Аймак

Куланбаев Абдил, Базар-Коргон РИИБ башчысы, полковник: “Биздин райондо кылмыштуу топтун өкүлдөрү жок”

 2,969 Бардыгы /

Биздин редакция кызматкерлери Жалал-Абадга болгон иш сапарыбызда Жала-Абад Ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы менен бирдикте райондук, шаардык милиция бөлүмдөрүн кыдырып көрдүк. Алгач, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тууралуу маалымат берели. Калган милиция бөлүмдөрү тууралуу жаңырган жаңы жылда сөз кылмакчыбыз. Базар-Коргон райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Абдил Тажиновичтин демилгеси менен имараттын ичи-сырты жаңыртылып, жылуулук киргизилип, кызматкерлер өз кызматтарын жылуу бөлмөлөрдө өтөп жатышканына күбө болдук. Мындан сырткары, Абдил мырза айыпкерлерди убактылуу кармоочу жайды да оңдоп-түзөп, шарттарды түзүүгө жетишкен экен. Анан да райондук МАИ кызматына ашар жолу менен, ошондой эле ар кандай жардамдардын арты менен жаңы имарат куруп бергенин да баса белгилеп айта кетпесек болбойт. Угушубузга караганда аталган милиция бөлүмү кылмыш ачууда област боюнча биринчиликке жетишип, кызматкерлер кубанып турган чагы.

Абдил мырза, Базар-Коргон РИИБдө иштегениңизге канча жыл болду?

– Мен 1982-жылдан бери орган тарабында иштеп келе жатам. Учурда милициянын полковнигимин. Базар-Коргон районунда мурда 2005-жылы иштеп кеткем. Кайрадан, 2011-жылдын августь айынан бери иштеп келе жатам.

– Сиз аталган милиция бөлүмүнө башчы болуп келгенден бери имаратта, өздүк курамда кандай өзгөрүүлөр болду?

– Мен келгенден бери өзүбүздүн жамааттын иштешине шарт түзүү максатында РИИБнин имаратынын ичинде сабак өтүүчү бөлмөнү оңдодук. Андан сырткары, өзүбүздүн имаратты кире-бериштен баштап толугу менен оңдоп чыктык. Кире бериштен бери брусчаткаларды жаткызып, сырткы көрүнүшүн жаңыладык. Айнек-терезердин бардыгын алмаштырдык. Мындан сырткары буга чейин электр энергиясы менен жылытылып келсе, биз көмүр менен жылытууга өттүк. Убактылуу кармоочу жайды да жылуулук менен камсыздап бердик.

– Бул ишке кимдер көмөк көрсөттү? Каражат жагына кимдер жардам берди?

– ИИМден, облустук ички иштер башкармалыгынан жардам берилди. Андан сырткары, жергиликтүү бийлик органдары жардам берди. Ошондой эле райондогу мекемелер колдорунан келишинче салымдарын кошушту.

– МАИ кызматкерлерине жаңы имарат салдым дедиңиз. Буга чейин имараты жок беле?

– Базар-Коргон району мурда Ноокен району менен бирге болгон экен. 1978-жылы бөлүнүп чыккандан кийин МАИ кызматкерлеринин өзүнчө имараты болбоптур. 2012-жылы биз акимчилик менен сүйлөшүп, өзүнчө жер бөлдүрүп алып имарат салдырып бердик. Бул имаратты түптөөгө ИИМден, облустук ички иштер башкармалыгынан, жергиликтүү бийлик жардам берип, ашар жолу менен былтыркы жылы ноябрь айында ишке бердик. Бүгүнкү күнү өздөрүнүн имаратында иштеп жатышат. Андан сырткары, жаңы аймактык милиция бөлүмчөлөрүн ачтык.

– Сиз өзүңүз милиция кызматкерисиз. Сизге бул органдын ак-карасы дайын. Милицияда эмне көйгөйлөр бар. Ал көйгөйлөрдөн чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

– Бүгүнкү күндө 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып айтаар элем, былтыркыга салыштырмалуу кылмыш азыраак катталды. Былтыр катталган кылмыштардын 88%нын бети ачылса, быйыл 90%дан ашык кылмыштын бети ачылды. Коомчулуктун жардамы менен, областык ички иштер башкармалыгынын жардамы менен бул иш жүзөгө ашты. Анткени бизде болгон оор кылмыштарды ачууда областык ички иштер башкармалыгы жардамын көрсөтүп келет. Ошолордун жардамынын натыйжасында быйылкы жылды жакшы, жемиштүү жабабыз деген ишеничтемин.

– Анда негизги пландарыңыздар быйылкы жылды жакшы жабуу турбайбы?

– Жылдын жыйынтыгын жакшылап жабуу. Улут аралык биримдикти, эл арасындагы тынчтыкты камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөштү бекемдөө, карапайым калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Мындан сырткары, коомдук алдын алуу бөлүмдөрү иштеп келген. Ушул ишти жаңы-жылдан кийин жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп алдыга жылдырсак деген ойдомун. Кылмыш жасаган адамды кайра калыбына келтириш абдан кыйын иш. Аны көзөмөлгө алып иштеш кыйынга турат. Жаштарга көңүл буруп атабыз. Анткени жаштарды азыртадан тарбиялабасак, чоң кылмышка аралашкандай кийин кыйын болуп калат. Областык ички иштер башкармалыгына Жеңиш Жоробеков келгенден бери өзгөчө жаштарга көңүл бурулууда. Район аймагындагы багар-көрөөрү жок 32 баланы былтыркы жылы Сулайман тоого, Ысык-Көлгө алып барып келдик.
– Базар-Коргондо каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү барбы?
– Каттодо турган Орозбаев деген бирөө бар болчу. Өткөн айда Кара-Суу районунан кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө биздин райондо кылмыштуу топтун өкүлдөрү жок.

– Базар-Коргон районунда кайсы кылмыштар көп катталат?

– Мал уурулук, батир тоноп кетүү сыяктуу кылмыштар көп катталат. Мал уурулук боюнча быйылкы жылы 100%га кылмыштын бети ачылды. Өзбекстан менен чектеш болгондуктан уурдалган мал чек арадан өтүп кетет. Ошого байланыштуу биз күнү-түнү кароо жүргүзүп жатабыз.

Баян Көлбаева
Булак: Ачык саяса
т

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17