Аймак

КРнын Өкмөтүнүн Баткен олблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жеңиш Разаков: «Баткен өнүгүүгө карай ыкчам багыт алды»

 3,028 Бардыгы /

КРнын Өкмөтүнүн Баткен олблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Жеңиш Разаков:      «Баткен өнүгүүгө карай ыкчам багыт алды»

Жеңиш Разаков КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 2012-жылдан бери эмгектенүүдө. Жеңиш Парпиевич жетектеген өткөн үч жылга саресеп салсак, Баткен облусунда көптөгөн тарыхый окуялар болгон. Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы чыр чатактуу жаңжалдарды басуу, жаңыдан түзүлгөн административдик аймактын социалдык -экономикалык абалын өнүктүрүү, кылым курулуштары болгон көз карандысыз жолдорду куруу, бир эле Баткен облусун эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына таасир берүүчү келечектин өрөөнү болгон Бүргөндү өрөөнүнүн экинчи этабын өздөштүрүү сыяктуу стратегиялык маселелер дал ушул Жеңиш Парпиевич жетектеп турган мезгилге туш болду. Биз бул багытта облус жетекчиси менен баарлашканбыз.

– Жеңиш Парпиевич, Баткен облусу уюшулгандан бери 15 жыл өтүптүр. Бул аралыкта көптөгөн чек ара чыр чатактарына, террористтик коогалаңдарга туш болгон аймакта кандай өзгөрүүлөр болду?

– Эми 15 жыл бул тарых эсеби менен алганда көп деле убакыт эмес. Ошого карабастан сиз айткандай Баткен көп тарыхый окуяларды баштан кечирди. 1999-2000-жылдардагы коогалаңдар, андан кийин да байма-бай чыгып келген чек ара жаңжалдары дал ушул мезгилге туш келди. Бирок, кандай болбосун эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Баарыбызга маалым болгондой 2013-жылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен аймактагы жаңжалдарга чекит койсок, 2014-жылы Тажикстандын Ворух анклавынын чектеш аймактарындагы жаңжалдарды араң токтоттук. Адам өмүрү кыйылган окуялар менен коштолгон мындай жаңжал өткөн жылы көп болду. Маселе мамлекеттик деңгээлге чейин жетип, Президенттердин жана Өкмөттөрдүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Натыйжада 1924-жылдан бери Ворух анклавынын айланасында байма-бай чыгып келген кыргыз-тажик чек араларындагы араздашуулар токтоду.

-Чек ара жаңжалдарын токтоду деп ишенимдүү айтууга али эрте эмеспи?

– Негизи кыргыз-өзбек же кыргыз-тажик чек араларындагы жаңжалдарга себеп болгон, жол, суу, жайыт, жана жерге болгон маселелер буга чейин чечилбей келген. Мен мында Президент Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүү чечимдерди кабыл алып, чек арада жашаган Баткен эли үчүн көргөн камкордугуна жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирем. Мындай дегеним, көп жыл бою сөз болуп бирок ишке ашпай келген коңушуларга көз карандысыз жолдорду курууга мамлекет башчыбыз жеке көзөмөл жүргүзүп, алардын ыкчам ишке ашуусун камсыз кылды. Бел-Бөжөй-Сөгөт, Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолдорунун курулушу Сохтун айланасындагы жаңжалдардын чыгышына бөгөт болсо, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу Ворухтагы чыр чатактардын чыгышын токтотту. Буга чейин элибиз Өзбекстандын, Тажикстандын жолдорунан өтүүдө кээде барымтага алынса, кээде автоунаалары талкаланып, көп кордуктарды көрүп келген эле. Эми болсо жолдор курулгандан бери бир дагы жаңжал чыккан жок. Себеби жаңжалдын чыгуусуна негиз жок да.

-Жол жөнүндөгү көйгөйдү улай эле айтсаңыз, аталган жаолдордон башка да Ош-Баткен-Исфана жолу да ушул жылдын акырына чейин аяктайт деген сөз бар?

– Туура кытайлык өнөктөштөр куруп жатышкан бул жолдун дагы стратегиялык мааниси өтө чоң. Жалпысынан 91 млн.доллар каралган аталган жолдон башка Көк-Талаа-Пүлгөн, Ак-Сай-Рават, Кулунду-Максат жолдору да кыска аралыкта курулду. Миллиондогон долларлар сарпталган бул курулуштарды кылым курулушу деп айтсак да болот. Себеби облус түзүлгөндөн бери тарыхый мааниси бар, чек ара чыр чатактарына бөгөт болуучу мындай курулуштар болгон эмес.

– Облустун экономикасы канчалык өнүктү? Өнөр жай тармактарында да өзгөрүүлөр барбы?

– 2013-жылы Баткен облусуна инвестиция тартуу боюнча «Баткен -2013» деген аталышта Эл аралык форум, 2014-жылы «Туризмди өнүктүрүү – аймактын өнүгүүсүнүн ачкычы» аттуу экинчи Эл аралык форумду өткөрдүк. Натыйжада өткөрүлгөн булл Эл аралык форумдар облустун ыкчам өнүгүүсүнө шарт түздү. 15 млн долларлык 600 долбоор сунушталып, анын ичинен 3 млн. 240 мин долларга келишимдерге кол коюлду. Ошонун эсебинен Баткен облусунун 15 жылдык тарыхында биринчи жолу 2013-жылдын жыл жыйынтыгы менен 1 млрд 243 млн сом салык топтолгон. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 287 млн сомго көп болду. Салык топтомунун көп болушунун дагы бир себеби өнөр-жай, чекене соода, кичи орто бизнес жана калкка кызмат көрсөтүү тармагындагы иштин жолго коюлгандыгы, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн толук аткарылгандыгы болуп саналат. Албетте эмненин эсебинен ийгиликтер жаралды деген суроо болушу мүмкүн. Бул албетте биринчиден аткезчилик менен курошуунун натыйжасы. 2012-жылдын 24-апрелинде облустун аймагынан күйүүү жана майлоочу заттарды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча иш чараларды күчөтүүүчүн “Ыкчам штаб” түзүү жөнүндө өкүлчүлүктүн атайын буйрук чыгарылды. Ыкчам штаб тарабынан Баткен жана Лейлек райондоруна келүүчү күйүүчү жана майлоочу заттарды май куйуучу бекеттерге жеткирилип төгүлүүсүн камсыз кылуу үчүн Баткен районунда бир, Лейлек районунда эки жумушчу топтор түзүлдү. Натыйжада 2012-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 303 млн сомго көп салык топтолгон болсо анын ичинен 212 млн сому күйүүчү жана майлоочу заттардын эсебинен болду. Ал эми 2013-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 400 млн сомдон ашык салык топтолгон болсо, анын 152 млн сому күйүүчү жана майлоочу заттардын эсебинен болду.
Ал эми өндүрүш тармагына токтолсок, облус боюнча 2014-жылы 5 млрд 897 млн сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлдү. Ал эми жалпысынан облуста 2012-жылга салыштырмалуу 2013 жылы 1 млрд. 96 млн сомго көп өнөр-жай продукциясы өндүрүлгөн. Өткөн жылда эле 8 жаңы ишканалар ачылды. 210 кичи бизнести өнүктүргөн ишкерлер 27 млн.сомдук ашыкча өнөр жай продукциясын өндүрүштү.

-Бүргөндү өрөөнү жөнүндө да токтолсоңуз. Учурда ал жакта өрөөндүн өнүктүрүүнүн экинчи этабы жүрүп жатат деген маалыматтарды байма-бай уга баштадык?

-Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында Президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жеке демилгеси менен Бүргөндү өрөөнүнүн экинчи этабын өздөштүрүү башталып, Түрк мамлекети тарабынан 7 млн 200 миң евро бөлүндү. Буюрса жакынкы күндөрдө эле 3000 гектар жер өздөштүрүлүп, 6 миңге чукул жаштарыбыздын заманбап шаарчасы пайда болот. Азыр бул аймакта иш өтө күч. Бүргөндү каналы кеңейтилип, ички каналдар курулууда. Буюрса, бул иштер жүзөгө ашып, ондогон жаш үй-бүлөлөргө Бүргөндүдөн жер тилкелерин берүүчү күн алыс эмес. Ушуга улай эле айта кетейин облус боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 7 суу чарба обьектилери курулууда. Биз бул максатка жетсек, облустун сугат аянттарына дагы 8592 гектар жер кошулат. Анын арасында Арка массивин өздөштүрүү, Кара-Кыштак-Боз каналын куруу сыяктуу маанилүү ирригациялык тармактар бар.

-Дегеле облустун келечегине кандай карайсыз?

– Баткен облусу өнүгүүгө карай ыкчам багыт алды. Шаарлардын инфраструктурасы күндөн-күнгө жакшырып, ири ишканалар курулууда. Али кол тие элек Алтын-Жылга, Өзгөрүш, Алтын-Бешик тоолорундагы баалуу кен байлыктардын мол запастарын, Арка, Бүргөндү өрөөнүндөгү нефти газдарын иштетүүчү күндөр да алыс эмес. Мына ошондуктан биздин облусутун келечеги кең деп айтаар элем. Элибиз болсо ынтымактуу, эмгекчил. Буюрса жакынкы мезгилдерде өүкзарлуу өрөөн, өндүрүшү дүркүрөп өскөн аймакка айланат деп ишенем.
Эң негизгиси көп жылдар бою чечилбей келген кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга быйыл биротоло чекит коюлду. Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн деңгээлинде бир пикирге келишкен келишимден кийин, жогорудагы биз сөз кылган жолдор курулуп, учурда чек ара аймактарына жакын кыргыз-тажик айылдарында ынтымак –ырашкерлик жана тынчтык орноду. Мен мындай тарыхый мааниси бар келишимди түзүүдөгү дипломаттар үчүн, чек аралаш аймактардын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө колдоо көрсөткөн өлкө башчысы Алмазбек Шаршеновичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирем.

А.Акматов, Баткен шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17