Аймак

Марипа СЕЙДАЛИЕВА, “Укук жана мыйзам чыгарууну өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун мүдүрү: ӨЗ УКУКТАРЫҢДЫ БИЛ

Марипа СЕЙДАЛИЕВА, “Укук жана мыйзам чыгарууну өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун мүдүрү: ӨЗ УКУКТАРЫҢДЫ БИЛ

 3,587 Бардыгы /

 

Сот реформасынын алкагында 2016-ж. 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын негизги концепциясы болуп, учурдагы МКЮЖ системасын, МКЮЖ көрсөтүүнүн улуттук системасын түзүү аркылуу күчтөндүрүү жана оптималдаштыруу болуп саналат. МКЮЖ боюнча өзүнчө структураны түзүү; МКЮЖ көрсөтүүгө катышууга жактоочулардын ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу; МКЮЖ этап боюнча киргизүү: кылмыш иштери боюнча (МКЮЖ алуучулардын категориясынын кеңейиши менен); жарандык жана административдик иштер боюнча МКЮЖ көрсөтүү механизмин түзүү. МКЮЖ системасы аныкталган, консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы концептуалдык ченемдери киргизилген. Бирок азыркы учурга чейин жаңы мыйзам натыйжалуу  иштебей жатат, МКЮЖ системасынын субъектилеринин ортосунда өз ара аракеттешүү жок, укук коргоочу жана сот органдарынын кызматкерлери, жактоочулар, координаторлор окутууга муктаж.

Жашообуздун негизги мыйзамы – Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө кармалган учурдан тартып, адамга жеке өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилип, анын коопсуздугу, адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамы менен камсыздалат. КРнын Башмыйзамынын 40-беренесинде ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар деп түздөн-түз көрсөтүлөт. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын       Жазык-процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык, жактоочу, соттолуучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, ошондой эле шектүүнүн айыпталуучунун, күбөнүн макулдугу менен, башка адамдар тарабынан чакырылат. Шектүүнүн, айыпталуучунун жактоочусунун жазык иши боюнча сот ишине катышууга укугу соттун, тергөөчүнүн, тергөө органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан берилет. Мамлекеттин эсебинен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокат менен камсыздалат. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттын акысы мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

  • “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги максаты эмне?
  • Бул Мыйзамдын негизги максаты укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн эч кандай каражаты жок жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү аркылуу, сот адилеттүүлүгүнө жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга алардын укуктарын кепилдөө болуп саналат.
  • 2009-жылы кабыл алынган МКЮЖ жөнүндө аракеттеги мыйзамды кайра кароого эмне негиз болду?
  • Биринчиден, МКЮЖ көрсөтүүнүн улуттук системасын түзүү аркылуу күчтөндүрүү жана оптималдаштыруу, МКЮЖ боюнча өзүнчө структураны түзүү керек болду; экинчиден, МКЮЖ этап боюнча киргизүү; үчүнчүдөн, жарандык жана административдик иштер боюнча МКЮЖ көрсөтүү механизмин түзүү керек болду.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” жаңы мыйзамында ушул максаттардын бардыгы аткарылган, б.а. мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча ишмердүүлүктү багыттаган атайын орган түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды багыттоо борбору (мындан ары МКЮЖ ББ) түзүлгөн жана Адкокаттар кеӊешинин сунуштарын эске алуу менен, анын укуктук макамы жана  иш тартиби аныкталган. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам эки баскычка бөлүнөт: консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү МКЮЖ ББ адвокатты дайындоо боюнча чечим чыгарган координатору тарабынан ишке ашат.

  • Консультациялык-укуктук жардам деген эмне? Жана аны ким берет?
  • Бул – Кыргыз Республикасынын укуктук системасы, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына жатпай турган жардамдардын башка формалары;консультациялык-укуктук жардамды мамлекеттик органдар, жергиликтүү башкаруу органдары,өздөрүнүн компетенциясына ылайык, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (БӨУ, юридикалык клиникалар), жеке адамдар (адвокаттардын жардамчылары, адвокаттар, нотариустар ж.б.)

–    Квалификациялуу юридикалык жардам деген эмнени билдирет?

–  Жарандык, административдик жана жазыктык сот ишинин бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарына мамлекеттин эсебинен өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн негизги субъекти болуп адвокат эсептелет.

–  Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет    өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга жайылтылат.

–   МКЮЖ жөнүндө мыйзам тарабынан жылдык кирешесин эске алуу менен жана аны эске албастан      квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу жарандардын категориялары аныкталган.

Жарандык, административдик жана жазыктык сот ишинин чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.

Жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) Адамдарга кармалган учурларда;

2) Өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;

3) I жана II топтогу майыптуулугу бар адамдарга;

4) Психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;

6) Жашы жете электерге – алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) – балдардын кызыкчылыктарында;

7) Жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;

8) Энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга – балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

9) Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

10) Мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга;

11) Жазык-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

 

  • Фонд эмне менен алектенет? Сиздердин алдыңыздарда кандай милдеттер турат?
  • Фонддун негизги ишмердүүлүгү коомго кызмат кылуу болуп саналат. Фонд маданияттын бардык түрлөрүн, атап айтканда, руханий, коомдук, саясий, экономикалык, юридикалык, экологиялык жана коопсуздук маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, муундардын алмашуусунун негизги фактору катары  тарыхый салттарды изилдөөгө, калыбына келтирүүгө жана колдоого   өбөлгө болот, көп улуттуу мамлекеттин шартында  гуманисттик мүнөздөгү принциптерге, жарандуулукка, эмгекке адамдын укугун жана эркиндигин сыйлоого, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү, үй-бүлөнү сүйүүгө тарбиялоого таянып, агартуучулук ишмердүүлүктү ишке ашырат.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, биз башка бейөкмөт уюмдар менен биргеликте “Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” Коалициясын түздүк, ага “Коргоо багыты” коомдук укуктук фонду, “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду, “Борбор Азия юристтеринин лигасы” коомдук уюму  жана “Укук жана мыйзам чыгарууну өнүктүрүү борбору” кирди. Биздин оюбузча, бул Коалиция КР социалдык-укуктук көйгөйлөрдү чечүүдө биздин мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Сорос-Кыргызстан Фондунун Укуктук Программасынын колдоосу менен биз 2018–ж. 1- мартынан тарта “Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” социалдык-укуктук долбоорун ишке ашыра баштадык.

Долбоордун максаты болуп, МКЮЖ багыттоо боюнча борбордун ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү, МКЮЖ  системасынын катышуучуларынын(адвокаттардын, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин, адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алууга талапкерлердин) потенциалын жогорулатуу; КР калкынын, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин Кыргыз Республикасындагы МКЮЖ системасы тууралуу укуктук маданиятын жана укуктук сабаттуулугун, маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди аткаруу аркылуу КР мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын  туруктуулугун сактоо жана мындан ары өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү эсептелет. Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү менен алектенген уюмдардын тармагын кеңейтүү, “МКЮЖ жөнүндү” КР Мыйзамын ишке ашыруу маселелерин, көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн бирдиктүү аянтча түзүү зарыл.

Жаңы долбоордун алкагында биздин республиканын 7 облусунда адвокаттар, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери үчүн иш ъчън зарыл болгон жолугушуулар, тегерек столдор жана үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлмөкчү. Биз бул долбоор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча бүтүндөй системанын ишин активдештире алат деп ишенебиз.

Долбоор боюнча жумушка илимий чөйрөдөгү тажрыйбалуу кесипкөй эксперттер, иш алып барган адвокаттар, б.а. мыйзамдын өзүн жазууда эксперттик жумушчу топтун мүчөсү болгон, ошондой эле мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыккан жана адвокаттык ишмердүүлүктө зор практикалык тажрыйбага ээ болгон адамдар тартылды. Алар Котик Н.М.,Бахаутдинов М.М., Османова А.М., юридикалык илимдердин кандидаты, КРСУ доценти Калыбаева А.А. сыяктуу адвокаттар.

 

Биз менен байланышуу:

Долбоордун жетекчиси: «Укук жана мыйзам чыгарууну өнүктүрүү борбору» КФ мүдүрү

Сейдалиева Марипа Эрмековна- моб.тел 0703445144

Долбоордун координатору: «Адам, укук, эркиндик» КФ мүдүрү

Арапова Эльмира Байышевна – моб.тел.0772905888

Офистин дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көч.,197,6 кабат,каб. 1

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17