Аймак

Кадырбек АКМАТКУЛОВ Талды-Булак айыл аймагынын башчысы “ЭЛДИ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ УЧУРДУН ТАЛАБЫ”

Кадырбек АКМАТКУЛОВ Талды-Булак айыл аймагынын башчысы “ЭЛДИ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ УЧУРДУН ТАЛАБЫ”

 3,268 Бардыгы /

Облус аймагындагы элет жеринде айыл өкмөттөрдүн учурдагы абалы кандай, бул багытта кабарчыбыз Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнөн кабар алган.

Акматкулов Кадырбек Ыманбекович 1985-жылы, Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Алма айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолунда 2008-жылы соттук, прокурордук адистик боюнча эмгектенген. Андан соң 2009-жылы Жалал-Абад электр энергиясы ишканасы ачык акционердик коомунда юрист, 2013-жылдан бери Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келүүдө.

-Кадырбек Ыманбекович эң оболу, сиз элге кызмат көрсөтүү боюнча кеп учугун баштап берсеңиз?

-Биздин өкмөт абал, Талды-Булак айыл өкмөтү болуп түзүлгөнгө чейин айыл өкмөтүбүз аймагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн карамагында болгон. 1998-жылы, өз алдынча болуп, Талды-Булак айыл өкмөтү болуп түзүлгөн. Өкмөттө, финансылык экономикалык, айыл-чарба, атуулдарды аскерге чакыруу жана социалдык бөлүмдөр боюнча эмгек жамаатыбызда бардыгы болуп 16 адис эмгектенишет. Мындан сырткары китеп кана боюнча 3 адис, ал эми 1 адис, маданият бөлүмүн тейлейт. “Ырыс алды ынтымак” демекчи, албетте, айыл аймагында калкка кызмат көрсөтүүдө жамаатыбыздын ынтымагы бекем жана иш аткаруулар өз деңгээлинде жүрүп жатат.

Эли журтубузга камкордук көрүүдө аймагыбыздагы калкыбыздын бакубат жашоосу үчүн күрөшүүдө калайык-калкты электр жарыгы жана таза суу менен камсыздоо, элет жериндеги көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорго шагал төгүп, оңдоп түзөө иштери боюнча калкка кызмат көрсөтүп келе жатабыз. Ал эми, айыл жергесиндеги көйгөйлөрдүн бири болгон таза суу маселесин чечүүдө, айрым бир демөөрчүлөрдүн жана долборлордун негизинде, айыл элинин жардамы менен биргеликте мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша аймагыбызга суу чыгарууга жетиштик. Көк-Алма айылында Жогорку Кеңештин депутаты Сайдилла Нышановдун жардамы менен 50 түтүн үй-бүлө таза суу менен камсыз болушту. Мындан сырткары дагы биз, атуулубуз Таалай Төрөгелдиев менен биргеликте Каба айылына суу чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Учурда тендердин негизинде трубаларды алдырып келдик. Балким, жакында мындагы иш аракет иш жүзүнө ашып калса, биздин элдин үлүш жерлери, суугат жерлер,  суу менен камсыз болуп калышат.

-Аймакты өнүктүрүүдө, кандай ишке өзгөчө көңүл бөлдүңүздөр?

-Облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бизге берген тапшырмасы боюнча дагы калкты таза суу менен камсыздоо жана айыл аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин аткарууну колдоого алганбыз.

-Сиздерде, өз убагында чечилбей келе жаткан кандай маселе бар?

-Көп эле жерде атуулдардын турак жай куруусу үчүн жер маселесине ээ болуу көйгөйү бар. Биздин эл дагы ушул көйгөйдөн арылбай келе жатат. Турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп алуу боюнча өкмөтүбүздө 500дөн ашык атуул кезеке турган. Жер тилкесине ээ болуу боюнча атуулдардын документтерин даярдап бүткөнбүз. Эми, жерди трансформациядан мыйзамдаштырып чыгаргандан кийин элге бөлүп беребиз. Алдыда, эртедир-кечтир эл муктаждыктары чечилет деген ойдомун.

Мындан сырткары дагы бир айта кетүүчү жүрөк өйгөн көйгөйдүн бири – бул, жумушсуздук маселеси көпчүлүтүн зээнин кейитет. Жумушсуздуктун айынан жаштарыбыздын көбү Россияда эмгектенип жүрүшөт. Эгерде, өзүбүздүн аймакта жумуш болгондо бардыгыбыз үчүн эле абдан жакшы болмок.

-Бүгүнкү күндө элдин жашоосу кандай?

-Негизинен элдин турмушу жаман эмес, бизде эл, жаңгак, мөмө-жемиши менен тирилигин өткөрүп келишет. Эгерде, жаңгактын түшүмү болбой калса элдин кыйналганы байкалып калат. Ал эми, жаштарыбыздын Россия өлкөсүндө жумуш менен камсыз болуусу дагы эли –журтубузду багып келе жатат.

-Баса, жакында Базар-Коргондун 100 жылдыгы өткөрүлөт эмеспи, көп түкүрсө көл болот – дегендей, сиздер дагы, 100 жылдыка өз салымыңыздарды кошо алдыңыздарбы?

-Базар-Коргон райондун 100 жылдыгын өткөрүүдө, 100 жылдыкка район аймагында 100 ишкана ачуу боюнча айтылган кеп бар. Айтор, 100 ишкана ачуунун катарында элет жеринде спорт тармагын өнүктүрүүдө, аймагыбызда биз дагы атайын спорт залды ачабыз деген үмүтүбүз бар. Райондун 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча жакында райондун борборунда марафон болуп өттү. Биз дагы 100 жылдык үчүн эмгек жамаатыбыз жана жеке өзүмдүн атымдан өз салымыбызды кошо алдык.

-Жайыт маселеси боюнча акыбал кандай?

-Жайыт боюнча элдин суроо талабын аткарууда жайыт комитети менен биргеликте АРИС уюму аркылуу бир топ иштер аткарылып келүүдө. Малчыларды, чабандарды алыскы жайыттарга узатуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Элдин суроо талабын канаттандырууда жайыт маселеси боюнча эл көйгөйүн чечүүдө, элге кызмат көрсөтүүгө тиешелүү керектүү техника менен камсыз болгонбуз.

-Алдыда дагы кандай иштер каралган?

-Өлкөбүз агрардык айыл чарбага багытталган. Демек, биздин дагы мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша пайдалануучу жерлерибиз бар. Дегеле, калайык калктын жерлерин иштетүү үчүн айыл банк тарабынан техника сатып алуу боюнча айыл аймактар үчүн МТС ачалы деген оюм бар.

-Сиздердин аймакта, элге демөөрчүлүк кызматын көрсөткөң инсандар да, эл арасында кездешеби?

-Өкмөт аймагыбызга, эли журтубузга аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мектеп окуучуларына эл арасында демөөрчүлүк кызматын көрсөкөн инсандар жок эмес. Алардын арасында, көбүнчө демөөрчүлүк кызмат көрсөтүүдө Сайдилла Нышановдун ысымын өзгөчө атоого болот. Ошондой эле “Ас-Салам” фондун атап айтсам, алар дагы мечиттерди куруп берүү боюнча спонсордук жардамын берүүгө макулдуугун беришкен.

-Элге кайрылууңуз?

-Акыркы убактарда, аймактарда табигый кырсыктардын күтүүсүздөн пайда болушу жалпыбызга маалым. Айталы, мындагы табигый кырсыктардан жабыркаган атуулдар үчүн камкордук көрүүдө мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы элге кызмат көрсөтүп келүүдө. Андыктан биз, ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып мамлекеттик камсыздандыруу боюнча самаалыка астейдил көңүл буруубуз зарыл.

Таалайбек Мавлянкулов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17