Аймак

Ырчы, актриса, алыпбаруучу Чынара Дооранова: «БАРДЫК ТЕПКИЧТЕРДИ БАСЫП, ЭМГЕК МЕНЕН ИШТЕП КЕЛАТАБЫЗ»

Ырчы, актриса, алыпбаруучу Чынара Дооранова: «БАРДЫК ТЕПКИЧТЕРДИ БАСЫП, ЭМГЕК МЕНЕН ИШТЕП КЕЛАТАБЫЗ»

 2,718 Бардыгы /

Эмгеги менен элге жагып күндүзү мамлекетке кызмат кылып, кечинде элдин жакшылыгынан той марекелерден бошобой, таалыкпай эмгектенип келе жаткан бүгүнкү каарманыбыз Чынара Дооранова 50 жашта. Ал жолдошу экөө чыгармачылыкта бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп иштеп келатышат. Көп кырдуу талант ээсин кепке тартып, бейнесин окурмандарга ачып берели деп чечтик.

 

ТОПУРАГАН ЧОӉ ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭРКЕСИ БОЛДУМ

Мен 1968-жылы 20-июлда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынла туулгам. Атам райондо финансы тармагында иштеген. Апам болсо балдардын тарбиясы менен болду. Биз он үч бир тууганбыз, бир агам каза болуп азыр 12биз барбыз. Анын алтоо уул, жарымы кыз. Үйдө бешинчисимин. Мен төрөлгөндө тез жардам келгенче эле апамдын толгоосу күчөп мейиз өрүк деген ширин өрүктүн түбүндө шалча сала калышып ошол  жерде эле жарыкка келиптирмин. Ошого атам мени бүгүнкү күнгө чейин мейиз кызым деп эркелетет. Мектептен келатсам да «Оо мейизим, кара көзүм келатат» десе уяла берчүм.

Апам айтып калат  «жегенге да көп жакшы, иш кылганга да көп жакшы» деп. Бирок көпчүлүктүн түйшүгү да көп болот. Мен өзүмдөн кийинки бөбөктөрүмдү чоӊойтконго апама жардам бердим. Ал кезде азыркыдай шарт жок эле. Кээде ыйлачумун, анткени мектептен келсем эле тепши толгон жалаяк, шымдар турчу. Шашып аларды жууйм да чуркап экинчи мектебиме кетчүмүн. Анткени музыкалык мектепке жазылып алгам. Негизи беш жыл окусаӊ музыкалык мектепти аяктайсыӊ. А мен 6-класстан баргам. Мектепти аяктаганда аны да бүтүрүп алсам дегенде ак эткенден так этчүм. Самара Токтокунованы абдан жакшы көрүп, ошондой болгум келчү. Инилеримди тизип олтурузуп алып шыпыргыны комуз кылып чертип калчумун. Анан аларды кол чапкыла деп, ийлигип жүгүнүп өзүмдү Самара сезип алчумун. Үйдөгү шартка карап музыкалык мектепти таштадым. Ага эки жылдай гана бара алдым окшойт.

 

АКТЕРЛУК ӨНӨРҮМ БАР ЭЛЕ

Бала кезде эрке да, турмуш тиричиликке бышык тыӊ кыз болуп өстүм. Үйдө бак сузарган шланги бар эле. Анын бир учун оозума, экинчисин кулагыма такап ырдачумун. Өзүмдүн ырдаганымды өзүм угайын, кандай экен үнүм деп ойлойт элем. Мектепте буфеттен чай ичебиз да. Кирсек столдо жүздөгөн окуучуга кружкалар, тамактар коюлган даяр турчу. Анан мен ал көрүнүштү үйдө турачумун. Инилеримдин баарын жаз болобу, кыш болобу сыртка айдап чыгып, күтүп тургула дейм. Ар биринин пиялаларын коюп, чайын куюп, тамактарын тизип даярдап эми киргиле деп уруксат берчүмүн. Апамдар бир жакка кетишкен болсо баарын тизип олтургузуп аларга мугалим болом. Ар кайсы сабакты өтүп музыкага келгенде четинен ырдатып, өзүм да  арасында ырдап коем. Бала кезде бир кыялымда мугалим, доктор, ырчы, алпаруучу болгум келчү. Мына азыр актриса болуп ар кайсы образга кирип аткарып жүрөм.

Бой тартып калганда да ар кимди тамашага сала берчүмүн. Менден улуу эжем медицина тармагына окуп бүтүрүп келген эле. Бир күнү анын формасын, чепчигин кийип, сумкасын асынып алып бактын этегине бардым. Ал кезде медайымдар үйлөрдү кыдырып балаӊды привывкага алып бар же биз келдик деп кыдырып келип калышчу. Иттен корккондор тээ алыстан кыйкырып чакырышчу. Мен да ошолор келген жакка бардым да «Бурул эже, Бурул эже! Итиӊизди карап туруӊуз, балдарыӊызга келдим» деп апамды чакырып жатам. Апам күткөн жок да. Утурлай тосуп «Оой, мына баратам» деп кыйкырып шашып келатат. Мен алмалардын шактарына далдоолонуп турам. Апам жакындаганда кандайсыз деп алдынан чыксам «Ой чечек, сен белеӊ» деп апам күлүп жыргап калды. Актерлук өнөр  ошондо эле бар экен.

 

ЖАТАКАНАДАН ЧЫКПАГАН СТУДЕНТ ЭЛЕМ

Апам жашында ырдагысы келчү экен. Илгери кыздарга артист болбойсуӊ деп тыюу салышчу эмес беле. Апам эч кимге ырдайм деп айта албай, арманы ичинде калыптыр. Ошондон улам чыгармачылык мага апамдан өтсө керек деп калам. Тар чөйрөгө белгилүү болгон бирөөнү туурамай жагым бар. Токон Эшпаевди кайрыктарына чейин окшош кылып туурачумун. Кыз кишиге жарашпайт ко деп ал өнөрүмдү элге чыгарбадым.

Жаш кезден ырчы болсом экен деп кыялданганым менен ырчылыкка каяктан окуйт экенин билчү эмесмин. Кийин 8-классты аяктап бир классташым маданият техникумунун китепкана бөлүмүнө окуп калды. Ошол кыздан актерлук адистиги бар экенин угуп, мектепти аяктап Жалал-Абаддагы маданият техникумунун театралдык режиссердук бөлүмүнө тапшырдым. Студенттик күндөр кызыктуу өттү. Мен жатаканадан чыкчу эмесмин. Айылга болсо алты жети айда бир барам. Кээде кыздар дискотекага барып келели деп алып кетишсе вахтадагы эжекелерге өөн учурап таӊ калышчу. Алардын көз алдынан чыкпай жүрчүмүн да. Тынч албаган, тызылдаган мүнөзүм бар. Мисалы экзамен тапшырсак анын жыйынтыгын укмайын тамактанчу эмесмин. Кандай болот экен, канча алат экем деп ичимден тынчсызданып, ачка жүрө берчүмүн.

Ошол кездери сөз айткан жигиттер абдан көп болду. Бирок апам мага алыска кетпе, ушул тегерекке чык деп кулагыма куюп чоӊойткон. Анын таасири менен жигиттер менен сүйлөшпөй, таанышпай окуу менен эле алектенип жүрө бердим. Ошентип окууну аяктаганымда бүтүрүү кечесине калтырбай, атам машине менен келип жүгүмдү жүктөп алып кетти.

 

ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМ МЕНЕН БАШ КОШТУМ

Ала-Букага барып маданият үйүндө методист болуп иштеп калдым. Ооз комузчу, эмгек сиӊирген артист Шакен Жоробекова деген эжекем мени «бул эӊ жакшы ырдаган талантуу кызым» деп жигиттерден коруп жүрдү. Алты айдан кийин Жалал-Абаддагы маданият техникумунда окуган жигит издеп барып ала качып келе берди. Мурда сөз айтса Жалал-Абад алыс деп макул болчу эмес элем. Ары сүр, бери сүр менен олтуруп калдым. Ичимен бир нерсеге кубанам экөөбүз теӊ бир тармакта, чыгармачыл адам го сахнага чыгат экем, ырдайт экем деп. Кайненем «Бул эми ырчы, эч нерсени билбейт» дешет окшойт, көп жумуш жасатпай жүрдү. Апам байкуш нан жабайын десем эч тандырга жолотпой башка ишке жумшап, өзү жаап жүрдү. Өзү да шамдагай адам эле. Уйду минтип саайт деп көрсөтүп калчу. А мен аны айылда аткарып эле жүргөм да. Бизде атам балдарга эркектин ишин, апам кыздарга аялдын ишин жакшы үйрөтүшкөн эле.

Көп өтпөй Сузактагы маданият үйүнө жумушка орноштум. Иштеп жүрүп декретке чыктым, оюмдан болсо сахна чыкпайт. Балам алты айлыгында жумушка кайра чыгып алдым, каякка болсо көтөрүп алам. Анда Кызыл-Сеӊир маданият үйүнө директор болуп калгам. Окуучуларды иш-чарага даярдайм, алар алмашып баламды көтөрүп турушат. Телеге чыкканга ылайыктуу формам, жаздырылган ырларым жок. Ал үчүн акча керек. Элге таанымал ырчы болуу мага жол жеткис нерседей сезилип, оюм ишке ашпайт окшойт деп жүрдүм.

Беш жылдан кийин турмуш шартты оӊдоо максатында Жалал-Абадка көчүп келдик. Антпесек айылда бала бакыраны багуу, бутубузга туруу кыйын эле. Үйдө жолдошум кичүү уул болгондуктан ата-энебизди таштап Бишкекке кете албадык. Бешенесинде олтура албай жатам деп өзүмдү ыӊгайсыз сезем. Анан күнүгө айылга нан салып жиберем. Жума сайын барып кир жууп, үй жыйнап каралашып келебиз. «Сейил» ресторанына жумушка кирдик, жолдошум музыка ойноп берет, мен ырдайм. Анда фонограмма деген жок, музыканы да жандуу ойноп, жандуу ырдап. Ресторандын иши түнү башталат да, эки үчтө үйгө келебиз. Күйөөм чыгармачылыкта колдоо көрсөткөнү менен аялдын иши, үйдүн түйшүгү ошол боюнча эле да. Түнү келип кир жууп, үй жыйнап таӊкы беште уктайм. Кайра эле жетиде туруп балдарымды мектепке даярдаймын. Ошентип иштеп жүрүп үй алдык. Бир күнү филормониянын директору, маданият техникумундагы агайыбыз биздин ырдаганыбызды көрүп «Силердин ордуӊар филармонияда, келгиле жумушка. Бул жакта да иштей бересиӊер» деди. Ал биздистудент кезибизден жакшы билчү. Ошол күндөн тарта филармонияда 15 жыл иштедим. Кийин кесибим боюнча да иштейин деп Барпы театрына актриса болуп которулдум. Азыркы күндө Сузак райондук маданият үйүндө режиссермун. Кечинде тойлордо, марекелерде ырчы, жарчы, тамадабыз. Кайда болбосун жолдошум экөөбүз ээрчишип жүрөбүз.

 

СЫЙЛЫКТЫ АЛГАЧ ЖОЛДОШУМ АЛСА ДЕЙМ

Жолдошум экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап чоӊойттук. Балдарыбыздын баары музыкалык мектепти бүтүрүштү. Биз аларды кесип тандоодо эркине койдук. Улуу балам банкир, бирок обон чыгарып, аранжировкаларды жасайт. Азыр үйлөнүп үч балалуу болуп калды. Кызым болсо консерваториянын классикалык вокал бөлүмүн бүтүрүп, актриса катары ролдорду жаратты. «Миллиондук мелдеш 2» тасмасында Жибектин образын ойноду. Бир катар клиптерде, рекламалык роликтерге тартылды. Гүлназымды белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова келин кылып алды. Анын эки баласы бар. Учурда балдарын чоӊойтуп алайын деп эс алууда.

Биздин сахнада иштеп келатканыбызга 30 жылдан ашып калды. Жолдошум Базарбай Маатоморов профессионал музыкант, Рыспай Абдыкадыров атындагы республикалык конкурста мыкты аккардеончу наамын алган. Көп жыл филармонияда көркөм жетекчи, директордун орун басары болуп иштеп жүрдү. Үч жыл катарынан эмгек сиӊирген артистке көрсөтүлдү. Бирок берилген жок. Өкүнгөнүм, жүрөгүмдү өйүгөнү биринчи күйөөм сыйлык алса, анан мага кезек келсе болмок. Биз бардык тепкичти басып өтүп, баарына эмгек менен жетип жатабыз. Айылдык, райондук, шаардык, облустук, министрдиктин граммоталарды алдым, бир катар эл аралык кароо сынактарга катышып байгелүү орундарга жетиштим. Анан «Антип минтип сен да элүүгө чыгып калыптырсыӊ. Эми сага тапшыралы» дешип  мени эмгек сиӊирген артист наамына көрсөтүштү. Эми ага документ тапшырдык, жообун күтүп жатабыз.

Репертуарымда 100гө чукул ырлар бар. Мен ырларды кулактын, жүрөктүн, сахнанын ыры деп бөлүп карайм. Тойлорго башка ыр даярдайм, концертке, конкурска бөлөк ыр жаздырам дегендей.

 

КОНЦЕРТИМДИ АТА-ЭНЕМЕ АРНАЙМ

Жакында болчу туулган күнүмө карата уюштурулуп жаткан юбилейлик концертимде ата-эне тууралуу ырларга көбүрөөк басым жасайбыз. Актриса болгондуктан монологдорду, интермедияларды да аткарам. Жашыбыз улгайган сайын ата-эненин кадырын билип, баскан турганына сарасеп салып калат экенбиз. Ата-энем эч карыбай тургандай, жүгүрүп жүрө бере турган сезилчү. Азыр атам 88де, апам болсо 78 жашта. Апам беш жыл мурда инсульт алып кыймылдай албай төшөктө жатып калды. Ата-энем Жалал-Абадка келе албагандыктан алардын ураматына туулуп өскөн жериме, Ала-Букага чоӊ программадагы концерт коюп келдик.

Балдарым жана неберелирим

 

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17