Аймак

ЭЭН ЖЕРДЕН РЕЙНА-КЕНЧКЕ ЖЕ МАМЛЕКЕТТИ КОЛДОГОН МАХАБАТ КУДУРЕТИ

ЭЭН ЖЕРДЕН РЕЙНА-КЕНЧКЕ ЖЕ МАМЛЕКЕТТИ КОЛДОГОН МАХАБАТ КУДУРЕТИ

 4,684 Бардыгы /

Адашуудан ачылган уйку…

Бул ой-өзөн тарапка баруубуз бир аз, орусча айтканда, приключение  менен башталды. Маршруткада баарыбыз жагымдуу абалда кетип жатабыз. Уктаганы уктап, уктабаганы шоопур уктап кетпесе экен деген ички кабатырлануу менен. Мен өзүм шоопурдун жанында отурганым менен, эч нерседен камсанабай эле үргүлөп-уктап кетип жаттым. Жүрүп отуруп, Кара-Кол шаарына жакын Brient авто-май куючу жерге токтоп, эми каякка, кайсы, ж.б. сөздөр болуп, айдоочу “мен бул жактык эмесмин, билбейм жакшы, 12 км өтүп кетиптирбиз”- деп калды. Аӊгыча, айрымдар да сыртка чыгып, бошонуп дегендей, кайра артка карай жөнөдүк.

Адаша түшкөнүбүз мүмкүн жакшы болгондой, уйкубуз ачылып, жолду жакшылап карап, айтор, Тепке айылынан оңго бурулуп, бир эле жол болсо да, “прямо-прямо”, дегенди таң кала карап, Рейна-Кенч деген жазууну көрүп, жанынан кайра оңго бурулуп, түздөн ылдыйлата, ой тарапка түшүп бардык.

Гүлзарга айланган өзөн

Жыргалаң суусунун берки өйүзүндө айыл эмес, бир-эки кабаттуу, арасында сепилге окшогон үйлөр, короо-жайлар, ар кайсы жерде сапсары болуп тыкан жыйылган чөптөр, мал сарайлар, бак-дарактар, эгин талаалары жана башка дагы кооздук-чарба иштери менен таң калтырган, биз кинолордо көрүп жүрчүдөй, өзүнчө эле, фазенда.

Кыдыр Аке, Касымалы Жантөшов жана дагы бир топ белгилүү инсандардын мекенине куш келиңиздер, депбизди “Рейна-Кенч”фермер-чарбасынын ветеринар-врачы Айбек Сапарбеков жылуу тосуп алды. Сөз арасында кенч белгилүү, а, Рейна кандайча деген менин суроомо жылмайып, биз үч бир тууганбыз, улуу эжекем Рейнанынурматына аталган, деп, сөз андан ары уланды.

-Бул чарбанын уюшулганына 25 жылдын жүзү болду. Советтер союзу кыйрап, өз алдыбызча болуунун шарында бизге ушул жер үлүш катары буйруптур. Чуркагандар район борборуна жакын жана ыңгайлуу, жагымдуу жерлерди алууга жетишишкен экен.

Мен анда 2-класста окучумун, бул жерде иче турган суу, жашай турган үй да болгон эмес. Атам өзү агроном болгондуктан, өзүнүн кесипкөйлүгү менен бул жерди өздөштүрүүгө бел байлаган. Адегенде, боз үйдө, андан кийин бир бөлмөлүү үй куруп жашадык. Алты жыл бою сууну алыстан ташып ичтик. Андан кийин атам өз эсебинен суу чыгаруучу скважина курдурду. Ошентип, өз күчүбүз, тажабаган эмгектен улам ушундайнатыйжага жетишип жатабыз.

Тоок кирешеденасыл тукум ири мүйздүү малдар

Алгачкы киреше тууралуу Айбек буларды айтып берди:

-Атам 500 баш тоок алып келип, аны жакшылап карадык. Күнүнө  300 даанадан жумуртка алып, топтоп, аларды дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп, утуру жакшы киреше алып жаттык. Ал акча каражатына асыл тукум ири мүйүздүү малдарды сатып алып, азыр кой, уй, жылкы асырооиштери өз натыйжасын берип жатат.

Иш 5 багытта жүрүп жатат

Бул жердеги чарбачылык орун алган жер аянты 350 гектар, мында иш 5 багытты камтыган, дедиАйбек:

  1. Мал чарбачылыгы, спорт жорголору, мрамор эт багытындагы, негизинен, асыл тукум багытында уйлар, койлор асыралып, каралып, кардарларга жакшы баада сатылып турат.
  2. Айыл чарба өсүмдүктөрү, дан эгиндери эгилип, түшкөн кирешелр дагы ойдогудай.
  3. Окуу борбору иштейт, жылына 1миңдей фермер ушул жерден окуп, тажрыйба алып турат. Бул иште ЮСАИД, GIZ,  АРИС өңдүү ишканалар өнөктөш.
  4. Бак өстүрүү, бул жерде Ысык-Көл өрөөнүндө өскөн бардык эле мөмөлүү дарактар өстүрүлөт, бирок басым жаш арчага жасалып, аны көбүнчө казакстан менен өзбекстандан келип сатып алышат.
  5. Агро-туризм, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келип- кетип жатканына 5 жыл болду. Азыр 40 орундуу мейманкана иштеп жатат, Кыргызстандыктар үчүн бир күн-түнгө 50, чет элдиктер үчүн 65 АКШ доллары.

Нугу өзгөргөн Жыргалаң же Жараткандан жардам

Айбек мырза бизди тегерек-четти айландыра көрсөтөкөнү, ээрчитип жүрүп,Көлдүн ири куймасы болгон Жыргалаң дарыясынын нугу мурда бери тарапта эле, кийин өзгөрүп, наркы тараптан ага баштады, деди. Берки тарапта бадалдар, көлмөлөр пайда болуп,өрдөктөр өздөрү эле эмес, буттарына балык чабактарын иле келишип, азыр балыктын 5-6 түрү өсөт. Балыкты каалагандар келип кармашат, бизде болсо кол жетпейт.Ошондой эле, бул жерде бакалардын бир нече түрү байырлай башташты. Бир жылы окуу борборуна Африкадан келген бир мугалим-тренер бака чардаганын кечке угуп отуруп, бака-терапия уюштуруу менен да киреше табууну сунуштап кеткен.

 

Өйдө-ылдыйда айымдардын колунан кармап, жардам берген Айбек мырзанынсый-урмат коштоосунда заманбап бозүйлөрдү, түштүк тандырын, бакчачылык, бак-дарактар, асыл-тукум малдарды,эгин талааларды, жаңы курулуштарды,  жайнаган гүлдөрдү,  жорго жылкыларынын оюн салганын ж.б. баарын көрүпчыктык.

Айтмакчы, бала кезимде жылкы минип жүргөнүм менен, мага деле спорт-жорго жылкыларынын оюн салып, жулкунуп, ээсине араң баш берген кылык-жоруктары кызык көрүндү.

Ашкабак шорпо, мрамор эт,

Бал муздагы өзүнчө кеп,

Кайра-кайра жегиң келет…

Эмии,тамакка жүргүлө, дастарконго карагыла, дегенде кадимки эле шаардагыкафеге келгендей болдук. Эси-дартыбыз тамакта эле болуп жатканы менен, азиа-авропааралашып-жуурулушкан, өзгөчө табиттеги ички жасалгага (интерьер) суктанып, сүрөткө тартып жаттык.Өз колдору менен бышырган нан, боорсок, аш кабак шорпо, мрамор пародасындагы кой этинен гуляш коюлуп,  акырында авропадагыдай бал муздак менен да сыйлап жиберишти. Көрсө, бал муздак ширеси (сироп) да Айбектин келинчегинин өз колу менен жасалган экен.

Өзгөлөр эмес, өздөрү

Кызыгы, бир топураган ашпозчу же афисант (официант) эмес, бул үйдүн кожойкеси Аида эже, уулу Айбек жана келинчеги үчөө эле тамак-аш ташып, утуру алыңыздар-жеңиздер, тамактардын барын өз колубуз менен жасадык, деп бизге астейдил көнүл буруп жатышты. Эки көзүбүз тамакта болгону менен, оозубуз бошой калса эле Аида эже менен сүйлөшө калып жаттык.

Акылдуу, ажарлуу Аида айым

Аида эже- Айбектин апасы, белгилүү ишкер, мурдагы айыл чарба министри Аскар Жаныбековдун сүйүктүү жубайы. Кесиби боюнча орус тили мугалими болуп иштеген экен. Аида эже суроолорго жооп берип жатып, орус тилим бир аз деградация болуп калды деп сыпайы жылмайганы менен, эң сонун сүйлөп, ата-апасы көлдөн экенин, бирок убагында Баткен, Жалал–Абад областтарында кызматта иштеп, түштүк жергесинде чоңоюп, өскөнүн кубануу менен айтып берип жатты. Бизнес, чарба иштеринен тышкары, Ысык-Көлгө алгачкы келип отурукташуу тарыхынан айта кетти. Татынакай, 50 жаштан бир аз жогорулаганы менен, жүзү нурлуу, өзүнө тыкан, спорт стилинде кийингенАида эже менен сөзүбүз кызыктуу уланып жатты.

Мугалимдиктен эмес, Махабат кудуретинен мамлекетке пайда

Өзүңүз мугалим болсоңуз, ушундай чарба күтүүгө кандайча батыл киришип кеттиниз деген суроомо, жылмая, ушул суроону күткөнмүн, бул суроону дайыма угууга болот,деди. Мен деле шиш така кийип алып, тыкылдап мугалим болуп иштеп жүрө берсем деле болмок. Бирок мен жолдошумдун идеяларын, ишин баарынан жогору койдум. Эң негизгиси, бул жерде менин жолдошума болгон махабат кармап калды десем болот, деп сыймыктануу менен сыр бөлүштү. Ал эми,өкмөт тараптан кандай колдоо бар деген суроомо, эч кандай деле жардам күткөнүбүз жок, керек болсо, мамлекетибизди көтөрүүгө озүбүз умтулушубуз керек, деп бизди да ойлонтуп койду.

Тыбыттуу тандыр

Ошентип, кафеден сыртка чыксак деле, же сурообуз, же сүрөтүбүз бүтпөй жатты. Түштүк тандыры кандайча десем, геп бар турбайбы дегенсөзүмө, ооба, түштүктө жашап келген кыз-келиндерди чогултуп жасатканмын. Тыбытты көп кошуп коюшкан го, нан жакшы жабыла бербей жатат деп, кадимки түштүк айымдарындай кабатырлана кетти.

Фермер болгубуз келди…

Ошентип, саякатыбыз аяктаар сааты келип, жылуу-жумшак коштошуп, машинебизге отурар менен эле, кечке бул жакты кыдырган-Эл аралык ишкерлер кеңешинин Экономикалык журналисттер клубунун мүчөлөрүнүн ичинен беш-алтообуз “фермер-дыйкан болуп кетким келди”,- деген таасирибизди жашыра албай, ачык айтып, бир сыйра жыргап күлүп алдык.

P.S.Гүлдөп, көркүнө чыгып турган эмгек үзүрүнө, чындап эле, кимдер гана суктанбайт?! Же, суктануудан эмгеккеби?

Exif_JPEG_420

Зирек Асанова

Бишкек-Ак-Суу-Тепке-Бишкек

2018-жылдын 20-октябры

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17