Аймак

“КАЙРАТМАН ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР, КӨКӨЛӨЙ БЕРСИН ОЮҢАР!…”

“КАЙРАТМАН ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР, КӨКӨЛӨЙ БЕРСИН ОЮҢАР!…”

 4,128 Бардыгы /

5-август – Темир жолчулардын күнү

 

ӨТКӨНДӨРДӨН БИР ЭЛЕС

Темир жолдун кызматынан союз мезгилинде жакшы эле пайдаландык. Аны дегеле тана албайбыз. Айрыкча улуу муундар, орто муундар, ачык айтканда азыркы жаштар анчейин деле билбей калы өңдөнөт. Жалал-Абад-Куйбышев, Жалал-Абад-Бишкек, Жалал-Абад-Ташкент маршруттары боюнча жүргөн поезддерге жүргүнчүлөрдү кулач жайып тосуп алгандыгы күнү бүгүнкүдөй эсимде, жашап келет сезимде. Кылымдан ыйык тарыхы бар Жалал-Абад темир жолунун тер төккөнүн тарыхтан жакшы билебиз. Албетте алардын эмгеги унутта калбайт.

 АЗЫРКЫ АБАЛ

Көчтү улап келаткан мекенчилдер, ар намыстуулар бар арабызда. Ошолор биздин тирөөчүбүз. Башы жок келесоолордун, келечекти көрө билбеген саясий сокурлардын азабын дале тартып келе жатпайбызбы. Чындыгында бардыгы менчиктештирилди. Бир гана темир жол калды. Ага да көзү кызаргандар мезгилинде болгон. Бирок, ишке ашпай калган. Анысы чындыгында жакшы. Ошентип, бизде бир гана темир жол тармагы менчиктештирилбей калды. Ошонусуна да шүгүрчүлүк. Жалал-Абад темир жолун таржымалын айтсак сөз көп.  Акыркы мезгилде эгемендүүлүк алганга чейин көптөгөн кадрлар иштеди. Бирок, азыркы жетекчиси Бахтияр Камчиевичтин  эмгеги өзгөчөлөнүп турат. Жетик жана иш билги жетекчи экендигин Жалал-Абад темир жолуна келгенде эле тастыктаган. Төрт жыл бою  Жалал-Абад  бекетин башкарып турганда зор сыноодон ийгиликтүү өткөн. Ишеним артынан ишеним боло берген. Арадан 4 жыл өткөндө  “Кыргыз темир” жолу мамлекеттик ишканасынын, мамлекеттик компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн жетекчилигине көтөрүлгөн. Жамаатка жаккан, ак кызмат өтөгөн жетекчи жерде калабы. Азыркы мезгилде да бүтүндөй жамааттын Бахтияр Камчиевичке болгон урмат-сыйын, мамилесин туюп турабыз. Мурдагыдай эле өзүн көтөрө мактабаган, жөнөкөйлүгү  жана  көрөгөчтүгү менен айырмаланган жетекчиден буга чейин көп эле маектешкем. Бул сапар суроону башкача берүүнү чечтим.

Бахтияр ЮНУСОВ: “ЖООПКЕРЧИЛИК – АК КЫЗМАТКА ЖЕТЕЛЕГЕНДИК”

– Бахтияр Камчиевич, региондорду өнүктүрөбүз деп эне тилибизден чаң чыгып жатат. Бул маселе сөз боюнча калбайбы?

-Сөз  чынында көп болуп жатат. Мен башкалар калп эле элди алдагандар жөнүндө эч нерсе айткым келбейт. Ишканабызда өзгөрүүлөр, өсүүлөр болуп жаткандыгы мени кубандырат. Башканы коюп эле алты айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берип койгонум дурустур. Антебиз, минтебиз деген жетекчилерди  колдобойм. Региондорду кантип өнүктүрөбүз? Бул суроо ар бир жетекчинин көңүлүндө болгону шарт. Биз Казакстандан акыркы эки жылда 150 вагон сатып алдык. Ошондон улам ишибиз илгерилеп жатат. Беш айдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 689 вагон, 47797 тонна көмүр ташыдык. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 221 вагонго,15406 тоннага көп. Албетте өсүш жакшы. Мындай жогорку көрсөткүчтөр негизинен темир жолчулардын эмгегинин натыйжасында жаралып  жаткандыгын кубануу, бир жагынан сыймыктануу менен айта кетүүнү туура таап отурам.

-Туура  айтасыз жаамат менен эсептешпеген, алардын пикирин, кеңештерин укпай койгон жетекчилер ээрден шыпырылып жатпайбы. Буга көз карашыңыз кандай?

-Бул сурооңузга бир сөз менен жооп бергеним туура эместир. Кезегинде мени көрө албагандар, ордумду тартып алууга кызыккандар болгон. Аны жамаат да жакшы билишет. Кесиптик майрам белгиленээр алдында аны айтканым көпчүлүккө жакпастыр.  Айланып келип эле баардыгын ак кызматка такалат. Жыйырма төрт жылда жамаатка эмне кылдым? Бардыгынан  да мени ушул суроо түйшөлтөт. Ишеним актоодон, ишти алга жылдыруудан артык бакыт жок. Коллектив мени 28 жылдан колдоп, кубаттап келеткан болсо мындан ары да ушул позициясында тура тургандыгына бекем ишенем. Ошон үчүн жамаатты өтө кадырлайм, бир жагынан сыйлайм. Алар чынында ошого  татыктуу.

-Саясат менен кандайсыз?

-Ушул суроону көптөгөн журналисттер беришет. Бирок, жообум жок. Саясатка аралашкандар, бийлик талашкандар эмне болуп жатат? Мен тереңдетип эч нерсе деле айта албайм. Канткен менен элдин пикири эсептешкен туура болос керек деген ойдо келатам.

-Бара-бара партиялар көбөйүп жатат, сиздин пикириңиз?

-Көп партиялуулук кыпындайда пайда алып келбейт. Бардыгы эле элдин да, мамлекеттин да кызыкчылыгын, келечегин ойлогону максатка ылайык болсо керек.

– Ажобуздун ушул тапта жүргүзгөн аракетине, келечекке болгон ой жүгүртүүсүнө купулуңуз толобу?

-Аны азырнча так айта албайм

-Эгер кошаматка жан үрөп, кандайдыр бир жолдор менен жогор жактардын көңүлүн алсаңыз КРнын Эл баатыры  болуп калгыңыз бардыр

-Сиз менин башымды айландырып жатасыз. Аны түшүнүп турам. Баатыр болуш деле оюмда жок. Балким, бийликтегилер сунуш кылышса отказ бербеймин.

-Түмөндөгөн түйшүктөрдү аркалаган темир жолчулардын майрамы оропарасына сиз менен маектешип олтурган соң майрамдык каалооңузду билдире кетесизби?

-Мен бүт өмүрүмдү, тагдырымды темир жолго арнап койгонмун. Мен үчүн кош кубаныч. Республикабыздагы  Түштүктөгү бардык темир жолчуларды алдыдагы кесиптик майрамы менен чын дилден, ак пейилден куттуктайм. Ооматыңыздар ойдогудай болуп, көз ирмемде жакшылыктар болуп кубанычыңыздар артып, маанайыңыздар жаркып жүрө бериңиздер! Майрамыңыздар менен!

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Айтылган ой тилегиңиз ишке ашсын. Темир жолду кар эмес, бакыт бассын! 

Сүйүнбай Абдумажитов, экономист, ардактуу темир жолчу: “БАХТИЯР БАКТЫБЫЗДЫ АЧТЫ”

Мен ушул ишканада жыйырма жылдан бери иштеп келе жатам. Биз өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Мамлекеттин көзүн карабайбыз. Киреше булактары кайсылар? Эң оболу ошол жагына жетекчибиз Бахтияр Камчиевич баш болуп көңүл бурабыз. Антпесек болбойт. Стратегиялык, тактикалык программаларды иштеп чыгып, анын аткарылышын такай көзөмөлгө алабыз. Албетте мында жетекчибиздин салымы зор. Ар кандай маселени жеке өзү чечпейт, жамаат, адистер менен кеңешет. Акыл калчап иш кылат. Ошондон уламбы жылдан жылга ишибиз илгерилеп, көрсөткүчтөр жогорулап жатат. Алсак, өткөн айда эле 487409 тонна эл кеңири керектөөчү товарлар ташылды. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 109 528 тоннага көп. Бул боюнча алты айлык план 129 пайызга аткарылганын кубануу менен айтууга болот. Экономикалык, финансылык көрсөткүчтү көтөрүү чынында оңой эмес. Бул үчүн жаңыча ой жүгүртүү, эң башкысы жоопкерчилик менен иштөө азыр абадай керек болуп турат. Муну суукту суук, аптапты ыссык, күндү күн, түндү түн дебей каармандык менен эмгектенишкен темир жолчулар жакшы билишет.  Тагдырыбыз темир жолго байланышып, ушул ири ишканадан бактыбызды таап, өмүр кечирип жаткандыгыбызга шүгүрчүлүк дейбиз. Майрамыңыздар маарек болсун кесиптештер!

Таалай Баетов, кадрлар бөлүмүнүн башчысы: “КАДРЛАР – ИШКАНАНЫН ТИРЕГИ”

Эзелтеден эле кадрлар жамааттын ажатын ачып келишкендиги белгилүү. Жалал-Абад темир жолунун түптөлүү мезгилинде жан дилинен кызмат кылган жүздөгөн, керек болсо миңдеген инсандардын маңдай тери темир жолго тамгандыгы, алардын эрдиктери, эң башкысы эмгекчилдиги, ар кандай кыйынчылыктарды каармандыгы менен жетишкендиги айтылып да, жазылып да келет. Алгач чыйыр башташкандардын мээнетине, эмгегине азыр да таазим этип, аларды сыйлап, бир жагынан арбагына ыраазы болуп келебиз.

Улуу муундун жолун уланткан, эмгеги менен калайыкты кубанткан темир жолчулар менен азыркы тапта да колдон келгенин аткарып жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш. Кезегинде темир жолчулар жөнүндө “кылым карытар бир күн” аттуу даңазалуу жазуучу Ч.Айтматов жазгандай темир жолчулар дале мекенчилдикти туу тутушат, элине ак кызмат кылышат.

Бизде “Ардактуу темир жолчу”, “ Кыргыз темир жолунун ардактуу ардагери” наамын алгандар ондоп саналат. Алар биздин сыймыгыбыз. Биз кадрларды даярдоого бөтөнчө көңүл бурабыз. Бишкектеги №97-лицей, Алма-Ата шаарындагы темир жолчулар институту менен тыгыз байланыштабыз. Каалагандарды ишкананын эсебинен окутуп, кадрлардын резервин түзүп турабыз. Албетте келечегибиз кам көрөбүз. Жалал-Абад темир жолунун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө зор салым кошушкан, азыркы учурда да талыкпай эмгектенип келатышкан темир жолчулардын эмгегине, улуу муундагылардын баа жеткис мээнетине абдан ыраазыбыз. Ошолор баштаган чыйыр менен баратканыбызга чексиз ыраазыбыз. Майрамыңыздар маарек болсун, маанайыңыздар ачык болсун урматтуу темир жолчулар!

 

Салып барат улам-улам бийикти,

Коё бербей колунан эч тизгинди

 

(Бахтияр Юнусовго)

 

Узак жылдар чоң жамааты башкарып,

Урмат-даңкы турган кези таш жарып.

Бахтиярдын көрөгөчтүк сапары,

Бардыгына азыр турат байкалып.

 

Эдигейдей эмгекчил да мээнеткеч,

Эмгеги анын эбегейсиз ченебес,

Жетекчилик касиеттин айтканда,

Жетиктиги эч бир жанга тең келбес.

 

Сыймыкка да, сыйлыкка да жетишип,

Сыймыктанаар чыгаан инсан дедирип.

Калыстыктан тайбай келет дагы да,

Күндөн-күнгө олжолорго жетишип

 

Тоскоолдуктан эч убакта коркпогон,

Темир жолдун келечегин ойлогон.

Талбай иштеп талыкпастан жашынан,

Тажрыйбаны опол тоодой топтогон.

 

Мезгилинде жүрөктөгү сөздү айтсак,

Мээнети анын баатырдыкка татымак.

Майтарылбас эркин дагы көрсөтүп,

Мекенинин ишенимин актамак.

Мезгил менен тең жарышып бараткан,

Мээнеткечти колдон келсе даңктасак!…

 

Рыспай Жумабеков

P.S. Эдигей Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын башкы каарманы

 

 

 

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17