Аймак

Абдулазиз уулу Абдумалик: «СТОКГОЛЬМДА МЫЙЗАМСЫЗ, ТИЛ БИЛБЕЙ ЖҮРГӨНДӨР БАР»

Абдулазиз уулу Абдумалик: «СТОКГОЛЬМДА МЫЙЗАМСЫЗ, ТИЛ БИЛБЕЙ ЖҮРГӨНДӨР БАР»

 2,878 Бардыгы /

БЛИНЦ-ИНФО

– Абдулазиз уулу Абдумалик

– 24-январь 1992-жылы

– Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган;

– Үй-бүлөлүк абалы бойдок;

– Бою – 190 см;

– Палоону жактырат;

 

Учурда кыргыздар барбаган өлкөнүн өзү жоктой. Швецияда да окуп, иштеп жүргөн миңдеген кыргыздар бар. Алардын арасында жумуш менен эс алууну айкалыштырып, Европаны таанып билүүгө аракет кылып жүргөн мекендешибиз Түндүк Европага сапары, келечек максаттары тууралуу айтып  берет. Анда Жалал-Абаддын бир уулу – Швецияда.

 

«ПИКА-ЧИКА», «ДЕНДИ» ОЙНОП ӨТКӨН БАЛАЛЫК

Кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн деп эч кандай тамашасы жок деле айтсам боло берет.  Ата-энемдин жогорку билими жок болгондуктан жер тырмалап тиричилик өткөзүшчү. Биз бала кезде апам тыным албай күндө бир кап ундан нан жасап базарга алып барып сатчу. Ойлоп көрсөм ал эмгек  эрте мененки саат төрттөн башталып, кечки тогузга созулчу экен. Ошентип 1990-жылдан баштап азыркыга чейин толук үзүлүп бүтө элек каатчылыкта бизди чоңойтуптур. Атамдын аты Абдулазиз, апамдын аты Надира. Үч бир туугандын экинчисимин. Эжем жана иним бар. Чоң атам мени абдан жакшы көрчү. «Бизге эрмек болуп, жылкы минип жүрөсүң» деп 5-класста окуп жүргөндө алып кеткен. Ал жакта башка эл, башка маданият, мектепте да жаңы достор дегендей. Жалгыз-Жаңгакта 3 жылдай жүрдүм. Анан байкем менен жеңемдин колунда жүргөнүм үчүнбү, өзүмдү бир аз кыйналып, кордолуп калгандай сезчүмүн. Башка балдар «атам антти, апам минтти» деп калышса аларга суктануу менен карачумун.

Тээ 3 жашымдан бери чогуу жүргөн Арсланбек деген эң жакын досум бар. Арслан экөөбүз өзүбүз  атап алган «шашки» оюнубуз (өзүнүн аты «пика-чика») бар эле. Бөтөлкөнүн капкагын таш менен былчыйтып, томпок кылып даярдап ошону менен ойночубуз. Андан кийин эле элди «денди», «сега» деген оюндар каптады. Эсимде, сеганы 10 минут ойноо үчүн ар жактан бутулка издеп таап, аны жууп тапшырчубуз же үйдөн жумуртка уурдап барсак да ойното берчү.  Мектептен эс алууга чыгып чоң атамдын үйүнө барып калганымда да балмуздак сатып барып калса 3 даана жумурткага 1 балмуздак алмаштырып жечүүбүз. Негизи бир жумуртка 3 сом болсо,а 1 балмуздак 3 сом турчу. Биз ошондо бир балмуздакты 9 сомго сатып алчу экенбиз. Муну айтып жатканым, азыркы заманыбыздын кадырына жетели дегим келет. Гезитти окуп жаңы идеялар ойгонсо, жаңы кыялдар жаралса демек биздин да, сиз окурмандын да убактысы текке кетпегени болот.

 

ЖАКПАГАН САБАКТЫ ОКУБАЙТ ЭЛЕМ

Мен жаштайымдан акча чогулта берчүмүн, пайдасы жок нерселер алып коротчу эмесмин.  6-класста окуп жүргөнүмдө күн карама айдап, тапкан акчама 1 кой сатып алганмын. Мектепти болсо 3,4,5 деген бааларга окуганмын. Өзүмө жакпаган сабактардан тапшырма да аткарчу эмесмин. География менен тарых сабактарын жакшы көрчүмүн. Географиядан мугалим картаны көрсөтүп жатканда кыялымда жер жүзүн айланып жүрчү элем. Өткөөл курак абдан оор басырыктуу өттү. Канткенде жыргап калам деп эмес, канткенде мага материалдык, руханий пайда келет деп ойлочумун. Эң жаркын кыялым саякаттоо болгон. Азыр ошол кыялга май тамып турган кези.

АНЫ МОСКВА, МЫНА МОСКВА

Карьера деген сөз менин сөздүгүмдө такыр жок. Тагыраагы мамлекеттик кызматкер болсом,  бийликке келсем деген эч оюма келбеген. Ата-энемдин жогорку билими жок болуп, жакшы кызматта иштебегендиктен аларды акча таптыртып, өзүм окуп жүргөндү каалаган жокмун. Үй-бүлө жүгүн мойнума алып, ата-энемдин ишенимине жетип, менден көптү үмүттөнүшүн каалайт элем. Кудайга шүгүр, бардык кыялдар орундалып жатат.

Ошентип мектепти аяктагандан кийин Москвага эл катары мен да кеттим. Анда 18 жашта элем. Алгач тилден абдан кыйналдым. Чоң дүкөндөрдүн биринде жүк түшүрүп иштедим. Кардарларды тейлөө кызматынан, кадрларды тандоо кызматына чейин  жеттим.

Жумушка алуу, бөлүштүрүү кызматында иштегендиктен көп мекендештер менен баарлашып турчумун. Биздин мигранттардын ичиндеги кыйкырыкты уксаң баары барып каржылык сабатсыздыкка такалат. Капитализмге карманча каршы келген эски салт-санаа, той-топурлардын көптүгү. Тил билбесе да, азап менен акча чогултуп барып «эл эмне дейт» деп кашыктап чогултканын бочкасы менен оодарып бир күндүк тойго сапырып жиберет.

Андан кийин Кыргызстанга келип чакан бизнес жасап көрдүм. Эмнеден баштаганымды эстей албайм го, бирок алдыман чыкканды, колума тийгенди сатып көргөм. Бирөөдөн ашынып кеткен жерим жок, бирок тажрыйба алдым. Ал тактык жана тактык. Эсепке да, товарга да туура мамиле кылуу, бизнес  чөйрөнү анализдөө керек экен. Эң негизги алган түшүнүгүм бизнести баштап коюп тим болбостон, дайыма астыга сүрөө зарыл турбайбы. Бизнес бир жерде турбайт. Же өргө карай кетет же ылдый көздөй кулайт. Муну бардык бизнес тренерлер айтып келет.

 

ШЕНГЕН ВИЗА БУЙРУДУ

Москвага кайра кеттим. Иштеп чогулткан акчама Грецияга барып эс алып келейин дегем. Визага документтеримди тапшырсам терс жооп чыкты. Ал ортодо Швециядагы досум чалып «бул жакка келип көр, эгер Европага келип жумуш тапсаң бир аз иштеп кетесиң, англис тилин да билесиң го» деп калды. Мен ишенбей, Кыргызстанга баса берейин деп жаткан жеримден бир таанышым «дагы бир жолу тапшырып көр, сага берет мен ишенем» деп болбой туруп алды. Кайра тапшырдым эле 6 айлык мөөнөт менен шенген визасын Москвадагы Италия элчилигинен берип калышты. Чет өлкөгө чыгуу кызыгуусу бар киши үчүн көйгөй жаратпайт. Минималдуу сумма менен деле саякатка чыкса болот. Мен виза ачуу үчүн агенттикке кайрылдым. Жалпы 14 миң рубль короттум. Бизнес виза чыккан соң, дароо Римге билет алдым.

 

МЫНДАЙ ЖЫРГАЛДЫ БИЛГЕНИМДЕ…

Римде бир маркетке калпакчан жүрсөм баш кийимиме кызыккандар көп болду. Австралиялык, Америкалык, Бразилиялык адамдар менен таанышып, сүрөткө түштүк.  Римде жүрүп хостелде 3 күн жашап, шаарды кыдырдым. Анан Стокгольмго учтум. Москвадан учуп жатып жол киремден сырткары 700 доллар менен чыккам. Швецияга келгенимде досумдун байкеси менен чогуу жашадым. Бул жакта бир бөлмөнү 500 еврого ижарага алабыз. 15 күндөн кийин жумушка орноштум. Азыр айлык маянам 1,600 АКШ доллары. Бирок бул Стокгольм үчүн аябай аз.

Швеция аба-ырайы суук болгондуктан эли аз жылмайып, олуттуу жүргөнү менен кепке тартсаң абдан ачылып сүйлөшөт. Дээрлик 99%ы англис тилин билет. Мага адам баласы жетиши мүмкүн болгон акылмандык менен маданияттын чегине жеткен калктай сезилет. Тез жардам унаасы болсо да, ага дээрлик чакыруу түшпөйт экен. Анткени эл ден соолугуна аяр мамиле кылышат. Туура тамактанып, спорт менен машыгышат.

Элинин 80-90% мусулман болгон биздин өлкөдө конституциядагы светик деген бир сөзгө жамынып алышып жолук салынган эжелерибизди жумуштан кетирип, карындаштарыбызды мектептен чыгарып жатканын көрүп кейийсиң. Анткени исламга каршы жаман атты кылуу, каралоолор күчөп турган доордо европалыктардын мусулмандарга, деги эле динге толеранттуу мамиле кылгандарын көрүп жүрөм. Банкта болобу, муниципалдык мекемедеби иштеген швед кыздардын жолук оронгондорун, алардын коомчулук тарабынан эс кандай басым, кысымга кабылбай эле жүргөндөрүн көрүп мына чыныгы демократия дейсиң. Аларда адамдын чечимин сыйлоо маданияты да жогору.

Стокгольмда мыйзамсыз жүргөн кыргыздар көп болгондуктан так санын эч ким билбейт. 2-3 миң деп болжолдойбуз. Көптөгөн танышуулар, досторду арттыруу дүйнөгө көз карашымды өзгөртүп, англис тилин жакшы өздөштүрүп дүйнө жүзүн кыдыруу кыялымдү күчөттү. Мындай жыргалды билсем мектепте эле англис тилин жакшылап үйрөнүп, окууну бүтөр замат саякаттап кетмекмин деп ойлоп калам.

 

ЖАКЫНКЫ ПЛАНЫМ КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРГӨ САЯКАТТОО

Эс алуу күндөрү шаар аралап басканды жактырам. Акыркы жолу Мухамед (С.А.В) пайгамбарыбыздын өмүр баяны деген китепти окудум. Өзүмө жаккан учкул сөздөрдү күндөлүгүмө жазып коём, мезгил мезгили менен аларды окуп турам. Алардын арасынан «Жаш тоскоол болбойт, ой тоскоол болот» деген сөз өзгөчө таасир этет. Кыргызстанга 2-3 айдан кийин барып калам. Жакынкы коңшу өлкөлөрдү көргүм келип жүрөм. Америкадан, Европадан Орто Азияны көрүүгө миңдеген чакырымды басып келгендер бар. Биз жакын коңшу өлкөлөргө чыкпайбыз. Самарканд, Бухара сыяктуу тарыхый шаарларга барууну планыма киргиздим.

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17