Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КООМДУК УГУУЛАР
Заявка 14 января, 17:00 часов Добрый день, дорогие коллеги!
Сынак
ГУОБДД обьявляет конкурс на вакантные должности в Центр мониторинга.
Жумушка чакырат
Жумуш издейт
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КВАРТИРА КЕРЕК
ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА СЛЕДУЮЩИЕ ВАКАНТНЫЕ АДМИНИСТРАТИВНЫЕ ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ДОЛЖНОСТИ:
ТЕАТРГА СЫНАК. “Жаңы жылдык жомок- 2019” балаты майрамына жомоктордун сценарийин кабыл алууга сынак жарыялайт.
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК

Төкмө акын Изат АЙДАРКУЛОВА: «ЖАКЫНДА ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКТАР МЕНЕН ЖАКЫНДАРЫМДЫ КУБАНТСАМ ДЕП ЖАТАМ»

Төкмө акын Изат АЙДАРКУЛОВА: «ЖАКЫНДА ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКТАР МЕНЕН ЖАКЫНДАРЫМДЫ КУБАНТСАМ  ДЕП ЖАТАМ»

5,842 просмотров всего, 33 просмотров сегодня

 

«Билбеймин кантип баттыңар, бир үйгө мынча көп талант» деп устаты Элмирбек акын айткандай үй-бүлөлүк маданият державасынын төкмөсү, устатынын обонуна салып, мурч сөздү айтып дири-дийлеген жалгыз акын. Токтогулду сыздаткан Алымкандын сиңдиси, Жеңижок акындын балдызы. Айтыштагы төкмө кыздардан түзүлгөн «мафиянын» мүчөсү. Казактын төкмө акыны Сара айым сахнадан берген күмүш шакегин «Казакка барсам жаш акынга кайтарам» деген зирек кыз Изат, Акматбек менен эмнең бар десем сөздү кескен тирик кыз Изат, эстрада менен төкмөлүккө жетишкен чыйрак кыз Изат бүгүн биздин коногубуз. Ал акылдуу айым – намыскөй да, билимдүү да, баамчыл да болушу керек деп эсептейт.

 

«ЖӨНӨКӨЙЛҮК, ТЫРЫШЧААКТЫК АТАМДАН ӨТКӨН»

Аксынын Кызыл-Жар айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1987-жылдын 17-декабрында төрөлгөм. Атам Абдыжапар Айдаркулов математика мугалими, музыкант. Атакемди эң бир жөнөкөй, эң бир асыл адам деп билем. Жөнөкөйлүк, тырышчаактык сапаттар мага атамдан өтсө керек. Апам, Алымкулова Базаркан, үй кожейкеси. Баардык тамактарды даамдуу жасайт. Тамактарды гана эмес, эмне иш кылбасын майын чыгарып, жан дили менен аткарат. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Мен жетинчисимин. Баарыбыз жогорку билимдүү болдук.

Эң улуу эжем Бермет бир топ жылдан бери балдарга комуз үйрөтүп келет. Улуу агам Талант комуз чабат. Нурзат эжем ырчы, дастанчы, Бишкек шаардык эл аспаптар оркестринде иштейт. Айзат эжем ууз-чебер, биздин сахнага кийген кийимдерибизди баарын өзү тигет.

 

«БАЛАЛЫК КЫЯЛЫМ ОРУНДАЛДЫ»

Балалык күндөр баёо, аруу мезгил эмеспи. Тартынууну, уялууну анча билбеген кыз элем. Апам каякка барса артынан калбай ээрчип алчум. Анан автобуста болобу, көчөдө болобу, бирөө суранып койсо эле ырдай берчүмүн.

Мектепте окуп жүргөн мезгилде болсо сабакта төрт коюп койсо аябай ыйлачумун. Жакшы окудум десем болот. Өспүрүм курактагы өткөөл учурда шоктонуу, тентектик деген болгон жок. Анткени, талаа, үй жумуштарынан, окуудан бошочу эмесмин. Ошол бала кезде «журналист болсом» деп кыялданчу элем.

Мектепти аяктап, аттестат колго тийген соң, ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетине ата- энем, бир туугандарым менен кеңешип тапшырдым. Студенттик мезгилдин ар бир күнү кызыктуу өттү. Эмгек жолумду Ош шаарындагы чакан гезиттерден баштадым. Баягы балалык кыялым орундалды.

 

«МЭЭНЕТ КЫЛБАСАҢ БАР НЕРСЕ ДА ЖОГОЛОТ»

Мен окуучу кезде кээде чиймелеп ыр жазып коймой адатым бар эле. Аны үйдөгүлөр гана билчү. Акыркы 4-5 жылдын аралыгында төкмөлүк өнөргө көп көңүл буруп, кызыга баштадым. Окуп, изденип, айтыштарды көрүп дегендей. Атам дагы бир учурларда райондук иш-чараларда жамактап ырдап, эл менен амандашып ырдап калган учурлары болгон экен. Менин шыгым бар экенин атам, бир туугандарым байкачу. Төкмөлүк өнөрдү кудайдан берилген өзгөчөлүк деп эсептейм. Бирок, эмне иш болбосун сөзсүз талбаган аракет, мээнет болбосо, бар нерсе да жоголот. Мисалы мен өз алдымча китептерди окуп, тынымсыз изденүүдө болдум.

Башта «Айтыш» коомдук мектебине баргандагыдан азыр айырма өтө чоң. Анткени, мектеп деген мектеп да. Ал жерде эл ишенген, элдин сыймыгы болгон Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Курсант Нурматов сыяктуу устаттарыбыз бар. Өзүбүз сезе албаган, туя албаган каталарыбызды айтып турушат. Акырындык менен бул жааттагы чыйырымды даңгыр жолго айлантууга аракет кылып келатам. Устаттарыма миң алкыш.

 

«ТОЙЛОРГО ЧАКЫРУУЛАР БОЛУП ТУРАТ»

Айтышып жаткан атаандашың кыжырга же намыска тийген сөз айткан учурлар болот. Бирок, ачууга алдырганын — жеңилгениң. Бардык нерсенин түйшүгү да, жыргалы да болот эмеспи. Канчалык оор болбосун элдин алкышы, батасы, колдоосу — чексиз бакыт деп билем.

Эстрада жаатында да кээде ырдап коюп жүрөм. Бирок азыр мен үчүн биринчи планда улуттук айтыш өнөрү турат. Эстрада багытында ырдоону көп деле ойлонбой калдым. Бирок, аны да кези келсе улантам. Айтыштагы жетишкендиктерим деп  – Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев атындагы эл аралык сыйлыктарымды айта алам. «Элчи менен ырчынын ырыскысы эл менен» — деп бекер айтылбаптыр. Кудайга шүгүр, тойлорго чакыруулар болуп турат. Өзүңүздөргө белгилүү төкмөлөрдүн көпчүлүгү аш — тойлордон, айтыштардан ырыскысын таап келет. Маданий мекемелерде иштегендери да жок эмес.

Сахна менен чыгармачылык жаштыкты, сулуулукту сүйөт. Андыктан мен да салмагымды көзөмөлдөп, бетиме жашылча-жемиштерден маска жасап турам. Ал эми жеке жашоо жеке боюнча калсын. Быйыл жакшы жаңылыктар менен жакындарымды кубантсам экен деп тилек кылып жатам.

Сөзүмдү:

Жүрөгү соккон кыргыз деп,

Жүргөнү жакшы жак болсо.

Кызматты кылып элиме,

Кылган иши так болсо.

Аялдын орду үйдө деп,

Айтышка барсам тыйбаса.

Кымындай ишке кийлигип,

Кылапаттык кылбаса.

Анда эле макул болмокмун,

Мени,

Ар дайым сүйүп, сыйласа – деп аяктайын.

 

Редакциядан:

 

Акматбектин Изатка арнаган саптарынан үзүндү:

 

***

Кумурска белдүү, чымын сан Изат,

Кумарың артык чылымдан Изат.

Түпкүрү түпсүз, жылдызы чексиз,

Карегиңде түн барбы Изат.

Уячаң турат ууртуңда көркөм,

Ошого бир бал куюп ичер күн барбы Изат.

 

***

Акактай тунук аппагым Изат,

Тим эле үлпүлдөп күйгөн ак шамым Изат.

Кыймылдап кетсе кызыгуум артат,

Тим эле кыргыйек канат каштарың Изат.

Керүүдөн качкан маралдай чыйрак,

Тим эле керемет сындуу басканың Изат.

 

***

Күн айым, чолпон жылдызым болчу,

Сен менен толсун асманым Изат.

Жамалы жаркын жаралган жансың,

Жалооруп тиктеп канбаймын Изат.

Көз ирмемге муңая калсаң,

Ошол менин көөдөнгө батпас муң-кайгым Изат.

 

***

Сүйүүмдү кабыл албайсаң мейли,

Сүйүүмдү арнайм сынбаймын Изат.

Чыгалек сакал мурутум сен деп,

Ушул агарганча ырдаймын Изат – деп келет.

 

Акыркы ирет Нооруздагы айтышта биздин каарман:

Сүйүүңдү айтып бүтө алгыс болдуң,

Сүрдүгүп, сыздап, ыр менен какшап.

Кылымдан билсең ачык жооп айтпайт,

Мендей, кыргыздын кызы адебин сактап – деп табышмагын катып, көпчүлүктүн кийинки кыз-жигит айтышы качан болот экен деп күттүрүп жүргөн кезеги.

 

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17