Аймак

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, жеке ишкер: «БИЗНЕСТИ НАРИСТЕДЕЙ БӨПӨЛӨШ КЕРЕК»

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, жеке ишкер: «БИЗНЕСТИ НАРИСТЕДЕЙ БӨПӨЛӨШ КЕРЕК»

 5,736 Бардыгы /

 Жакында Жалал-Абад шаарында Эгемендүү Кыргызстан тарыхында биринчи жолу облус аймагында көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Аны ынтымагы бекем достор түптөгөн «ДОСТ Курулуш» компаниясы салышты. Аталган ишканага барып алардын бири менен кенен маектештик. Ал жаш экендигине карабай ири долбоорлорду ишке ашырып, 50дөн ашуун кызматкерди жумуш менен камсыздап, бир нече түрдүү бизнести бир учурда жүргүзгөн ишкер Түгөлбай Сейдалиев. Анын өмүр таржымалы, тажрыйбасы жаштарга сабак болсо дейбиз. 

 АТА ТЕГИМ ИШ БИЛГИ АДАМДАР

1986-жылы 24-январда Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында туулгам. Ата тегибиз негизи эл көргөн, жер көргөн адамдар болгон.

Атам Мейманбай абдан иш билги адам. Анын математикасы аябай күчтүү. Азыр да көп нерселерди оозеки чыгарат. Чамалоосу андан мыкты. Бизди да ошого тарбиялаган. Аны андай кылбай мындай кыл, ушинтсеӊ жакшы болот деп кеӊешин айтып турат. Анан эӊ негизгиси тазалыкка аябай маани берет. Бизди бош олтургузчу эмес. Эмгекке жаштайыбыздан бышырган.

Апам – Жыпар. Мээрими төгүлүп турган жан. Жөнү жок мактанбаган, туура бир пикир чыга электе бирөөгө барып айта бербеген, аябай сабырдуу адам. Кенен ойлонуу менен бүтүм чыгарган кеменгер инсан. Бирөө менен акылдашса, баарлашса ортодо кандайдыр бир пикир келишпестик болсо да тереӊ ойлонуу менен акыл калчап, жөнү жок ызы чууга алдырбайт. Бул жагынан апамды тарткам, атамдан болсо тез чечим кабыл алганды, так чамалоону алыптырмын.

Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусумун. Менден кийин үч карындашым, эки иним  бар. Кыздар турмушта, өздөрү менен өздөрү очор бачар. Иним менин колума кол, бутума бут. Кичүүбүз ата-энемдин очогун өчүрбөй карап калчубуз 14 жашта. Мектепте окуйт.

МЕКТЕПТИ КЫЗЫЛ АТТЕСТАТ МЕНЕН БҮТҮРГӨМ

Биздин айылда баары бар, керемет жер. Жаӊгагы, ит муруту дейбизби, козу карыны болобу дегеле адам  жей турган нерсенин баары өсөт. Балалыгыбыз таза азыкка тоюп, ойноп күлүп эркин өттү. Эркин дегеним ата-энем жогоруда айтып өткөндөй мээнетти сүйгөн адамдар болгондуктан эмгекке үйрөтүп, бирок сыртка чыкканда бизди эркин коюшту. Өзүӊ кара, өзүӊ чеч деп ар дайым ишеним берип колдогон. Сен аткара аласыӊ дешет. Эркиндик да берет, бирок ошол эле учурда байкалбаган жоопкерчилик артышат. Өзүӊ чечим кабыл ал, ишенем сен акылдуусуӊ, сен чектен ашынбайсыӊ деген ойдобуз дешет, бүттү. Ошондо ошол ишенимдин гана аракетин көздөп калат экенсиӊ.

Мектепте окуганда дээрлик бардык сабакты жакшы өздөштүрдүм. Айрыкча так илимдерден математика, физика сыяктуу сабактардан жакшы окудум. Сабакты жакшы окуп калганыма апам себепкер, анткени катуу көзөмөлдөчү. Англис, орус тилдеринен эле начарыраак болуп калдым. Ошол эле учурда аты чыккан шок да болдум. Ошентип мектепти кызыл аттестат менен аяктадым.

КОШУМЧА ТИЛ ҮЙРӨНДҮМ

Мектепти аяктап ЖАМУнун мамлекеттик өз алдынча  башкаруу адистиги боюнча менеджер адистигине окууга тапшырдым. Студенттик күндөр башталып окууда бир аз кыйынчылыктар болду, башка сабактардан шаардыктар менен теӊ тайлашсам да орус тилинен аксап дегендей.

Атамдын бир тууган эжесинин үйүндө жашагандыктан тамак-аштан эч кысылбадым. Эжем ата-энемдей камкордукка алып, жакшы карады. Бир аз оюнга берилип баратканымда жакшы балдар менен достошуп калып, кадамым тыйылды. Чөйрөӊ менен ата-энеӊдин берген тарбиясы өзүӊдү токтотуп калганга жардам берет экен. Жакшы жолдогу достордон мекенге, ата-энеге, динге болгон сыйды үйрөндүм.

Ошентип алып жаткан билимиме көп канааттанбай, эртеӊ мененки бош убактымды текке кетиргим келбей, түрк тилин үйрөнө баштадым. Түшкө чейин ал жактан окуп, түштөн кийин ЖАМУга барчумун.

АЛГАЧКЫ БИЗНЕСИМ СТУДЕНТ КЕЗДЕ БАШТАЛДЫ

4-курсумда алгачкы бизнесимди баштадым. Кредитке «Матиз» машина алдым да түнү аны менен таксиге чыгам. Анын үстүнө ошол жылдары атамдар 3 студент окутуп, инимди кыргыз-түрк лицейине берип калышты. Аларга жардам кылып өзүмдү өзүм камсыздайын дедим.  Күндүз окуп, түнү иштейм. 7-8 айдан кийин унаамды сатып чек алдым. 75 миӊ сомго алган чегимди бир жылдан кийин 210 миӊге саттым.

Ошентип бизнести өздөштүрө баштадым. Кийин магазин ачтым. Окууну бүтүп калганда дүкөндү эжем менен карындашыма өткөрүп бердим. Өзүм бир досум менен ортодо интернет клуб ачтык. Ошол эле учурда брусчатка, пескоблок чыгара баштадык. Андан банкрот болдук, анткени оор жумушка иштеген адам жок болуп калды. Тапкан акчаларыбыздын 65 пайызын ошол брусчаткадан жоготтук. Токтоосуз эле калган акчага набайкана ачтык. Ошол эле маалда көп фирмаларда диллер, сатуучу болуп ар түрдүү иште иштедим. Бир фирмада кампа башчысы элем, ага эртеӊ менен эрте барып балдарга товарды бөлүп берем 10до жумушум бүтөт. Анан машина базарга барам, унаа алып кийинчерээк сатам. Ал ортодо набайдан кабар алып коём. Чек алып сатып жүрдүм. Адам бир жумушту алып, кечке убакытым ушуну менен өтүшү керек десе өтө берет, анткени башка жумушту ойлонбойсуӊ. Бирок дагы башка ишиӊ болсо, ага убакыт бөлүштүргөндү үйрөнөсүӊ.

2013-жылдан ушул күнгө чейин Тажикстанга күн карама эскпорттойбуз. Башта кайра иштетип, «Джин» сыяктуу кылып кууруп чыгаралы, кайра иштетели деп миллиондогон сомго аппараттарды, сырткы кагаздарын (пакет) алып келдик. Болбоду. Биринчиден биздин жергиликтүү күн карамалардын сорту башка болуп, кабыгы катуу келет экен.  Экинчи бир маанилүү нерсе, атаандаштык. Орусиянын «Джин» сыяктуу гигант өндүрүшчүлөрүнө биз сыяктуу акчасы  аз ишканалар каршы тура албайт.

2014-жылдан түрк бизнесмени менен партнер болуп жаӊгак маӊызын алып эскпорт кыла баштадык. 2015-жылы нефте продукцияларын ташуу жагынан иш баштадык. 2017-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКтын өндүрүмдөрүн жеткирип жүрсөк, андан бери Кара-Балтадагы кытай-кыргыз «Джунда» заводу менен иштейбиз. Алардын бензин, солярка, дизель сыяктуу өндүрүмдөрүн өлкө ичинде ташып жеткирип беребиз.

2017-жылы «ДОСТ Курулуш» компаниясын ачтык. Ал эки тармакта иш алып барат. Биринчиси өзүбүз көп кабаттуу үй куруп сатабыз. Экинчиси курулуш тармагында тейлөө кызматын көрсөтөбүз. Мамлекеттик тендерлерге катышуудан тарта жеке үйлөрдү оӊдоп-түзөөгө чейин. Биздин инструменттерибиз жетиштүү.

«Аманат Роуд» да эки багытта иштейт. Жогоруда айтып өткөн нефте продукцияларды ташуу/жеткирүү кызматы жана келечекке чоӊ ишеним менен инвестиция салып жаткан ишибиз «Аманат Роуд» почта кызматы. Аталган почта кызматтын 7 областта филиалдары, Орусия, Казакстанда өнөктөштөрү бар. Үч жылда Орто Азиядагы алдыӊкы кызмат болуу максатыбыз бар. Андан сырткары пластик эшик, терезе чыгарган цех, эмерек цех иштеп жатат.

БАНКРОТ БОЛГОНДО ДА ТОКТОГОН ЖОКМУН

Бардык жумушумду тобокел менен баштадым. Эч бирин ишенип, план менен жасабадым. Арасында банкрот болуп калганда да токтогон жокмун. Алга карай жыла бердим. Өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүнөн көп иштей баштадым. Эгер кыйрап калдым деп өзүӊдү жоготсоӊ береке качат, өзүӊө болгон ишенимди жоготосуӊ. Чыйырыӊды чаӊ басат, жолуӊду таппай каласыӊ.

Бизнести жаӊы төрөлгөн баладай көрүп, ата-энедей болуп бапестеп түн уйкуӊду бөлүп, ызы- чуусуна чыдап, бутуна тургузасыӊ. Куласа жөлөйсүӊ, ооруса кошо ооруп, басканына кубанып мээрим бересиӊ, ошондо өсөт.

Бүгүн он сом киргизип, эртеӊ тогуз сомун жей берген такыр болбойт. Анын тартиптери бар. Үчтөн бирин жейсиӊ, үчтөн бирин дагы башка бир бизнеске салуу керек, дагы бир үчтөн бирин келечекте бизнесиӊдин чоӊоюусу үчүн коюш керек дегендей. Окуп үйрөнүп, жаӊылыктардан кабардар болуп изденүү керек. Баардык бизнесимди жыргап, ырахаттануу менен аткарам. Ал жердин пайда, зыяны маанилүү эмес, ошол иштин канчалык ийгиликке жетүүсү маанилүү.

Жалпы 50дөй адамды жумуш менен камсыздап келүүдөбүз. Мен аларга кызматкерлерим деп кайрылбаймын. Баарын досторум деп ойлоймун. Алардын көӊүлүнө ортоктош болуп, көйгөйү болсо чечишүүгө аракет кылам. Анткени ал дарттуу олтурса, ишиӊ жыйынтыктуу болбойт. Коллективсиз жумуш бүтпөйт, өз ара ынтымак жок болсо бизнес өнбөйт, бир орунда тура берет. Кээде билими аз кадрлар келет да, өз жумушун өзү түшүнбөйт, катасын айтсаӊ туура кабыл албай сага тоскоолдук жаратып коюшу мүмкүн. Ошол эле орунга сен менен ою окшош болгон, сени жарым сөзүӊдөн түшүнгөн профессионал болсо ишиӊ алга жылат.

 ИШКЕРЛЕРДЕН ПАРА АЛАЙЫН ДЕП ЭЛЕ ТУРУШПАЙТ

Адам теория менен олтура берсе алдыга жыла албайт. Улам алдыга кадам таштап олтуруп жолуӊдагы тикенектерди, тоскоолдуктарды жеӊип өтөсүӊ. Кезиккен, жеӊип өткөн токоолдуктар тажрыйба болуп берет. Ишкерлик тажрыйбамда бир да пара бербедим десем жомок айткан болуп калам. Андай учурлар болот. Бирок ал да сенин катаӊдан болот же сенин билимсиздигиӊден же көп акча табайын деген напсиӊден болушу мүмкүн. Коллективге биз күчтүү, билимдүү бололу, ошондо бизден эч ким пара талап кыла албайт деп айтып калам,

Бул жаатта билимим жетишсиз эле, «ДОСТ Курулуштагы» партнерубуз, досум, компаниябыздын юристи көп нерселерди тактап, бизди туура нукка салды. Бир ишиӊ мыйзамдуу экендигине ишенсеӊ, ал иш бүгүн болбосо эртеӊ бүтөөрүнө көзүӊ жетсе, пара бербегенге толук мүмкүнчүлүгүӊ бар. Эч жерде ушул ишкерден пара алайын эле деп турушпайт.

 «ДОСТ КУРУЛУШТУН» ТАРЫХЫ АЛМАТЫДАН БАШТАЛАТ

2017-жылы жаз айларында ЖИА ассоциациясы уюштурган бизнес саякат менен Алматыга барып калдык. Көк-Төбөгө чыкканда Алматы алаканга салгандай көрүнөт эмеспи. Ошондо эмнеге биз Жалал-Абадга бийик үй кура албайбыз деген ой келди. Ал жактан келип эле досторума сунуштадым. Келгиле, курулуш компания ачалы дедим. Мисалы, Бишкектен келип үй курса, Жалал-Абаддын акчасын алып кетет. Бул бөлүнүү эмес, маселе жергиликтүү ишкер иш баштаса, ал дагы башка бир объект курат дегендей. Башка бир иштин, бизнестин өнүгүүсүнө себеп болот.

Ошентип 6 досум кеӊешип, мен Бишкекке барып курулуш жаатын изилдеп келмей болдум. Төрт курулуш компаниясына бардым. Ар кимиси ар түрдүү ой айтты. Арасында бир түрк ишкеринин айтканы эсимде калды. Ал: «Шериктештерди тандоодо намаз окуганына, популизмге берилгенине караба. Ал тургай бир тууганыӊ болсо да алган чечимине өкүнө турган болсо кошпо. Бул курулушта жарабайт. Чыныгы мырзалар, эркектер, сөзүнө тургандар калышы керек» деди. Досторума байланышып азыр эркекче айтып чыгып кеткениӊерден кийин бизди кыйнабайсыӊар дегенимде Бакыт Борошев деген досум экөөбүз эле калдык. Анан курулуш компанияны ачуу иштери башталды. Достор биригип ачып жаткандыктан «ДОС» деп атагыбыз келген, бирок юстициядан ушундай аталышта каттоодон өткөн ишкана бар экен. Биз түркчө ДОСТ деп атап алдык. Ошол эле жылы 14-апрелинде лицензия алдык.

Бирок Бакыт экөөбүз бул чоӊ ишти бүтүрүшүбүз кыйын эле. Ал ортодо июль айында жер аныкталды. Анан үчүнчү адамга бардык. Ал досум кошулуп Алла Тааланын насиби менен элүү беш батирлүү, 60-70 миллион сомдук долбоорду ишке ашырдык. Аракет кылдык, берекеси болду.. Ошентип 13 айдын ичинде Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Жалал-Абад облусунда биринчи ирет көп кабаттуу үйдү бүтүрдүк. Дагы бир ирет пикирлеш, тилектеш, дубалаш болгондорго тереӊ ыраазычылык билдирем.

Турак жайга аталыш бериш керек экен, анан биз биринчи бүтүргөн үйүбүздү «ДОСТ үйү» деп атадык. Мында курулушчулар менин “Аманат Роуд” компаниябыз иштеди. Рахматулла Умаршаев усталардын тамак- ашын, курулуш материалдары менен камсыздоо жагын караса, техникалык жагын 40 жылдык тажрыйбасы бар Невзат Унган деген түрк байкебиз жоопкер болду. Абдулазиз болсо кагаздаштыруу, документтер боюнча иш алпарып жатты.

БИЗДИН ЖЕРЛЕРГЕ ЖҮЗ КАБАТ ҮЙ КУРСА ДА БОЛОТ

Мына биз биринчи этаптан өткөндөн соӊ экинчи кадамды коркпой таштап жатабыз. 2020-жылга бүтүрөбүз деп жаткан “Гималай” турак жай комплексибиз 270 батирлүү болот. Жалпы чыгаша көлөмү 10 миллион доллардын тегерегинде деп болжоп турабыз. Бул турак жайды салууга баягы 4 досубуз кошулду, андан сырткары дагы 2 досубуз келди. Алар биздин биринчи үйүбүздү көрүштү. Ишенимдери артты. Учурда сегизибиз биригип иш баштадык. Бул долбоорубузду “Гималай” деп атаганыбыз, ал жер тилке Гималай суусундугу чыккан аймак эле. Бул аталыш элге сиӊген. Экинчиден  Жалал-Абаддагы биринчи тогуз кабаттуу үй болгондуктан Гималай тоосундай бийик  болсун деген тилек менен атадык.

Буга чейин беш кабатуу эле үйлөр курулгандыктан элдин аӊ- сезимине сиӊип калган да. «Тогуз кабат сейсмологияга жооп береби?» деп көп сурашат. Азыркы 21-кылымдагы технология заманында бул туура эмес түшүнүк. Деӊизге топурак төгүп эчен кабат үйлөрдү салып жатышат. Японияда жер титирөө эӊ көп катталат, ага карабай Токиодо 130 кабат имараттар бар. Биздин жерлер сейсмологияга накта жооп берет. Жүз кабат курса да болот. Болгону имараттын түбүнө кетүүчү материалдарды бышык, кенен пайдалансаӊ маселе жаралбайт. Мисалы, биз 9 кабат үйдү куруу үчүн жерди 11 метр каздык, ошончо метр фундамент куйдук. Үч блоктон турса, алардын бирине эле 800 куб бетон куюлуп жатат. Имараттын минус биринчи кабаты унаа токтотуучу жай, ал жердин катмарынан 4,5 метр ылдый болот. Кийинки кабат жердин астынан 1 метр, үстүнө 2 метр чыгат. Ал кабатта поликлиника, супермаркет, бренд кийимдердин бутиктери, фитнес клубдар болот.

ДОСТУКТА ТАКТЫК МААНИЛҮҮ

Өзүм дос тандабайм, анын кесепетинен көп запкы чегем. Айрым учурда өзүнөн өзү иргелип калат. Көп жылдан бери кызматташып, өнөктөш болуп келген досторум бар. Достукта эӊ биринчи эсептешип, так болуу керек. Эсептүү дос айрылбайт деген бекер эмес турбайбы. Жазып, документтештирип коюу сага да, тигиге да пайдалуу экен. Тактык маанилүү. Мен кайсы бизнесимди баштасам досторум жардамга келип жатты. Аларга ишеним артчумун, кайтарымы болду. Албетте иште ар түрдүү кырдаал, кемчилдиктер болот.

«ДОСТ курулуштагы» досторум баары Жалал-Абаддын кулундары. Айрымдары Бишкектен окууну бүтүп келишти. Бирок чет өлкөдөн билим алганыбыз жок. Ушул Жалал-Абадда окуп, иштеп жаткандарбыз. Бир ишти жүргүзүшүӊ үчүн чет өлкөдөн билим алуу маанилүү эмес, туура кадам ташташыӊ маанилүү.

Ал эми жашоодо ким болбосун өзүнөн күчтүү, тажрыйбалуу адамга кеӊеш сурап кайрылат. Ал адам сени туура кабыл алган, санаалаш болуп сени көтөрө билген болушу керек. Мындайда жөлөк таяр адамдар бар. Партнерубуз Бакыт акеден бекемдикти, ишеним арта билүүнү, деги көп нерсени үйрөндүм. Билимдүү, принципиалдуу адам, абдан сыйлайм. Кээде чындыкты бетке айтып кемчилдиктерди, каталарды көзгө сая айта билген Ырысбек байке бар.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ИШТӨӨ НИЕТИМ БАР

“Дүйүн” базарга да беш кабаттуу үй куруп жатабыз. Алдыда дагы чоӊ максаттар бар. Эки үч жылда чүчпара цехин ачсак деп даярдык көрүп жатабыз. Эмерек цехимди өнүктүрөйүн деп жатам. Келечекте өлкө аймагында “Модда” деген атты тааныталы деген тилектер бар.

Мени элди канткенде сабатсыздыгын жоёбуз, канткенде элди жумуш менен камсыз кылабыз деген маселе көбүрөөк түйшөлтөт. Биз ушул маселелерди чечсек, мамлекет гүлдөмөк. Келечекте туруктуу киреше булактарымды жолго салып алгандан соӊ мекен үчүн кызмат кылууга, мамлекеттик структурага кызматка барып системаны оӊдоо ниетим бар.

Мамлекет берген айлыкка керектөөӊдү камсыздап иштөө оор, бул баарыбызга белгилүү. Мамлекеттик кызматкердин кошумча киреше булагы болушу керек же мамлекет 3-4 миӊ доллар айлык төлөшү керек. Ошондо алар бүт дитин ишке коюп, баары эле таза иштешет. Кээ бир структураларда он кызматкер аткарчу жумушту бир кызматкер аткарып койсо болот.

АТА-ЭНЕМДИ УЯТКА КАЛТЫРБАСАМ ДЕЙМ

Ата-энени кубантуу материалдык байлык менен чечилбейт. Анткени бүгүн алып бере албаганды эртеӊ аласыӊ. Эң негизгиси сенин таза жүрүшүӊ, аларга сен тууралуу жаман пикирди уктурбашыӊ керек. Өзүӊдүн ишиӊди, оокатыӊды алып кеткениӊ жетиштүү экен. Ал эми материалдык камкордукту жаман бала да, жакшы бала да кылышы мүмкүн.

Ата-энемди, студент кезимде менин тентектигимди көтөргөн, ата-энем биз үчүн канчалык түйшүк тарткан болсо, алардан кем калбай бизди өстүргөн Кымызай эжемди ажыга алып барып келсем деген ниетим бар. Негизи быйылкыга пландаган элек, бирок ыйык жерге баруу үчүн руханий жактан талапка жооп бере тургандай болуп даярданалы дешти. Ишибиздеги катачылыктарды оӊдойлу, намазыбызды дагы да окуйлу деп жатышат.

ТӨРТ БАЛАМ БАР

Назарбай деген класс жетекчи агайым «Силер улуу жолдосуӊар. Анда шериктеш боло турган өмүрлүк жарыӊ болот. Балаӊды адам кылып тарбиялай турган сен эмес, аялыӊ деп» айтып кулакка сиӊирип койгон экен. Үйлөнүүдө кимди өмүрлүккө жар кылып алып жатканымды изилдегенмин. Кимдин кызы деп үйүнө да барып көргөнмүн. Колунан эмнелер келет бүт сурап, жасатып көрүп дегендей. Бир жыл сынашып, бири бирибизди билдик. Азыр бактылуу үй-бүлөбүз.

Келинчегим жароокер, боорукер адам. Учурда үч кыз бир уулубуз бар. Улуубуз 8 жашта, кичинкиси 6да, кичүү кызым 4 жашта, уулум 2де. Балдарым бири бирине окшошпойт  же мага же апасына окшош. Мүнөзү жагынан биринде ак көӊүлдүгүм, биринде ойлонуп иш кылганым бар дегендей. Чоӊ кызым боорукер, жаш болсо да кыжаалат болуп кетет. Экинчи кызым акылдуу, ойлонуп иш кылат, кайсыл жерден пайда көбүрөөк болсо ошого карап аракет кылат. Кичүү кызым эрке, көӊүлү өтө назик. Уулум болсо тырышчаак, аракетчил. Сегиз айынан баштап тамакты өзү жейт, төгүлсө да, чачылса да кашыгын эч кимге карматпайт.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17