Аймак

ЧОҢ АТАЛАРДЫ ТАБУУГА БОЛОТ ЭКЕН! ЖЕ, ЖЕТИ ЖЫЛДЫК ЭМГЕКТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ.

ЧОҢ АТАЛАРДЫ ТАБУУГА БОЛОТ ЭКЕН! ЖЕ, ЖЕТИ ЖЫЛДЫК ЭМГЕКТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ.

 7,071 Бардыгы /

Улуу Ата Мекендик Согушка кетип, кайтпай калган чоң атасынын каза болду деген кара кагаздан башка кабары болбогон дайынын тактап билүүдө талыкпай иштеген, котормочу Асел Жукенова менен маек курабыз.

 

-Асел айым, Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калган чоң атаңыздын дайынын тапканыңызды угуп калдык. Алгач, чоң атаңызды издөөгө кандайча, кантип  киришип калдыңыз, ушуга токтолсоңуз?

-Чоң атам Узаков Жүкөн 1942-жылы күз айларында Нарын аймагынан согушка кетип кайткан эмес, дайынсыз жоголгондордун катарында эле. Чоң атабыздан менин атам – Жукенов Рысбек 3 жашында жана кызы Жукенова Осуйпа – бир жашында калышкан экен. Өзүмдүн атам «атамдын дайыны табылып калса, коюлган жерине барып куран окуп, топурак салып келсем»,- деп айткан сөздөрү чоң атамды издөөгө себеп болду.

Мурда, союз учурунда бардык материал жашыруун болгондуктан, согуштан дайынсыз жоголгон дегенден башка кабар жок болчу. Азыр интернет тармагынын жардамы менен көп маалыматтарды билүүгө болот, мындан сырткары УАС жөнүндөгү бардык материалдар ачыкка чыксын деген чечиминин негизиндеги Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин Жарлыгы абдан жакшы жөрөлгө болду. Бул жерден кыргызстандык активист  Каныбек Мырзакановдун эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Бул адам дагысогушта дайынсыз жоголгондорду табууга жардамберип келе жатат.

 

-Адегенде кайсыл жакка кайрылдыңыз?

-Мен алгач 2011-жылдан тартып интернет тармагынан көптөгөн сайттардан издей баштадым, өзүбүздүн Кыргыз Ргспубликасынын Коргоо министрлигине, райондук, облустук военкоматтарга суроо- талап жибердим. Эч бир жерден оң жооп келген жок, чоң атамдын дайынын эч бир жерден таба алган жокмун. Эмнегедир ушул ирет таба албагандыгым үчүн ичим ачышты, чоң атамдын курман болгон жерин табуу моюнума милдет болуп кала берди.

Кийин, маал-маалы менен издештирип коюп жүрдүм. 2015-жылы кайра издөөнү тынымсыз уланта баштадым. ОБД «Мемориал» сайтыhttps://obd-memorial.ru/html/index.html – УАС катышкан бардык жоокерлердин толук маалыматы камтылган ири көлөмдүү маалымат булагы. Ушул сайттан чоң атабыздын дайыны табылган, муну биздин чоң атабыз Узаков Жүкөн менен чогуу 23 адамдын аты жазылган 182-аткычтар дивизиясы тарабынан түзүлгөн каза болгондугу тууралуу акт далилдеп турат.

Ушул актынын негизиндеги маалыматтар менен кайра издештирип Новгород областынын Старая-Русса районунун Пенно айылынын аймагында каза болгондугу маалым болду. Старая Русса районуна бир нече каттарды жаздым. «Книга памяти» деген курман болгондордун тизмесинин арасынан бирден карап издеп чыккам. Бирок, эч бир жерде аты аталган белги коюлган эмес, дагы деле дайынсыз бойдон кала берди. Ар бир издөө үчүн 3-4 айдан ашуун убакыт бою интернет сайттарын карап чыгууга туура келген эле.

Акыркы ирет, 2017-жылдын октябрь айында кыргызстандык «Вечерний Бишкек» гезитинин кбарчысы, көп жылдан бери УАС катышуучуларын издөө боюнча жумуштарды аткарып келген Светлана Лаптева  аркылуу таап алдык. Чоң атабыз коюлган жер экенин далилдеп турган, мен жогоруда айткан актыдагы тизменин ичинде аты-жөнү жазылган Желтиков Иван деген лейтенанттын жеке өзүнө таандык төш белгиси табылган.

Эми, буюрса атамдын көп жылдан бери жүрөгүн өйүп келген мүдөөсү аткарылып, атанын бейитине топурак салып, арбагына зыярат кылып келгени турат.

 

-Согушка кетип, дайыны билинбеген аталарыбыз тууралуу маалыматты биздин тиешелүү органдардан толук алууга болот  бекен же кандай кыйынчылыктар орун алды?

-Эми, бул маселе боюнча менин жеке практикамда биздин тиешелүү органдардан маалымат ала алган жокмун. Бул боюнча эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Убагында көп жерлерде архивдик материалдар өрттөнүп кеткен экен. Аларды калыбына келтирүү мүмкүн эместир.

Мындан сырткары, бизде архивдик материалдарды санариптештирүү, электрондук форматка өткөрүү боюнча жумуштар жаңыдан гана колго алынып келе жатат. Буюрса, жакынкы аралыкта биздин Кыргызстандын дагы архивдик материалдары ачыкка чыгарылып санариптик форматка өткөрүлүп калат деген үмүтүм бар. Бул издөө иштерин кыйла жеңилдетет.

Ал эми согуштан кайтпай калган туугандарын издеген адамдарды талыкпай издей бергиле, бардык мүмкүн болгон булактарды карагыла, бардык мүмкүн болгон инстанцияларга жазгыла, акыры табылар күн келет деп, учурдан пайдаланып айткым келет. Себеби бир дагы жоокер дайынысыз калбашы керек, алар тарыхта аты кала турган адамдар, биздин келечек үчүн өмүрүн берген аталарыбыз! Биз аларга таазим кылууга милдеттүүбүз! Издеңиздер, үмүтүңөрдү үзбөгүлө дегим келет.

 

– Сиз 7 жыл издөө менен алектендим деп жатасыз, демек көшөрүп аракеттенген өңдөнөсүз. Бул, албетте, оңой иш эмес, «бул ишти токтотуп эле койюн, табылбайт болуш керек» деген ойлор да болдубу?

-Кызык суроо бердиңиз. Ошондой бир аз ой жылт этет, бирок чоң атамды табуу мен үчүн чоң милдет, моюнумдагы жүк болуп калган экен. Атам Рысбек өзү абдан сыпайы, адамдын көңүлүн оорутпаган адам, ал киши менен жолукканда «балам баягы издөө иштериң кантип атат» деп акырын астейдил сурап койчу. «Таба алган жокмун» деген сөздү айтыш мен үчүн намыс эле, өзүмдү адам үмүтүн актай албай калган күнөөлүүдөй сезип калар элем. Ошол сөздөр мага ого бетер дем берип, кайра көшөрүп издей берчүмүн. Акыры, жети жылдан кийин чоң атамдын дайыны, барып куран багыштай турган сөөгү коюлган жери табылды!…

 

-Ал эми атаңыздын, атаңыздын карындашынын бул кабарды уккандагы абалын айтып берүү да жеңил болбосо керек?

-Алгач, Светлана Лаптева менен телефон аркылуу сүйлөшүп дайынын биринчи уккан мен болдум, албетте ыйладым (Асел кайрадан көзүнө жаш алып…). Анан журналистти алып атама бардык. Барсак атам калыбындай сыр билгизбей тосуп алды. Бир убакта журналист Старая Русса шаарынын администрациясынын өкүлү менен сүйлөшүңүз деп телефонду атамын колуна берген учур түбөлүк эсимде калат деп ойлойм. Ошол учурда мен үчүн аска зоо болгон, олуттуу сынынан жазбаган салабаттуу адам – менин атам өзүн кармай алган жок. Атамдын ордунда 76 жыл мурдагы атасынан ажыраган жаш бала телефондун ары жагындагы бейтааныш адамга ырахматын айтты да, баладай буркурап ыйлап турду. Көкүрөгүндөгү топтолгон балалык ыйы, жетимдиктин азабын тарткан ызасы төгүлдү деп ойлойм. Бул абалды көргөн адам ыйлабай, жөн эле тура алмак эмес.  

 

-Эми, азыр кандай иштер болуп жатат?

-Чоң атабыз табылган учур кеч күз болуп калды, анын үстүнө, атам улгайып калгандыктан,  күн жылыган кезде Жеңиш күнүндө ошол Орусиянын Новгород областынын Старая-Русса районунун Давыдова айылына баралы деп чечтик. Каржылык колдоо сурап кайрылуу жазган жерлер болду, анын үстүнө, азыркы мамлекеттик бюджеттин абалы баарыбызга маалым. Бир туугандарыбыз атамды,  атамдын карындашы-эжебизди жана апабызды коштоп, өз каражатыбыз менен барып келүүгө камынып жатабыз.  

Буюрса, жолго авиа билеттерди алып, барчу жерибизде бере турган белектерди камдап койдук. Кудайым жол берсе, атам уул катары милдетинен кутулуп, атасынын арбагына куран багыштап, топурак салып келем деп, толкунданып  турган учуру.

Кошумчалап айтып койчу сөз, жогоруда айткан тизмеде 23 адам бар, алардын ичинен кыргыз, мусулман болушу керек деп болжогон АкматалиевЧакен, Үсөмбаев Абдраш, Дүйшөнов (аты белгисиз), Сафин Садык, Данашпаев Сармен, Байтериков Медылкан деген деген ысымдар бар, аларга дагы багыштап куран окуп келебиз.     

 

Рахмат, Асел айым. Бар болуңуз, аман болуңуз!

 

P.S. Ал эми, Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган менин өзүмдүн чоң атам Темиров Асан тууралуу кара кагаздан башка толук маалымат табыла элек…

Аселдин өз атасы Жукенов Рысбек

Эжеси, Жукенова Осуйпа

Зирек Асанова, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17