Аймак

Айтпайын дедим эле… Исмаил ИСАКОВ: «Кыргызстанда кайрадан канабайрам уюштурууга аракеттенген күчтөр дагыле бар! »

 2,035 Бардыгы /

Айтпайын дедим эле…   Исмаил ИСАКОВ: «Кыргызстанда кайрадан канабайрам уюштурууга аракеттенген күчтөр дагыле бар! »Жогорку Кеңештин эң активдүү депутаты Исмаил ИСАКОВду окурман журтчулугубузга тааныштыруунун дегеле кажети жок. Кыйын кезеңде, 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн Оштогу өкүлү милдетин абийирдүү аркалаган. Кыргызстанда айтылуу Ош коогалаңынын аки-чүкүсүн андан жакшы билген адам жок. Эл өкүлү кабарчыбызга курган маегинде Кыргызстанда кайрадан канабайрам уюштурууга аракеттенген күчтөр бар экендигин жашырган жок.

– Исмаил мырза, 2010-жылы Сиз Убактылуу Өкмөттүн Оштогу атайын өкүлү эмес белеңиз. Баса дал ошондо айтылуу өзбек-кыргыз кыргынын таптакыр болтурбай коюуга же болбосо башаламандыкты бачым токтотуп калганга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар эле да? Неге антпедиңиздер?
– Алишер, бул сурооңо жооп кайтараардан мурда ошол учурдагы чыныгы кырдаалды эсиңерге салып, андан кийин соболуңа жооп берсем туура болот го.
Бакиевдердин ашкере криминалдашкан, өзүм билемдикке ыктаган, «Кимди кааласам өлтүрөмүн, жөн эле өлтүрбөстөн өрттөп кыйнап жок кыламын! Камаганын камап, урганын уруп, качырганын качырып тынам!» деген бийлиги акыры кулап, ал өзү ири өлкөлөрдүн президенттеринин суранычынын негизинде Кыргызстандан эсен-аман чыгарылып кеткенден кийин өлкөбүздө төмөнкүдөй кырдаал түзүлгөн эле.
Биринчиден, Бакиевдерди колдогон кошоматчылары, куйтулары, Жогорку Кеңештеги «Ак жол» партиясынын депутаттары, бийлик органдарын ээлеген жакындары, достору, ар-кандай бийликке тез ыктап көнгөн «мителер», жалаң өздөрү гана жыргап көнүп калган крминалдык-үй-бүлөлүк-кландык башкаруу бийлиги менен бирге банк, бизнес, улуттук байлыктарды бөлүштүрүү чөйрөлөрүндөгү табакташтары жана наркотрафиктеги көзөмөлдү бекем сактап калууга аракеттенген качкын президенттин ишенимдүү адамдары ошондо, чынында, жөн жатышкан эмес! Алар Убактылуу Өкмөткө каршы тынымсыз ар кандай жорук-жосундарды уюштуруп турушкан.
Экинчиден, милиция менен коопсуздук кызматынын облустук, райондук жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтердин башчылары «Бакиевдер бизге ишеним көрсөтүп, анан кызматка коюшту эле. Ага «Керек болсо Сиз үчүн баарын жасайбыз!» деп убада дагы бердик эле. Эгерде жаза тайып кокусунан кайра мансапка келип калышса, анда эмне кылабыз?» дешип, тымызын аларды колдошуп, өз милдеттерин так аткарбай, эл талабы менен жаңы коюлган жергиликтүү мамлекеттик бийликтин жетекчилерине тынымсыз каршы иштешип, өз кызмат орундарында калып калуу камын гана көрүшкөн.
Үчүнчүдөн: ошол эле укук коргоо органдарынын катардагы өкүлдөрү жана айрым кызматкерлери Бакиевдердин мыйзамсыз буйруктарын аткарып жүрүп эл ишениминен толук ажырап, моралдык жактан абройлору плинтустан да төмөн түшүп, жогоруда айтылган жетекчилеринин үгүтү менен Бакиевдерди аргасыздан гана колдошуп, өз министрлерин укпай, кээ бирлери жадагалса митингге дагы чыгып, ал эми көпчүлүгү коомдук тартипти туруктуу сактамай түгүл элибизден кыйла оолактап калган болушчу.
Төртүнчүдөн, бир жагынан социалдык-экономикалык абал бара-бара оорлошуп, экинчи жагынан элибиздин мамлекеттик бийлик бутактарына, өзгөчө укук коргоо жана сот органдарына таптакыр ишеними калбай, үчүнчү жагынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактай турган Куралдуу күчтөрүбүз акыркы 2009-2010-жылдары жөнсүз кыскарууга тушугуп, мунун кесепетинен күжүрмөн даярдыктары абдан начарлап, өздөрүнүн милдеттерин дагы аткара албай турган акыбалга жеткен эле.
Бешинчиден, өлкөбүздөгү саясий-экономикалык кырдаалдын өзгөрүүлөрү убагында дайыма пайдага гана туйтунуп көнүп калышкан башка улуттун «лидер» сөөмөйлөрү өз улутунун жарандарынын башын айлантып, тымызын «автономия» жана «тил» маселесин үстөккө-босток көтөрүп, улуттар арасындагы өрттү ого бетер тутантып, андан ары жалындатканга ыңгайлуу шарт түзүшүп, ага мурдатан эле даярдыктарды көрүшүп, убакыт-саатын гана күтүп олтурушкан экен.
Ал эми чет өлкөгө качып кеткен ошогездеги президенттин уулу Максим менен бир тууган иниси Жаныш Бакиевдер уурдалган акчаларынын жана колдорунда турган массалык-маалымат каражаттарынын күчү менен кара пиар-технологдорду тынымсыз колдонуп, Убактылуу Өкмөт жөнүндө ыкчам жана теңирден тескери маалыматтарды үстөккө-босток таратышып, аны жок кылуу пландарын түзүшүп, өздөрүнчө күч топтоо менен жергиликтүү мамлекеттик бийликтерди кайра-кайра күч менен басып алууга түртүшүп, өзгөчө Курманбек Бакиевдин Минскиге барып алып «Мен Президенттиктен кетүү жөнүндө жазган арызымды тааныбайм!» дегенинен кийин жана жалпыга белгилүү болгон Жаныш менен Максимдердин телефон аркылуу «500дөй куралчан наемниктердин күчү менен массалык башаламандыкты уюштуруп, кипиш кылабыз!», «Элди түндүк-түштүкукө бөлүп, канга боёйбуз!» деген сөздөрүн иш жүзүндө аткарышып, ага кошумча Жанышы «Талибан» жана «ИДТ» өкүлдөрү менен жолугуп, бүткүл өлкө боюнча чырды ырбатуу менен массалык башаламандыкты өтө активдүү уюштуруунун аракетин ыраса жасаган.
Мындан тышкары албетте, ушундай эле арам максат менен чыныгы демократия жолуна түшкөн Кыргызстандын өнүгүүсүн жана республикада мамлекеттик парламенттик формасынын орнотулушун таптакыр каалабаган, дайыма Кыргызстандын саясатына ар кандай ыкмалар менен сөзсүз таасир этүүнү көздөгөн үчүнчү күчтөрдүн аракеттери жана катыштыгы дагы ошогезде ого бетер күчөгөн.
Ушундай опурталдуу акыбалдын түзүлгөнүнө элибиздин көпчүлүк бөлүгү анчалык маани бербесе, бир тобу түшүнүп-түшүнбөй, айрымдары билсе дагы билгиси келбей, окуяны тетири нукка бурууга аракеттенишип, эл арасында Убактылуу Өкмөттүн аброюн таптакыр кетирүүгө бүгүнкү күнгө чейин аракеттенип жүрүшөт.
Азыр ошол тапта түзүлгөн кырдаал бир эле эл арасында эмес, саясатчылар, саясат таануучулар жана илимпоздор тарабынан дагы эмнегедир атайын унутулуп, таптакыр башкача өңүттө бурмаланып айтылып, арадан аз убакыт өтсө да, көп фактылар баарыбыздын эсибизден чыгып бараткандай туюлат. Мен терең ишенем, мезгил өткөн сайын ошол коогалаңга адилет баа берилип, акырында баардыгы эртедир-кечтир өз ордуна сөзсүз коюлат.
2010-жылы Убактылуу Өкмөт ошондогу оор акыбалга жана Бакиевдер тарабынан кайра-кайра реванш алып коомдук-саясий кырдаалды бузуу менен улуттар ортосунда кагылышууларды чыгарууга болгон, буга дагы кошумча сепаратисттердин жана үчүнчү күчтөрдүн теңирден тескери аракеттерине карабастан өз миссиясын абийирдиүү аткарып, эң башкысы өлкөбүздө жарандык согушту болтурбай, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жарадык!
Ошентип Убактылуу Өкмөт биринчи күндөн тартып эле элдин жүйөөлүү талаптарын кыска мөөнөттө аткарып, электр энергиясына, жылуулукка, ысык жана муздак сууга, ошондой эле мобилдик байланышка жогорулатылган тарифтерди биротоло алып таштады. “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомдорун сатууну мыйзамсыз деп таап, башка энергетика обьекттерин арзандатылган баада сатууну токтотту.
Мыйзамсыз ээленген жана арзан баага сатылган обьекттерди мамлекеттин энчисине биротоло кайтардык. Ага удаа сөз эркиндиги дагы дароо калыбына келтирилди. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум өткөрүп, берген убадаларына бекем туруп, өз каалоолору менен бийлик бутактарынан кетип, жарандарыбызды «Тигиники, мунуку» деп бөлбөй, баары менен бирге тең шайлоого барышты.
Канеткен күндө да биз ошол учурда Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын эмгек акыларын көтөрүп, жетишсиз болсо да аскер күчтөрүн тез аранын ичинде калыбына келтирип, уюштурулган жаңжалды башка аймактарга жайылтпастан, гуманитардык жүктөрдү, биринчи кезекте тамак-аш азыктарын жана дары-дармектерди оперативдүү жеткирүүнү жолго коюп, кагылышуу учурда жарандарды, окуучуларды, студенттерди, жаш балдарды, кыздарды, улгайган жарандарыбызды коопсуз жайларга ыкчам көчүрүп, аларды эсен-аман сактап калдык.
Дагы бир өтө маанилүү жагдай: ошол кооптуу аймактарда иштеп, окуп жүрүшкөн чет мамлекеттин жарандарын жабыр тарттырбастан алып чыгуу менен кыска мөөнөттүн ичинде бардык көчүрүлгөн жана убактылуу өлкөдөн чыгып кеткен жарандарыбызды мурда жашаган жерлерине акыры кайтарып, ал эми 2010-жылдын декабрь айларында үйү өрттөнүп кеткен жарандарыбызды жаңы убактылуу турак үйлөр менен толук кандуу камсыз кылганга жарадык.
Баардыгы салыштырмалуу дегендей маселен, 1990-жылкы Ош коогалаң учурунда улуттар ортосундагы кагылышууда ошол кездеги Союздун темирдей катуу бийлигине, тагыраак айтканда ар бир айыл өкмөт менен колхоздун, совхоздун башчылары, райондун, облустун жетекчилери кыңк этпестен борборго баш ийип турган кезде, күчтүү идеологияга жана темирдей тартиптүү укук коргоо, коопсуздук органдарынын жана армиянын күчтүүлүгүнө дагы карабастан жаңжалды 2010-жылдай тез аранын ичинде токтотуп, башка аймактарга жайылтпоого жетишкен эмес! Материалдык жана башка чыгымдарды айтпай эле бир эле курман болгондордун санына токтосок, алардын саны 1990-жылы он миңден ашкан.
Экинчи мисал. Мына Украинадагы жана Араб өлкөлөрүндөгү азыркыга чейин созулган трагедияны, жоготуулардын статискасын, жадагалса кээ бир өлкөлөрдүн ушундай жаңжалдын кесепетинен дүйнөлүк картадан жок болуп кетип жаткандарын айтып коюу ашыкчалык кылбас. Биз эң башкысы мына ушуга 2010-жылы жол койгон жокпуз!
Дагы баса белгилеп кетчү жагдай: 2010-жылы өзгөчө өлкөнүн түштүк аймактарында жогорудагы айтылган кырдаалдын негизинде Убактылуу Өкмөттүн бийлиги жер-жерлерге мыйзамда жазылгандай толугу менен тасирдүү болбогондугуна жана күч органдары өздөрүнүн эсине келе албай жүргөн акыбалдарына карабастан биз кыска мөөнөттүн ичинде ишибизди ыкчам, ошого удаа натыйжалуу алып баргандыгыбыздан улам бүгүн биз экөөбүз моминтип согуш кырдаалында эмес, тынччылык маалында эгемендүү Кыргыз Республикасынын аймагында олтуруп, бетме-бет сүйлөшүп жатабыз, Алишер.
2010-жылы май жана июнь айынын башында түзүлгөн жогорудагы айтылган саясий, экономикалык жана социалдык кырдаалда эртедир-кечтир улуттар арасындагы чыр сөзсүз чыкмак. Себеби, Бакиевдердин бийликти кайтарып алуу жана сепаратисттер менен үчүнчү күчтөрдүн өз максаттарына жетүү үчүн алардын эң акыркы аракеттери ошол улут арасындагы чатакты сөзсүз чыгаруу болгон. Алардын максаттарынын ишке ашуусуна Убактылуу Өкмөт тарабынан дароо жана катуу бөгөт коюлуп, арам пландарынын мизи убагында майтарылып, элибиздин тынчтык жана демократиялык жол менен туруктуу жашоосу толук кандуу камсыз кылынды.
– Айтсаңыз, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров «Бир тууган Жээнбековдор 2010-жылы Убактылуу Өкмөт Ошко атайын ажыраткан 3 миллион долларды өз максатына эч жумшабастан, кийин жеп ташташкан» дегени чындыкка коошобу?
– Бул суроолордун тегерегинде мен жакында эле бир гезитке маек курдум эле. Ошонун олуттуу гана жерлерин силерге кайталап коёюн.
«Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор 3 миллион долларды жеп таштаган!» деген сөз таптакыр чындыкка коошпойт! Өзү үч миллион долларды буларга ким жана качан бөлүп бериптир? Абдылда Капаров мырза ал акчаны Жээнбековдор алганын өзү чындап эле карап туруптурбу? Ал учурда “Жеймин!” деген түшүнүк эч кимдин түшүнө дагы кирген эмес, эй! Себеби кырдаал Кыргызстанда кандай абдан оор болуп турганын ошол жерде жашагандар жана жалпы эли-журтубуз абдан жакшы билет.
Ошондой кыйчалыш кезеңде тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактап, чыккан өрттү тутантпастан токтотуп калыш үчүн Ош облусунда Жээнбековдор, Жалал-Абад облусунда Бектур Асановдор ошол аймактардын жетекчилери катары Кыргызстандын келечеги үчүн, авторитардык бийликке каршы турууда абдан эбегейсиз салымдарын кошушкан. Стабилдүүлүктү сактап калуу менен авторитардык бийликти түп-тамыры менен жоготууда бир гана бизди колдогон патриот жарандарыбыз, агаларыбыз, эжелерибиз, жоро-жолдошторубуз болгон. Ошолордун күчү, сүрү менен гана кыска аралыкта жергебизде бекем тынчтыкты орнотууга жетишкенбиз.
Албетте аларды уюштурган, жетектеген, баардык жактан камсыз кылган биз – Убактылуу Өкмөт элек. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн бөлгөн акчалары толугу менен ошол учурдагы катаал абалды стабилдештирүүнүн накта муктаждыктарына гана максаттуу түрдө жумшалган. Ошондой кыйын кырдаалда кайдагы «Жеймин!» деген ой келет башка. Ошондо баарыбыздын башыбызда бир гана максат – өрттү өөрчүтпөстөн, тез арада өчүрүп, туруктуу стабилдүүлүктү камсыз кылуу эле.
Калыстык үчүн айта кетүүм парз: ушул өңдөнгөн жүйөөсүз айыптоолор Убактылуу Өкмөттүн дарегине өтө эле көп айтылып келген, өзгөчө “Ата Журт” партиясы шайлоо учурунда Убактылуу Өкмөттү атайын жамандоо агитациясын байма-бай жүргүзүп, өзгөчө түштүк аймактарында «Булар акчаларды жеп алды. Булар ушундай кырдаалга күнөөлүү!» өңдөнгөн ар кандай чындыкка коошпогон, жалган ушак-айыңдарды таратуу менен парламенттик шайлоодо көп добуш топтоп, а түгүл Жогорку Кеңеште алардын демилгеси аркасында комиссия түзүлүп, натыйжада парламенттик комиссия таптакыр мыйзам бузуу тапкан жок. Ага улай Башкы прокуратура дагы бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылып, эч ким өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбагандыгын дагы бекем тастыктаган.
Баса, ошол маалда үйүнөн таптакыр чыкпай, аялдарынын этектерине башын катып же короосунун тегерегин бир кыдырып коюп, «Кудай өз башым менен үй-бүлөмдү сактасын!» деп үйүнөн чыкпай жүргөндөргө жана Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө «Мен дагы бармын!» дегендей бир көрүнүп койгондорго бүгүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, өздөрүнчө «Баатыр» болуп, баарын көрүп билип башкарып жүргөндөй, Убактылуу Өкмөттү тынбай жамандап, «Мындай кылса жакшы болот эле», «Андай кылышканы туура эмес!», «Мен ага мындай дедим эле» дешип жүрүшпөйбү, же бул жалганбы, ыя?
Кептин кыскасы, кандай гана ачуу сөздөр айтылбасын ушул кичинекей Убактылуу Өкмөттүн тобу стабилдүүлүктү кыска мөөнөттө орнотуп, жаңы шайлоо өткөрүп, референдум аркылуу Баш мыйзамды кабыл алып, өздөрү жумуш-кызматтарын эрки менен тапшырып, баардыгы менен бирдей теңата шайлоого барбадыбы. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн тарыхында аз эле. Эмнегедир ушул экинчи жагына басым жасабай, «Элдин кулагына жагымдуу, ушуларды айтсак калк өтө бат ишенет» дешип, акча менен куралга басым жасагандар эсен эле болушсун, эй! Тарыхка үңүлгүлөчү, кыска аралыкта туруктуу тынчтыкты алып келген фактылар өтө аз, алыска барбай жогоруда мен айткан Украинада болуп жаткан трагедия, Араб жергесин каптаган кандуу окуялар буга далил эмеспи, ыя?
Тилекке каршы, 2010-жылдагы каргашалуу окуялар туурасында сөз болгондо жалаң эле акча менен куралга байланыштырып Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн жана айрым жергиликтүү мамлекеттик бийликтин жетекчилерин атайылап жаманаттылап, эң өкүнүчтүүсү ошол кырдаалды кыска мөөнөттө кантип турукташтырып, улуттар арасындагы чыр-чатакты эптеп калыбына келтирип, массалык баш-аламандыкты андан ары ырбатпай, Конституциялык реформаны ыкчам жасап, бийликти шайлоо аркылуу өткөрүп бергендерибиз жөнүндө реалдуу акыйкат сөз болбойт, ыя! Кокусунан ошол жөнүндө сөз чыкса, биздин кээ бир жарандарыбыз, жадагалса саясатчыларыбыз уктай алышпай, уйкулары качып, нервдери чыңалып, денелеринин температуралары эң жогорку деңгээлге көтөрүлүп, өздөрүнчө бушайман болушат. Бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы, эй!

– Сизге бары дайын эле да. Ошондо чындап эле азыр бийликтин эң жогорку бутагында олтурушкан бир туугандар Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор элге мындан тышкары дагы 145 автомат жана 20 тапанча тараткан беле? Кайсыл максатта?

– «Жээнбековдор эле 145 автомат жана 20 тапанча тараткан» деген сөз бул өзүнчө «супер» жомок! Бул эч кандай фактысы жок, курулай айыптоо! 145 автомат жана 20 тапанча аскер термини менен айтканда, эки аскер бөлүгүнүн, тагыраак айтсак эки ротанын аскерлеринин куралы, аны кайсыл складдан алып чыкканы, кандай машина менен ташыганы, кимдер жүктөгөнү менин оюмча, азыр айкын болмок. Жүктөгөндөрдөн, ташыгандардан, тараткандардан бүгүн жок дегенде бирөө-экөө чыкмак «Мен жүктөдүм, мен ташыган элем» деп.
Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе: ошол учурда чындыгында өзгөчө Майлуу-Сууда, Гүлчөдө жана чек ара заставаларында жергиликтүү калк кээ бир аскер кызматчыларын ур-токмокко алышып, күч колдонуп курал-жарактарды тартып алуу фактылары катталган. Аскерлердин аздыгынан биз аскер бөлүктөрүндө аскер обьекттерин кайтаруу үчүн гана аз санда калтырып, калгандарын Ош жана Жалал-Абадда стабилдүүлүктү орнотууга байма-бай колдонгонбуз. Ошолорду билишип, элдер жогорудагы мен айткан жолдорго барышкан. Биз кийин прокуратурага тапшырма берип, ар бир курал-жарак тартып алынган фактылар боюнча бардыгынын мыйзам чегинде жоопкерчилигин каратканбыз.
Дал ошол фактынын негизинде Жээнбековдор куралдарды күч менен басып алып, ошолорду элге таратуу буйруктарын берген дагы эмес, өздөрү андай мыйзамсыз жорукка барышкан дагы эмес! Андай кылууга буларга мүмкүнчүлүк дагы таптакыр болгон эмес! Тескерисинче ошол курал-жарак менен келгендерди кайсыл тарап болбосун токтотуп турушкан. Ушуга байланыштуу 2010-жылы шайлоо учурунда мен жөнүндө дагы кандай гана кара пиарды уюштурушкан жок, бир эле мисал, эгерде бир тарапка «Генерал бизге курал бербей, экинчи тарапка болушту» дешсе, экинчи тарапка тескерисинче башкача айтып жүрүшкөн. Мына ушундай эле азыркы боло турган шайлоо алдындагы кара пиарлардын бизди атайылап каралоо сыңары эсептейм.
– Дегеле полковник Абдылда Капаровду ошогезде таанычу белеңиз? Ал ошол мезгилде өзүнө тагылган жооптуу милдетти кандайча аркалады эле?
– Абдылда Капаров менен жеке тааныштыгым жок! Ал полковник ошол учурда аз мөөнөттүн ичинде Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп, менин түздөн-түз кол алдымда жүргөн. Ал дагы стабилдүүлүктү камсыз кылууда өзүнүн тажрыйбасына жараша гана салымын кошкон.
Негизи мырза Абдылда Капаров милициянын полковниги жана ошол учурдагы Ош олустук ички иштер органынын жетекчиси сыңары мындай нерсени бүгүн жар салышы этикага дагы, адамкерчиликке дагы жатпайт. Эгерде өзүнүн фактысы болсо, ошол учурда «Эмнеге курал таратып, кырдаалды ырбатып жатасыз. Бул мыйзамга туура келбейт! Мен облустук ички иштер органынын жетекчиси катары Сиздерге чара көрүшүм керек!» деп айткан эмес жана убагында чара да көргөн эмес? Эгерде ошол учурда аларга чара көргөнгө кудурети жана духу жетпесе, мага келип эмнеге фактыларын айткан эмес.
Мындан тышкары парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар Ош окуясын кең-кесири иликтеп, тиешелүү жетекчилерден, катардагы жарандарыбыздан эмне ишти кандай аткаргандарын, көргөндөрүн сураштырып, маалыматтарды кагазга түшүрүп, аудио-видеого тарттырып жүрүшпөдүбү. Урматтуу полковник Абдылда Капаров азыр кыйкырбай жок дегенде ошолорго айтса болмок. Мейли, анын айткандарында гипотетически чындык бар десек, анда укук коргоо органдары анын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, ошол учурдагы «кызматтык адам» катары кылмышты жаап-жашырып, көп адамдардын өлүмүнө алып келген жаңжалды ырбатканга жол берген үчүн Кылмыш-жаза Кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартуусу абзел! Анткени, бул өтө оор кылмыш болуп эсептелет.
– Баса, эки элдин ич ара кырылышуусун Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгынан пайдаланып ошогездеги Өзбек лидерлери Кадыржан Батыров, Иномжан Абдырасулов жана Карамат Абдуллаева уюштурушкандыгы калк арасында байма-бай айтылып жүрөт. Мына азыр бийлик Сиздердин колуңуздарда. Аларды четөлкөлөрдөн алдыртып келип, баарын дыкаат териштирип, эмнеге бирин дагы жазалабай жатасыздар?
– Алишер үкам, Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгына деген сөзүң чындыкка таптакыр коошпойт. Эгерде Убактылуу Өкмөт ошондо алсыз болгондо, бүгүн же Бакиевдер Кыргызстанды кайра бийлеп, экөөбүз минтип маектешпейт элек, туурабы? Же Кыргызстанда жарандык согуш оту тутанып, анын кесепетинен өлкөдө башка акыбалда отурмакпыз. Алар Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгынан чыгып кеткен жок, алардын чыгышына биздин арабызда жүргөндөр билгизбей тымызын жардам беришпедиби.
Булар кимдер дебейсиңби? Биринчиси, ошол учурда эки тарапка тең бирдей кызмат кылышкан бийлик, байлык үчүн аталарын-энелерин жана керек болсо Мекенин дагы саткандар. Мына бүгүндөн тартып өзүң изилдеп көрсөң алардын байлыгын бүгүн кимдер иштетип жүрүшөт, кимдер ээ болушкан? Ошондо бул суроого жооп аласың. Экинчиси, аларды ар дайым «керектүү» учурда гана өз кызыкчылыктарына бекем пайдаланып көнүп калышкан саясатчылар. Албетте үчүнчүсү, алардын артынан «күш-күштөп» турган таасирдүү сырткы күчтөр.
Ал эми алардын улуттардын өз ара кагылышуусуна түздөн-түз салымдарын кошкондор парламенттик комиссиянын отчетунда даана аныкталган. Жогорку Кеңеш тарабынан токтом кабыл алынып, Башкы прокуратура жана укук коргоо органдарына тапшырма берилген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө дейре ар кандай жөндүү жана жүйөөсүз себептер менен аларды чет өлкөлөрдөн алдыртып келе албай, соттобой жүрүшөт.
Парламентте бул маселе кийинчирээк дагы бир нече жолу көтөрүлүп, жогорудагы айткан мамлекеттик органдарынын ишине катуу сын-пикирлер айтылып, токтомду аткаруу боюнча бир нече тапшырмалар дагы берилген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин берилген тапшырмалар иш жүзүндө ишке ашпаганы сени эмес, мени дагы абдан кейитет.
– Исмаил мырза, мына алдыбызда парламенттик, андан кийин президенттик шайлоолор турат. Айрым сырткы арам күчтөр дагы дал ошогезде өзбектердин четөлкөлөрдө бозуп жүргөн жолбашчыларын мурдагыдай пайдаланып, Кыргызстанда кайрадан канабайрам уюуштуруп, араң бүтөп бараткан жараны кайра ырбатпас бекен?
– Алишер үкам, абдан туура айтасың, Кыргызстанда кайрадан канабайрам уюштурууга аракеттенген күчтөр жок эмес, бар! Болгондо да андай арам ойлуу күчтөр абдан көп.
Сен айткандай, өзгөчө парламенттик шайлоо маалында кара пиар абдан күчөйт, кээ бирлери ошол учурду пайдаланып кайрадан канабайрам уюштурууга аракет дагы кылышат. Жанагы Абдылда Капаров мырзанын сөзүнүн төркүнү, жыты түшүнгөн адамга туптуура ошол жактан чыгып жатпайбы. Себеби курал сөзсүз атылат, атылганда дагы ошондой учурда үзгүлтүксүз жана күнү-түнү атылат. Анын артында трагедия, бирөөнүн муңу, ыйы, кеги жатат. Эмитен кээ бир жарандардын ички сезимдерин козгоп, жүрөктөрүнө киргизип, кулактарына сиңдирип, убагы келгенде көзүн кан баскан фанаттардын чыгышына үрөөн сээп жатышпайбы. Ошондуктан биз баарыбыз, өзгөчө бийик бутактарында жүргөн, мурун иштеп кеткен адамдар этият болушубуз керек! Бекеринен элибиз «Айтылган сөз – атылган ок!» дебейт. Чыкты кармай албайсың.
Кандай болбосун жалпылап айтканда, шайлоо учурунда кара пиарларга жана ар кандай терс аракеттерге карабай, шайлоо өлкөбүздүн стабилдүү акыбалында өтөт деген ишеним менде чоң. Себеби, элибиздин аң сезими 2010-жылга салыштырмалуу кыйла өстү, басымдуу көпчүлүк кимдин ким экенине түшүнүп дагы калды. Өлкөбүздө аз болсо дагы тазалануу жараяны башталды. Биз түзгөн бийлик системасы аз болсо дагы жемишин бере баштады. Элибиздин адилеттүүлүгүнө, акылмандыгына жана ынтымагына мен абдан бекем ишенем! Ошондуктан. коркунуч бар, бирок ал коркунуч Кыргызстандын элин бөлүп, жарып, кайрадан кагылышуусуна алып келгенге таптакыр жарабайт!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17