Аймак

Төкмө акын Изат АЙДАРКУЛОВА: «ЖАКЫНДА ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКТАР МЕНЕН ЖАКЫНДАРЫМДЫ КУБАНТСАМ ДЕП ЖАТАМ»

Төкмө акын Изат АЙДАРКУЛОВА: «ЖАКЫНДА ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫКТАР МЕНЕН ЖАКЫНДАРЫМДЫ КУБАНТСАМ  ДЕП ЖАТАМ»

 35,544 Бардыгы /

 

«Билбеймин кантип баттыңар, бир үйгө мынча көп талант» деп устаты Элмирбек акын айткандай үй-бүлөлүк маданият державасынын төкмөсү, устатынын обонуна салып, мурч сөздү айтып дири-дийлеген жалгыз акын. Токтогулду сыздаткан Алымкандын сиңдиси, Жеңижок акындын балдызы. Айтыштагы төкмө кыздардан түзүлгөн «мафиянын» мүчөсү. Казактын төкмө акыны Сара айым сахнадан берген күмүш шакегин «Казакка барсам жаш акынга кайтарам» деген зирек кыз Изат, Акматбек менен эмнең бар десем сөздү кескен тирик кыз Изат, эстрада менен төкмөлүккө жетишкен чыйрак кыз Изат бүгүн биздин коногубуз. Ал акылдуу айым – намыскөй да, билимдүү да, баамчыл да болушу керек деп эсептейт.

 

«ЖӨНӨКӨЙЛҮК, ТЫРЫШЧААКТЫК АТАМДАН ӨТКӨН»

Аксынын Кызыл-Жар айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1987-жылдын 17-декабрында төрөлгөм. Атам Абдыжапар Айдаркулов математика мугалими, музыкант. Атакемди эң бир жөнөкөй, эң бир асыл адам деп билем. Жөнөкөйлүк, тырышчаактык сапаттар мага атамдан өтсө керек. Апам, Алымкулова Базаркан, үй кожейкеси. Баардык тамактарды даамдуу жасайт. Тамактарды гана эмес, эмне иш кылбасын майын чыгарып, жан дили менен аткарат. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Мен жетинчисимин. Баарыбыз жогорку билимдүү болдук.

Эң улуу эжем Бермет бир топ жылдан бери балдарга комуз үйрөтүп келет. Улуу агам Талант комуз чабат. Нурзат эжем ырчы, дастанчы, Бишкек шаардык эл аспаптар оркестринде иштейт. Айзат эжем ууз-чебер, биздин сахнага кийген кийимдерибизди баарын өзү тигет.

 

«БАЛАЛЫК КЫЯЛЫМ ОРУНДАЛДЫ»

Балалык күндөр баёо, аруу мезгил эмеспи. Тартынууну, уялууну анча билбеген кыз элем. Апам каякка барса артынан калбай ээрчип алчум. Анан автобуста болобу, көчөдө болобу, бирөө суранып койсо эле ырдай берчүмүн.

Мектепте окуп жүргөн мезгилде болсо сабакта төрт коюп койсо аябай ыйлачумун. Жакшы окудум десем болот. Өспүрүм курактагы өткөөл учурда шоктонуу, тентектик деген болгон жок. Анткени, талаа, үй жумуштарынан, окуудан бошочу эмесмин. Ошол бала кезде «журналист болсом» деп кыялданчу элем.

Мектепти аяктап, аттестат колго тийген соң, ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетине ата- энем, бир туугандарым менен кеңешип тапшырдым. Студенттик мезгилдин ар бир күнү кызыктуу өттү. Эмгек жолумду Ош шаарындагы чакан гезиттерден баштадым. Баягы балалык кыялым орундалды.

 

«МЭЭНЕТ КЫЛБАСАҢ БАР НЕРСЕ ДА ЖОГОЛОТ»

Мен окуучу кезде кээде чиймелеп ыр жазып коймой адатым бар эле. Аны үйдөгүлөр гана билчү. Акыркы 4-5 жылдын аралыгында төкмөлүк өнөргө көп көңүл буруп, кызыга баштадым. Окуп, изденип, айтыштарды көрүп дегендей. Атам дагы бир учурларда райондук иш-чараларда жамактап ырдап, эл менен амандашып ырдап калган учурлары болгон экен. Менин шыгым бар экенин атам, бир туугандарым байкачу. Төкмөлүк өнөрдү кудайдан берилген өзгөчөлүк деп эсептейм. Бирок, эмне иш болбосун сөзсүз талбаган аракет, мээнет болбосо, бар нерсе да жоголот. Мисалы мен өз алдымча китептерди окуп, тынымсыз изденүүдө болдум.

Башта “Айтыш” коомдук мектебине баргандагыдан азыр айырма өтө чоң. Анткени, мектеп деген мектеп да. Ал жерде эл ишенген, элдин сыймыгы болгон Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Курсант Нурматов сыяктуу устаттарыбыз бар. Өзүбүз сезе албаган, туя албаган каталарыбызды айтып турушат. Акырындык менен бул жааттагы чыйырымды даңгыр жолго айлантууга аракет кылып келатам. Устаттарыма миң алкыш.

 

«ТОЙЛОРГО ЧАКЫРУУЛАР БОЛУП ТУРАТ»

Айтышып жаткан атаандашың кыжырга же намыска тийген сөз айткан учурлар болот. Бирок, ачууга алдырганын – жеңилгениң. Бардык нерсенин түйшүгү да, жыргалы да болот эмеспи. Канчалык оор болбосун элдин алкышы, батасы, колдоосу – чексиз бакыт деп билем.

Эстрада жаатында да кээде ырдап коюп жүрөм. Бирок азыр мен үчүн биринчи планда улуттук айтыш өнөрү турат. Эстрада багытында ырдоону көп деле ойлонбой калдым. Бирок, аны да кези келсе улантам. Айтыштагы жетишкендиктерим деп  – Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев атындагы эл аралык сыйлыктарымды айта алам. “Элчи менен ырчынын ырыскысы эл менен” – деп бекер айтылбаптыр. Кудайга шүгүр, тойлорго чакыруулар болуп турат. Өзүңүздөргө белгилүү төкмөлөрдүн көпчүлүгү аш – тойлордон, айтыштардан ырыскысын таап келет. Маданий мекемелерде иштегендери да жок эмес.

Сахна менен чыгармачылык жаштыкты, сулуулукту сүйөт. Андыктан мен да салмагымды көзөмөлдөп, бетиме жашылча-жемиштерден маска жасап турам. Ал эми жеке жашоо жеке боюнча калсын. Быйыл жакшы жаңылыктар менен жакындарымды кубантсам экен деп тилек кылып жатам.

Сөзүмдү:

Жүрөгү соккон кыргыз деп,

Жүргөнү жакшы жак болсо.

Кызматты кылып элиме,

Кылган иши так болсо.

Аялдын орду үйдө деп,

Айтышка барсам тыйбаса.

Кымындай ишке кийлигип,

Кылапаттык кылбаса.

Анда эле макул болмокмун,

Мени,

Ар дайым сүйүп, сыйласа – деп аяктайын.

 

Редакциядан:

 

Акматбектин Изатка арнаган саптарынан үзүндү:

 

***

Кумурска белдүү, чымын сан Изат,

Кумарың артык чылымдан Изат.

Түпкүрү түпсүз, жылдызы чексиз,

Карегиңде түн барбы Изат.

Уячаң турат ууртуңда көркөм,

Ошого бир бал куюп ичер күн барбы Изат.

 

***

Акактай тунук аппагым Изат,

Тим эле үлпүлдөп күйгөн ак шамым Изат.

Кыймылдап кетсе кызыгуум артат,

Тим эле кыргыйек канат каштарың Изат.

Керүүдөн качкан маралдай чыйрак,

Тим эле керемет сындуу басканың Изат.

 

***

Күн айым, чолпон жылдызым болчу,

Сен менен толсун асманым Изат.

Жамалы жаркын жаралган жансың,

Жалооруп тиктеп канбаймын Изат.

Көз ирмемге муңая калсаң,

Ошол менин көөдөнгө батпас муң-кайгым Изат.

 

***

Сүйүүмдү кабыл албайсаң мейли,

Сүйүүмдү арнайм сынбаймын Изат.

Чыгалек сакал мурутум сен деп,

Ушул агарганча ырдаймын Изат – деп келет.

 

Акыркы ирет Нооруздагы айтышта биздин каарман:

Сүйүүңдү айтып бүтө алгыс болдуң,

Сүрдүгүп, сыздап, ыр менен какшап.

Кылымдан билсең ачык жооп айтпайт,

Мендей, кыргыздын кызы адебин сактап – деп табышмагын катып, көпчүлүктүн кийинки кыз-жигит айтышы качан болот экен деп күттүрүп жүргөн кезеги.

 

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17