Аймак

СООДАГЕРЛЕРДИН КАЙГЫСЫНА КИМ ОРТОШТОШ БОЛОТ? же өрттөн кийинки абал кантти?

СООДАГЕРЛЕРДИН КАЙГЫСЫНА КИМ ОРТОШТОШ БОЛОТ? же өрттөн кийинки абал кантти?

 1,860 Бардыгы /

 13-апрель Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт чыккан. Анда негизинен борбордук базардын “Эт сатылуучу павильону”, “Ташкент катары” жана “Жер-жемиш сатылуучу” бөлүктөрү күйгөнү маалым.  Адам өмүрүн алган жагдай жаралган жок.  Бирок материалдык жактан соодагерлер бир топ чыгымга учурашты. Ал жабырлануучуларга мамлекет канчалык деңгээлде жардам берет? Же өз арабасын өзү тартсын деп жеке ишкерлерге кайдыгер карашабы?

 

Урматбек МАМАТОВ, вице-мэр: “ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАРДАН КОЛДОН КЕЛГЕН ЖАРДАМДЫ АЯБАЙБЫЗ”

Жалал-Абаддын борбордук базарында 12-апрелден 13-апрелге караган түнү өрт кырсыгы болгон. Ошол эле заматта саат 1:57де өрт өчүрүү кызматына маалымат келип түшкөн. Маалымат келер менен 5 мүнөттөн соң  өрт өчүрүү кызматы тарабынан өрткө бөгөт коюу иштери жүргүзүлгөн. Саат 3:17де өрткө бөгөт коюшкан. Ал эми толук өрттү 6:17де өчүрүп бүтүшкөн. Өрттүн кесепети боюнча 36 соодагер жабыр тарткан. Анын 16сы “Амантур +” ЖЧКнын соодагерлери, 13ү муниципалдык базардын жабырлануучулары, 7 адам бул жеке ишкерлер болгон. Өрттүн жалпы чыгымы 33 млн, бул соодагерлер тарабынан берилген маалымат. Бүгүнкү күндө дагы тактоо иштери жүрүп жатат. Өрт эмне себептен чыкканы тиешелүү кызматкерлер тарабынан изилденип, эксперттер иш жүргүзүүдө. Ошол эксперттердин жыйынтыгы менен биз толук маалымат айта алабыз. Мамлекет тарабынан жардам берүү боюнча буйрук чыкты, комиссия иштеп жатат. Алар бизге тактап айтышса, ошого карап аракет кылабыз. Жеке ишкерлер тарабынан банктан 9 млн сомдук насыя алынган экен. Биз банктын өкүлдөрү менен сүйлөштүк, жанагы жыйынтыктын чечими менен иш алып барабыз жана колдон келген жардамы аябайбыз.

 

Закиржан АНАРБАЕВ, “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалынын директору:“СООДАГЕРЛЕР КАМСЫЗДАНДЫРУУДАН ӨТПӨГӨНДҮКТӨН, БИЗ ЭЧ КАНДАЙ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ”

13-апрелдеги Жалал-Абаддын борбордук базарында чыккан өрт боюнча маалымат айтсак,  ал жердеги соодагерлердин, деги эле област боюнча камсыздандыруу полисин алган базар боло элек. Камсыздандыруу уюмуна өтүү ыктыярдуу болгондуктан биз аларды милдеттүү түрдө өт дебейбиз. Бирок ошого карабай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Эгер соодагерлер бул уюмга өтөм десе, сөзсүз түрдө өрт сигнализациясы, өрт өчүрүүчү (огнетушитель) мындан сырткары эң негизгиси бирден-бир көйгөй өрт өчүрүүчү унаалар жолго бата тургандай болушу, бул сыяктуу талаптар аткарылса, биз камсыздандыруудан өткөрөбүз. Эгер чукул кырдаал жаралып, материалдык жактан жабыр тарткандар болсо, биздин мекеме тарабынан сөзсүз түрдө кеткен чыгымдарын төлөп беребиз. Тилекке каршы соодагерлер полистен өтпөгөндүктөн биз эч кандай жардам бере албайбыз. Өзүбүздүн уюм боюнча айтсам 2016-жылдан тартып иштеп жатабыз. 2016-жылы 1330 турак жай камсыздандырылса, 2017-жылы 9667ге жеткен. Бул көрсөткүчтөн алып айтсам биздин жарандарыбыз бул маселеге түшүнүү менен мамиле жасап атышат. Себеби бул камсыздандыруу уюму бүгүнкү күндүн талабы.

Сулайман ОСМОНОВ, шаар тургуну: “БИРГЕЛЕШИП ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ КЕРЕК”

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт чыгып, анын кесепетинен биздин шаарыбыздын тургундары жабыр тартты. Адамдын өмүрүн алган жагдай Кудайга шүгүр болбоду бирок, материалдык жактан бир топ чыгымга учурашты. Булардын көпчүлүгү үй-бүлөлүү, бала-чакалары бар адамдар. Алар негизги кирешени ушул базардан алып жатышкан. Ушуларга мамлекет тарабынан кандайдыр бир деңгээлде жардам болсо, алар бутуна туруп алышына себепчи болсо болмок. Менин угушум боюнча булардын көпчүлүгү банктардан же башка финансылык уюмдардан насыя алып, ошонун негизинде өздөрүнүн бизнестерин жүргүзүп жатышкан. Мындай кырсык кайталанбашы үчүн базарлардын ээлери, өрт өчүрүүчү кызматтар жана өкмөт тарабынан биргелешип чараларды көрсө, баары үчүн жакшы болмок.

 

Улан ИСАБАЕВ, ЖЧК “Амантур +” базарынын көзөмөлдөөчүсү: “КЕЛГЕНИБИЗДЕ БИЗ ТАРАП КҮЙӨ ЭЛЕК БОЛЧУ”

Бул жер ЖЧК “Амантур +” (павильон) базары. Мен бул базардын көзөмөлдөөчүсү болом. 12-апрелден 13-апрелге караган түнү бизге саат 02:05 өткөндө кабар келди. Биз келгенде бул тарап күйө элек болчу. Ошол учурда өрт өчүрүү кызматынын суусу түгөнүп калды. Кайра сууга барып келгенче, өрт биз жакка өтүп кетти. Ал эми өрт Ташкентскийдин ылдый тарабынан мөмө-жемиш сатылчу жактан чыккан. Биздин базардан 10 дүкөн, 6 приловка жабыр тарткан. Приловканын ичинен төртөө жумуртка саткандар, 2 чучук саткандар.

 

Нургүл КАСЫМОВА, соодагер: “2 МИЛЛИОН СОМДУК ТОВАРЫМ КҮЙДҮ”

Мен Жалал-Абаддагы ЖЧК “Амантур +” базарында соода кылат болчум. 13-апрель бизге түнкү саат 2:47де чалуу түштү. Биз базарга  барганга чейин саат 3төн өттү. Барсак эч нерсе калбай, күйүп бүтүптүр. Өрт өчүргүчтөр биз жакты өчүрүп жатышыптыр. Киргенге мүмкүн болбоду. Биринчи өрттүн чыгышы Ташкентский жактан чыккан экен. Ал жакты өчүргүчө павильонго өтүп кетиптир. Эмне себептен бир кичине жерден чыккан өрттөн биз жабыр тартып калышыбыз керек? Биз ал жерде канча жылдан бери иштесек. Патент төлөп келебиз. Эмне болгон чакта да мамлекет бизге жардам колун сунуш керек да. Бизге базар күйүп жатканын эртерээк айтса, жок дегенде кассабыздан акчаларыбызды, документтерибизди сактап калганга аракет кылат элек го. Качан гана күйүп түгөнгөндө уктук. Жабыр тарткандар жүгүрүп, мэрияга барып жатабыз. Бирок жыйынтык жоктой. Бизден документтерди алышкан, “Бишкекке алып кетти” дешти. Ал жакка алып кеткен менен бизге чара көрөбү же көрбөйбү ошого тынчсыздануудабыз. Кайсыл жерге барып кайрылбайлы “эксперт күтүп жатабыз” деген шылтоолорун айтышууда. Эксперт биздин күйгөн товарларыбыздын акчасын чечип бербейт да. Бизге төлөбөй турган бекер акчаны эч ким карматпайт аны түшүнүп турабыз. Биз суранат элек, бизге процентсиз акча чыгарып берсин, биз базарыбызды кайрадан баштайлы, тирилигибизди кылалы анан ошол алган акчаларыбызды төлөйлү. Канча жылга бере ала турган болсо, ошол жылга чейин иштетели. Ошол берген акчасын төлөйбүз. Күйгөн товарларымдын жалпы суммасын айтсам 2 млнго жетет. Андан сырткары банкта карыздарым да бар.

 

Жанарбек КЕЛДИБЕКОВ, соодагер: “МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН ЖАРДАМ КҮТТҮК…”

Бул жерде апамдар 22 жылдан бери иштеп келген. Ошол түнү кабар келген. Биз келгенде бардык жер күйүп жаткан экен. Ошого байланыштуу өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан киргенге уруксат беришпеди. Кийин анан өзүбүзгө байланыштуу нерселерди көргөнгө келгенибизде бардыгы күйүп болгон экен. Мамлекет тарабынан жардам күттүк тилекке каршы жардам келген жок. Тазалоо иштерин да өзүбүз кылуудабыз. Жок дегенде ушуга жардам берет бекен десек, мында да жок. Таштандыларды да өзүбүз жакын санаалаштарыбызды чакырып тазалоодобуз. Ал эми бизден өрттө күйүп зыян тарткан жалпы суммабыз 150 миңди түзөт.

Базарды атайын өрттөдү деген күмөн бир аз чындыкка жакындай сезилет. Себеби эки базар бир убакытта күйгөнү шек жаратууда. Дагы билбейм, бирөөнүн өрттөгөнүн өз көзүм менен көрбөдүм ошондуктан так айта албайм. Өрт болордон 2-3 күн мурун өрт коопсуздук кызматынан келип, базарга даярдык кылып кирип көрүшкөндө, кире албай кетишкенин көргөнбүз. Андан кийин эле атайлагандай бул окуя болуп отурат. Бирок бизде “Амантур +” базарынын жетекчилиги бизге жайыбыздан 20 метр жылганга да уруксат бербейт. Анткени ортодо ары-бери кеңири басканга, өрт өчүргүчтөр кире турган системаларына бардыгы жакшы берилген. Ал эми  сырт жакта акча үчүн орундарды бере беришкендиктен өрт өчүргүчтөр кире албай калган.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17