Аймак

КИНОТЕАТР КЕЧЭЭ, БҮГҮН

КИНОТЕАТР КЕЧЭЭ, БҮГҮН

 3,380 Бардыгы /

Кинотеатр дегенде эле элесибизге чоӊ экран жана көпчүлүк адамдар түшөт. Акыркы жылдарда калктын кинотеатрга баруусу жана кызыгуусу солгундап кеткени байкалат. Техника доорунун таасириби же адамдардын маданият тармагына да көңүл буруусунун алсыздашыбы? Айтор, суроонун алкагында калктын калың катмарынан сурамжылап өттүк.

 

Cалтанат АСИЛБЕКОВА, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы: «БУЛ БАГЫТКА СӨЗСҮЗ КӨҢҮЛ БУРУШ КЕРЕК»

– Жаштык  кезибизде киного барабыз деп, билет алууга чоң кезметке туруп, жетпей калганда чайкоочулардан эки эсе кымбат алчубуз. Азыр “Мир” кинотеатрынын жанынан өтүп баратып ошол күндөр эске түшөт. Жакшы, тарбиялык таасири бар, маани-маңыздуу кинолорду коюп турганы абдан жакшы көрүнүш болмок. Мен ушундай жакшы кинолордун тез-тез көрсөтүлүшүн каалар элем. Советтик мезгилде кинолорду көрүп, анын менен тарбияланып, жакшы менен жаманды ылгап чоңойгонбуз. Ошондо эле Ч.Айтматовдун “Бетме-бет”, “Ак кеме”, «Жамийла» кинолору чыкканда кандайдыр бир кумарлануу менен көргөнбүз. Дагы да ошондой болот деп ишенемин. Заман өнүгүп жатат, маданияттын кино багытына көңүл буруулар болсо жакшы болор эле. Cөзсүз түрдө кино тармагын өнүктүрүү керек. Жаштарга үлгү болорлук көптөгөн кинолорду коюп турушса дээр элем. Кинотеатрда кино көрүү башка, ал эми үйдөн көргөн башка. Көрүп олтуруп оң каармандын жакшы жагын алып, шыктанып каласың. Азыр Садык Шер Нияз, Эрнист Абдыжапаровдор канча деген жакшы кинолорду тартып жатышат. Маңыздуу жакшы кинолорду коюлса, жаштарды да киного да кинотеатрга да тарта алат элек.

Манас АРЗЫКУЛОВ, Мир кинотеатрынын жетекчиси: «ЧЕЧИЛБЕГЕН КӨЙГӨЙ БАР»

– 2014-жылдын күз мезгилинен бери иштетип келем. Өзүм ижарага 25 жылга алгам. Чоң зал жана кичине зал бар. 800 орун болчу, креслолорду жылдырып 220 орун кылгам. Келечекке 8 зал кылууну пландап жатам. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарына караганда элдердин киного болгон көз карашы жакшырып калды. Мен дагы да кинотеатрдын ишмердүүлүгүн жогорулатууга жана алдыга жылдырууга эки жылдан бери талбай аракеттенип жатам. Кинотеатрды алганда аябай начар абалда болчу. Оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп ишке салдым. Учурда кинолор коюлуп жатат, көбүнчө жаштар жана келген коноктор киришет. Борборубуздагыдай түнкү убакта да кино койгону шарттарды түзөбүз деген пландар бар. Бул жерде да чечилбеген көйгөй бар. Кинотеатрдын алдын тосушуп, ар түрдүү жеке бизнес болуп, базар болуп кеткен. Маданият үйү болгондон кийин ал жердин алдын тосуп, базар кылганы мүмкүн эмес. Элдер ойлойт кинотеатрдын ээси айланасын, арт жагын базар кылып ижарага берип акча чогултат деп бирок андай эмес. Мен кинотеатрдын имаратын эле иштетем. Ал жерлер Максат Орозалиевге берилип кеткен. Орозалиевке ижарага берилсин деген мэриядан токтом чыккан. Бирок токтом жеке менчикке деп чыккан эмес. Тааныштары аркылуу жеке менчик кылып алган. Бүгүнкү күндө кино коюлуп жатат.Заманбап кинотеатр кылганы катуу аракеттемин. Эки жылдан бери мэрия менен соттошуп соттон кинотеатрга тиешелүү жерлерди утуп чыктык. Сот иштери жакында эле бүттү, бирок жергиликтүү бийлик айланабыздагы базар болуп кеткен кинотеатрга караштуу жерлерди өткөрүп бере элек. Ал жерлерге кинотеатрдын унаа токтоочу жайы кылып алат элек. Буйруса айланабызды мэрия бизге өткөрүп берсе инвесторлор да даяр. Себеби келген адамдар унааларын койгону орун жоктугунан да кирбей калышат. Бишкектин кинотеатрындай кылып койсок элдерге да ыңгайлуу болмок. Көрүнүп тургандай айлананын баарын тосуп алса элдер иштебейт деп ойлойт экен.

Эркинбай АБДЫРАХМАНОВ, Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну: «КИНОТЕАТРГА БАРАБЫЗ ДЕП ШАШЧУБУЗ»

– Мурунку маалдар жакшы болчу. Жайкы кинотеатрлар болот эле, ошол маалда эл көп барып, батпай калган учурлар көп жолу кездешкен. Ал убакта азыркыдай телевизор, телефон дегендер жок. Жаштардын баары кинотеатрга барып, күнүң телефонсуз деле кызык өтчү. Кинолор да жакшы болчу, азыркыга салыштырмалуу маани маңыздуу, тарбиялык мааниси бар эле. Кинотеатрга кино келди десе шашып жөнөп калчубуз. Азыркы кинолор жалаң эле уруш талаш, согуш, чабыш болуп калды. Бул да болсо жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундун психологиясына терс таасирин тийгизет. Себеби туура эмес мүнөздөгү кинолор да адамдын аң-сезиминин туура эмес калыптанышына шарт түзөт. Телевизор, телефон, компьютердин алдында кечке олтура беришет. Жаштар деги кинотеатрга барышпайт. Кинотеатрга барган жакшы  көңүл ачып, тарбиялык маанидеги кинолордон жаштарыбыз түрткү алат беле. Эми бизге улуу мундун өкүлдөрүнө реалдуу турмушту чагылдырган, адеп-ахлактык нормаларга туура келген кинолор жакшы деп ойлойм. Кинотеатрдан көп нерсе аласың, адамдарга сүйлөөнү, туура мамиле кылууну үйрөнсө болот. Кыргыздын тарыхый мазмундуу мисалы “Курманжан Датка” сыяктуу кинолор коюлса жаштарга жакшы болмок.

Курманбек АВАЗБЕКОВ, студент: «КИНОТЕАТРДЫН ДЕМИ ЖАШТАРГА ЖЕТИШПЕЙ КЕЛЕТ»

– Азыркы учура кинотеатрга кирүү анчалык деле актуалдуу эмес. Себеби заманбап техникалар чыгып калгандыктан, жаштардын баары телефон жана интернет аркылуу эле көрүп калышты. Ошондуктан кинотеатрга кирүү анча деле зарылчылдык жаратпайт. Бирок кинотеатрдын өзүнүн деми бар, киргенде кандайдыр бир сезимдер болуп, өзүңдү ишенимдүүрөк сезе баштайсыӊ. Жакын адамдар менен барып калсаң аларга да көңүл бөлүүгө, мамилеңерди дагы да жакшыртууга убакыт бөлө аласың. Анын үстүнө көп адамдар менен бир экранды тиктеп олтуруу, эмоцияларыңды, чагылдырууну айтып бүтө албайсың. Негизи жаштардын аң-сезимин жана адамдык сапатын жогорулатууга да кандайдыр бир деңгээлде жардамы болот деп ойлойм. Техниканын таасири ден-соолукка да тиет, анын үстүнө кечке олтура берсең телефондо убактыңды да кантип өтүп кеткенин билбей каласың. Жаштарга шыктандыруучу, тарбиялык, ойлонууга түркү берген кинолор коюлса жакшы болот. Ошондо гана кинодон дагы, айланаңдан да таасирленип, келечек жөнүндө ойлонууга түрткү ала аласың.

Бекзак Жоодарбек уулу, жаш активист: «КИНОТЕАТР КАНДАЙДЫР БИР РУХАНИЙ АЗЫК ТАРТУУЛАЙТ»

– 21-кылымда маданият менен маалыматтын согушу болуп жаткан учур. Жаштардын баары интернет желелеринен кинолорду көрүп, интернеттен эле баштары чыкпай, колдорру бошобой жатат. Ал эми киного, маданиятка, адабиятка болгон жаштардын кызыгуулары барган сайын төмөндөп, азайып, жок болуп баратат дегенден да алыспыз. Арасында анча-мынча жигердүү жаштар бар. Негизинен интернеттен кинону көргөн бөлөк, ал эми театрдын өзүнөн көргөн башка. Кинотеатр кандайдыр бир руханий азык тартуулоочу жай болуп эсептелет. Ошондуктан жаштардын кинотеатрларга, маданий-эстетикалык, адамга руханий азык тартуулай турган жайларга барбагандыктан аң – сезими башка нукка бурулуп баратат деген ойдомун. Кинотеатрда отуруп кино көрүү өзүнчө адамга дем күч бере турган жакшы нерсе. Учурда жаш муундун табитине жараша кинолор тартылса жакшы болмок. Азыр жеңил-желпи комедияга же криминалдык жанрдагы фильмдерге аябай эле басым жасалып жатат. Талап да ошол нерсеге күч болуп кетти. Мотивация бере турган, алдыга умтулууга түрткү бере турган ”Салам Нью-Йорк” сыяктуу кинолор көп тартылса, жаштар ошондой кинолор менен тарбияланса жакшы болмок деп ойлойм.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17