Аймак

Кубанычбек Эгембердиев, Кочкор-Ата шаарынын мэри: “Шаарбыз таза, кооз болуп, элибиз бакубат жашоосу үчүн бар күчүмдү аябаймын”

 6,274 Бардыгы /

Кубанычбек  Эгембердиев, Кочкор-Ата  шаарынын мэри: “Шаарбыз  таза, кооз болуп, элибиз бакубат жашоосу үчүн бар күчүмдү  аябаймын”

Кочкор – Ата шаары Жалал-Абад областы боюнча жыл ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен шаар катары бааланууда. Муну КР Өкмөтүнүн областтык өкүлчүлүгүнүн аппараты да ырастоодо. Мында албетте, жетекчинин тажрыйбасы, уюштуруу жөндөмү жана эң негизгиси саясий чечим кабыл алууда чечкиндүүлүгү мааниге ээ. Ошондуктан кокораталыктар шаардын мэри Кубаныч Эгембердиевге урмат менен мамиле кылышат. Жыл соңунда шаардын жетекчисине жолугуп маекке тарттык.

Кубанычбек Мырзамытович, шаар жетекчиси катары шаардыктардын көйгөйүн чечүүдө эмнеге көбүрөөк көңүл бөлөсүз?

– Өкмөттүн чечимдерине жана элибиздин арыз, каттарына көп маани берем. Алар байкалбаганы менен өтө маанилүү. Мисалы жалпы бөлүмгө 9 айда 289 кат ,буйрук, токтом, Шаар тургундарынан түрдүү мазмундагы 295 арыз келип катталыптыр. Биз дароо талдап, аткарууга алабыз. Анын ичинен 257 кат ,токтом,буйруктар аткарылган, 32 кат аткарууга алынып, көзөмөлгө алынып, иш алып барылууда. 2013-жыл тогуз айдын ичинде шаар тургундарынан материалдык жардам сурап жалпы 11 арыз түшкөн жана ал арыздар боюнча 13000 сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү

-Шаардын жашоочуларынан кандай багытта арыз, каттар түшөт?

Ар кандай, Мисалы турак жай куруу үчүн 72 адам жер участогун сурап кайрылган. Демек үй-курууга аракет кылса жашоо шарты жакшырып барат деп ойлоймун. Биз аларды кезекке коюп, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чечип жатабыз. «Жер аянттарына укук берүү» боюнча комиссиясынын 6 (алты ) отуруму болуп өттү, анда 187 арыз каралып, анын 44 арыз канааттандырылды, 13-арыз жаны курула турган көп кабаттуу жеке менчик турак жайга кезекке коюлган, 160 арыз канааттандырылган. Жалпы шаар боюнча 1026 турак -жай куруу учун жер аянтын алууга кезекте турат.

-Курулуш, инфраструктураны көтөрүү боюнча ички жана тышкы инвестицияны абалы кандай? .

– Бул багытта да көп иштер жасалды, Атап айтсам АРИС тарабынан 40 000 доллардык СЕРТИФИКАТ берилип, АРИСтин шарты боюнча 5 % элдик салымды топтоо максатында марафон өткөрүл 191 700 сомду жыйналды. Тендер өткөрүлүп, анда консорциум «Монтажник» ЖЧКсы 3 395 233 сомго утуп алып, бүгүнкү күндө жумуш аткарып жатат. Мындан сырткары 100 орундуу концерттик зал курула турган жер аянтындагы авариялык абалдагы эски кошумча имаратын бузулуп оңдолууда. Шаардагы № 28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин эски пайдаланууга жараксыз, авариялык абалдагы ашканасынын имаратын оңдоо үчүн «Класс и Компания» ЖЧК тарабынан 475 565 сомдук жумуш аткарылды. « Жомок» балдар бакчасын тосмолоого, жылуулук системасын орнотууга, навес, ажаткана жана балдар аянтчасынын курулушуна , имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө бардыгы болуп 2 786 282 сом акча каражаты жумшалды.
Жанына жеке ишкер З.Яңгибаев тарабынан келишим менен 331 292сомдук бардюралар куюлуп, гүл өстүрүү үчүн жайлар даярдалды жана ал жайларга «Тазалык» комбинаты тарабынан гулдөр эгилди. Ошондой эле сессиянын чечими менен мэриянын имаратында ремонт иштери жүргүзүлүп, иштөөгө ылайыкташтырылган жаңы кабинеттер жасалды, бул жумуштарга 800 000 акча каражаты жумшалды.
Тендерде утуп алган ОШ шаарынын «Снайпер» ишканасы № 28 жана № 15 орто мектептеринин эски тосмолору алынып, ордуна жаңы тосмолорду орнотуу жана күзөттөп өткөрүүчү жайын куруу
жумуштары тарабынан 3 650 743 сомдук жумуш бүткөрүлдү. № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин имаратынын жертөлөсүнө түшүүчү тепкичтерди ондоо, лотокторду орнотуу, анын үстүн жабуу, о жана башка жумуштары жеке ишкер Р.Кодиров тарабынан 941 350 сомго аткарылды.
Шаарыбыздагы Н.Исанов атындагы жатак-гимназиясына 603 392 сомго 10 орундуу ажаткана жана кышкы жуунчу жайы жеке ишкер Нуркулов Калдар тарабынан бүткөрүлдү. «Минерал» ишканасы тендерде 1 261 605 сомго утуп алып, калган 3 орто мектебин ажатканалар камсыз кылды.

Шаар биздин жүзүбүз. Куру сөз курсак тойгузбайт. Реалдуу иштер менен гана өсүп-өнө алабыз. 287 860 сом жумшап эс алуу паркынын тосмолоодук. 151 000 сом жумшап шаардын кире беришиндеги Арканы ремонттодук. Торгсервис» фирмасы тарабынан 2929 922 сомдук жумуш аткарылып эс алуу паркын жана Фрунзе, көчөсүн жарыктандырылып, 412 336 сомго Ленин жана Транспортная көчөлөрүнүн кесилишине сандуу светофорлор орнотулду.
№ 14 жана № 15 орто мектептерине өрткө каршы суу сактоочу кампаларын курууну тендерде 930 866 сомго утуп алган ОсОО «Бейне-строй» фирмасы тарабынан аткарылып жана келишимдин негизинде № 28 орто мектебинин суу сактоочу кампасын 130 680 сомго капиталдык ремонттоо иштери бүткөрүлдү. Н. Исанов жатак гимназиясынын суу сактоочу кампасын жанылоого 286 100 сом бөлүнүп берилип куруу иштери жүрүүдө.

Мектептерге учурдагы ремонт иштери жүргүзүлүп, 999 980 сомдук жумуш аткарылды. Мындан сырткары № 28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебине 74 470 сомго географиялык жана биологиялык бурч курулуп , начар абалдагы кээ бир класстардын полдору алмаштырылды жана 494 000 сомдук спорт аянтчасы курулуп бүттү.

– Социалдык тармак, Саламаттык сактоо тармагына деле ушундай жардамдар болуп жатабы?

-Албетте, аймактык оорукананын гинекология бөлүмүнө мэриянын аппаратынын түрдүү чыгымдарынын эсебинен 250 000 сом, ал эми көз оорулар бөлүмүнө мэрдин резервдик фондунан 73 800 сом бөлүнүп , ремонт иштери жасалды;
– «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, Кочкор-Ата үй бөлөлүк дарыгерлер борборуна «Хонда одиссей» маркасындагы тез жардам машинасы алынып берилди жана суу чарба башкармалыгынын сууга болгон 2 млн 474 000 сомдук карызы чечип берилди.
Кочкор – Ата шаар мэриясынын аймагында элдин социалдык тармагын тейлөөчү Кочкор – Ата аймактык ооруканасы, Кочкор – Ата үй – бүлөлүк дарыгерлер борбору, Кочкор – Ата регионалдык медициналык реабилитациялоо борбору, “Керемет” дарылоо борбору, 2 колледж, №77 кесиптик лицей, жалпы билим берүүчү 3 орто мектеп,1 жатак гимназиясы, бала бакча, маданият үйү, балдар спорт, сүрөт, музыкалык мектептери жана балдар чыгармачылык үйү АТС, Почта элдин кызматында

– Шаардын мэринин иши көчөлөрдүн, арыктардын тазалыгы, асфалттанышы сыяктуу чарбалык иштер аркылуу бааланат эмеспи?

– Туура айтасыз,биз да шаарыбыз сулуу кооз болсун деп аракет кылып жатабыз. Шаардагы Октябрь көчөсүнө асфальт жаткыруу боюнча тендер өткөрүлүп, «Жалал-Абад АБЗ» ишканасы тарабынан 4 865 910 сомдук жумуш аткарылды. Калктуу пунктун ичиндеги сел арыктарды, техника кире албаган жерлерди кол менен казып тазалап турабыз Шаардын көчөлөрүнүн аттарын жазууга 700 000 сомго тендер өкөрдүк.. Кыскасы, жалпысынан шаар аймагында 33 357 408 сомдук жумуш аткарылды.

-Шаардын жүзү болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасында абал кандай?

– Шаардыктардын иш ордун туузуп ар тараптан колдоп жаткаен “Кыргызнефтегаз” ААКнун 2013-жылдын 9 айында 55 миң 397 тонна мунай, 23 мин 990 куб газ өндурдү. карата нефтегаз өндүрүү боюнча коюлган планы жана өндүрүлгөн кендин көлөмү. Мында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалдуу 6270 миң куб көгүлтур от көп өндүрүлгөн.

-Шаардын эконмикасын негиздөөчу салык жыйноо боюнча иштерсиди канаатарабы?

– Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 2013-жылдын 9 айына берилген план 55 011 500 сом болсо, фактыны алганда 60 474 000 сомду түзүп, 109,9 %га аткарылган . Салык кирешелери жалпы берилген план 43 215 300 сом , факты боюнча 41 598 500 сом бюджетке өндүрүлүп 96,3 % аткарылган.
Анын ичинен жергиликтүү салыктардан : там арка жер салыгы, кыймылсыз мулк салыгы , айыл чарба эмес салыгы, автоунаа салыгы толук жыйналып жалпы жергиликтүү бюджет 3445,1 миң сом же 102 % аткарылды.

-Социалдык жактан коргоо боюнча мэрияны жүргүзгөн саясаты боюнча сиздин оюңуз?

– Кочкор-Ата шаар мэриясында жакырчылык боюнча 1202 үй-бүлө каттоодо турса андан 490 үй-бүлө өтө жакыр 11%, 412 үй-бүлө орто жакыр 9,5% жана 300 үй-бүлө жакыр 7,0% болуп жалпы 27,9% ды түзөт. 2013-жылдын 1-июлуна карата шаар аймагында кичи жана орто бизнес, чакан кредит жана Россия Федерациясына барып иштеп келүүнүн натыйжасында жакырчылыктын денгээли 8% кыскартылды.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пулду чектөөдө арыздарын карап, кабыл алууда аларга керектүү документтерди тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн аз камсыз болгон 10-үй бүлө документтерин толуктап тапшырылды.Азыркы күндө бардыгы мамлекттик жөлөк пул алышууда. Андан сырткары Кочкор-Ата шаар мэриясынын бюджеттен социалдык бөлүмгө 2013-жыл үчүн бир миллион эки жүз миң сом акча каражаты каралган.

Маектешкен Орозалы Карасартов, “Аймак”
.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17