Аймак

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЭКОПАРК

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЭКОПАРК

 2,538 Бардыгы /

 

Жалал-Абад шаарында мэриянын карамагына тиешелүү болгон 4 парк бар. Алар: Токтогул, Жеңиш, Нооруз жана Экопарк. Алардын арасында Экопарк көптөгөн жылдардан бери колдон колго өтүп келет. Чубактын чуусундай чубалган бул талаш жердин чырын учурда облустук сот карап жаткан кези.

 

Бул парктын тарых-таржымалы, максаты тууралуу «Экопарк» ЖЧКтын директору Сабыржан МАМАТАЛИЕВ буларга токтолду:

– 2007-жылы “Экопарк” деп атап, экологдор негиздегенбиз. Ошол жылы Өзбекстандан аткезчилик жол менен келаткан 730 түп арча көчөттөрүн салык инспекциясы колго түшүргөн. Ал кезде облустук экология башкармалыгынын башчысы Гамал Соронкулов менен биргеликте демилге көтөрүп, ушул көчөттөрдү өстүрүп калалы, бир чоң бак кылалы деп ошол кездеги губернаторго, мэрге кирип жүрүп ушул жерди бөлдүрүп алгам. Мэрия 8 гектар жерди 49 жылга берген. Бул жер илгери таштанды ташталган жер болчу. Жерди тегиздеп, баягы 730 арча көчөтүн олтургуздук. Кийинчерээк мэрия токтом чыгарып ушул эле биздин аймагынан  «Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү кызматына» 1,80 га жерди берди. Максатыбыз бир эле, айлана-чөйрөнү коргоо, экологияны тазартуу, көрктөндүрүү эмеспи деп алар менен талашпай 1,80 га жерге өз эрким менен тосмо кат жазып бергем. Алар учурда имаратын салып, күнөсканаларын куруп жайгашып иштеп жатышат. Ошондуктан азыр 6,20 га жер бизге карайт. Бул жердин мага тиешелүү экендигин тастыктаган документтердин баары бар. Жашыл күбөлүгүбүз, мамлекеттик каттоо кызматынан актыбыз, картабыз колубузда.

2008-жылы бул бакты каржылоого каражат жетишсиздигинен шаардык кеңештин токтому, мэриянын буйругу менен «Жусуп Бакиев» атындагы фонддун карамагына өткөрүүгө мажбур болдук. Андан соң аталган фонд тарабынан чындыгында көп иштер аткарылды. Дээрлик 3 млн. сомго жакын каражат сарпталды. 730 метр тосмо курулду, парктын аймагы курчалды. 100 машинадан көбүрөөк көң төктүк. Гредейдик тегиздөө иштери болду. Көчөттөрдү олтургуздук. Биздин бактар чоңоюп баштады. 2010-жылы Бакиевдер кызматтан кеткенден кийин паркты мэрия өз карамагына алып койду. Бул жылдар аралыгында шаар бюджетинен канча каражат кеткени белгисиз, бирок акчалар бөлүнүп турган. Муну кылдык, тигини кылдык деп акт түзүлгөн. Ал кагазда эле калган. Анткени бир көчөт тигилген эмес, эч кандай иш болгон эмес. Менде кабыл алуу-өткөрүү акттары бар. Тескерисинче мен өткөрүп берген көчөттөрдүн 10%ын кайра кабыл алдым. 2015-жылы бул жерде белгисиз себептерден өрт чыккан. Дээрлик  90% бак өрттөнүп кеткен. Ошентип облустук соттун чечиминин негизинде 2016-жылы биз  өзүбүзгө кайра алганбыз. Андан бери 1400 түп көчөт олтургуздум. Быйыл 800 көчөт олтургузам. Азыр эми Эркин Бегимкулов, тагыраагы “Арсланбап” жоопкерчилиги чектелген коому биздин Экопарктын аймагынан 4 гектар жерди талашып, райондор аралык соттон утуп алды. Ал окуя мындай болгон.

Эркин Бегимкулов 1996-жылы өкмөттөн бир токтом чыгарып алган экен. 21 жылдан бери бир нерсе кылбай эми сотко берсе райондор аралык сот анын пайдасына чечип бериптир. Мыйзам боюнча анын бул жерге тиешеси болбош керек. Анткени өкмөттүн токтому 3 жыл аралыгында жерге бир нерсе курулбаса же бир түп көчөт олтургузулбаса өзүнүн күчүн жоготот. Көп жылдык тажрыйбасы бар эколог катары мындай маселелерди жакшы билем. Негизи 2016-жылдын февраль айында райондор аралык соттун чечими менен биз “Экопарк”  жоопкерчилиги чектелген коому утуп алганбыз. Ал эми 2017-жылы Бегимкулов кайрадан ошол эле райондор аралык сотко арыз жазган. Сотко катышкам. Бирок сот менин сөзүмдү укпай эле, жыйынтыгын да мага угузбай Бегимкуловдун пайдасына чечип бериптир. Белгисиз себептер менен бизге айтпай, бизди кабардар этпей, чечимди угузбай туруп Бегимкуловго тиешелүү деп чечип коюшуптур. Азыр аппеляциялык доо арыз жаздык. Мэрия да кассациялык арыз жазды, алар да бул чечимге каршы. Сот кайсы мыйзамга таянып буга токтом чыгарып бергенине биз нааразыбыз. Бегимкулов 1996-жылкы чыккан токтомдун негизинде сотко берсе, бир дарак эгип койбосо да анын пайдасына кайсы мыйзамдын негизинде чечип бергени бизге кызык болуп жатат.

Жалал-Абад шаарынын элинин атмосферасын, абасын тазарталы, элдин ден соолугун сактайлы деген максатта бул ишти баштаганбыз. Өзгөчө Көк-Арт өрөөнүндө нефтени кайра иштетүүчү эки завод иштейт, башка дагы майда ишканалар бар. Алардан чыккан уулу затты зыянсыздандырууга бул бак маанилүү милдет аркалайт. Азыр бизде бир эле скважина болгондуктан суу тартыштыгы да бар. Бул биздин негизги көйгөй. Ошентсе да бакты көрктөндүрүүгө колубуздан келгенин жасап жатабыз. Ак кайың, көгүш Тянь-Шань арчасы, кайрагач, туя сыктуу парк зоналарына ылайык келген бардык бак дарактарды олтургузуп жатабыз жана бул ишибизди уланта беребиз.

 

Бул соттук процессте шаардык бийлик кайсы принципти карманаарын Жалал-Абад шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбеков айтып берди.

– Мен ал жерди документ боюнча 2008-жылы «Жусуп Бакиев атындагы Экопарк» болуп түзүлгөнүнөн бери билем. Андан мурдакыларын билбейм. Анткени эч ким документин алып келип көрсөткөн эмес. Бул жер мага тиешелүү болчу деп эч ким кайрылган эмес. Азыркы талаштуу сотто мэрия ал жерди парк болуп сакталып калышын колдойт. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин ал парк мэрияга өткөндөн кийин суу чыгаруучу скважинди оңдоо иштерине 30 миң сомдой акча коротулган. Андан ашыкча бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Ал эми көчөттөрдү биз жашылдандыруу чарбасынан алып эгип келгенбиз. 2016-жылы  Экопаркка берилген. Ал эми 2017-жылы райондор аралык сот болгонун, анда “Арсланбап”  ЖЧКтын пайдасына 4 гектар жер чечилгенин биз билбей калдык. Анткени сот болуп жатканын деле билген жокпуз. Сотко чакыруу келбеди, анын чечими да келбеди. Анан быйыл 2018-жылы март айында бизге мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Биз дароо облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылдык.

Анын сөзүн улай Жалал-Абад шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин бөлүм башчысы Чыңгыз Султанов мэрия облустук сотто райондор аралык соттун чечиминин туура эмес болгондугун далилдей тургандыгын билдирди.

–  “Арсланбап”  ЖЧК Экопарктын аймагына тиешелүү болгон 4 гектар жерди соттон жеңип алыптыр деп жакында эле уктук. Райондор аралык сот 2017-жылдын 22-февралында кабыл алган экен. Сотко чакыруу да келген эмес, чечимин да бизге почта аркылуу болсо да жөнөткөн эмес. Чечимди биз билээрибиз менен аппеляциялык тартипте облустук сотко арыз жаздык. Биринчи инстанциядагы бул чечим бир тараптуу каралып калган. Облустук сотто биз райондор аралык соттун чечимин туура эмес болгонун далилдейбиз. Бул жерде доонун эскирүү мөөнөттөрү деген бар. “Арсланбап” ЖЧК ал мөөнөттү 1996-жылдан бери өткөрүп жиберген деп эсептейм. Төрт гектар жер бул чоң аянт. Ал тургай 4 сотых болсо да ким болбосун «менин ушул жерде жерим бар эле» деп бул убакка чейин чыгышы керек болчу.  Бирок  алар 1996-жылдан бери ал жерге бир да жолу кызыгып, жок дегенде бизге шаардык мамлекеттик администрациянын буйругу  бар эле ошол жеримди кимге бердиңер деп бир да жолу кайрылган эмес. Ал жер 2007-жылы Экопарк болуп түзүлдү. Кийинки жылы Жусуп Бакиев фондуна өткөрүлдү. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин ал жерди карай турган эч ким жок болуп калгандыктан 2010-жылы шаардык сотко кайрылганбыз. Шаардык соттун чечими менен Экопаркка 49 жылга берилген токтом, буйруктарды биз жараксыз деп таап, өзүбүздүн кайра муниципалдык менчикти башкаруу комитетине кайтарып алганбыз. Биздин башкаруубузда болгон. Бирок «Экопарк» ЖЧКтын жетекчилиги келип «Бакты сактап калалы, ошол жерди карайлы, көрктөндүрөлү, бизге бергиле» деп кайрылышкан. 2010-жылдагы биздин шаардык соттун чечимин жокко чыгарууга облустук сотко даттанууга 2014-жылдын 20-ноябрында берип, шаардык мэрияга кайтарылсын деген чечимди райондор аралык сот карасын деп кайра жиберген. “Арсланбап” жоопкерчилиги чектелген коомго 1996-жылдын 22-августундагы №476 буйругу менен 4 гектар жер бөлүнүп берилип, ал жерге автотехсервис куруу үчүн уруксат чыккан экен. Бирок ал ишкана 2014-жылга чейин бир да жолу жерим бар эле деп бизге же башка органдарга кайрылган эмес.

Бул маселе боюнча Арсланбап” жоопкерчилиги чектелген коомдун чындыгын билели деп кайрылганыбызда Эркин Бегимкулов соттун чечимин күтө тургандыгын айтып кыскача сүйлөдү.

– Мен бул иш боюнча бир нерсе дебей эле турайын. Азыр бир нерсе десем, эртең сот башкача чечип коюшу мүмкүн. Биз соттун чечимин күтөбүз.

 

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17