациялоо керек?”– деген ойго келдим. Жөндөм, жөндөм, жөндөм… Бирөөлөр бар жөндөмдү ушинтип реа­лизациялай албай жүрсө, дагы бирөөлөр өзүндө жок нерсени “бар кылып бергиле”– деп адам­дарды кыйнап жүрүшөт.

– “Таланттар айылда катылып жатат” дей­биз. Айылдык жаштарга билим, тарбия берүү деңгээли кандай?

– Азыр айылдык мектептер жаштарга билим жана тар­бия берүү миссиясын белгилүү себептер менен толук атка­ра албай жатат. Спорт менен шугулданганга шарт жок, чы­гармачылыкты өнүктүрүүгө андан бетер. Ошондуктанбы, азыркы айылдык жаштар үчүн бир кудай пайда болду. “Ма­нас жаңырыгы” (а чындыгында “Ислам жаңырыгы”) деген ка­нал аркылуу жаштар ушул жаңы кудайга шумдук “глупый” суро­олорду берип, андан ашкан “глу­пый” жоопторду алып, мээлерин чириткенден башка иш кылбай калышты. “Исламда ырдаган, бийлеген күнөө кылганга тете”– дешет биздин молдокелер. Бал­ким түпкү булакта мындай эмес, бирок биздин молдолор ушун­дай деп комментариялап кели­шет. Христианчылыкта деле, мусулманчылыкта деле коммен­таторлор аша чабышаары ба­шынан белгилүү эмеспи. Ал эми кыргыздын бүт тулкусу ырдан тураарын азыр гүлдөп өнүгүп жаткан төкмөчүлүк өнөр далил­деп жатат. Муну молдолор ша­рияттын кайсы статьясы менен соттоп жатты болду экен? Ал эми Конституцияга “биз светтик өлкөбүз” деп жазып алышып, өздөрү шылкыйып аянтта намаз окуп, муфтийдин аягына жы­гылып жаткан биздин чоңдор менен депутаттардын жоругучу. Ал эмес Араб өлкөлөрүндө дагы өкмөттүк аянтта намаз окулбайт экен.

– Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракеси ызы–чуу менен өтүптүр. Эмне себептен?

– Барпы апыздын мааракеси “өтөт”, “өтпөйт” деп ызы–чуу болуп жатып өттү. Мындай та­лаштын жаралышынын себеби – мамлекет тарабынан бул ма­аракеге каражат бөлүнбөптүр. Ага карабай жергиликтүү “бар­пычылар” райондун акимине кайра–кайра кирип жатышып, областтык деңгээлде өткөрүүгө макулдашыптыр. Алардын мындай оюна Кадыркул Даутов баш болгон Бишкектеги оку­муштуулар каршы чыгышты. Алар, албетте, ушул маараке­нин шылтоосу менен Барпы­нын чыкпай жаткан чыгарма­лары, изилдөөлөр жарык көрсө, анын чыгармачылыгынын из­илденбей жаткан жылга–жы­быттарында да дың бузулса, жалпы коомчулуктун, кошуна мамлекеттердин да көңүлү бу­рулгудай, Апыздын чыгармачы­лыгынын масштабына ылайык иш–чара өткөрүлсө дегендей ойдо болушту да. Бирок мында “акчаны ким төлөсө, музыканы ошол буйрат” дегендей иш бол­ду. Окумуштуулар жарыялаган “бойкотту” жергиликтүү бийлик жана мааракени уюштуруучу­лар капарына да алып койгон жок. Ал эми жергиликтүү или­мий чөйрөнүн алы болсо ЖА­МУда илимий–практикалык конференция өткөрүү, анда: “К.Даутовду “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү” аттуу ките­би үчүн мамлекеттик Токто­гул сыйлыгына көрсөтүү жана Барпынын 130 жылдык маара­кесин мамлекеттик масштабда 2015–жылы өткөрүү өкмөттөн суралсын” деген пункттар ме­нен резолюция кабыл алыны­шына жетишүүгө гана жетти. Башка эмне кылабыз, биздин өлкөдө ким алсыз? Жалаң акыл эмгеги менен алектенгендер алсыз. Интеллигенция эч нерсе өндүрбөйт, бирок мамлекеттин мээси, руху, маданияты кандай болору дал ушул интеллигенци­яга байланыштуу. Ошондуктан, мамлекет интеллигенцияны ар тараптан колдоого алса. Бүт өнүккөн өлкөлөрдө иш ушун­дай. Анткени, илимди, мада­ниятты экономика, өндүрүш менен бир катарга коюп алып кетпеген мамлекеттин иши ай­ран. Эртеңкиси кандай боло­ру күмөн. Биздин трагедиябыз –биздин мамлекетте ушундай система калыптана албай жат­кандыгында. Дагы рахмат, Сузактын айрым ишкер жи­гиттери топтогон акчадан, или­мий конференция аты кылып өткөрүмүш болуп коюуга кичи­не акча бөлүп беришиптир. Бул жерде бир суроо жаралат: уни­верситеттин өзүндө да илимий иштерге деп акча бөлүнөт да, ал акча кайда жумшалат, акын сузактык болсо анын чыгарма­чылыгына байланыштуу иш– чараларды сузактыктар гана өткөрүш керек деген көз караш кайсы логикага сыят деги.

– Төкмөлөр кандай ай­тышты?

– Мен Барпы апыздын маара­кесиндеги айтышта бир нерсеге баа бердим: төкмөлөр биринен– бири кыйын. Жаңы чыкканы деле тамтаңдабай таптак басып, даана–даана айтып жатты. Бул төкмөчүлүк кыргыздын жаны менен кошо жаралган башы ме­нен кетчү өзөк өнөр экендигин тастыктап турбайбы. Ошондук­тан, төкмөчүлүк өнөрдү жайыл­туу, өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн атайын мамлекеттик про­грамма болсо кана атаганат!

Дайырбек Мейманов, m_daiyr@mail.ru

Булак: “Алиби”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17