Аймак

АТАМДЫ КӨРҮП ЭЛЕ, КУЧАКТАП АЛЫП ЫЙЛАЙ БЕРДИМ…

АТАМДЫ КӨРҮП ЭЛЕ, КУЧАКТАП АЛЫП ЫЙЛАЙ БЕРДИМ…

 5,588 Бардыгы /

Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын жеңишти камсыз кылуудагы азап-тозоктуу басып өткөн жолу айтылып бүтпөгөн роман болсо, алардын аман келишин ар дайым үмүт менен күтүп, бир жагынан ооруктагы турмушту улап тургандардын баштан кечирген учурлары өзүнчө бир узун кеп.

 Бизге Жалал-Абад областынын Сузак районундагы “Кыз-Көл” орто мектебинде 40 жылдан ашык мугалим болуп иштеп, азыр эс алууда жүргөн Тургунбаева Даткайым эжеке ошол согуш мезгилиндеги айрым учурларды эскерип,  айтып берди.

-Даткайым эжеке, атаңыз согушка кеткен учур эсиңиздеби?

-Мен эс тартып келе жаткан учурда, атам Солтоев Тургунбай 1941-жылы согушка кеткен. Апам, менден кийинки сиңдим болуп үчөөбүз калдык. Апам ошол кездеги Өсүмдүк колхозунда иштеп, бизди багып жүрдү. Бирок бизди таятам Абдыкадыров Борбугулдагы өзүнүн камкордугуна алып жүрчү.

-Атаңыз согушта жүргөндө сиз эмнелерди ойлонот элеңиз?

-Биздин да өзүбүзгө тиешелүү аткара турган иштерибиз болор эле, козу-улак, торпокторду карап, отун, куурай терип, үйдөгү иштерге кол кабыш кылат элек. Тайэжем Паашайым, сиңдим Турдукан болуп ошол иштерибизди аткарганча, жаздын күнү гүл тергенче биз жашаган Ак-Тоок айылында Чон Күнгөй деген бийик дөбөнүн чокусуну чыгып, ылдый же түштүк тарапты карап, “Тээтиги көк түтүн болуп турган жерде атам душмандар менен согушуп жатат, Атам жакында келет деп, отурууп-отурууп, анан кайра үйүбүзгө келет элек.Кийин ойлосом ал жерден Жалал-Абад шаары деле даана көрүнө бербейт экен. Деген менен, балалык кыялда ушундай элестетсек керек.

-Атаңыз кайсыл жерлерде согушуп жүргөн экен, кат-кабар келип турчу беле?

-Айрым учурларда гана кат келип турчу, андан биз тынчпыз, Куда кааласа, аман болсок барып калабыз деп жазылганы эсимде. Атам Украинада, көбүнчө Сталинградда болгон экен.

 –Согуш учурун атаңыз кандай айтып берет эле, ок тийбеген бекен же?

-Атамдын оң колунун билегине ок тийип, жарадар болуп жатып калыптыр. Бул алааматты айтып берүү оңой эмес дейт эле атам. Ал жерде курман болгону деле, жарадар болгону деле колго илинип калса жакшы, болбосо ошол жерде деле калып калгандар болду, менин бактым бар экен, арабага эптеп илээшип, буттарым салаңдап, госпиталга келип дарыланып, жакшы болуп, кайра согушуп жүрдүм деп айткан атам. Атам көп эле учурларды айтчу, менин эсимде калган айрымдары мындай:“Атам согушуп жүрүп, кан каңырсып, анан бир токойдуничин аралап келе жатса, бир ат-жылкы туруптур, жанына келсе ал аттын көзүнөн жаш агып, ыйлаап жатыптыр дейт, дагы бир учуру: атам курсактары деле тоюп, тойбой, ага деле карабай каармандык менен күрөшүп жүрүшкөнүн да айткан эле, ошондой учурларда рюкзагында бир нан болгон экен, бирок аны кыйла күнгө чейин жебей, дагы бир ачка болгондо жейм деп, бир күнү караса, нан көгөрүп кеткен экен”.

Айткан сөздөрдү убагында жазып жүрүш керек экен. Анткени ал учурду баяндаган ар бир сөздө жеңишке жетишүү аракети камтылып турат эмеспи.

-Атаңыз согуштан качан келди жана сиз кантип тосуп алдыңыз?

-Таятамдар, жаз келгенде Жошо, Мусаке деген жайлоого чыгып, кеч күзгө чейин жүрөт эле. Мен чыйраак болгондуктан, мени дайыма өзү менен ала жүрчү. Согуш бүтүп, биздикилер жеңиптир дегенди уккандан кийин атамды күн санап күтүп жаттык.1945-жылы сентябрь айы болчу. Мен, адаттагыдай эле таятамдар менен Мусаке жайлоосунда жүргөнбүз. Бир күнү жаңгак дарагына чыгып алып, ааппак жангактарды терип жатканмын. Бир маалда эле таятам – “Даткайым, кызым, түш жаңгактан, атаң келиптир”, – деп чакырып калды. Дарактан кандай түшкөнүмдү деле билбейм. Анан таятам мени атка мингизип, өзү эшекке минип, бир чоң эчкини жетелеп, айылга келдик. Таятам кыздарды кыйын сыйлайт эле,  мени дагы дайыма атка мингизип, өзү эшекчен жүрөт эле.Ал эми, жайлоодон келе жаткандагы жол мага буга чейин мындай узак болуп сезилген эмес эле… Келсек, атам шинелчен, башына шапке кийип, ары-бери басып жүргөн экен. Мен аттан түшүп эле, чуркап барып, атамды кучактап алып, кое бербей ыйлай бердим… Атам мени “ыйлаба, кызым, өлбөй, аман-эсен келдим”,- деп сооротуп жатты. Таятам эчкини курмандыкка чалып, атамдын аман келгенинин урматына айыл-ападагыларды чакырып, кудайы (түлөө) өткөрдү. Ошол учурда айылдагылар арасында “Борбугулдун күйө баласы Тургунбай, иниси Исакул, өз уулу Козубай дагы аман келишти, биздикилер эмнеге келбейт”, – деп ыйлагандар да болгон экен.

-Атаңыз келгенден кийин жашоо-турмуш кандай уланды?

-Атамды бир нече күндөн кийин мени мектепке алып барып, кызымды окууга алып келдим деп мугалимдерге дайындады. Өзү Өсүмдүк колхозунун бригадири катары шайланып, элдин ишеничин аткарып, планды толук аткарып, сый-урматка ээ болуп иштеп жүрүп, 79 жашында тың бойдон бул жашоо менен кош айтышты.

Атам согушта, колхоздо аткарган татыктуу кызматтары үчүн орден-медалдар менен сыйланган. Аларды сүрөтүнөн көрүүгө болот.

Окурмандарга эмне кеп кошумчалап кетесиз?

-Баарыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктаймын! Бул Жеңишти камсыз кылууга күрөшкөн аталарыбыздын, апаларыбыздын эмгеги эбегейсиз зор экенин унутпай, мындай жакшы, тынч күндүн баркын баалап жүрөлү!

– Даткайым эжеке, маегиңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз, балдарыңыздын төрүнүн көркү болуп, акыл-насаат, ак батаңызды айтып жүрө бериңиз.

Cүрөттөрдө:  СОЛТОЕВ ТУРГУНБАЙ – Улуу Ата Мекендик согушка  катышып келип, колхоз-совхоздордо татыктуу эмгектенип, эл-жерине далай пайдалуу иштерди аткарып, сый-урматка татыган адам болгон!

Тургунбаева Даткайым – Солтоев Турганбайдын кызы, өзүнүн кызы жана небереси менен

Ак-Тоок айылынан бир көрүнүш

Ак-Тоок айылындагы Чоң-Күнгөй

Зирек Асанова, Бишкек шаары.

2018-жылдын 8-майы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17