Аймак

Болотбек ДЫЙКАНБАЕВ: «ЖАӉЫ КОНУШКА КӨЧПӨГӨНДӨРДҮН ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫН БИРОТОЛО ӨЧҮРӨБҮЗ!»

Болотбек ДЫЙКАНБАЕВ: «ЖАӉЫ КОНУШКА КӨЧПӨГӨНДӨРДҮН ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫН БИРОТОЛО ӨЧҮРӨБҮЗ!»

 2,925 Бардыгы /

             Өзгөн району – Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктары эӊ көп тооруган аймак. Буга дейре коопсуз аймактарга 1039 үй-бүлө көчүрүлүшү керек эле. Эми буларга дагы 901 үй-бүлө кошулуп, аларды дагы табигый апаат каптачудай түрү бар. Өзгөн районунун акиминин орун басары Болотбек ДЫЙКАНБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде бул өӊүттө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө буларга токтолду.

            – Болотбек мырза, ушул тапта деги акыбалыӊыздар кантти?

            – Албетте, көӊүлүбүз дагыле тынч эмес! Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусуна ылайык районубуздагы кооптуу аймактарда отурукташкан 1039 үй-бүлө токтоосуз түрдө коопсуз тилкелерге көчүрүлүшү кажет! Эми булардын сабына дагы соӊку тапта 901 үй-бүлө кошулуп олтурат. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери буларды дагы кылдат иликтешип, анан гана дал ушундай жыйынтыкка токтолушту.

– Үйлөрү жер көчкү астында калгандарды, ошондой эле коркунучу күч кыштактагыларды неге дагыле тынч аймактарга мажбурлап болсун дагы көчүрбөй жатасыздар?

– Кантип? Ар бир үй-бүлөгө баш багып, аларды абдан катуу эскертип, а түгүл айла куруганда тил кат дагы жаздыртып алдык. Булардын бардыгын Жаман-Адыр жана Ана-Кызыл жаӊы конуштарына көчүрүп жатабыз. Акыркы мөөнөт – 15-сентябрь. Ага дейре жаӊы жайларына баары көчүп барышпаса, эски журтунда жансактагандарга мыйзам чегинде башка дагы өтө катаал чараларды көргөнгө мажбур болобуз!

– Өзгөн шаарынын борбордук базарын акыры ирээтке салып жатканыӊыздар, албетте, кубаттоого гана арзыйт. Тилекке каршы, айрымдар бул аракетиӊиздерге катуу каршылык көрсөтүп жатышкандай?

– Ооба. Танып не. Өзгөн базары – Борбор Азиядагы эӊ байыркы соода борбору. Анын ушул таптагы ирээтсиздигинен чындап эле баш айланат. Ошол себептүү катарынан мыйзамсыз орнотулган контейнерлерди жылдыртып атабыз. А талабыбызга таптакыр баш ийбегендерди соттор аркылуу административдик айыптарга дагы тартып жатабыз. Анткени, чыдамыбыз түгөндү, эй. Мындан башка аргабыз дагы калган жок!

– Болотбек мырза, азыркы Кыргыз бийлигинин жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүнө кандайча карайсыз?

– Ооба. Жемкорлукка шектелгендерди даражасына карабастан чекесинен камып жатышат. Албетте, бул – кубаттай турган көрүнүш жана алагчкы эле жараян. Күрөштүн экинчи этабында жемкорлорду кустуруу – жеп-чикендерин токтоосуз түрдө мамлекет казынасына төктүрүү жараяны дагы улантылат. Мен буга бөркүмдөй ишенем!

Учурдан пайдаланып айтаарым: мен билгенден Соороонбай Жээнбеков – таза, эч качан булганбаган, артынан бир дагы жаман сөз ээрчитпеген, Кыргызстанда кадр саясатын абдан мыкты өздөштүргөн Президент. Көпчүлүк анын жемкорлорго каршы туруктуу күрөшүн абдан катуу колдоп жатат. Бирок, Жогорку Кеӊеш тарабынан мындай саамалыктын колдоо таппай жаткандыгы мени абдан өкүндүрөт.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17