Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД АЭРОПОРТУН ЖЫЛДЫРУУ КЕРЕКПИ?

ЖАЛАЛ-АБАД АЭРОПОРТУН ЖЫЛДЫРУУ КЕРЕКПИ?

 3,161 Бардыгы /

 

Жалал-Абад аэропорту жол алысын жакындатып, жүргүнчүлөрдү дарегине жеткирүү менен кызмат кылып келе жатат. Аны менен катар шаарга, шаар тургундарына да оорчулугун тийгизип, кооптуулук божомолу бар. Өзгөчө анын тегерек четиндеги жайгашкан турак жайдын жашоочулары тынчсызданып жатышат. Бул маселенин айланасында иликтеп көрдүк.

 

Майрамбек АДЫЛБЕКОВ, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри:

«КОРГОО ЗОНАСЫН 300-400 МЕТРГЕ АЗАЙТУУ КЕРЕК»

– Жалал-Абад аэропорту 1972-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондон бери ички каттамдар менен элге кызмат кылып келет. 1990-жылы 20-ноябрда Кыргыз ССР авиация агенттиги текшерүүгө алып, жыйынтыгында учактарды кабыл алууга жараксыз деп табылган. Андан сырткары бул аэропорт биздин шаарыбыздын ген планында жок. Дача-Суудагы окуядан кийин мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ал мыйзамда аэропорттун коргонуу зонасы 2000 метр аралык болуш керек экен. Бул «Манас», Ош аэропортторуна да 2000 метр, кичинекей Жалал-Абад аэропортуна да 2000 метр коргонуу зонасын койгон. Эгер ушул кызыл зонанын ичине көп кабаттуу үйлөрдү курса, сөзсүз Жарандык авиация комитетинен уруксат алышы зарыл экен. Бул биздин шаарга өтө тоскоол жаратат. Мисалы бизге эң көп салык берген Кыргызпетролеум компаниясы бийик нефти сактоочу бачокторун  кое албай жатышат. Көп кабаттуу үйлөрдү курабыз деп бир нече ишкерлер келген. Ага Жарандык авиация комитети 2000 метрдин ичинде бар экенсиңер деп уруксат бербей жатат. Бул 2000 метр коргонуу зонасынын бир тарабы Көк-Арт суусуна, бир тарабы ценрт, бир жагы ОИИБдин алдына келип жатат. Бул деген шаарда көп кабаттуу имарат куруу токтойт деген сөз. Шаардын 64% аймагында көп кабаттуу курулуш курууга жолтоо болуп жатат. Андыктан ушул коргоо зонасын 300-400 метрге азайтуу керек.

Союз убагында түшкөн аэропортко жакын көп кабаттуу үйлөр да бар. Мелкомбинат мисалы, анын бийиктиги 14 кабаттуу үйгө барабар. Спутник кичи району толук 2 миң метрдин ичине кирип кетет. Башкача айтканда Авиациа комитети эч ким менен макулдашпастан документти Жогорку Кеңешке алып барган, ошол менен мыйзам кабыл алынып кала берген. Биз бир нерсе куралы десек ошол комитеттен уруксат алышыбыз керек. Ал кааласа уруксат берет, каалабаса жок. Биздин мыйзамды бузуп жатасыңар деп, көбүнчө уруксат бербейт. Бүгүнкү күндө ошол коргонуу зонасына кирген 132 көп кабаттуу үй, 3529 жеке турак үйлөр, 2 жогорку окуу жай, 7 мектеп бар экен.

Бизде ушундай көйгөйлөр болууда деп шаардык мэрия өкмөткө кат жазганбыз. Премьер-министрдин тапшырмасы менен Транспорт министрлиги жыйын өткөргөн. Ага биздин мэр, шаардын башкы архитектору катышып, көйгөйлөрдү жеринде түшүндүрүп айтышкан. Бүгүнкү күндө жообун күтүп жатабыз. Аэропортту шаардан сыртка чыгарыш керек же коргонуу зонасын азайтыш керек.

Аэропортко жакын жайгашкан жер тилкелери мыйзам кабыл алынганга чейин берилип кеткен. Ал эми жогоруда айтылган  2000 метрдик коргонуу зонасы тууралуу мыйзам 2018-жылдын февралында кабыл алынган.

 

Закир МАМАСЕИТОВ, Жалал-Абад аэропортунун жетекчиси: «МАМЛЕКЕТ АЭРОПОРТТУ АЛТЫН САКТАГАНДАЙ САКТАШ КЕРЕК »

– Жалал-Абад аэропорту 1945-жылдын июнь айынан баштап иштей баштаган. Андан бери элдин кызматында. Аэропортту Жарандык авиа агентствосу жыл сайын текшерүүгө алып, сертификациялайт. Талапка жооп бербеген аэропорт текшерүүдөн өтпөй, качан ал катачылыктарын оңдомоюнча ишмердүүлүгүн токтотуп коет. Кыргызстан боюнча 11 аэропорт болсо, анын ичинен 5-6сы бүгүнкү күндө иштеп турат. Иштебей консервацияда тургандары да бар. Бул дегени учак учпаса да, аэропорттун өзү иштеп турганы. Аэропорттор өлкөнүн стратегиялык объектилерине кирет. Иштебесе да ал өз ордунда турушу керек. Анткени, кудай сактасын жаратылыш кырсыктары, аскердик согуштар болуп кетсе, аэропорттун орду чоң. Муну мамлекет алтын сактагандай сакташ керек.

Европадагы мамлекеттердин көбүндө аэропорттор шаардын ортосунда жайгашкан. Бул жерде маселе башка нерседе. Шаардын ортосунда болсо дагы, анын айланасындагы конуштар катуу көзөмөлгө алынышы керек. Мисалы Лондондун Хитро деген аэропорту бар. Ал шаардын үстүндө эстокадный көпүрө сыяктуу курулуп, учактар ошол жерден учуп конот. Негизи шаардын ортосунда болгону элге ыңгайлуу. Анткени 50 км же 100 км шаардан сырткары жакка чыгып, көп убакыт сарпташат. Аба кодекси деген мыйзам бар. Бизде андагы мыйзамды бузуп, элдерге аэропорттун айланасынан жер берип салышкан. Мен бул аэропортко 1992-жылы келгем. Ошондон бери эле бул маселе көтөрүлүп келе жатат.

Азыркы убактагы системада аэропорт өзүнчө, авиа компания өзүнчө организация. Авиа компаниянын учактары «Манас» аэропортунда жайгашкан. Алар жүргүнчүлөрдү алып келет, кайра алып кетет.

Бүгүнкү күндө учактар жумасына 3 жолу шаршемби, жума, жекшемби күндөрү учуп жатат. Жол кире 2200 сом менен башталат. Билет алган убактысына карайт экен. Биз ал авиа компаниянын тарифтик бааларына кийлигише албайбыз. Бирок сунуш катары арзандатуусун айтып эле келебиз.

 

Айнагүл МАТМУРАТОВА, шаар тургуну: «КЫРГЫЗСТАНДЫН АБА МАЙДАНДАРЫ ЭЛ АРАЛЫК КАРА ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРЫЛА ЭЛЕК»

-Аэропорт туура эмес жерде жайгашкан, аны которуу керек деген ойлор айтылып келгенгенине бир топ болуп калды. Чынында эч бир жерде аэропорт шаардын ортосунда жайгашкан эмес. Ансыз да жалпы эле Кыргызстандын аба майдандары эл аралык кара тизмеден чыгарыла элек. Демек кооптуулук бар. Биздин шаарга каттаган учактардын абалы жакшы экендигине да ынанбайм. Шаар бийлигине да түшүнбөйсүӊ, анын тегерегинен жеке адамдарга турак жай куруу үчүн уруксат берген, ага мамкаттоо кызыл китеп жасап берген. Азыр эми ал аймакта жашагандар «бизде да Дача-Суу окуясы кайталансачы» деп талкууларды жасап жатышат. Алар башта чек алып жатып кайжерден жер тилке алып жатканын билишкен да.  Эми өкмөттүк деӊгээлде бул маселе каралып жатыптыр, демек жакынкы жылдарда аны башка аймакка көчүрүү жүрүшүн күтсө болчудай.  Мен өкмөткө сунуш айткым келет. Азыркы аба майдандын аймагын жер тилке катары сатылаарын элдин баары сезип эле турат. Бирок аны ачык аукционго коюп сатып, интернеттен онлайн жүргүзүп турса бийлик элдин ишенимине, сыйына жетишмек. Канча гектары сатылды, андан канча сом киреше түшкөнү тууралуу эл менен маалыматты ачык бөлүшүп турушса сонун болмок. Ошол аймакты жер тилке катары жеке жактарга, бизнеске деп класстарга бөлүп сатыкка койсо жаӊы аба майданынын курулушу үчүн эсеп ачылып ошол жакка которулса. Ушул процесстер ачык айкын жүргүзүлсө мен ойлойм жаӊы аэропорттун курулушунун балким үчтөн бирин, мүмкүн жарымынын каражаты чыгып калмак. Анткени азыр 6 сотых жер тилкеси 15 миӊ доллардан жогору болуп жатканы баарына белгилүү. Демек ал аймактан балким жүз миӊ деген балким миллиондогон доллар түшмөк.

 

Ашым ЧАТАЕВ, шаар тургуну: «ДАЧА-СУУДАГЫ ОКУЯДАН ДА САБАК АЛЫШПАДЫ»

– Жалал-Абад шаарында аэропорт маселеси орчундуу көйгөйгө айланды. Калктын саны өсүп, тегерегин үйлөр каптап, аэропорт шаардын ортосунда кооптуу абалда калды. Өздөрүнүн берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө шаардын 64%ы кызыл зонасына кирет экен. 1990-жылы Кыргыз ССР авиация агенттиги тарабынан текшерүүгө алынып, жыйынтыгында учактарды кабыл алууга жараксыз деп табылган экен. Ошондон бери ойлонуп, аэропортту сыртка алып чыгуу аракетин көрүш керек болчу. Аэропорттун тиешелүү кызматкерлери крокадилге окшоп эле жатат. Африкада крокадилдер келген нерсени жеп, жата беришет го. Ошол сыяктуу түшкөн акчаны жеп эле жатышат. Алар элдин коопсуздугун ойлогон жок. Өткөн жылдары болгон Дача-Суудагы окуядан да сабак алышпады. Андай каргашадан кудай сактасын. Бирок, Аллах да сактанганды сактайт. Биз дагы алдын ала чараларды көрүшүбүз керек. Жалал-Абад шаарынын элин чындыгында эле кудай сактап келе жатат. Болбосо, биздеги аэропортко байланыштуу кооптуулук Дача-Суудан да коркунучтуу, опурталдуу. Мына канчалаган бош жерлер жатат. Ошону ыңгайлуу жерин карап, аэропортту сырт жакка көчүрүш керек. Жакында эле 18 млн сомго реконструкция болду дешти. Ал жерде мекеменин сыртын бир аз эле оңдоп койду. Баягы эле аэропорт. Учуп-конуу тилкесин кеңейтип, узартып салган жери жок. 18 млн сомго жаңы жерге аэропорттун эч болбосо 50%ын куруп койсо болот.

Менин  аэропортко жакын жерде участкам бар. Ал жерге дүкөн ачам деп сатып алгам. Кызыл китебим бар. Мен го дүкөндү күндүзү иштетип, кечинде кетип калам. Ал жерде жашоочулардын коопсуздугу кандай болот. Алар өздөрү эле келип жашап калышкан жок. Баарынын кызыл китеби бар. Биз качанга чейин күтүп жүрөбүз. Өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн биз дагы аракет кылышыбыз керек. Эртедир-кечтир бирөө чыгып айтыш керек. Бала ыйлабаса, эмчек жок дегендей, биз азыр айтпасак, качан учак элди басып калганда кыйкырып чыгабызбы?

Мэрия өзүбүз бул боюнча иш алып баруудабыз деп жатат. Алар да элдин коопсуздугун ойлоп, ушул ишке кайдыгер карабай аракеттенүүдө.  Маселе жакшы жакка чечилип калсын деп үмүт кылабыз.

 

Ороз АБДЫЛАЕВ, шаар тургуну: «АЭРОПОРТ ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ»

-Жалал-Абад аэропортунан алгачкы жолу ушул жылдын июль айында учкам. Жакында эле реконструкция болгондугу үчүн мурункуга салыштырмалуу шарттары жакшырды. Күтүү залында Wi Fi бар. Жалпысынан алганда имараты жакшы, талапка жооп бергидей. Бирок аэропорттун өзү талапка жооп бербейт. Аэропорт деген шаардан сырткары болушу зарыл. Себеби шаарда көп кабаттуу үйлөр курулуп, өнүгүү жолуна түшүш керек. Негизи аэропортту реконструкция кылбай туруп, ошол акчага башка жакка көчүрүшү керек болчу. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы бул нерсе шарттуу түрдө шаар сыртынан орун табыш керек. Бул жерде акча жөндөн-жөн эле максатсыз пайдаланылган болууда. Ошону башында эмнеге ойлонушпады же башка бир кызыкчылыкты көздөгөн бекен айтор, ал жагы мага караңгы.  Жогоруда айткандай аэропортту көчүрүп, ордун көп кабаттуу турак жайлар менен Жалал-Абадды кооз шаарга айлантыш керек. Алардын катарына заңгыраган мейманканаларды да куруш зарыл. Себеби башка шаарларга салыштырмалуу бизде талапка жооп берчү мейманкана жок. Ага кошумча масштабдуу  семинар же конференция өтүүчү көп адамдык зал да жок. Муну бүт шаардагы жетекчилер да билет.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17