Аймак

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат МУРАТАЛИЕВ: «ЭЛ ҮЧҮН ЖИГЕРДҮҮ ИШТӨӨ МЕНИН ПАРЗЫМ»

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат МУРАТАЛИЕВ: «ЭЛ ҮЧҮН ЖИГЕРДҮҮ ИШТӨӨ МЕНИН  ПАРЗЫМ»

 3,026 Бардыгы /

ТАЛАС. Мындан беш ай мурда  КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Кенекеев  вице-премьер министрликке көтөрүлүп кеткен соң анын ордуна Марат Мураталиев дайындалган. Марат Мураталиев бул орунга чейин  белгилүү мецанат, ишкер болгон. “Курулуш-Арсенал”  курулуш компаниясын  түптөп ийгиликтүү жетектеген. Кийинки жылдары Талас облустук курулуш  башкармалыгынын жетекчилигин аркалаган.

Марат Мураталиев ыйгарым укуктуу өкүл кызматына дайындалгандан тартып мурдагы облус жетекчилеринин айрымдарынан өзгөчө иш стили-кабинетте дээрлик иш убактысын өткөрбөй, жер-жерлерде байма бай болуп,  социалдык жана чарбалык иштерди өз көзү менен көрүп, реалдуу иштерди аткаруунун үстүндө болууда.  Мына ошондуктан анын жер-жерлерде ар дайым болуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө жүргүзүп жаткан иш аракеттери тууралуу коомчулукта, эл арасында жылуу пикирлер арбын. Жакында Марат Мураталиев менен маегибиз да ошол өңүттө болду.

– Марат Молдонович, мурда курулуш кампаниясын, кийин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келсеңиз. Эми облусту жетектөө түйшүк жоопкерчилиги мойнуңузда? 13 жыл мурдагыдай облустук бюджет жок. Ишти, көйгөйлөрдү кандай ыкма менен чечип жатасыздар?

– Жазга чейин, кыш мезгилинде облустун дээрлик баардык айылдарында болуп, көйгөйлөр менен тааныштым. Облусубуз дыйканчылык жана малчылыкка ыңгайлашкан. Ал эми дыйканчылыкта биринчи маселе-сугат суу. Сугат сууда жасалма көлмөлөр- БСРлердин ролу чоң. Мен өзүм ишкер болуп жүргөндө Талас районундагы А. Нуржанов  айыл аймагындагы бир БСРди өз күчүм менен, техникаларымды ишке чегерип, тазалап берип, көмөк көрсөткөм. Бир миллион сом талап кылынган жумушту 300 миң сомдук иш аткарып, бүтүрүп берген элем. Ошондуктан жазга чейин БСРлерди тазалоо боюнча жер- жерлерде иштерди көзөмөлдөп,  көп объектилерди ички мүмкүнчүлүктөрдү, резервдерди колдонуу аркылуу  бүтүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүздүм.

Натыйжада болжол менен 40- 50 млн сомдук каражат үнөмдөлдү десек болот. Бул иштер жазгы талаачылык иштерине  ыңгайлуу жана натыйжалуу шарт түздү.

-Өрөөнүбүзгө сырттан келген адамдар, меймандар өрөөндүн  эң кылда башы-Талды Булак айылынан тартып, өрөөндү бойлогондо шурудай тизилип, көрк берген түнкү жарыктандыргычтарды көрүшүп, “Таласта  инфраструктура боюнча  кадимкидей жылыш бар экен” деген сөздү көп айтышат?

– Албетте,  калк калыс эмеспи! Өрөөнүбүздөгү жасалып жаткан ийгиликтерге эл баасын берет. 2016-жылы Талас облустук өнүктүрүү фондусу түзүлүп, Жерүй алтын кенин иштетүүгө  берилген лицензиянын  эсебинен 170,3 млн. сом. акча каражаты   которулуп берилген. 2018-жылдын 1- январына карата өнүктүрүү фонд тарабынан Бакай-Ата, Кара- Буура,  Манас райондорунан жана  Талас шаарынан жалпысы болуп, 87 долбоор кабыл алынган. Бүгүнкү күндө аталган райондордо жана Талас шаарында тендерлер өткөрүлүп, айыл аймактарына 102,1 млн сом акча которулуп берилди. Анын ичинен жалпы наркы 34,5 млн сомго 21 даана айыл чарба техникалары сатылып алынды. Фонд башкармалыгы тарабынан 132 741698 сомду түзгөн 39 долбоор жактырылып, Байкоо кеңешинин  кароосунан өттү. Мунун ичинде айыл чарба техникаларын сатып алуу, билим берүү, өндүрүш, спорт, ирригация, таза суу ошондой эле жол боюндагы көчөлөрдү жарыктандыруу ишине 11 млн 558700 сом чегерилген. Мындай иштер Кара-Буура, Манас райондорунда жана Талас шаарында жүргүзүлдү.

Баса, “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө берилген лицензиянын эсебинен   Талас райондук өнүктүрүү фондусуна 170 млн сом, Бекмолдо айыл аймагына 170 млн сом бөлүнгөн, Талас районундагы айыл аймактарга 10 МТС уюштурулуп, көчөлөр жарыктандырылып, социалдык долбоорлорго ондогон миллион сом каражаттар жумшалды.

– Быйыл жаз алды менен мекенибиздин эң ыйык жайы болуп эсептелген-Манас ордо комплексинде жана Талас шаарында көрктөндүрүү жана инфраструктураны  жакшыртуу боюнча омоктуу иштер жүрүүдө? Ошол тууралуу кеп кылсаңыз?

– Жакшы болот, касиеттүү Манас атабыздын күмбөзү, Кароол чокусу жайгашкан Кыргыз улуттук Манас ордо комплексинде “Манас” эпосунун 1000 жылдык майрамына карата  комплекстүү ири иштер, курулуштар 90-жылдары бүткөрүлгөн. Бирок менимче чейрек кылымга жакын убакыттан бери республикалык бюджеттен акча каражаты өз деңгээлинде бөлүнбөй келген. “Манас ордо”- элибиз  ал  дайым ыйык тутуп,  изги тилек, аруу максаттарын асыл каалоолорун  тилеп барган ыйык жай. Бирок биз ал ыйык жайга эмне көмөк көрсөтүп, эмне иш жасадык деген  ой жаралбай койбоду.

Ошондуктан Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун быйылкы жылы региондорду өнүктүрүү жылы деп атаган демилгесин жетекчиликке  алып, өрөөнгө 200-250 миңден ашуун көчөттөрдү отургуздук. Ал эми Манас ордо комплексинде ургаалдуу  көп иштер  жасалмакчы. Жакында Бакай-Ата бак-чарбага 2600 түп ак кайыңдын ж.б. баалуу өсүмдүктөрдүн  көчөттөрү отургузулду. 60-70 жылдары легендарлуу атабыз Рысбек Айдаралиев Талас районундагы  Көпүрө-Базар аймагындагы ондогон гектар аянтты ак кайыңдуу токойго айландырганы биз үчүн сыймыктуу өрнөк.  Ошондой эле ыйык жерде Хан ордо курулмакчы.. Мындан тышкары облус борбору  Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнө 2 миң түптөн ашык “колонна” түрүндөгү сорттуу  туянын көчөттөрү отургузулду. Аларды бүлүндүрбөй, малга жегизбей бүйрөлүк менен  көзөмөлгө алуу иштери боюнча шаар мэрине катуу талаптар коюлду.  Тараз-Талас-Суусамыр магистралындагы  Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө эл аралык стандартка ылайык  жарыктандыруу иштерин жасоо жана тротуарларды  сапаттуу  куруу боюнча  түркиялык фирмага катуу  талаптар коюлду  жана такай  көзөмөлгө алынууда.

– Айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү боюнча ишканаларды  ишке киргизүү аракеттери кандай?

-Чынын айтуу керек, көздөлгөн, мерчемделген иштер арбын. Мисалы  кичи цехтерди, логистикалык борборду ачуу аракеттери жүрүүдө. Бирок, жагымдуу кабар-чейрек  кылымга жакын ишке берилбей келген, көп жыл мурда  республикалык бюджеттен  ондогон-ондогон миллион  сом каражаттар зарпталган Бакай-Ата районундагы кант  заводу жакында ишке берилди. Мындан тышкары этти, картошканы, жер жемиштерди кайра иштетүүчү заводдор ишке берилүү боюнча пландарыбыз бар.

– Марат Молдонович, соңку учурда байкалгандай облуста салык өндүрүүнүн көлөмү бир кыйла өскөнү байкалат. Бул көрсөткүчтөр, фактылар сиздер тараптан коюлган талаптын  катуулугубу же жемкорлорго  каршы республикалык деңгээлде  урулган соккунун таасириби? Мисалы Чоң-Капка постунда коррупциялык схемалар аныкталды да?

– Албетте, коррупциялык ири элементтер  орун алган кызматтарга  катуу талаптарды коюп, салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Натыйжада  салык   былтыркы жылдын ушул мезгилине, тактап айтканда төрт айы менен салыштырганда 30 млн сомдун тегерегинде өстү. Бул багытта укук коргоо органдарынын  жана фискалдык органдардын жетекчилерине конкретүү тапшырмалар берилген.  Албетте, сиз белгилеп кеткен Манас районундагы Чоң-Капка постундагы коррупциялык  схемалар аныкталууда, бирок биротоло бекем бөгөт коюу боюнча  дагы көп иштер  талап кылынат. Мисалы болжол менен ал жердеги коррупциянын аракеттеринен улам өлкө бюджетине 80-90 млн сомдой акча каражаты салык төлөмүнө түшпөй жатканы боюнча маалыматтар бар. Коррупцияга каршы күрөш токтобойт.

– Марат Молдонович, сиз Талас облустук бокс федерациясын жетектеп келгенсиз. Ал иш улана береби?

-Албетте, спорттун бокс түрүнө Таласта 28 жылдан бери  көңүл бурулбай, унутта калган экен. 6 жылдан бери федерацияны жетектеп, жыл сайын эл аралык турнирлерди өткөрүүнү өз мойнума алганмын. Натыйжа да  жаман эмес. Жаш мушкерлер тарбияланып өсүп чыгып, айрымдары ал тургай дүйнөлүк жана Азия өлкөлөрүнүн эл аралык  ири мелдештеринде  байгелүү орундарды камсыз кылууда. Физкультура  жана спорт-элдин, калктын саламатчылыгы гана эмес,  улуттун келечеги жана сыймыгы.

– Кышы бою айылдарды кыдырып, көкбөрү оюну боюнча мелдештерде спортчуларга колдоо көрсөтүп жүрдүңүз?  Көкбөрүчү көптөгөн балбандар сизге ыраазычылыктарын айтып жүрүшөт.

– Көкбөрү оюну ата-бабаларыбыздан урпактарга калган. Башкасын айтпаганда да көчмөндөр оюнунда кыргыз элибиздин балбандары эң бийик чеберчиликти көрсөтүп, башкы байгени утуп, элибизди зор кубанычка бөлөштү. Ал эми Талас облусунун  балбандары өлкөдөгү эң кыйын спортчулар десем жаңылышпаймын. Облустун курамы командасы көп ирет республикалык мелдештерде башкы  байгелердин, кубоктордун ээлери болушту. Быйыл Нооруз майрамында дагы республикалык катуу таймашта таластык көкбөрүчүлөр биринчи орунду жеңип алышты.  Айыл-айылдардагы   көкбөрүчү балбан жигиттерибизге  колдон келген көмөк көрсөткөнүм  ал жеңиштерге аздыр-көптүр үлүш болду го деп ойлойм. Кышындагы чыкыроон  аяздарга карабастан көбүнчө дем алыш  күндөрү мелдештерин уюштуруп, демөөрчүлүк  көрсөтүп колдоого алып турдум.

– Марат Молдонович, соңку  собол, кийинки учурларда сиздин дарегиңизге карата айрым жеке менчик басылмаларда,  интернет сайттарда сындар жазыла калып жүрөт. Сиздин ой пикириңиз?

– Эми, сындын түрү көп, ал сындар чындыкка жакын, реалдуу, конструктивдүү болсо бир жөн. Тилекке каршы көпчүлүгү буйрутма десек болот. Сыртынан эле кимдир бирөөлөргө кайпактатып сын айтымыш этишет. Кимдир бирөөлөрдүн  колтуктан суу бүркүп,  көкүтмөйүнүн жышаанасы байкалат. Конкреттүү, реалдуу фактылар, аналитикалык изилдөөлөр,  так логикалар жокко эсе, дүңүнөн эле эпеп чымчылоонун ишаарасы. Менимче алар иш аракеттеримди  көрө албай жаткан адамдардын аракети. Айрым адамдар ичи тарлык жаман сапаттан  өмүр бою айрыла албайт эмеспи.

Иштегениме беш ай толуп, толо электе эле бут тосуп, жаманатты кылууга далбас уруп жаткандарды  өз уятына койдум. Анын баары кара пиар. 2015-жылы белгилүү мецанат, өлкөдөгү көрүнүктүү ишкер Аскар Салымбеков жетектеген “Эмгек” партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгы  үчүн  талапкерликке аттанганда эле “Курулуш Арсенал” ишкана жетекчилигин Өскөнбек Аязбеков деген кесипкөй жигитке өткөрүп бергем. Аталган  компания  2012-жылы Кара-Буура районундагы Аманбаев айылындагы  айылдык оорукананын курулушу боюнча  тендерди утуп алган. Мына ошол чакан оорукананын курулуш ишин быйыл бүтүрүп жатат. Башка курулуш иштери боюнча тендердик сынактарга катыша элек.  Сын жазаарда да бирдемеге таянып негиздеп жазса болмок, коңулга  башты катып алып, сырттан колтукка суу бүрккөндөр…  Менимче өзүн чыныгы журналистмин, айкындуулуктун жоопкеримин  деген, кесипкөй, чыныгы  калемгерлер мындай жорук жосуңдарды жасашпайт. Жогоруда  белгилеп кеткендей сын реалдуу жана так аргумент, фактыларга гана таянып жазылышы керек. Ошондо коомчулук да ал материалдарга, басылмаларга олуттуу маани берет.

– Марат Молдонович, түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү  мамлекеттик ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Козубек Иманкулов, Талас шаары

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17