Аймак

АКСЫНЫН ШАЙЫР АПАЛАРЫ КӨП КЫРДУУ, АР ИШКЕ ШЫКТУУ ТАЛАНТТАР

АКСЫНЫН ШАЙЫР АПАЛАРЫ КӨП КЫРДУУ, АР ИШКЕ ШЫКТУУ ТАЛАНТТАР

 8,064 Бардыгы /

 

«Аксы Шайыр апалары» бүгүн бизде конокто. Чыгармачылыкка билек түрө киришкен апалар тууралуу, топтун алдыдагы максаттары жөнүндө кызыктуу маек курдук.

 

Роза ТУРДАЛИЕВА, «Аксы шайыр апалары» тобунун жетекчиси:

Топтун тарыхы 2013-жылдарга барып такалат. Ошол кездери мени шаардык мэриянын алдындагы аялдар кеңешинин төрайымы кылып шайлашты. Шаардык кенеште да депутат элем. Этникалык кыргыздардын шарттарын көтөрүү, жакшыртуу боюнча «Кербен келечеги» фондун түзүлдү. Ушул багытта көп иштедим. Жалаң эле социалдык тармак менен иштептирмин. Негизи ошондон тартып коомдук-саясий жашоодо, социалдык тармактарда кызуу иштеп калдым.

Кийинчерээк өзүмдүн алдыма үйдө олтуруп калган пенсионер апаларды элге алып чыгуу максаттын койдум. Алгач «Кербен айымдары» аттуу фольклордук топ түздүм. Анда жаштардан түзүлгөн эле. Кийин байбичелер теледен «Шайыр апа» көрсөтүүсүн көргөндөн кийин мага кайрыла башташты. «Биз деле чыксак, ыр менен балдарыбызга насааттарыбызды жеткизсек», «Эл көрүп маданиятыбызды даңазаласак» деген сунуштарын айтып келишти. Ошентип ушул топту түздүк. Топтун атын аксыдан чыгып жатканда кийин деп «Аксы Шайыр апалары» деп эле атадык.

Топко мүчө тандаганда болсо айылдар арасында ыр кесе уюштуруп, анан элден пикир угуп, бири-бирибизден ушул жакшы ырдайт деп эле таап алдык. Он эки аял болсо анын үчөө Авлетим айылынан келет, 30-40км алыстан. Эки апа Кош-Дөбөдөн 30км жүрүп келет. Дүйшөмбү, бейшемби күндөрү топтолуп, репитиция кылабыз. Жол алыс дешпейт. Анткени бүт жан дүйнөбүз менен берилип иштеп жатабыз. Ал эми мүчөлөргө койгон шартыбыз, биринчиси тартип, экинчи ынтымак. Бир нанды бөлүп жейли, бир-бирибизди туура көз караш менен түшүнүшүп, ысык суукту бирге жеңели деп келишкенбиз. Ошого чыдасак уюшулалы деп чечтик.

Ошентип топ түзүлгөндө райондун жетекчилери да карап турбады. Акимибиз Масалбек Мырзапарович мени бир күнү кабинетине чакырды. «Ушундай топ түзүп жатыпсыз, абдан жакшы. Андай болсо Нооруз майрамында аксакалдардан, элден бата алып берейин» деп өзү кой союп элден бата алып, баштап берди.

Учурда топтогу он эки апанын эң улуусу 74 жашта, Райкан эже. Ал ушул жашында да музыкалык мектепте иштейт. Менин жашым 66да, Кербен шаардык мэриянын алдындагы аялдар кеңешининин төрайымы болом. Апалардын айдоочусумун десем болот, топту машинам менен өзүм алып жүрөм. Пенсиядагы мугалимдерибиз, социалдык тармакта иштеген апалар бар. Кол өнөрчүлүк, чеберчилик менен алектенген абдан таланттуулар бар арабызда. Алар элдик кол өнөрчүлүк конкурстардын жеңүүчүлөрү. Көптөгөн кыздардын септери ушул апаларды колдору менен бүткөн.

Топко ар ишке шыктуу, таланттуу, зирек, элпек, баарынан дагы өтө жоопкерчиликтүү апалар келген. Илгерки совет мезгилинин тарбиясын, нанын жеп калгандыктан деп ойлойм. Андан сырткары апалардын ар түрдүү кыял жоруктары, өнөрлөрү, өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы Сулуукан апа комуз чертет, өзү ыр жазат. Ал эми Ижабат апа небере карап үйүндө. Бирок абдан шайыр, жеңил бийлейт, укмуш ырдайт. Сонунбү апаны биз Гүлсүн Мамашева деп коёбуз. Өзү оор басырыктуу, өтө жакшы адам. Жаннат апага сөз жок. Менин жардамчым деп коём. Анткени бардык ишке так, ажайып тамашакөй, уюштургуч, жашоо чөйрөсү кенен адам. Уулпаша апа болсо соцфонддо иштейт. Топтун эсеп кысап бөлүмүнүн башчысы кылып дайындап койгонбуз. Анткени өтө таза, так, чындыкты гана сүйгөн апа. Малюда апаны эми айтып бүтүрө албайм. Тилчи мугалим, уюштургуч, ойлоп таап, изденүүнүн үстүндө жүрөт дайыма. Ак көңүл адам, бир сөз менен алтын апа. Сейитбү апа да көп кырдуу инсан. Чебер, куракчы, таар согот, бийчи, ырчы дегендей. Жыгач ооз комуз ойнойт. Ой ушул топтун эң чыйрагы Уулгүл апа. Комузда ойнойт, кыргыздын акыл насаат ырларын ырдайт. Топтун көркөм жетекчиси, ырчы Кишимжан Мамытова. Ырды аткаруудагы өзүнчө бир тактикалары болот экен. Бул апа бизге баарын үйрөтөт. Ал эми аккордеон чертип, биз менен бирге изденүүнүн үстүндө жүргөн Алмаз деген агайыбыз бар.

Алдыда биздин максат районубуздун 90 жылдыгына татыктуу даярданып, элибиздин баатыры Нүсүп бийдин тарыхынан бир көрүнүш сахналаштырсак деп турабыз. Андан сырткары кызыбыз Бурул Стамкулованын насаат ырларын элге сунабыз.

Биз жаңы уюшулуп жаткандыктан кийимдерибизди өзүбүз пенсиябыздан атайын Бишкектен тиктирдик. Экинчи формабызды Алина тигүү ишканасынын төрайымы Бурул Нармырзаева деген жеке ишкер демөөрчү болуп берди. Бул айым дүйнөлүк, эл аралык ишкерлер арасында орду бар, абдан аракетчил инсан. Ушул айым мен-мендеген бизнесмендерден да артык иш кылып, бизди жаркыратып элге чыгарып койду. Биз абдан ыраазыбыз. Учурдан пайдаланып ишине ийгилик тилеп кетээр элек. Балдарыңдан сурагандан да тартынат экенсиң. Азыр өзүбүздү өзүбүз каржылап отурабыз. Эми алдыда район эли, депутаттарыбыз карап турбайт болушу керек. Анын үстүнө биринчи биз өзүбүздү так, таза көрсөтүшүбүз керек деген максатыбыз, ойлорубуз бар. Ошолорго жетишсек, анан уялбай, тартынбай жардам сурай турган болобуз. «Шайыр апалар» конкурсуна кудай буйурса 90 жылдыктан кийин абдан катуу даярданып барабыз.

Жаннат ТУРДУМАМАТОВА, топтун мүчөсү:

Мен өзүм 30-40 жыл соода менен алектенген адаммын. Баатыр энемин, учурда пенсиядамын. Кол өнөрчүлүк менен да алектенем. Кыздарга сеп даярдаганга буйрутма алам. Негизинен 1,5-2 см кылып кыжымды кыркып майда курак курайм. Туш кийиз жасайм.

Быйыл, 2018-жылы марта жылдын мыкты айымы деген медалды Замира Акбагышеванын колунан алып келдим. Анан жакында эле Жогорку Кеңештен «Үлгүлүү эне» деген бир медал алдым. Райондон мени тандашкан экен.

Биз январдан бери топ болуп түптөлүп, аракеттене баштадык. 22-фервалда топтун ачылышын жасап, биринчи иш чарабызды уюштурдук. 23-февралда болсо «Апам жапкан нанды сагындым» аттуу акция уюштуруп, аскерлерге бардык. Аларга өз колубуз менен нан жаап, тамак ашыбызды көтөрүп барып концерт коюп бердик. 7-мартта да райондогу аялдарды концерт тартууладык. Беш ай аралыгында облустук конкурстарга барып, катышып келатабыз. Громаталарды алдык. Райондогу кандай иш чара болбосун барып катышабыз. Биздин ишибиз ошол.

Андан сырткары келин алган жерге, кыз узатууга чакыруулар болуп жатат. Ар жагы Ала-Букага чейин барып келдик. Ак-батаңарды  бергиле деп чакырышат. Башыбызга элечектерди кийип, улуттук формаларыбыз менен барып кыргыздын салтын көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жаш муундар билип, көрүп, үйрөнүп калса дейбиз. Өзүбүз болсо жандуу ырдайбыз. Тойлорго акысыз эле барабыз.

Аксы элинин чыгаан ырчы кызы Кишимжан Мамытованын жеке концерттине Бишкекке барып, кызыбызды колдоп Т.Сатылганов атындагы филармонияда элге концерт тартуулап келдик. Андан кийин 17-апрелде Жалал-Абаддагы филармонияда концерт бердик.

 

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17