Аймак

КҮЗ КЕЛДИ, БИРОК БАЗАРДА ЖЕМИШ, ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН БААСЫ КЫМБАТ

КҮЗ КЕЛДИ, БИРОК БАЗАРДА ЖЕМИШ, ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН БААСЫ КЫМБАТ

 4,081 Бардыгы /

Адам организми талап кылган витаминдердин дээрлик баары эле жер-жемиштерде бар экенин баарыбыз билебиз. Ага байланыштуу ар бир жаран өз керегине жараша соода кылаары белгилүү. Эл арасынан «Өзбекстандан да жемиштер келгени менен дагы эле базарда баасы кымбат» деген нааразычылыктарды угуп жүрөбүз. Биз аптаптуу ысык күндөрдө да жер жемиштерди жеткирип берип турган дыйкандардын да, ортомчу, сатуучу жана алуучулардан да базар баасына болгон көз – карашын угуп көрдүк.

Нурбек ДЖЕНАЛИЕВ, Агро өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы: «ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРЛОР БАР»

– Үстүбүздөгү жылы област боюнча 11468га жашылча эгилди. Ал эми дарбыз коондор жалпысынан 3752га, картошка 9151га жерге эгилди. Көбүнчө дарбыз коондорду экспорт кылып жатабыз. Азыркы учурда бизде жашылча сактоочу логистикалык борборлор бар. Ал жерге жашылчаларды сактап кое турган болсок, жарамдуулугу көпкө сакталып, сапаты бузулбай тура берет. Област боюнча 2 логистикалык борбор бар. Алар Ноокен районундагы Бүргөндү жана Масы айылдарына курулган. Ар биринин сыйымдуулугу 1000 тоннадан. Сузак районуна да куруу планы бар, бирок инвестор табылбай жатат.

Базаргүл МАМАТАЛИЕВА, дыйкан: «ДЫЙКАНДАРГА БИР ТОП КӨЙГӨЙ ЖАРАТТЫ»

– Өзбекстан чек арасы ачылгандан бери ал жактан дагы жер-жемиштер келген үчүн баалар төмөндөп эл үчүнжакшы эле болду. Бирок биздей дыйкандар үчүн бир топ көйгөй жаратты. Себеби, эгип алган нерсенин да дарысына, жер акысына болуп жатып эле бир топ акча кетет. Жалпысынан 2 гектар жерге жүз эки жүз миңдей акча кетип калат.Мисалы: Сарымсактын уругун 55 сомдон алган элем. Азыр 25тен килосун сатып жатабыз. Быйыл жашылчаларды сата албай, чыгымдарыбызды да жаба албай калган учурларыбыз болду. Дарыны да жакшы түшүм алуу үчүн өлчөмү менен чачабыз. Бирок өтө көп чачып, адамдарга зыян келбесин деп аз өлчөмдө гана чачууга туура келет. Кээде алып келген түшүмдөрүбүз сатылбай калып, таксиге жүктөп келген акысын да актабай калат. Эми азыр күн ысына байланыштуу да канчалаган түшүмдөр күйүп кетип жатат.

Розахан ТАЖАХУНОВА, сатуучу: «ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ҮСТҮНӨ 5 СОМ ЭЛЕ КОШОБУЗ»

– Күнүгө дыйкандар жашылчаларды алып келет, алардан алып анан биз сатабыз. Биз тез сатып бүткөөрүгө аракет кылабыз. Себеби ысыктын күнүндө тез эле бузулуп кетет. Жашылчалардын үстүнөболгону 5 сом кошобуз. Мисалы: помидордун килосун 20 сомго алсак 25тен сатабыз. Кээ бир учурларда соода болбой калганда 15 сомдон да сатып, чыгымга учурайбыз. Бизде да налог, жер акысы дегендей чыгымдарга кетет. Ташкент катардагы сатуучулар да бизден алып кетишет. Алардын баасы бизден 5-10 сомго жогору. Көбүнчө алар араба менен келип алып кетет. Жолдун баары тосулганына байланыштуу араба акысына да бир топ эле чыгым болот. Андыктан аларда кошуп сатууга аргасыз.

Гүлчехра БАРАТОВА, дыйкан: «ЭМГЕГИБИЗ БААЛАНСА ЖАКШЫ БОЛМОК»

– Биз баклажан, бадыраң, болгар калемпирин тикенбиз.Аларды эми сатыкка алып чыктык. Биздин да эмгегибиз бааланса жакшы болмок, себеби азыр биз бадыраң, болгар калемпирин, баклажандын килосун 5 сомдон гана  сатып жатабыз. Алган сатуучулар да 5 сом кошуп 10 сомдон гана сатып жатышат. Кичине кымбаттаса бизге жакшы болмок, чыгымдарыбызды төлөй албай калабыз. Өзбекстандын да жер-жемиштери кирип, биздин түшүмдөр анча сатылбай калган. Алардын  жашылчалары келгиче да, бажыданөткүчө да кыйла эскирип калып жатат. Биздин жашылчаларды кечинде үзүп, эрте менен саат 5-6 га чейин алып келебиз. Негизги азыр арзан.

Рустам КАЛЫЕВ, сатуучу: «БЫЙЫЛ ДАРБЫЗ АЗ, ОШОГО БАЙЛАНЫШТУУ КЫМБАТ»

– Дарбыз кымбаты кымбат.Себеби бизге дыйкандар кымбат сатып жатышат. Биз деле көп болсо 5-10 сом ган үстүнө кошобуз. Андан көп кошсоң эл деле көтөрбөйт. Күн ысып дарбыздар палак чыгып калып жатат. Кээ бир дыйкандар 1 гектар жерге эгип алып бир дагы дарбыз же коон ала албагандар да болду. Анын үстүнө быйыл дарбыз аз ошого да байланыштуу дагы кымбат. Бир жагынан дарбыз аларманга жеткиче беш колдон өтөт. Ар бири кошуп отуруп көбөйүп кетет. Бизде орто эсеп менен бир коон 5 кг чыгат, килосун 35 сомдон сатабыз. Дарбыздын килосун 13 сомдон сатып, бирөөсү 70 сомдон 150 сомго чейин барып калат. Бирок Ташкент катардагы дарбыздардын килосу 20 сомдон, ал эми коондор 40 сомдон эсептелинет. Араба дагы 150 сомго алып барат.

Шеркул ЖОЛДОШКУЛОВ, Аксы району: «КРЕДИТ, КАРЫЗ АЛЫП ЖАШЫЛЧА ЭКЕНДЕР ДА БАР БОЛЧУ»

– Дыйкандар биринчи дарбыз бышыргандан кийин Тажикстандын дарбыздары кирип, сатыкка чыга баштады. Ал эми дыйкандардын дарбыздары өтпөй, көбү чыгымга учурады. Арасынан кредит, карыз акча алып жашылча экендер да бар болчу. Дарбыздарга көп дары себип бышыргандыктан, эскертүүлөр берилип, текшерүүдөн да өткөрүштү. Алар Тажикстандан келген дарбыздар экени да аныкталды. Эми гана жергиликтүү дыйкандардын түшүмдөрү сатыла баштаганына байланыштуу баасы да бир топ жогору  болуп жатат. Себеби биринчи түшүм сатылбай эле чыгым көп болупаны жабуу үчүн ушул баалар болуп жатат. Өзбекстандан алынып келинген жашылчалар бажыдан өтүү, жол киреси менен жогору бааны чапчып калат экен.

Айнагул МАТМУРАТОВА, шаар тургуну: «КООН-ДАРБЫЗДАРДЫН БААСЫ САЛЫШТЫРМАЛУУ ЖОГОРУ»

– Коон-дарбыздардын баасы жылдагыга караганда жогорулап кетти. Андан сырткары көп дары кошуп жатат дегенди уккандан бери деле этият болуп калдык. Бирок  кышкыга салат, консервация үчүн жакшы, таза жана дары өтө көп кошулбаган жашылчаларды алганы аракет кылабыз. Дарыланган жашылчаны курт жебей жатпайбы? Демек зыяндуулугун өтө жогору да. Дарыласа да чен – өлчөмү менен дарыласа жакшы болмок.Өтө дарылап сата берген да болбойт да, ден-соолугубузга зыян. Бир чети андан да көптөгөн оорулар пайда болуп жатса керек.

Мухтар ТӨРӨГЕЛДИЕВ, Агроном: «БЫЙЫЛ ТҮШҮМ 25-30%ГА ТӨМӨН»

– Быйылкы жыл негизинен оор келди. Эрте жазда жаан-чачындын көп болушу. Температуранын төмөн болушу айыл чарба өсүмдүгүнүн өсүүсүнө кыйынчылык туудурду. Канчалык жаан көп болсо жашылчалар тумоо жана бактерия илдеттеринечалдыгат. Күн катуу ысып кеткенде өсүмдүктөрдүн өсүүсү, гүлүн төгүп, мөмө байлоосу кыйындайт. Мисалы: помидордун кээ бир сорттору 30-35 градуста жакшы жетилет. Бизде аба-ырайы 40 градустка чыгып кетти. Ага чейин 30 градуска жетпеген жылуулук болуп жаткан эле. Аба-ырайынын кескин өзгөрүп туруусу дыйкандарга көп чыгым алып келди. Ошентип быйыл түшүмда 25-30%га төмөндөп калды. Күндүн узун мезгилинде катуу ысып, өсүмдүктөр энергия албай эле кайра терс таасирин алып калышты. Анын кесепетинен помидор, бадыраңдардын даамы, сапаты да башкача болуп, баасы жогору болуп жатат. Аба-ырайынын туруктуу эмес болгонунан дагы жашылчалар бирдей формагакеле албай калды. Зака жеп калган өсүмдүк көпкө чыдай албайт же түшүм да бербей калат. Былтыркы жылы түшүм жакшы болгон, ошондой түшүм болгондо жашылчалар арзан болмок. Май, июнь айында күн ысыбай, дарбыздар баары илдетке чалдыгып, эккен эгиндин көбү эле талаада кала берди. Ошондуктан дарбыздар азыр кымбат. Түшүмдү жакшы өстүрүп алуу үчүн ар түрдүү биопрепараттар чачылат. Жалал-Абад областы боюнча Сузак районунда биолаборатория бирөө гана, анда да жакшы жабдыктар менен жабдылган эмес. Ал лаборатория бардык жерге керектүү өлчөмдө жеткире албайт, ошону үчүн дыйкандар алдын ала илдет жугузбай, биологиялык препараттарды чачып турса жакшы болмок.Өзбекстанда биолабараториялар көп, аларга алдын ала өкмөт тарабынан биопрепараттар берилет.

Акылай КАРАБАЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17