Аймак

Келдибек АБДИМУМИНОВ: “МЕНИ ЖӨНСҮЗ КАРАЛАГАНДАР ЭМИ СОТТО ЖООП БЕРИШЕТ”

Келдибек АБДИМУМИНОВ: “МЕНИ ЖӨНСҮЗ КАРАЛАГАНДАР ЭМИ СОТТО ЖООП БЕРИШЕТ”

 2,670 Бардыгы /

            Келдибек АБДИМУМИНОВ 40 жылдан бери мамлекеттик кызматты үзгүлтүксүз аркалап келатат. Ушу кезге дейре артынан бир дагы жаман сөз ээрчите элек. Аймактык аткаминер Оштогу кабарчыбыздын кеӊсесинин босогосун беймаалда аттап, анан дароо эле агынан жарылды.

 –Келдибек мырза, Араван районундагы Нур-Абад айыл Өкмөтүнүн башчылыгына качан, анан кантип шайланып калдыӊыз?

-2016-жылы 20-июнда, 63 жашымда жергиликтүү Кеӊештин депутаттары тарабынан төрт жылга Нур-Абад айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангамын. Мыйзамга ылайык дагы эки жыл ушул ордумда сөзсүз эмгектенишим керек.

-Анан? Буга Сизге кимдер жолтоолук кылып жатышат?

-Бөрүбай Бубаев, Улукбек Ормонов өӊдөнгөн жергиликтүү тургундар тобу атайын уюшуп, мени ар жерде, буга улай жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үстөккө-босток жамандап эле жатышат.

Булардын биринчи дооматы: Араван районундагы Нур-Абад айыл Өкмөтүнүн борбору Кайрагач айылындагы Маданият үйүнө жанаша 250 миӊ сомго коомдук ажаткана куруптурмун. Ыя айланайын, бул маселе дегеле менин компетенцияма кирбейт. Демилгени Нур-Абад айылдык Кеӊешинин депутаттары өздөрү сессияда көтөрүшүп, 2017-жылдын июнь айында чечишиптир. Акча дароо которулуп, курулушту “Хамкорлик” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүптүр. Ал бүткөндө тогуз адамдан куралган атайын комиссия (арасында Нур-Абад айылдык Кеӊешинин депутаттары дагы бар) кабыл алышкан.

Булардын экинчи дооматы: мен азыр 65 жашта экенмин. Демек, пенсия курагымда азыркы ишимди токтоосуз түрдө тапшырышым керек экен. Албетте, бул жагдай атайын мыйзамда эч каралган эмес! Ошондуктан, мен шайланган мөөнөтүм бүткөнчө Нур-Абад айыл Өкмөтүн дагы эки жыл башкарганга акым бар!

-Келдибек мырза, каршылаштарыӊыз Сизге каршы бүгүнкүдөй катуу чабуулдарын токтотушпаса, мындан ары кантесиз?

-Дагы кайталасам ашыкчалык кылбас: мен 2016-жылы 20-июнда, 63 жашымда гана (пенсияга чыга электе) жергиликтүү Кеӊештин депутаттары тарабынан төрт жылга Нур-Абад айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир добуштан шайлангамын. Демек, азыркы кызматымда мыйзамга ылайык дагы эки жыл милдеттүү түрдө эмгектенишим керек. Анткени, атайын Мыйзамда “Пенсия курагындагылар Айыл Өкмөт башчылыгын мөөнөтүнөн мурда тапшырсын!” деген жагдай таптакыр каралган дагы, жазылган дагы эмес! Демек, мөөнөтүм бүткөнчө, 2020-жылдын 20-июнуна дейре торлук кандуу иштегенге акым бар!

            Баса, жанагыл кимдир бирөөлөрдүн тилине кирип, мени үстөккө-босток жөнсүз каралап жаткандардын үстүнөн азыр сотко даттанып жатам. Азырынча буларга койгон доомдун өлчөмү миллион сом гана. Адегенде тигилер эл көзүнчө ЖМКлар аркылуу менден ийилип кечирим сурашсын! Анан адамдык кадыр-баркыма көлөкө түшүрүшкөндүгү үчүн баары биригип мага миллион сом доо төлөшсүн! Мен эми бул принцибимден мындан ары таптакыр кайтпаймын!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17