Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КВАРТИРА КЕРЕК
ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА СЛЕДУЮЩИЕ ВАКАНТНЫЕ АДМИНИСТРАТИВНЫЕ ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ДОЛЖНОСТИ:
ТЕАТРГА СЫНАК. “Жаңы жылдык жомок- 2019” балаты майрамына жомоктордун сценарийин кабыл алууга сынак жарыялайт.
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК
СУЗАК РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ!
КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ. СЫНАК
Аукцион
Сынак. БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БОШ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА С Ы Н А К ЖА Р Ы Я Л А Й Т

261 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Бүткүл дүйнөлүк
СПИД менен
күрөшүү күнү ар жыл
сайын 1-декабрда
белгиленет. Биринчи
жолу 1981-жылы
5-июнда АКШнын
Ооруларга көзөмөл
жүргүзүү борбору
СПИД деген жаңы
ооруну каттаган. Алгач
«Төрт-Г» деп аталган
адамдын иммундук
жетишсиздигинин
козгогучу (вирус)
бара-бара анын
кабылдоосуна
(синдром) алып келери,
аны менен ооруган
адам акыры өмүрү
менен кош айтышары
аныкталганда гана
Бириккен Улуттар
Уюму ушул дартка
карата каршы күрөшүү
күнүн 7 жылдан кийин
жарыялаган.

ВИЧ/СПИД бүтүндөй
коомчулуктун глобалдуу
проблемасы болуп саналат.
Ал адамзаттын өнүгүшүнө
жана коопсуздугуна
олуттуу коркунуч келтирет.
СПИД илдети биринчи
жолу катталганынан бери
27 жыл өттү. Бул аралыкта
дүйнө жүзүн өзгөрүп, 25
миллиондон ашык адамдын
өмүрүн кыйды. Азыр
40 миллиондон ашык адам
СПИД илдетине чалдыккан
жана тең жарымын аялдар
түзөт. СПИДге каршы
күрөшүү 2000-жылы Бириккен
Улуттар Уюмунун
миң жылдык саммитинде
кабыл алынган.
Учурда Жалал-Абад
облусу боюнча 2018-жылдын
9 айлык жыйынтыгында
62 жаран ВИЧ илдетине
чалдыккан деп
аныкталган. Алардын
ичинен 31 эркек, калганы
аялдар болсо, 8 жаш бала
да катталган.
Бүгүнкү күндө медицина
илиминде ВИЧтин 3
жугуу жолу бар:
1. Кан аркылуу (ийнелерди,
шприцтерди жана
башка ийне саюучу аспаптарды
чогуу же кайрадан
колдонгондо, ВИЧке текшерилбеген
канды куйганда,
татуировкада, таза эмес
аспаптарды (стерилденбеген)
колдонгондо жугат.
2. Корголбогон жыныстык
катнаш.
3. ВИЧке чалдыккан
энеден балага (төрөт учурунда,
эмчек сүтү аркылуу)
жугат.
СПИД төмөнкү жолдор
аркылуу жукпайт: кол
алышууда, кучакташып
өбүшүүдөн, ВИЧ илдеттүү
адам менен бирге отуруп
тамактангандан жукпайт.

Азыр болсо кадам сайын жугуп калуу коркунучу
бар бул оорудан кантип сактанабыз деген
кооптонуу ар бир эле жарандын жүрөгүндө турса
керек? Бул тууралуу калк арасындагы ар муундун
өкүлдөрүнөн сурамжылап өттүк.

Токтоназар
АКУНЖАНОВ,
пенсионер:
«1996-ЖЫЛЫ ӨЛКӨДӨ
2 АЛЫП ЖҮРҮҮЧҮ
ЖАНА 1 ООРУЛУУ
БАР ЭЛЕ»
— Бул Африкадагы маймылдардан
адамга жуккан
оору болуп саналат. Бул
жерде адамдынбы же жаныбардынбы
туура эмес
мамилесинен, ачыгы интимдик
мамилесинен чыгып
кеткен. Аны эч ким «бул
нерседен ушул оору чыкты»
деп далилдей албайт. Мен
1996-жылы СПИД жөнүндө
гезитке чыгарган элем.
Анда Кыргызстанда СПИД
оорусун 2 алып жүрүүчү
жана 1 оорулуу бар эле. Ал
убакта СПИД эмне экендиги
тууралуу да элде түшүнүк
жок болчу. Бул оору азыркы
адамдардын жүрүм-турумунан
да болууда. Бизде
азыркы мезгилде сексуалдык
революция болуп жатат.
Мындайча айтканда
жапайычылык жакка да
кетип жатышат. Түшүнбөстүктүн
айынан ооруларды
жуктуруп алышат.
Ошол гезитке чыгарганда
«Кыргызстандын душманы
сифилис, СПИД жана
көрө албастык» дегенибиз
туптуура эле келди. Мына
азыр Кыргызстанда СПИД
менен ооруп, катталгандардын
саны 8800гө жетти. Айтылбаганы
менен өлгөндөр
да бар. Мунун чынында дабаасы
жок, акыры бир күнү
баары бир өлүмгө алып барат.
«Мен СПИДмин» деп эч
ким айтпайт, алардын да
бир ант сыяктуу айткан
сөздөрү бар дейт. «Мен неге
ооруйм, ал неге оорубайт»
деп туруп башка адамдарга
да жуктуруп коё беришет
экен. Анын үстүнө Россия
жергесинен келгендердин
көбү кургак учук жана СПИД
менен ооруп келишүүдө.

Жыргалбек
ГАНЫБЕКОВ,
ЖАМУ, медфактын
студенти:
«ООРУКЧАН АДАМДЫ
МОРАЛДЫК ЖАКТАН
КОЛДООГО АЛЫШЫБЫЗ
КЕРЕК»
— Азыркы учурда көпчүлүк
СПИДдин коркунучтуу
нерсе экендигин билсе деле,
кээде кайдыгер мамиле жасап
коюшат. Бир шприцти
кайра-кайра колдонуудан,
боюнда бар энеден балага
жана жыныстык катнаш аркылуу
жугат. Ушул жолдор
аркылуу жуккандыктан
оорунун алдын алса болот.
ВИЧ/СПИДДин алдын алуу
максатында жаштар арасында
акция, түшүндүрүү
иштерин жалпак тил менен
түшүндүрүү керек. Себеби
жаш студенттер үчүн
жетиштүү маалымат бере
алсак, биз аларды канчалык
бир деңгээлде оорудан
алыстаткан болобуз. Буга
чейин деле биздин окуу
жайда конференция, ишчараларды
өткөрүп келгенбиз.
Эгерде СПИД менен
ооруган адамды билип калсак
дагы аны коомчулуктан
бөлбөй, моралдык жактан
колдоого алышыбыз керек.
Ал адам да өзү эле түнт болуп,
эл менен аралашпай
калышы мүмкүн. Мунун
натыйжасы суицидге чейин
алып барат.

Ибарат
ТӨРӨГЕЛДИЕВА,
№7 мектептин
мугалими:
«ЖЕТКИЛИКТҮҮ
МААЛЫМАТ ВИЧ/
СПИДДИН АЛДЫН
АЛУУНУН БИРИНЧИ
ЖОЛУ»
— Биз СПИД боюнча дайыма
иш-чараларды жүргүзүүгө
буйруктар келет.
Быйыл да келген, анын негизинде
1 айлык иш-чара
өткөрүп жатабыз. Мектеп
ичинде класстар аралык
СПИДке каршы конкурстар
өткөрүлдү. Азыркы учурда
шаардык мектептер аралык
конкурска даярдык жүрүп
жатат. Балдарга кантип
СПИДден коргонуу аны менен
күрөшүү боюнча сүрөт
тартуу конкурсун да өткөрүп
жатабыз. Окуучуларга
СПИДдин алдын алуу жана
ага каршы күрөшүү борборунан
дагы келип түшүндүрүү
иштерин жүргүзүп
кетишти. Бул маалыматтар
окуучулар үчүн да жеткиликтүү
болгону, алдын
алуунун бирден-бир жолу.
Себеби жаш кезинен оорудан
коргонууну жана жугуу
жолдорун билип алышса,
ооруга чалдыгуудан алыс
болушат.

Жаңыл ЖАКЫПОВА,
№3 мектептин
мугалими:
«ЖАШТАРДЫ СЕРГЕК
ЖАШООГО ҮНДӨГӨН
МААНИЛҮҮ»
— Учурда ВИЧ/СПИД
оорусу эң актуалдуу көйгөй
десек да болот. Себеби
жылдан жылга дагы оорулуулар
көбөйүп жатышат.
Окуучуларга бул оору тууралуу
толук маалымат берүү
үчүн атайын класстык
сабактарды, ачык сааттарды
ал гана эмес, конкурстарды
уюштуруп жатабыз.
Андан сырткары балдарга
эгерде ВИЧ/СПИД менен
ооруган адамга жолугуп
калса, кандай мамиле кылууну,
өздөрүнүн саламаттыгы
үчүн жылына бир
жолу текшерилип турууну
айтып келебиз. Калкыбызды
бир эле бул оорудан гана
эмес бардык оорунун алдын
алуу үчүн сергек жашоого
үндөгөн маанилүү. Спорт
тармагын өнүктүрүп, активдүү
жашоо образын
өткөрүүгө көбүрөөк көңүл
бурсак жакшы болот. Жакында
шаардык мектептер
арасында 1-декабрь бүткүл
дүйнөлүк СПИДге каршы
күнүнө карата сынак өткөрүлмөкчү.
Анда мектеп
окуучулары бири-бири менен
маалымат алмашып,
сынакта ыр-бийлер окуучуларга
стимул берет деп
ишенем. Конкурска даярданып
жатып да окуучуларыбыз
көп пайдалуу нерсе
ала алышты.

Үсөн КАЙНАЗАРОВ,
окуучу:
«ЖАШТАРГА ӨМҮРДҮН
БААЛУУЛУГУН
ТҮШҮНДҮРГӨН ОҢ»
— Адамдарда биринчи
ВИЧ болуп башталат. Ал
өөрчүп олтуруп СПИДге
алып барат. Анын 3 жугуу
жолдору бар экенин билем.
СПИД менен ооруган адамдын
өмүрү 10 жылдын тегерегинде
эле болуп калат.
Биздин арабызда кимдир
бирөө ооруп калса дагы
ал жакшы адам да, биз аны
коомчулукка кошобуз. Бирок
бизге жугуп калбашы
үчүн коргонобуз. Жакшысы
СПИД жөнүндө маалыматтарды
таратып, анын
жаман жагы менен кошо
эле өмүрдүн баалуулугун
түшүндүргөн алда канча
оң натыйжасын бермек.
Мектепте дил баяндарды
жазып, ачык класстык сааттарды
өтүп жатабыз.

Гулиза АТАБЕК кызы,
окуучу:
«СПИД ТАЗАЛАНБАГАН
АППАРАТТАР АРКЫЛУУ
ЖУГУП КАЛАТ»
— Ооругандан көрө алдын
алган оңой деген сөз
бар эмеспи. Ошол сыңары
СПИДдин алдын алган жакшы
болот. Бардык жерде
өзүбүздүн ден соолугубузга
кайдыгер карабай, жашообузду
маңыздуу өткөрүүнү
ойлогонубуз туура.
Ооба, дарыгерге барганда
таза шприцтерди колдонуп
жатканын, сулуулук
салонундагы аспаптардын
тазалыгын, тиш дарыгерине
барганда аппараттары
стерилденгенин сурап
коюу туура болоттур. Кээде
ушундай майда нерселерге
маани бербегенибиз менен
ушулар аркылуу ВИЧ/
СПИДди жуктуруп алышыбыз
толук мүмкүн.

Акылай КАРАБАЕВА,
«Аймак»

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17