Аймак

Төрөгул Беков, экс-министр: “Мен Бакиевчил эмесмин, бирок Бабановдон ажырабайм”

 2,211 Бардыгы /

Мурда-кийинки чиновниктерден Төрөгул мырза жупунулугу, жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Эгерде Төрөгул мырзаны издесеңиз, көбүн эсе пенсионерлер менен студенттер пайдасын көргөн троллейбуска баш баксаңыз, оңой эле табасыз. Биздин каарман карапайым көпчүлүк менен бирге эле кээде троллейбустун кызматын пайдаланат. Көптөн бери коомчулук көзүнөн алыстап жүргөн экс-министрди троллейбустан жолуктуруп, шап эле маек берүүсүн өтүнүп, артынан кошо түштүм. Эмесе, биздин капыл-тапыл маекке көз чаптырып коюңуз окурман...

–Төрөгул мырза, мындан аркы тиричилигибиз Бажы биримдигинин “баш оорусу” менен байланыштуу болмой болду. “Агрардык өлкөбүз” деп ооз жүзүндө мактанганыбыз менен өзүбүздү-өзүбүз айыл-чарба азыктары менен камсыз кыла албай жаткан шартта бир аз өндүргөн продукциябызды кымбатына карап, кең Россияга экспорттой коюп, даана кымбатчылыктын кедергисин тартып калбайбызбы?

–Ар бир нерсенин жакшы-жаман жагы бар сымал, Бажы биримдигине кирүүнүн деле оң, терс жактары бар. Анын сыңары, биримдикке кирүүнүн деле күңгөй-тескей жактары жок эмес. Менимче, жакшы жагы көбүрөөк десек болот. Бирок, аталган биримдикке кирээрде биздин бийлик, тагыраагы, азыркы өкмөт, өткөн жылдын декабрь айында жүздөн ашык мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы нормативдик актыларды шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, “сөзсүз түрдө Бажы биримдигине кирип калышыбыз керек” деген таризде толук укуктук баа берилбестен, бир жактуу саясат жүргүзүштү да. Айрым макулдашууларды, маселен, “бул мыйзам 6 айда, тигил мыйзам 3 айда күчүнө кирип, иштейт” деген маанайда макулдашууларды бышыгыраак бекемдеп, сүйлөшүп алышыбыз керек эле. Маселен, биздеги ошол эле кийим тигүү индустриясы, айыл-чарба тармагы, Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири базарлардын бири болуп эсептелген “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары бар. Кыргызстан кошуна чектеш мамлекеттерден айырмаланып, бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары автоунааларды ташып келүүдө бир катар жеңилдиктерге ээ болгон эле. Ал жеңилдиктерибиз дагы тийиштүү деңгээлде коргоого алынбай калып кетти. Айтор, мындай мисалдарды санасаң четтен табылат. Келишимдерде майда-барат катачылыктарга көп эле жол берилген. Өзүн урматтаган көз карандысыз мамлекет катары, кандай биримдикке кирген күндө дагы, биздин мамлекеттин кызыкчылыктары тийиштүү деңгээлде корголушун камсыздап алуу биринчи милдет болуш керек эле.

–Сиз буга чейин экс-премьер Бабановдун командасы менен бийликке келип, айыл-чарба министри болбодуңуз беле? Азыр деле ошол командадасызбы? Дегеним, Бабановдун командасынан түштүктөн чыккан саясатчылар кутула тажагандай баары чыгып, баса беришти го…

–Мен өзү эки жээкке чарпылбаган адаммын. Тээ 1989-жылы Москвада Өмүрбек Бабанов менен 5 жыл бою айыл-чарба академиясында бирге окуп, 26 жылдан бери достук мамиледе жүрөбүз. Оош-кыйыш убактарда бири-бирибизди сатпастан, сыноодон өткөн достордонбуз. 2010-жылы шайлоого бирге аттанууга Өмүрбек досумдан сунуш түшкөн. Азыр деле бир командабыз. Башка командага барайын деген ниетим жок. Себеби, биздин “бирге барабыз” деген келечек максаттарыбыз мурда эле толук аныкталган. Биз ошол койгон максаттарыбызга жетүү үчүн ынтымакта иштеп келебиз.

–Сиз убагында экс-президент Курманбек Бакиевге жардамчы болгонсуз ээ?

–Ооба, болгом.

–Азыр экс-шефиңиз менен байланышып турасызбы? Баса, Бакиевди сагындыңызбы?

–Калыгул иним, мен 2005-жылы 25-мартта ошол күнү бийликке келген Курманбек Бакиевге жардамчы болуп дайындалгам жана ошол жылдын 14-августтунда Бакиевдин ажолукка расмий түрдө киришкен, ант берүү аземи болгон күндөн эки жума өткөн соң, ал кызматтан расмий түрдө бошотулганмын. Мен туура 3 жарым ай президенттин милдетин аткаруучунун көп жардамчыларынын бири катары иштеп, анын тегерегиндеги ар түрдүү топтор менен келише албагандыгыма байланыштуу өз арызымдын негизинде кызматымдан кеткем. 2010-жылга чейин 5 жыл бою дүйнөлүк банктын эл аралык долбоорлору менен иштешип жүрдүм. Бакиев доорунда жардамчылыктан башка мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Менин таңгалганым, оппоненттерим 3 жарым ай Курманбек Бакиевге жардамчы болгонумду элге тажабай, ушул кезге чейин айтып келишет. Ошол эле оппоненттерим, адегенде Акаевдин, андан кийин Бакиевдин командасында чоң-чоң мамлекеттик кызматтарды аркалап, эми болсо, азыркы өкмөттүн арыгын чаап жүрүшөт. Чындык үчүн айтып коюшум керек, мен мамлекеттик кызматкер катары эмгек жолумду Бакиевдин кол алдында адис катары баштаганмын.

–Бирок, Бакиев экөөңөр Сузактан болуп, болгондо да туугандык жайыңар бар да ээ?

–Сузак районунда 250 миң эл жашайт. Курманбек Бакиев Сузактын ылдыйкы бөлүгүндө, мен Тогуз-Торо аймагы менен чектешкен жогорку бөлүгүнөн болом. Маселен, сен кайдан болосуң?

–Кочкордон…

–Кочкорлуктардын баары эле Турдакун Усубалиевдин туугандары эмес да, туурабы? Ошол сыяктуу эле ал киши экөөбүз бир райондун кулундарыбыз.

–Бабанов менен Ташиевдин биригүүсүн ар кандай кабылдап жатышпайбы. Кечээ бири-бирин “поктошуп”, сындап турган эрендердин бүгүн эчтеме болбогонсуп бириге калганын жеке сиз кандай кабылдадыңыз?

–Саясаттагы ар түрдүү өзгөрүштөр болуп келген жана боло берет. Мен жогоруда белгилеп өткөндөй, “Республика” саясый партиясынын келечек максаттары так аныкталган. Ал максаттарга жетүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуу, кыйынчылыктарды жеңүү, же болбосо айланып өтүү шарттары максатка ылайык келет. Ошол сымал, “Ата Журт” саясый партиясынын да жакынкы аралыкта максаттарга жетүү тактикалары болушу шарт. Демек, партия лидерлери мамлекеттин келечеги үчүн өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жыйыштырып, ийри отуруп, түз кеңешип, биригүүнү чечишкен болсо, мен мындай көрүнүштү мыйзам ченемдүү катары эле көрөм. Албетте, коомчулуктун кээ бир бөлүгүнө мындай көрүнүш жакпай жаткан сыяктанат. Өзгөчө сары саясаттын ураанын чакырган айрым журналисттер бир жактуу көп сын пикирлерди айтышууда.

–Баятан бери сөзүңүздү тыңдасам, “мамлекетти бүлүндүрүп албайлы, элди козутуп алуудан сактайлы” деп жатасыз. 2012-жылы Бабанов премьер-министрликтен кетээрде сизди Өмүрбек Текебаев “чычкандай болгон Беков түштүктө элди көтөрүүгө аракет кылып жатат” деди эле. Сиз деле ошондо элди козутпай, шүк эле жүрсөңүз болот беле?

–Журналисттердин бул туурасындагы билдирүүсүнөн кийин, мен кызматтык иш телефонум аркылуу кабинетимден журналисттерге байланышка чыгып, өз ордумда жакшынакай иштеп жатканымды билдиргем. Кызматтык телефонумдан байланышка чыкканымдын себеби, мен эч кандай түштүктө жүрбөй эле жумуш ордумда отурганымды далил менен тастыктоо эле. Мен ал кезде аткаруу бийлигинин мүчөсү катары мамлекеттин жүгүн артынып, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн колумдан келишинче иштеп жаткан кезим болчу. Албетте, элге төбөсү көрүнгөн чоң саясаттын өкүлдөрү сын пикирлерди айтууда саясый маданияттын чегинен сырткары чыкпаганга аракет жасаганы туура болмок. Саясый оюндардын майданына кирбей, күнү-түнү министрликтин жүгүн артынып иштеп жатсаң, жакшы сөз айткандын ордуна “жан-жаныбарга” салыштырып, туура эмес сөздөр айтылса, өкүнүчтүү да. Мен адамгерчиликти жана мусулманчылыкты кармаганга умтулам. Элди жаман нерсеге уюштуруп, саясат аркылуу өзүмдү “кургак реклама” кылуудан алысмын. Мамлекетибизге кызмат көрсөтүү менин чыныгы багытым болуш керек.

–Жупуну болуп жүрөсүз го дайыма. Тиричиликке каражат кайдан
табылып жатат?

–“Тирүү адамзатынын ырыскысы түгөнбөйт” дейт элибизде. Алла Таалага шүгүр, мени да Кудайым ал ырыскыдан куру калтыра элек. Мамлекеттик кызматты өткөрүп берген 2012-жылдан бери өзүм пландап жүргөн бир канча иштеримди иш жүзүнө ашырууга жетиштим. 2002-жылдан бери эл аралык проекттер менен иштешип келгендиктен, англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүнү каалап, аны окуп жатам. Кээде кыргыз мамлекеттик агрардык академиясында лекция окуйм. Орточо жетишкендикте жашаган, катардагы кыргызстандык катары чакан дыйкан-чарбам, жер тилкем бар. Аны иштетип, көзөмөлдөп турам. Азыр докторлук илимий ишимди да жактоонун аракетин көрүүдөмүн.

–Биздин чиновниктер илимий ишти жазып убара болбой эле министр кезинде “сыйкырдуу таякча” таап алышкансып, көз ачып-жумганча кандидат, доктор болуп чыга келишет го…

–Мен Оштогу совхоз-техникумду, Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл-чарба академиясын жана КР президентинин алдындагы башкаруу академиясын артыкчылык дипломдору менен аяктагам. Бул мактаныч эмес. Кийин 2004-жылдан 2008-жылга чейин аспирантураны ийгиликтүү бүтүрүп, 2011-жылдын башталышында кандидаттык ишимди жактап, экономика илимдеринин кандидаты наамын алдым. Учурда мамлекеттик кызматтын жоктугунан пайдаланып, докторлук диссертациямдын үстүндө иштеп жатам.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17