Аймак

Алтынбек ЖУМАЕВ, Кочкор-Ата шаарынын мэри: “КАЛАЙЫК КАЛТЫН СУРОО-ТАЛАПТАРЫН КАНАТТАНДЫРУУ ҮЧҮН КҮРӨШӨБҮЗ”

Алтынбек ЖУМАЕВ, Кочкор-Ата шаарынын мэри: “КАЛАЙЫК КАЛТЫН СУРОО-ТАЛАПТАРЫН КАНАТТАНДЫРУУ ҮЧҮН КҮРӨШӨБҮЗ”

 3,669 Бардыгы /

 

Акыркы жылдары көзгө көрүнөөрлүк болуп өзгөрүп, өнүгүү жолуна түшө баштаган шаарларыбыз бар. Алардын бири Кочкор-Ата шаары. Биз аталган шаардын мэринен аткарылган иштер тууралуу маек курдук.

 

КОЧКОР-АТА ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ:

– 1952-жылы түптөлгөн;

– Ноокен районунун борборунан 13 км;

– Темир жол станциясынан 56 км;

– Аэропорттон 56 км алыстыкта жайгашкан;

– Шаар: Түндүк жактан «Тоскоол Ата» токой чарбасы, түштүк жана батыштан Момбеков айыл аймагы жана чыгыштан Ноокен айыл аймагы менен чектешет;

 

– Абал, эмгек жамаатыңыздын иш тажрыйбасы боюнча айта кетсеңиз?

– Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына 2017-жыл ичинде 6 кызматкер КРнын мамлекеттик кадр кызматы тарабынан тестирлөөдөн өтүп, жумушка кабыл алынды. Ал эми 6 кызматкер КРнын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгү тарабынан билим деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын уюштурулган окуу-курстарга жөнөтүлүп сертификаттарга ээ болушту.

Кочкор-Ата шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин жылдык аткарган ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү боюнча бардык аппарат кызматкерлерине кварталдык жана жылдык баалоо түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлүп, «үлгүлүү», «эң жакшы», «жакшы» деген баалар коюлуп, биринчи жана кезектеги класстык чендер ыйгарылып, эмгек акы төлөө торчосундагы кийинки кадамга, коэфицинтке өттү.

 

– Өткөн жылдагы, сиздерге келип түшкөн арыз катар боюнча дагы токтоло кетсеңиз?

– Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жалпы бөлүмүнө 2017-жылдын 12 айына карата жогорку органдардан, мекеме-ишканалардан, жарандардан 1488 кат катталды. Анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерин жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинен жалпысынан 11 кат келип түшүп, мөөнөтүндө аткарылган.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан 467 кат келип түшүп, азыркы учурда 1 токтом, 2 буйрук, 9 кат кароодо. Шаардагы мектеп, балдар-бакчасы жана мекеме-ишканалардан 334 кат келип катталып, учурда 3 кат кароодо. Жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар, даттануулар жалпысы 609, анын ичинен ар кандай мазмундагы арыздардын саны 465. Ал эми турак-жай боюнча 137 арыз катталган. Жеке кабыл алуумда 7 арыз катталып, бардык жарандарга өз мөөнөтүндө жооп берилип, тиешелүү жардамдар берилди.

2017-жылдын 13-июлунан тартып, иш кагаздар документтердин аткарылышын контролдоонун автоматташтырылган системасы (АКСИД) программасы менен жүргүзүлүүдө.

 

– Шаардын борборундагы ыңгайсыздыкты жараткан кызыл сызыкка чыккан курулуштар боюнча кандай иш чараларды көрө алдыңыздар?

– Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарына алып барган Гагарин, Октябрь жана Токтогул көчөлөрүнөн, Ош-Бишкек тарссасынын жээгиндеги, базардын айланасындагы кызыл сызыкка чыккан курулушутар жана жайма сода түйүндөрүн, курулуштарды алуу, буздуруу, ирээтке келтирүү боюнча бир нече жолу рейддер жүргүзүлүп, Ош-Бишкек трассасынын жээгиндеги жеңил конструкциядагы сода түйүндөр, мөмө жемиш сатуучулар, гагарин көчөсүндөгү тандыр жана контейнерлер алынды. Ошону менен бирге 96 804 сомго түзүлгөн 9 ижара келишимдери токтотулду.

Ош-Бишкек жана ички жолдорго мыйзамсыз чыгып кеткен 28 курулуш ээлерине эскертүү берилип жыйынтыгында орточо 500-600м2 жер бошотулду.

Пионер, Мурадян, Луговая, Тургенев – 2, Ломоносов көчөлөрүн асфальттоо боюнча шаардын генералдык планынын негизинде тротуарга чыгып кеткен курулуштарды бузууга шаар тургундарына эскертүүлөр берилип, 18 жеке менчик объекттер бузулду.

Ал эми эскертүүнү өз убагында аткарбаган жарандардын курулуштарын мыйзамдуулугун текшерүү жана тиешелүү чара колдонуу үчүн экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылуу каты жөнөтүлдү.

2018-жыл ичинде болуучу жумуштарга даярдык Садовая, 1-май, Ленин, Транспорт, Гагарин, Хлебный көчөсүн кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча Ноокен райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын адистери менен биргеликте шаардын баштапкы планынын негизинде кызыл сызыкка чыгып кеткен, жасалган долбоорлорго тоскоолдук жараткан курулуштарды бузуу боюнча текшерилип, 32 жаранга эскертүүлөр берилди.

 

– Шаар ичиндеги жолдордун абалын жакшыртуу боюнча кандай көңүл буруп жатасыздар?

– Шаарыбыздагы көчөлөрдүн катарында Пионер көчөсүн кеңейтүү, асфальтоо төшөө жана Садовая/Пионер көчөлөрүн реконструкциялоо боюнча “Жалал-Абад АБЗ” ААКу менен 12 млн 342 миң  190 сомго келишим түзүлүп, жумуштар аткарылып бүткөрүлдү. Кочкор-Ата шаарындагы ден соолукту калыбына келтирүү борборунун (эски санотория) ички жолдоруна асфальт төшөө иштери “Трасса” ЖЧКсы менен 483 190 сомдук жумуш аткарылды.

 

– Тазалыкты сактоо боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп келет?

– Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көркөтө санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасы тарабынан 2017-жылда шаар аймагында жайгашкан мекеме ишканалардан бардыгы 1756м3, борбордук көчөлөрдөн бардыгы 6038м3 жана шаар тургундарынын үйлөрүнөн бардыгы 5498м3 тиричилик таштандылары, шаардын сыртында жайгашкан таштанды төгүүчү аянтчага ташылып төгүлдү.

Ошондой эле шаар аймагындагы мекеме ишканалардан 239м3, ЖБО (суюк тиричилик чыгындылары) сордурулуп чыгарылды. Таштанды төгүүчү аянтчага (полигон) 4 жолу сүрдүрүү иштери жүргүзүлдү. Таштанды төгүлүүчү аянтчаны жана шаар ичиндеги таштанды таштоочу жайларды дезинфекциялоо максатында 1300 кг гипохлорид порошогу сатып алынып толугу менен чачылды. Жалпысы: 13 292 м3 (катуу тиричилик чыгындылары) шаардын сыртында жайгашкан таштанды төгүүчү жайга ташылып төгүлдү.

Таштандыларды ташып чыгууга бардык шарты бар үйлөрдө жашаган тургундарга белгиленген тариф ар бир адамга 15 сом 98 тыйын, жер үйлөрдө жашаган тургундарга белгиленген тариф ар бир адамга 17 сом 35 т, ал эми мекеме ишканаларга 671 сом 87 тыйын өлчөмүндө белгиленген.

 

  • Жашоо-турмушу, акыбалы оор атуулдарга да камкордуктарды көрүп келесиздерби?
  • Өткөн жылы, Кочкор-Ата шаарында жашаган жакыр 1320 жаранга 1 млн 487 миң 625 сом жардам бердик.

 

  • Өткөн жылы сиздерде, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата кандай иш чаралар өткөрүлдү?
  • Былтыр бардык даталуу күндөргө карата шаардык бюджеттен акча каралып, иш чаралар уюштурулду. Айтсак, 23-февраль мекенди коргоо күнүнө карата шаар аймагындагы орто мектеп окуучуларынын жана окуу жайлардын студенттеринин арасында шаардык деңгээлде аскер темасында ардагер аксакалдарга, Ооган согушунун ардагерлерине, Баткен коогалаңынын катышуучуларына концерт тартууланды. Андан сырткары 8-март – аялдардын эл аралык күнүн өткөрүүгө 16 500 сом; Нооруз майрамын өткөрүү үчүн 18 180 сом; 1-май – эмгек майрамын белгилөөгө 9600 сом бөлүндү. 9-май – Улуу Жеңиштин 7 жылдык маарекесин белгилөөдө шаардагы УАМСтын 2 ардагерине 20 000 сомдон  жана 10 жесирине 10 000 сомдон жалпы 140 000 сом каражаты социалдык бөлүмгө каралган каражаттын эсебинен майрамдык колдоо катары берилди. Майрамдык салтанаттуу парадды уюштурууга 15 210 сом түрдүү чыгымдан каржыланып берилди. Энелер күнүнө 46 000 сом түрдүү чыгымдардан бөлүнүп берилди.

Былтыркы жылдын 22-майында шаар аймагындагы орто мектептердин социалдык педагогдору сунуштаган кооптуу топтогу балдарга, көйгөйлүү балдарга, ата-энеси чет жердеги жалпы 100дө окуучуга “Жашоо сонун карачы!” аттуу семинар-талкуу өткөрүлүп, балдарга керектүү маалыматтар берилди.

2017-жылдын 10-майынан 20-майына чейин шаардагы 7 кварталда жана шаар аймагындагы 4 орто мектептердин ата-энелерине КААБдын мүчөлөрү менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу, диний экстремизмди болтурбоо, турак-жайларды өрттөн, табигый кырсыктардан камсыздандыруу, санариптик телеберүүгө өтүү шарттары, балдарга зордук-зомбулукту болтурбоо, ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча мэр баш болгон жумушчу топтун эл менен жолугушуулары өткөрүлдү.

Балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга шаар аймагындагы орто мектептердин социалдык 45 окуучусуна ар бирине 3700 сомдук жолдомо “Арсланбап-Ата” эс алуу борборуна берилип, жалпы 166 500 сом акча каражаты шаардык кеңештин сессиясында колдоого алынып, бөлүнүп берилди.

1-июнь – бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн белгилөөгө түрдүү чыгымдардын эсебинен 30 500, социалдык бөлүмгө каралган каражаттын эсебинен 22 500 сом ата-энесинен ажыраган, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн майрамдык белек-бечкектер алынып берилди жана шаар балдары үчүн майрамдык балмуздактар таратылды. Сүрөт сынактары уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты.

Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайлар менен мектептер арасында кароо-сынак уюштурулуп ага 8000 сом каралды. Ал эми 1-октябрь Карыялардын күнүнө карата 83 420 сом бөлүндү.

2017-жылдын 7-августунда шаардын 7 кварталынын балдар-өспүрүмдөрүнүн арасында футбол, теннис, волейбол боюнча спорттук мелдештин биринчи туру өткөрүлдү. Бул иш-чараны уюштурууда байге үчүн 30 000 сом жергиликтүү бюджеттен каралды.

Эгемендүүлүк күнүнө карата шаарыбыздын жаштарынын катышуусунда Манастын образы чагылдырылган театралдык көрүнүш менен башталган, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концертке 161 500 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Жаңы жылдык балаты майрамын белгилөөгө 156 000 сом берилди, андан сырткары 70 000 сомго 200 социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн балдарына белек-бечкектер берилди.

– Маегенизге рахмат!

Маектешкен: Таалайбек Мавлянкулов, “Аймак”    

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17