Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ФИЛИАЛ ОАО “ОПТИМА БАНК” В ГОРОДЕ ЖАЛАЛ-АБАД РЕАЛИЗУЕТ:
ЖЕР АЯНТЫ АУКЦИОН АРКЫЛУУ ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ БЕРИЛЕТ.
Аукцион
Бешик-Жон айыл өкмөтү төмөнкү ваканттагы административдик муниципалдык бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абадское областное управление Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики объявляет конкурс на следующие вакантные административные государственные должности:
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн администрациясы административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КУРМАНБЕК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРДУНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ТЕНДЕР
ШАЙДАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөнкү административдик муниципалдык бош кызмат орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
“Талдуу-Булак айыл аймагынын Кекилик жайытындагы мал суу ичүүчү жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
«Приобретение корма и сено дробилки для обеспечение кормовой базы Моголского ОПП» кичидолбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
КУРМАНБЕК АО ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Акман айыл аймагынын ЖПБне кой жуучу жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
СУЗАК РАЙОНУНУН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
“Могол айыл аймагынын ЖПБне боз үй сатып алуу” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Талдуу-Булак айыл аймагынын Казган-Булак булагындагы мал суу ичүүчү жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Акман айыл аймагынын ЖПБне боз үй сатып алуу” кичи долбоорун ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ

КИНОТЕАТР КЕЧЭЭ, БҮГҮН

КИНОТЕАТР КЕЧЭЭ, БҮГҮН

885 просмотров всего, 6 просмотров сегодня

Кинотеатр дегенде эле элесибизге чоӊ экран жана көпчүлүк адамдар түшөт. Акыркы жылдарда калктын кинотеатрга баруусу жана кызыгуусу солгундап кеткени байкалат. Техника доорунун таасириби же адамдардын маданият тармагына да көңүл буруусунун алсыздашыбы? Айтор, суроонун алкагында калктын калың катмарынан сурамжылап өттүк.

 

Cалтанат АСИЛБЕКОВА, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы: «БУЛ БАГЫТКА СӨЗСҮЗ КӨҢҮЛ БУРУШ КЕРЕК»

— Жаштык  кезибизде киного барабыз деп, билет алууга чоң кезметке туруп, жетпей калганда чайкоочулардан эки эсе кымбат алчубуз. Азыр “Мир” кинотеатрынын жанынан өтүп баратып ошол күндөр эске түшөт. Жакшы, тарбиялык таасири бар, маани-маңыздуу кинолорду коюп турганы абдан жакшы көрүнүш болмок. Мен ушундай жакшы кинолордун тез-тез көрсөтүлүшүн каалар элем. Советтик мезгилде кинолорду көрүп, анын менен тарбияланып, жакшы менен жаманды ылгап чоңойгонбуз. Ошондо эле Ч.Айтматовдун “Бетме-бет”, “Ак кеме”, «Жамийла» кинолору чыкканда кандайдыр бир кумарлануу менен көргөнбүз. Дагы да ошондой болот деп ишенемин. Заман өнүгүп жатат, маданияттын кино багытына көңүл буруулар болсо жакшы болор эле. Cөзсүз түрдө кино тармагын өнүктүрүү керек. Жаштарга үлгү болорлук көптөгөн кинолорду коюп турушса дээр элем. Кинотеатрда кино көрүү башка, ал эми үйдөн көргөн башка. Көрүп олтуруп оң каармандын жакшы жагын алып, шыктанып каласың. Азыр Садык Шер Нияз, Эрнист Абдыжапаровдор канча деген жакшы кинолорду тартып жатышат. Маңыздуу жакшы кинолорду коюлса, жаштарды да киного да кинотеатрга да тарта алат элек.

Манас АРЗЫКУЛОВ, Мир кинотеатрынын жетекчиси: «ЧЕЧИЛБЕГЕН КӨЙГӨЙ БАР»

— 2014-жылдын күз мезгилинен бери иштетип келем. Өзүм ижарага 25 жылга алгам. Чоң зал жана кичине зал бар. 800 орун болчу, креслолорду жылдырып 220 орун кылгам. Келечекке 8 зал кылууну пландап жатам. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарына караганда элдердин киного болгон көз карашы жакшырып калды. Мен дагы да кинотеатрдын ишмердүүлүгүн жогорулатууга жана алдыга жылдырууга эки жылдан бери талбай аракеттенип жатам. Кинотеатрды алганда аябай начар абалда болчу. Оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп ишке салдым. Учурда кинолор коюлуп жатат, көбүнчө жаштар жана келген коноктор киришет. Борборубуздагыдай түнкү убакта да кино койгону шарттарды түзөбүз деген пландар бар. Бул жерде да чечилбеген көйгөй бар. Кинотеатрдын алдын тосушуп, ар түрдүү жеке бизнес болуп, базар болуп кеткен. Маданият үйү болгондон кийин ал жердин алдын тосуп, базар кылганы мүмкүн эмес. Элдер ойлойт кинотеатрдын ээси айланасын, арт жагын базар кылып ижарага берип акча чогултат деп бирок андай эмес. Мен кинотеатрдын имаратын эле иштетем. Ал жерлер Максат Орозалиевге берилип кеткен. Орозалиевке ижарага берилсин деген мэриядан токтом чыккан. Бирок токтом жеке менчикке деп чыккан эмес. Тааныштары аркылуу жеке менчик кылып алган. Бүгүнкү күндө кино коюлуп жатат.Заманбап кинотеатр кылганы катуу аракеттемин. Эки жылдан бери мэрия менен соттошуп соттон кинотеатрга тиешелүү жерлерди утуп чыктык. Сот иштери жакында эле бүттү, бирок жергиликтүү бийлик айланабыздагы базар болуп кеткен кинотеатрга караштуу жерлерди өткөрүп бере элек. Ал жерлерге кинотеатрдын унаа токтоочу жайы кылып алат элек. Буйруса айланабызды мэрия бизге өткөрүп берсе инвесторлор да даяр. Себеби келген адамдар унааларын койгону орун жоктугунан да кирбей калышат. Бишкектин кинотеатрындай кылып койсок элдерге да ыңгайлуу болмок. Көрүнүп тургандай айлананын баарын тосуп алса элдер иштебейт деп ойлойт экен.

Эркинбай АБДЫРАХМАНОВ, Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну: «КИНОТЕАТРГА БАРАБЫЗ ДЕП ШАШЧУБУЗ»

— Мурунку маалдар жакшы болчу. Жайкы кинотеатрлар болот эле, ошол маалда эл көп барып, батпай калган учурлар көп жолу кездешкен. Ал убакта азыркыдай телевизор, телефон дегендер жок. Жаштардын баары кинотеатрга барып, күнүң телефонсуз деле кызык өтчү. Кинолор да жакшы болчу, азыркыга салыштырмалуу маани маңыздуу, тарбиялык мааниси бар эле. Кинотеатрга кино келди десе шашып жөнөп калчубуз. Азыркы кинолор жалаң эле уруш талаш, согуш, чабыш болуп калды. Бул да болсо жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундун психологиясына терс таасирин тийгизет. Себеби туура эмес мүнөздөгү кинолор да адамдын аң-сезиминин туура эмес калыптанышына шарт түзөт. Телевизор, телефон, компьютердин алдында кечке олтура беришет. Жаштар деги кинотеатрга барышпайт. Кинотеатрга барган жакшы  көңүл ачып, тарбиялык маанидеги кинолордон жаштарыбыз түрткү алат беле. Эми бизге улуу мундун өкүлдөрүнө реалдуу турмушту чагылдырган, адеп-ахлактык нормаларга туура келген кинолор жакшы деп ойлойм. Кинотеатрдан көп нерсе аласың, адамдарга сүйлөөнү, туура мамиле кылууну үйрөнсө болот. Кыргыздын тарыхый мазмундуу мисалы “Курманжан Датка” сыяктуу кинолор коюлса жаштарга жакшы болмок.

Курманбек АВАЗБЕКОВ, студент: «КИНОТЕАТРДЫН ДЕМИ ЖАШТАРГА ЖЕТИШПЕЙ КЕЛЕТ»

— Азыркы учура кинотеатрга кирүү анчалык деле актуалдуу эмес. Себеби заманбап техникалар чыгып калгандыктан, жаштардын баары телефон жана интернет аркылуу эле көрүп калышты. Ошондуктан кинотеатрга кирүү анча деле зарылчылдык жаратпайт. Бирок кинотеатрдын өзүнүн деми бар, киргенде кандайдыр бир сезимдер болуп, өзүңдү ишенимдүүрөк сезе баштайсыӊ. Жакын адамдар менен барып калсаң аларга да көңүл бөлүүгө, мамилеңерди дагы да жакшыртууга убакыт бөлө аласың. Анын үстүнө көп адамдар менен бир экранды тиктеп олтуруу, эмоцияларыңды, чагылдырууну айтып бүтө албайсың. Негизи жаштардын аң-сезимин жана адамдык сапатын жогорулатууга да кандайдыр бир деңгээлде жардамы болот деп ойлойм. Техниканын таасири ден-соолукка да тиет, анын үстүнө кечке олтура берсең телефондо убактыңды да кантип өтүп кеткенин билбей каласың. Жаштарга шыктандыруучу, тарбиялык, ойлонууга түркү берген кинолор коюлса жакшы болот. Ошондо гана кинодон дагы, айланаңдан да таасирленип, келечек жөнүндө ойлонууга түрткү ала аласың.

Бекзак Жоодарбек уулу, жаш активист: «КИНОТЕАТР КАНДАЙДЫР БИР РУХАНИЙ АЗЫК ТАРТУУЛАЙТ»

— 21-кылымда маданият менен маалыматтын согушу болуп жаткан учур. Жаштардын баары интернет желелеринен кинолорду көрүп, интернеттен эле баштары чыкпай, колдорру бошобой жатат. Ал эми киного, маданиятка, адабиятка болгон жаштардын кызыгуулары барган сайын төмөндөп, азайып, жок болуп баратат дегенден да алыспыз. Арасында анча-мынча жигердүү жаштар бар. Негизинен интернеттен кинону көргөн бөлөк, ал эми театрдын өзүнөн көргөн башка. Кинотеатр кандайдыр бир руханий азык тартуулоочу жай болуп эсептелет. Ошондуктан жаштардын кинотеатрларга, маданий-эстетикалык, адамга руханий азык тартуулай турган жайларга барбагандыктан аң – сезими башка нукка бурулуп баратат деген ойдомун. Кинотеатрда отуруп кино көрүү өзүнчө адамга дем күч бере турган жакшы нерсе. Учурда жаш муундун табитине жараша кинолор тартылса жакшы болмок. Азыр жеңил-желпи комедияга же криминалдык жанрдагы фильмдерге аябай эле басым жасалып жатат. Талап да ошол нерсеге күч болуп кетти. Мотивация бере турган, алдыга умтулууга түрткү бере турган ”Салам Нью-Йорк” сыяктуу кинолор көп тартылса, жаштар ошондой кинолор менен тарбияланса жакшы болмок деп ойлойм.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
17181920212223
24252627282930
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17