Аймак

Бакыт Козуев, Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси: “ЖАШТАРГА МЫКТЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ӨЛКӨБҮЗДҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ”

Бакыт Козуев, Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси: “ЖАШТАРГА  МЫКТЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ӨЛКӨБҮЗДҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ”

 8,381 Бардыгы /

 –Абал, окуучулардын билим деңгээли тууралуу токтоло кетсеңиз?

-Ноокен району аймагында 2017-2018-окуу жылында 55 жалпы билим берүүчү мектептерде 26 429 окуучу билим-тарбия алып келишет. Мындан 44 орто билим берүүчү, 6 негизги билим берүүчү, 5 башталгыч билим берүүчү мектебибиз бар. Ал эми мектептен тышкары билим берүүдө Масы балдар билим берүү борборунда 29 тайпада  350 окуучу, Кочкор-Ата шаарындагы  балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык үйүндө 15 тайпада 192  окуучу билим тарбия алышууда.

Окуучулардын билим сапаты деңгээлин тереңдетүүдө да райондогу бардык мектептерде окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда  атайын толук шарттар түзүлгөн. Окуучулар арасында  жалпы билим берүүчү предметтер боюнча олимпиадалардын өз деңгээлинде өткөрүлүп, облустук, республикалык олимпиадаларда жакшы ийгиликтерди жаратып келүүдө. Айталы, 2016-2017 окуу жылында №6-Арал, №16-Турусбеков, №17-Кыла, №18-Ч. Айтматов атындагы орто мектептеринен 4 окуучу химия, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактарынан облустук аймактан 1-орунга татыктуу болушкан.

-Мектептердеги капиталдык ремонт жана курулуш иштери боюнча эмнелерди айта аласыз? —-Жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы окуу жылына карата утурумдук ремонт иштерине мамлекеттик бюджеттен 1 млн. 932 миң 297 сом акча бөлүнгөн. Айтор, бардык мектептерде ремонт иштери жүргүзүлдү. Райондун аймагындагы Сакалды айылы аймагынан №38-Турусбеков атындагы орто мектеби 100 орундуу, Ноокен айылы аймагындагы №19-Рахманжан атындагы  орто мектеби 150 орундуу, Бүргөндү айыл аймагында №47-Ташиев атындагы орто мектеби 50 орундуу, Масы айылы аймагында 192-орундуу мектептер жана арап өлкөлөрүнүн  “Аль-Ас-Салам”  Кайрымдуулук фонду каржылаган 110 орундуу мектептери курулуп бүтүп, ишке берилди.

-Мугалимдердин иш тажрыйбаларын өркүндөтүү боюнча кандай иш аракеттер көрүлдү?

-Жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин билимин өркүндөтүү, алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтуу, жаңы усулдук ыкмаларды үйрөтүү багыттарында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келет. Райондогу 55 билим берүүчү орто мектептеринде мугалимдердин бөлмөлөрү менен бирге уюштурулган 38 усулдук кабинеттер иштейт. Мындагы мектептердин катарында 25 мектепте усулкана өзүнчө бөлмөлөрдө жайгашкан. Мугалимдердин алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтууда мектептердеги усулдук борборлордун иш аткарууларынын негизинде 2017-жылдын декабрь, январь айына чейин 15 мектептин, 7 бала бакчанын, 4 директордун, 8 директордун орун басарынын, 93 мугалимдин жана тарбиячылардын иш тажрыйбалары семинар, буклет, плакат, газетага жарыялоо, ачык сабак, доклад, педагогикалык окуу, дубал газета, кече, кароо-сынак түрүндө облустук,  республикалык мектептерге жайылтылды.

Мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу, аларга усулдук жардам көрсөтүү максатында башталгыч класстардын, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, чет тили, математика, физика, дене тарбия, АЧД, химия, биология мугалимдеринин, окуу бөлүмүнүн башчыларынын, уюштуруучулардын жана китепканачылардын райондук семинарлары айлык (график) жадыбалдын негизинде өткөрүлүп, иш токтомдор аткарылды.

Алдыңкы иш тажрыйбалар райондо китепче, буклет, дубал газета иретинде  жайылтылды. Жалал-Абад облустук “Дил”, “Мугалимдер дүнөсү” жана республикалык “Кут билим” газета–журналдарына макалалар чагылдырылды. Ал эми педагогдордун кесиптик билимин жогорулатуу курстары Бишкек шаарында КББАнын жана Ош шаарындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда өткөрүлдү. Өз билимин өркүндөтүү курстары боюнча Бишкектен-14, Оштон-76, Жалал-Абаддан-89 мугалим жана тарбиячы, ошондой эле билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дүйнөлүк банк каржылаган “Жаңы муундага стандарт” боюнча башталгыч класстардын 147 мугалими жана окуу бөлүмүнүн башчылары, секция жетекчилери атайын курстан өтүштү. Райондун 7 мектебинде “Ачык эшиктер” күнү, №27-Бирдик орто мектебинде жана №6-“Арал” орто мектебинде жаш мугалимдерге усулдук жардам катары сабак өтүүдө интерактивдүү усулдарды колдонуу, сабакка анализ пландарын түзүү, баа коюнун нормалары, иш кагаздардын токтом жазуу үлгүлөрү жаңы технологияны колдонуу, интернеттен маалыматтарды алуу боюнча усулдук күн өткөрүлдү.

-Кадр маселеси туралуу дагы айта кетсеңиз, сиздерде мугалимдер жетиштүүбү?

-2017-2018-окуу жылында райондун жалпы билим берүүчү мектептеринде 420 мугалим билим берүүнүн отличниги, 1 мугалим Кыргыз Рсепубликасынын эмгек сиңирген мугалими болуп аталып, район аймагында жалпысынан 1597 мугалим эмгектенүүдө. Өткөн окуу жылында райондогу жалпы билим берүүчү мектептерде 25 мугалим жетишпегендиги жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн болсо, 2017-жылдын август айында республиканын жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн 36 жаш адистер келишип мектептерге жайгашкан. Мындагы мугалимдердин көпчүлүгү жергиликтүү тургундар. Ал эми башка аймактардан келген жаш адистерге турак жай берүү, жер участокторун бөлүштүрүү, ар түрдүү кошумча төлөөлөр жана башка шарттар каралып берилген.

 –Аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн балдарына кандай камкордуктар көрсөтүлүүдө?

-Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнү жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү №237-токтомунун негизинде иш чаралар өткөрүлүп, Ж.Ниязов атындагы көмөкчү мектеп-интернатында окуган 137, райондогу 55, мектепте окуган 162 майып балдарга Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга мектептердин, бакчалардын директорлору тарабына 221 миң 720 сом акча каражаты берилген. 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына, жетим, жарым жетим балдарга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, айыл округдар,  райондун жетекчилери, мектептердин, бакчалардын директорлору, демөөрчүлөр тарабынан 1 млн. 18 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. 2017-жылдын 28-декабрында  “Балаты-2017” майрамына 120 окуучу катышып, 30 миң сомдук белектер берилди. Ал эми КРнын президентинин балаты майрамына 4 окуучу жөнөтүлүп, белектерин алып келишти.

 –Бала-бакчалар, мектепке чейинки өспүрүмдөрдү мектепке даярдоо иштери боюнча дагы токтоло кетсеңиз?

-Район аймагында 41 муниципалдык, 7 жеке менчик бала бакчабыз бар. Бала-бакчалардын ичинен имаратта 26 бала-бакча, ыңгайлаштырылган имаратта 15 бала-бакча жайгашкан. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 41 бала-бакчада 4 миң 106 бала билим-тарбия алышат. Баардык бала-бакчаларда мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык базистик программанын негизинде окуу-тарбия иштери уюштурулган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштери, бакчанын санитардык тазалык абалы, бакча жетекчисинин, тарбиячыларынын иш кагаздары райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун, иш-планынын негизинде көзөмөлгө алынат. Бакчаларда балдардын ден соолугуна кам көрүү иштери өз убагында жүргүзүлөт. Медайымдар тарабынан тамак-ашы көзөмөлдөнүп, витаминдештирүү колдоого алынган. Биринчи медициналык жардамга керектүү дары дармектер менен камсыз болушкан.

Мектепке чейинки жаштагы балдарды бала-бакчаларга тартууда, райондо Сакалды айыл өкмөтүндө №34-Элнуру, Арал айыл өкмөтүндө №33-Жоогазын, Шайдан айыл өкмөтүндө №35-Тайкулук, Ноокен айыл өкмөтүндө №36–Жан эрке, Масы айыл өкмөтүндө №35-Алтын шаты кыска мөөнөттү бала-бакчалары ачылган. 2017-2018-окуу жылында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Билим берүүдөгү глобалдык өнөктөштүк” долборунун алкагында 100 мектепке чейинки билим берүү  уюму програмасынын негизинде Сакалды айыл өкмөтүндө №34- “Элнуру”, Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу №38-“Бүчүр”, №40-“Ак-Кеме”, Сакалды айыл өкмөтүнө жергиликтүү органдардын жардамы менен №41-“Назик”, Масы айыл өкмөтүнө караштуу №4-“Алтын-бешик” балдар бакчалары ачылды.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбаган балдарды, мектепке даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 55 мектепке даярдоо класстары ачылып, 2017-жылдын 1-сентябрь айынан бери 480 саатык окуу программасы боюнча 91 класска 2086 бала даярдалууда. 2017-2018-жылынын август айында башталгыч класстардын мугалимдерине, директордун орун басарларына райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине багытталган 72 сааттык программада “башталгыч класстар үчүн стандарттар” модулдук окуудан өтүштү. Башталгыч кластын 72 мугалими жана 2 окуу бөлүмүнүн башчысы серификат алышты.

-Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар көрүлүп келет?

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2017-жыл ичинде 155 жолу иш чаралар өткөрүлдү. Тактап айтканда 22 семинар, 83 тегерек стол, 7 конференция, 82 спорттук оюндар жана башка алдын алуу боюнча 149 иш чаралар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук мамлекеттик администрациясынын жана ЖӨИИнын кызматкерлери менен биргеликте “Түнкү өспүрүм”, “Камкордук”, “Каникул”, “Лидер”, “Селсаяк”, “Антирекет” жана башка аталыштагы рейддер өткөрүлдү. Ошондой эле район аймагында жайгашкан 9 айыл өкмөттөрдүн мектептеринде РМАнын, күч органдарынын, коомдук уюмдун өкүлдөрүнүн, имам молдолордун катышуусу менен 9-11-класстын окуучуларынын арасында диний экстремизм агымы боюнча жыйындар өткөүлүп, кино-тасмалар көрсөтүлүп, алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

 –Мамлекеттик тилди өнүтүрүүдө мугалимдер арасынан кимдердин эмгегин баалоого болот?—- Албетте, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында райондогу баардык мектептерде ачык сааттар, адабий кечелер, конкурстар, жолугушуулар өткөрүлдү. Өзгөчө мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымдары жана кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча окуучуларды областык олимпиадага жакшы даярдагандыктары үчүн №28-Айтматов атындагы орто мектебинин мугалими Бүбайша Токтобаева, №1-Боконбаев атындагы орто мектебинин мугалими Кадыралы кызы Сырга, №31-Татыкулов атындагы орто мектебинин мугалими Арзыкан Кандаровалар Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Умутай Шамаматова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Гулнура Андарова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси

Гулмира Борбиева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кардрлар бөлүмүнүн башчысы

Зулайка Осмонова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасынын башкы эсепчиси

 

 

 

Маектешкен: Таалайбек Мавлянкулов “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17